Айжан Мамасадыкова

Айжан Мамасадыкова 1969-жылы 25-мартта Сузак районуна караштуу Кызыл-Сенгир айылында туулган. 1989-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүрүп, 1994-жылы Ош Мамлекеттик университетинин славян-герман филология факультетинин орус тили жана адабияты адистигин аяктаган. Орус жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолун Ош шаарындагы Ю.А. Гагарин атындагы гимназиясынан баштаган.1998-2008-ж.ж.- Жалал-Абад Экономика жана Ишкердик университетинде эмгектенген. 2009-жылдан бери Москва шаарында.

Ош шаарында өткөн «Парнас» поэзия сынагынын (1994-ж), «Жети керемет» телесынагынын Гран-При жеңүүчүсү (1995-ж), мугалимдердин областтар аралык өткөрүлгөн «Сармерден» телесынагында «Акыйнек айтышуу» боюнча лауреаты (1996-ж), «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун «Акылкарачач» номинациясын (1996-ж), «1996-жыл — Аялдар жылы» конкурсунан жетектеген «Айчүрөк» тобу Гран — Прини утуп алган (1996-ж), «Жылдын мыкты мугалими-1998» конкурсунун областтык турунда 1-орундун, «Даткайым» телесынагынын 1-орундун жеңүүчүсү (2002-ж).

«Кыргыз Республикасынын Эл Агартуу отличниги» (2007-ж), КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун изденүүчүсү, «Апама кат» аттуу аңгемелер жана ырлар жыйнагынын автору (2011-ж) , Москва шаарында түзүлгөн «Москва кайрыктары» поэзия клубунун алгачкы жетекчиси (2011-ж), 2012-жылдан баштап «Аруу Дүйнө» адабий клубунун жетектеп келет.

 

Ырлар

АБАКУЛ АГА

Жакшы көргөн агам элең Абакул,
Койбоптур да жүрөк оору жаратың.
Эмне дейин жаннат болуп жайыңыз,
Берсин эми чын дүйнөнүн абатын.

Ажайып бир куудул эле, шум эле,
Кимди болсо боорун эзип күлдүргөн,
Түнү бою тамашалуу сөз укчу,
Сагынамын бирге олтурган күндү мен.

О дүйнөгө сапар алган туугандар,
Баары чогуу тосуп сизди алгандыр,
Кат башында апам, Ашам чоң апам,
«Сен эмнеге келдиң?»,- деп таң калгандыр.

Ал анткени Садыр топто улуусу,
Топту баштап суурулуп бир чыгуучу,
Сиз элеңиз той болобу же өлүм,
Кадам жылбай дайым тике туруучу.

Куйкум сүйлөп, мукам обон жаңыртып,
Кел Айжан деп кучак жайып ким турат,
Бир туугандай карындашың келгенде,
Үйгө жүр деп ысык чайын ким сунат.

Өксүттүңөр туугандарым, көбүңөр,
Эрте жайрап жарык жашоо көрбөстөн,
Колдон келсе, оо жараткан баарына,
Узак өмүр дарысынан бермекмин.

 

КЛАССТАШТАРГА

Шылдыраган таза, тунук булактай,
Классташтар, өттү бизде балалык.
Балалыктын бае мүнөз күндөрүн,
Кел классташ, эсибизге салалык.

Өттү жаштык өткүн сыңар билинбей,
Өткүр мезгил, оттуу курак өспүрүм.
Чогулуп бир, ошондогу күндөрдү,
Эскерели классташтар кел бүгүн.

Күлкү сыйбай ууртубузга, жүрөккө,
Бут дүйнөбүз, айланчы эле күлкүгө.
Ошол шайыр мүнөздөрдү эскерип,
Көр тириликти унуталы бүгүнчө.

Тамашалап тартып коюп чачтарын,
Же болбосо, байлап аны партага.
Тегеренип кеткиче көз жаштары,
Күндөр өттү кыла берчү тамаша.
Тамашалуу күндөрдү бир эскерип,
Кел классташ, олтуралы жанаша.

 

ЖАР САЛЫШСЫН АКЫНДАР
Кел жаңы жыл кут келгин,
Жайын сура иштердин
(бала кезде жаттаган ырдан)

Жаңы жылым кут келгин!
Жакшылыгың бүт бергин.
Багы жокко бак айтып,
Иши жокко иш бергин.

Баласы жокко бала бер.
Ырыскысын ала кел.
Ысык сүйүү ыйгарып,
Бакыт шамын жага кел.

Ден соолукту бекем бер,
Жетпегенге бекер бер.
Кыргыз чыксын алдыга,
Адилеттүү көсөм бер.

Адепсизге билим бер,
Абийир отун жага кел.
Кайырдинге ишеним,
Ыймандан көп ала кел.

Уул-кызга акыл бер,
Жалгыздарга жакын бер.
Жакшы жылдан болду деп,
Жар салышсын акындар.

 

СҮМӨЛӨК

Сүмөлөктөн ооз тий,
Улуу кыргыз баласы.
Көз алдыңа тартылсын,
Кыргыздын тоосу, абасы.

Сүмөлөктөн ооз тий,
Кыргыздын кыз-келини.
Бейиштей кооз керемет,
Элестет кыргыз жериңи.

Жашыл килем жамынып,
Жаз кулпуруп түрдөнөт.
Кут-ырыскы агылып,
Жаздын куту сүмөлөк.

Жаратылыш жанданган,
Жердин куту сүмөлөк.
Жасап келген ак дандан,
Элдин куту сүмөлөк.

Нооруздагы ыйык аш,
Салттын куту сүмөлөк.
Көк чөп чыгып, келип жаз.
Марттын куту сүмөлө

 

ШАЙЛОО, ШАЙЛОО…
(«Кайран эл» ырынын мотиви менен)

Шайлоо, шайлоо деп жүрүп,
Шайың кетти кайран эл.
Эмгегин элдин жеп жүрүп,
Байың кетти кайран эл.

Бийлигиңе чок түшүп,
Кыйрап жаттың кайран эл,
Бейкүнөө балаң окко учуп,
Ыйлап жаттың кайран эл.

Пикет десе көчөгө,
Жайнап чыктың кайран эл,
Укпаса да сөзүңдү,
Сайрап чыктың кайран эл.

Намысын өз калкыңдын,
Коргойм дедиң кайран эл,
Бабам баскан бул жолду,
Жолдойм дедиң кайран эл.

Өмүрүң бөтөн жерлерде,
Өтүп жатат кайран эл.
Мекенин таштап Маскөөгө,
Көчүп жатат кайран эл.

Жыргагандан талаалап,
Жүргөн жоксуң кайран эл
Эмне болот эртеңиң,
Билген жоксуң кайран эл

Эртеңки күндө балдарың
Сактасын жүзүн кыргыздын.
«Маңкуртмун» дебей майышып,
Айтышсын, «УЛУУ КЫРГЫЗМЫН»

 

ТИРИЛИК

Он эки саат бою идиш жуумай,
Он эки саат бою тике турмай.
Буттарын араң сүйрөп үйгө келип,
Таң заардан көзүн ачат колу сыздай.

Колдору, жүзү эле эмес жалгыздыктан,
Байкуштун жүрөгүн да бырыш баскан.
Мейли дейт «Кыйналсам да, кысталсам да,
Бүлөмдү кем-кетиксиз багып жатам.

Ушундан тапканыма үй тургузуп,
Уулума той өткөрүп, кыз чыгардым.
Жашообуз жаман эмес эл катары,
Жумуш берген орустан кагылайын».

Ошентип, таңдан кечке иштесе да,
Оруска ыраазымын деген жан бар.
Апалар бүт тирилик мойнуңарда,
А кайда жүрүштү экен ата жандар?..

 

АТА ЖАНДАР

Ата жан жанын багып айылында,
Ай сайын аял салган пулду алып.
Аш басып, достор менен чайканада,
Олтурат камаарыбай «жүздү» басып.

Эртеси башын мыкчып кечке жатат,
Эрмеги маңдайында телевизор.
Эч нерсе жасабастан күндү өткөрүп,
Шорпо асып, эт кайнатып жегенин көр.

Тим эле өзү иштеп чогулткансып,
Бакылдап той өткөрөт шааниси көп.
Балдарды башкарымыш болуп коет,
Сүйлөгөн сөздөрүнүн мааниси жок.

Ойлонбойт «Буларга мен кантип жеттим,
Не кылып кай жагынан жардам эттим».
Ошентип жашап келет ата жандар.
Өткөрүп куру бекер таңды, кечти.

 

СЕЛСАЯК КЫРГЫЗ

Метронун жанынан күндө өтөм,
Жүдөө кыргыз жигитин күндө көрөм.
Кийими кир, бетинин тамтыгы жок,
Үстү жука, жылаңбаш, бүт жүдөгөн.

Бети-башы жарылып жүрөт жигит,
Бирдеме айтып каткырып күлөт жигит.
Бирде итче улуйт да, ыйлап алып,
Бирде санаа жиптерин түрөт жигит.

Үйсүз-жайсыз, акчасыз, курсагы ач,
Үйрүп салаар кийимсиз, ач-жыланач,
Кыргыз жигит селсаяк кыргыз болуп,
Келечексиз, максатсыз басып барат.

Мына кыргыз, кароосуз калган балаң,
Мына кыргыз, айыкпас сенин жараң,
Качан кыргыз тукумун таштачы эле?!
Кайда кыргыз бир жеңден кол чыгарган?!

 

НЕГР ЖЭЭН

Өрүлгөн узун чачтарың,
Чийилген кара каштарың.
Чимирип далай жүрөктү,
Турмушка кадам таштадың.

Ак бата берип атакең,
Тилегин айтып энекең.
Жакшы жубай болгун деп,
Москвага жиберген.

Москвада болгону,
Кайран келин оңбодуң,
Тоготпой жоош күйөөңдү,
Нугунан чыктың түз жолдун.

Анысы чыкты сүйөм деп,
Тигил жүрөт акмалап.
Тажиктер келип тийишсе,
Коюмуш болот какмалап.

Ар кимдин алып белегин,
Бузулду оюң-тилегиң.
Боюңа бүтүп калганда,
Жүрөгүң өйүп жүдөдүң.

Балаң кимден экенин,
Өзүң да ачык биле албай.
Ушундай күндөр буйрумак,
Жүргөнүң үчүн тил албай

Куйөөң жүрдү кудуңдап,
Жакында болом ата деп.
Аталык ага буйрубайт,
Келинден кеткен ката көп.

Атасы ким экенин,
Өзү билбейт бул келин.
Аз келгенсип негрге,
Көзүн сүзгөн шум келин.

Күнү жетип көз жарды,
Тез жардамда баратып.
Төрөлдү негр наристе,
Сыйрылып жүрөк жарасы…

Жаш келин жаттың суналып,
Бул дүйнө менен коштошуп.
Жазасын алып тагдырдын,
Жүргөнүң үчүн чок басып.

Ойсоктогон жаш келин,
Жара бастың этегиң.
Билээр бекен негр жээн,
Апасы кыргыз экенин.

 

ДВОРНИК

Эшикте ит үрө элек,
Ит өлөөр суук бирок.
Ушундай суук таңда,
Колунда темир күрөк.
Тазалайт мизилдетип,
Орустун карын күрөп.

Эшикте мээси кайнап,
Ысыктан өлөт мышык.
Мээсине күн өтсө да,
Тирилик деп тырышып,
Орустун короолорун,
Жүрүшөт шыпырышып.

Алаары алты миң сом,
Аны да кечиктирет.
Ошого шүгүр дешип,
Азандан кечке жүрөт.
Түшпөстөн жайы — кышы.
Колунан калак, күрөк.

Кызарып кулак-мурдуң,
Жарылып бети-колуң.
Жер төлө «үйгө» айлантып,
Жашасаң бүт жыл бою,
А кантип айтчы сага,
Жабышпайт кесел, оору.
Эртеңки күнүңдү да,
Дворник ойлойсуңбу?

 

СИДЕЛКА

Ушунчалык жуубагам дейт,
Ата- энемдин кирин да.
Ушунчалык жыйнабагам,
Кайненемдин үйүн да.

Эртең менен эрте келип,
Кеч киргенче бошобойм,
Тамак жасайм, кирлерин жууйм.
Үйүн жыйнап тазалайм.

Аны жаса, муну кыл деп,
Кемпир кечке тындырбайт.
Ал кылганы аз келгенсип,
Телефон да кылдырбайт.

Сүйлөшпө дейт өз тилиңде,
Аныңды мен түшүнбөйм.
Мүмкүн каргап жаткандырсың,
Кудай билет, мен билбейм.

Тыюу салат бардыгына,
Ашыкча чай ичирбейт.
Кухнядан не чыкпайсың деп,
Күңгүрөнүп тилденет.

Кирди таза жуугунуң дейт,
Үтүктөгүн андан соң.
Үңүрөңдөп сүйлөнгөндө,
Унчукпастан калган оң.

Мына ошентип мезгил өтүп,
Күндөр күнгө алмашат.
Эмне кылсын байкуш жаны,
Иштеп жүрөт айла жок.

 

ДОСУМА КАТ

Иштериң кандай дейсиң,
Аа, досум, акыбалга мышык ыйлайт,
Саартан кечке чейин,
Бир мүнөт жаным тынбайт.
Анысы аз келгенсип,
Бул жериң таза эмес,
Тигини жууп кой деп,
Менеджер турат кыйнап.

Элестет досум, азыр
Бакыйган мектебиңдин директору,
Ручканы швабрага алмаштырган,
Баягы өзүң билген келбети жок,
Жүрөт азыр жаргак шымчан,
Иш издеп ага — буга бара берип,
Акыркы акчасын да алдаттырган.

Билесиңби? Бул жерде,
Лохотрон дегендер бар.
Ой укмуш иштер бар деп,
Келишим түзүп анан,
Акчаңды жегендер бар.

Ошондой адамга бир жолуккамын,
Кудай мага берди деп оолуккамын.
5000 рубль алдатып, кайра ала албай,
Жегенге наным да жок ооруп калдым.

Мага окшоп ооругандар эсеби жок,
Сыртынан сыр беришпейт кесели көп,
Кээ бири көрүнгөндү алдай берип,
Ишеничтен чыгышкан кесеги көп.

Билбейм, досум, түшүнбөй калдым такыр,
Келгени чын окшойт го заман акыр.
Келини, күйөө бала, кайын ата,
Аралашып бир үйдө уктап жатыр.

Ошентип окшош күндөр өтүп жатат,
Өмүр көчү билинбей көчүп жатат.
Жүрөмүн баягыдай жакшы учурду,
Күтө берип, күтүүдөн такыр тажап…

 

МОСКВАЧЫЛЫК

Эх, Москва, москвачылык,
Кыргызыма көптү көргөздүң,
Бири кетсе акчага тунуп,
Кээ бирине ачык көр каздың.

Кыйын күндөр өтүп башынан,
Тыйын санап жашаганы бар.
Кээ биринин айтып багына,
Күндө эт-май ашаганы бар.

Бирде ооруп, бирде сакайып,
Бирде албай, бирде сака алып.
Көбү тапса жашоо сызыгын,
Көптөрүндө кеткен каталык.

Көчө таптап жүргөндөрү бар,
Байкуштарга күлгөндөрү бар.
Күнчүлүгүм болсо болду деп,
Күлүк тандап мингендери бар.

Сойкусу да соосу аралаш,
Чектен ашкан мында паралаш.
Жаза басып жашоо мыйзамын,
Жасаган бар ишти жарабас.

Кыздар жүрөт көчө таптаган,
Сатылышып түнү акчага.
Иштеп тапкан мээнетин чачып,
Мас кыргыздар ырдайт бакчада.

Күйөөсү бар, турмушка чыгып,
Үй-бүлөлүү, дагы үйлөнгөн.
Каалагандай жашоо кечирип,
Кыргыз салты, айтор, түгөнгөн.

Кайын журтун али тааныбай,
Келин жүрөт эртең төрөйм деп.
Күйөө болсоң мага болгону,
Калганын бүт өзүм төлөйм деп.

Үйлөнбөгөн жапжаш жигиттер,
Өздөрүнөн улуу аялы.
Башаламан кайда караба,
Тынч заман жок тааныш баягы.

Кулсуң мында орус жумшаган,
Күңсүң мында мүнөт тынбаган.
Күйүт арман ичине батпай.
Кыргыз жүрөт күйүп ыйлаган.

Баягы эле акча айынан,
Бир туугандар калган сүйлөшпөй,
Бири жүрсө сайран үстүндө,
Бири жүрөт санап күн өтпөй.

Мына ушундай москвачылык,
Кээде жамгыр, кээде күн чыгып,
Кыргызстан оңолмоюнча,
Түгөнбөйт го деймин бул «чылык».

Менттерине калсаң кармалып,
Бошоп чыгат андан «карманың»,
Аз келгенсип «депорт» кылышат,
Кимге айтасың анан арманың.

Жегендери болуп каткан нан,
Иш таба албай айлап жаткан бар.
Андан-мындан алып акыры,
Карызына белден баткан бар.

Кара курсак тойбой кээ күнү,
Калгандар бар ачка кумсарып.
«Иши жүрүп, ити чөп жеген»
Ар ай сайын үйгө пул салат.

Ата — энеге салып тапканын,
Акча менен аларды баштап.
Акчаларды эмне кылдың деп,
Эсеп алып сурашат какшап.

Ата — эненин бири көз жумса,
Калгандар бар топурак салбай.
Акча менен баары бүтөт деп,
Жылдар жылып барат анан жай.

Жакшысынан жаманы арбын,
Эси-дарты бүтүн акчада.
Бакытты да акча деп билет,
Бура албайсың оюн башкага.

Пайда гана көрүп бул жерден,
Пейли кушу бүтүн өзгөргөн.
Адамдар бар байлыгына мас,
Адамгерчиликсиз безерген.

Көрдүңүзбү, москвачылык,
Көп нерсени койду курутуп.
Кандай улуу элден экенин,
Калбаса экен кыргыз унутуп…

 

СҮЙҮНЧҮ!

Барга бардай, жокко жоктой дүнүйө,
Мына ошентип өмүр өтөт күнүгө.
Барга, жокко кайыл болуп жүргөндө,
Жаратканым жолуктурду сүйүүгө.

Сүйүү келди, сүйүнчү, жүрөгүмө!
Сүйүү конду жүрөктө түнөгүмө!
Сүйүү толду карекке, көздөрүмө,
Сүйүү келди өзүмө, бир өзүмө!

Кош келипсиң, ак сүйүүм төрүмө өт,
Жүрөгүмдүн мен эңсеген жерине өт.
Көңүлүмдү сергитип алайынчы,
Шоола болуп сезимге төгүлө өт.

Бар бол сүйүүм, ар дайым бар болгунуң!
Башыңдагы түшпөсүн ак жоолугуң!
Ыраазымын сени берген тагдырыма,
Санааларды дилди эзген жоготтурдуң.

 

КӨЗДӨРҮҢ

Көздөрүң күйөт от болуп,
Көргөндө жүрөк чок болуп.
Балкылдап эрип кетемин,
Бар болуп, анан жок болуп.

Көздөрүң мөлтүр карагат,
Көөдөнгө сүйүү жаратат.
Күн өткөн сайын өзүңө,
Кумарым артып баратат.

Көзүңдөн сенин айланам,
Көпөлөк болуп байланам.
Көрсөм деп көксөп кайра эле,
Көчөңдө сенин жай барам.

Көзүңдөн сенин садагам,
Көз мончок тагып коеюн,
Тилегим менин ишке ашып,
Түбөлүк жарың болоюн.

 

ЖАНЫМ

Тагылдың жүрөгүмө тумар болуп,
Тиктеймин көздөрүмө кумар толуп.
Сүйүүмдү кабыл алып койчу жаным,
Сайрайын тоо боорунда улар болуп.

Жазылды жүрөгүмө атың сенин,
Жараткан ушул болсун бактым менин.
Түбөлүк урабастан калсын жаным,
Сүйүүдөн тургузулган тактым менин.

Жазылдың жүрөгүмө дастан болуп,
Жараткан дүйнөм түгөл, дүйнөм толук
Жашоонун балдай даамын татып жаным,
Жашайлы дайым бирге, бирге болуп

 

СҮЙҮҮ КӨЙНӨГҮ

Сүйүү деген көйнөк тиктим карачы,
Парпыраган, этек-жеңи үлбүрөк.
Жабыркатпай, эми аны кирдетпей,
Жараштырып жака коюп ким кийет?

Сүйүү деген көйнөк тиктим карачы,
Топчулары өзүнө куп жарашкан.
Суктанышат сугун артып көптөрү,
Кийип аны көчө бойлоп баратсаң.

Сүйүү деген көйнөк тиктим карачы,
Апапакай, аппак таңдын нурундай.
Арзуу, үмүт, тилектерин билдирсе,
Ысыгына тура албайсың жылынбай.

 

КЫЯЛЫМ ТАЛКАЛАНБАСЫН

Дыбырап жамгыр, көңүлдө кирди кубалап,
Шыбырап сүйлөп, сезимди турдуң дубалап.
Эсимден кетпей экөөбүз бирге жүргөн түн,
Элеси жүрөт дүйнөмө салып кыямат.

Билбеймин неге оюма түшө бересиң,
Сен менен бирге айдаймын кыял кемесин,
Үйдөбү, иште, жатсам да турсам дайыма,
Калбастан такыр жанымда жүрөт элесиң.

Оюмду азыр башкарып алды бул сезим,
Шыбырайм мен да кайсы күн мага келесиң.
Кыялдан курган сарайдан турам жол карап,
Талкалап кыял кирбеймин ага дебессиң.

 

КАЧАН ДЕГИ?

Селт эттирип жүрөгүмдү көз ирмем,
Күнүгө бир салам жолдоп кетесиз.
Көкүрөктө кусалыкты басайын,
Качан деги үй тарапка өтөсүз.

Кайра-кайра кирип менин түшүмө,
Неге күндүз жолугуудан качасыз.
Көңүлүңүз мага тартып турса да,
Мүмкүн башка кездешүүгө шашасыз.

Үмүтүмдү үзө албай негедир,
Күтүп келем жакшы кабар мен сизден.
Качан деги жүрөгүңүз жар салып,
Айтат сырын жашабайм деп сенсиз мен.

 

АК БУЛУТТАР

Ак булуттар, апапакай булуттар,
Сезимдерден айдап ойду буюккан.
Сересине чыгарып ак сүйүүнүн,
Сен жөнүндө эскертишти унутсам.

Унутсам деп жыл, айларды өткөрдүм.
Мерчемдеген марага да кеч келдим.
Ээси болуп айсыз, кара түндөрдүн,
Ак булуттар көрүнбөгөн кечтердин.

Ак булуттар айдап жаман ойлорду,
Алдыма тарт алкынган ак жоргоңду.
Тирүүлүктөн үмүт үзө электе,
Түгөлдөйүн бизде барды, болгонду.

Болгон бизде таза, мөлтүр ак сүйүү,
Экөөбүзгө энчиленген булуттар.
Эске салды эми эмне кыл дейсиң,
Элесиңди алда качан унуткан…

 

ЖОК ДЕГЕНДЕ КИРЧИ ТҮШҮМӨ

Жолугушкан ар бир адамдан,
Жоругуңду издей беремин.
Жоодураган көзүңдү таппай,
Жабыркоодон сыздайт жүрөгүм.

Тааныш болгон ар бир адамдан,
Турпатыңды издей беремин.
Тамылжыган жүзүңдү таппай,
Ташыркоодон сыздайт жүрөгүм.

Жүрөм деген кээ бир адамдын,
«Сүйөм» деген сөзүн укканда,
Бир силкинип алат жүрөгүм,
Толуп кайра куса-арманга.

Жолугушпай, жүрбөй, таанышпай,
Сени күтүп көп жылдар жүрдүм
Качанкы бир жакшы тааныштай,
Жок дегенде түшүмө киргин.

 

БИР КӨРГӨН ТҮШТӨЙ БОЛБО

Бир көргөн түштөй болуп кеткен элең,
Бир көргөн түштөй болуп келдиң кайра.
Жалгыздык жанга батып турган кезде,
Жашоомдун гүлазыгын бердиң кайра.

Жарыктын жарыгына айланып сен,
Жибитип жүрөгүмдү жалбаруулар.
Кайрадан алты жылга жашаргансыйм,
Кайрадан эске түшүп андагылар.

Көңүлүм сени көздөй айдап алды,
Сезимин десте кылып байлап алды
Келишиң мурдагыдай түшкө окшобой,
Айтчы эми чын турмушка айланабы.

 

ҮМҮТҮМДҮ СООЛУТПА

Билбейм сен мен жөнүндө кандай ойдо,
А менин жетпеди эрким ойлонбоого,
Турпатың, бек кучактап, беттен сүйүп,
Турганың улам эле келет ойго.

Өрттөндүм кызганычтын отуна мен,
Оо качан эми сага кошуламын,
Өмүрдүн кайра келбес сапарларын,
Өзүңсүз өткөрүп мен олтурамын.

Унутуп жан-дүйнөмдүн өкүнүчүн,
Уурданып кыялымда эңсей берем,
Сураарым, жалгыз гана өтүнүчүм,
Соолутпа үмүтүмдү келсе деген.

 

КАЧАНГА ЧЕЙИН

Күн өткөн сайын күтүүнүн тартып азабын,
Көрүшпөй калсак күлгүндөй өңдөн азамын.
Оюмда сырды ортого салбай калганда,
Оорулуу түндөр озондойт ойдун казалын.

Сайышып турат санаага батып жүрөгүм,
Жолуккан сайын жолуккум келип бирөөгө.
Айталбас элем атыңды элдин алдында,
Бирөө деп айтуу а балким мага күнөөдүр.

Сүрдөнүп сүйлөп сүйүүмдү ичте жашырып,
Сезимге алдым сен деген оору ашырып,
Качанга чейин каалайсың айтчы ачыгын,
Качанга чейин келесиң мага жашыруун.

Кыңыр иш чети билинип калса эгерде,
Күнөөлүү издеп, күнөөнү мага чегербе.
Кудайдын берген насиби экен буйруган,
Бөлүшүп койдук дээрбиз сурап дегенге.

 

УБАРАГА БАТТЫМ БҮГҮН ДА

Сүйгөн жанды күтүп сиз да мага окшоп,
Тарттыңызбы жалгыздыктын азабын.
А мен болсо бүт жан дүйнөм жанчылып,
Ар күн сайын үйдө жалгыз жатамын.

Баарысы бар, арасында сиз жоксуз,
Көңүлүмдү да бир жолу өксүтүп.
Убаданы бербей эле койбопсуз,
Убарага баттым дагы жол күтүп.

Күтүү эмне кайра жанган үмүтпү,
Сизди күтүп эки көзүм карыкты.
Күтүү менен жашай берет дейсизби,
Эмне болду деги сизге, жарыктык.

 

КЕЧИРИП КОЙ

Багымда гүлзар болуп жайнасаң да,
Жанымда булбул болуп сайрасаң да,
Сезбеймин сенин оттуу сезимиңди,
Сүйүүнүн казанында кайнасаң да,
Кечиргин, кесир сүйлөп катуу айтсам,
Сүйө албайм миң бир ирет арбасаң да.

Кечиргин, кечирип кой агатайым,
Мен сени сен күткөндөй сүйө албадым.
Сен айткан сүйүү бакта жүрө албадым.
Сен айткан деңизде да сүзө албадым,
Сүйүүмдөн күдөрүмдү үзө албадым,
Сен туйбас арман калды, жүз арманым.

Арманым сен эмессин билгиң келсе,
Дарманым куруп кетээр сөзүм бүтпөй,
Дайынын кетсе дагы ал көрсөтпөй,
Дарегин издеп келем көөнүм түтпөй.
Дал болуп мени өзүң сүйгөнгө окшоп,
Мен дагы сүйүп келем түтөй-түтөй.

Сүйүүбүз бирге болуп калганда не,
Ал күндөр арман болуп калбайт эле,
Жалдырап мени күтүп барбайт элең,
Жүрөгүң күйүт күүсүн чалбайт эле,
Санаалар тушоо-чийин салбайт эле.
Махабат экөөбүздү арбайт эле.

Кечиргин, кечирип кой, кечки сүйүү.
Эми биз жүрөктөрдөн сыр чечпейбиз,
Болгону өткөн күндү бир эстейбиз,
А балким эстебейбиз, кечирбейбиз

 

ДАРЫ БОЛСО

Келбейсиң бүгүн дагы,
Күтсөм да түнү менен.
Унутчу дары болсо,
Ичмекмин күнүгө мен.

Эсиме салбоо үчүн,
Эзелки өткөндөрдү,
Эркелеп кучакташып.
Түндү бир өткөргөндү.

Оюма албоо үчүн,
Сен менен жүргөнүмдү.
Кайгысыз дүйнөкапар,
Каткырып күлгөнүмдү.

Унутуп калуу үчүн,
Уйкусуз түндөрүмдү.
Үмүттүн шамын жагып,
Күттүргөн күндөрүмдү.

Деги эле сен жөнүндө,
Эскерип ойлобоого.
Эх азыр жанымда бир,
Унуттурчу дары болсо.

 

Соц тармактар:

Айжан Мамасадыкова: 1 комментарий

  • 10.06.2012 в 04:35
    Permalink

    Коп кырдуу таланттын ээси Айжан Мамасадыкова!Поэзия дуйносуно салган чыйыр жолун байсалдуу болсун!Жашоодогу коп кырдуу окуяларды жан дуйнон менен сезип,ыр менен ачып бере алгансын.Дагы да коптогон ырларды жазып окуурмандарыны кубантып журо бер.Талантына таазим!!!

    Ответ

Добавить комментарий