Yч кылдын бүтпөс сырлары

Жакында жарык көргөн Асан Кайбылда уулунун «Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр,ойлор, пикирлер» китебинен утурлап берип турууну туура көрдүк.

Улуттук музыкалык аспаптар жана үч кыл комуз

Доолбас үнү бапылдап,
Кернай үнү такылдап,
Жезнай үнү чакылдап,
Чылмыр согуп шакылдап,
Доол уруп дүңгүрөп,
Сыбызгы үнү тызылдап,
Дап согулуп дапылдап,
Тойго какчу нагыра…
(«Манастан»).

Жогоруда «Манас» дастанында айтылгандай, байыртадан эле элдик музыкалык аспаптардан оркестрлер тобу түзүлүп, жер дүңгүрөткөн добуш менен душмандын сесин алууну көздөшчү тура. Байыркы аспаптар жердигинде сынбас, бүлүнбөс материалдардан жасалып, көчмөн жоокерчилик турмушка ылайыкташтырылган. Мисалы: уйдун, төөнүн терисинен катырган шириден доол, добулбастар жасалса, тоо текенин шаа мүйүзүнөн жезнай, кернайлар, жергиликтүү жыгач материалдарынан (карагай, арча, өрүк, шилби, камыш ж.б.) комуз, кыяк, сурнай, чоор, сыбызгылар даярдалып, ат үстүндө алып жүрүүгө ыңгайлаштырылган. Чоор, чопо чоорду кончуна жымырып, кернайды аркасына асынып, сурнайды моюнга илишкен. Добулбас, доол ээр кашынан орунтук тапса, комуз курга кыстарылып, чепкен ичине кастарланып катылган.

Музыкалык аспаптарды төмөнкү топторго бөлүүгө болот:

1. Yйлөмө аспаптар (аэрофондор): чоор, чопо чоор, сыбызгы, кернай, сурнай, ышкырык чоор.

2. Жаргактуу урма аспаптар (мембранофондор): добулбас, доол, дап.

3. Шыңгыратма аспаптар (идиофондор): аса-муса (аса таяк), шылдырак, коңгуроо, жылаажын, жыгач ооз комуз, темир ооз комуз.

4. Кыл аспаптар (хордофондор): комуз, кыл кыяк.

1. Yйлөмө аспаптар.

Yйлөмө аспаптардын теги байыркы замандарга барып такалат. Алтайлыктарда «чоор» — «шоор» деп аталат экен. Ошондой эле хакастар, тувалыктарда да шоор ойнолот. Шоор куурайдан жасалгандыктан, бул элдерде «куургай» же «комургай» деп да коюшат. Ал эми башкыр элинде болсо чоорду «куурай» деп коюшат. Чоор. Эки учу ачык түтүк, төрт көзөнөктүү, тигинен кармап ойнолот. Аспаптын жердиги — шилби, сары жыгачтан жасалат.

Чоор түтүгүнүн эки жак кыргактары жарылып кетпеш үчүн мүйүз кийгизилет. Чоорду тартуунун алдында ичин суу менен чайкап коюу керек. Байыркы доорлордо пайда болгон чогойно чоор, балдыркан чоор дегендер бүгүн колдонулуудан чыгып калган. Кичине чоор. Yн өзгөртүүчү 10 көзөнөгү бар. Аспап өрүк, алмурут жыгачтарынан, ошондой эле желимден, латун, жез, аллюминий сыяктуу түстүү металлдан даярдалат.

Чоң чоор.

4 же 5 үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү бар. Башка чоорлордо алууга мүмкүн болбой турган төмөнкү добуштар алынат. Аспап түстүү металлдардан жана желимден жасалат. Каттуу жыгачтардан жасаса да болот.

Ышкырык чоор. 

Чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү сүмдүктөрдүн же чогойнонун сабагынан жасалат. Алдыңкы учу туюк болуп, үн өзгөртүүчү 2-3 көзөнөгү бар. Тик кармап, ооз жагын эринге такап, ышкырык жылчыгынан тилдин жардамы менен үн алынат.

Ышкырык.

Талдын же теректин бутаксыз сабактарынан жазында жасалат, үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болбойт. Жогору жагынан ышкырык жылчыгы оюлуп, таякчанын эки учу тыгындалат. Ышкырык убактылуу гана аспап, ал 3-4 күнгө гана кызмат кылат.

Чопо чоор.

Көрүнүшү сүйрү, тоголок келип, учтанган тарабынан ышкырык жылчыгы оюлат. Ак же кызыл чопону 900 С дан ашык ысыктыкка бышырат. Ак чоподон жасалган чоордун үнү кату чыгат. Мурда чопо чоордун 3-4 гана үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болгон. Азыркы өркүндөтүлгөн аспаптын 7-8 ге чейин көзөнөктөрү бар.

Сыбызгы.

Өрүк, тыт, алмурут сыяктуу катуу жыгачтан жасалат. Пластмасса, түстүү металлдан жасоого да болот. Жезден жасалгандар «жезнай» деп аталат. Мурда 6-7 гана көзөнөк болсо, өркүндөтүлгөн сыбызгыда алардын саны 10го барабар. Yн чыгаруу ыкмасы европалык флейтага окшош.

Керней.

Өткөн замандарда ат чабыш, эр сайыш, үйлөнүү ж.б. майрам, тойлор керней, сурнайсыз өткөн эмес. Ошондой эле согуш учурунда кеңири пайдаланышкан. Yйлөмө аспаптар алыс аралыкка кабар, белги берүү үчүн колдонулган. Аспапты тик кармап, өйдө көздөй багыттап ойношот. Керней мүйүздөн жана жезден жасалат. Бул аспап үчүн кийиктин текесинин мүйүзү пайдаланылат. Мүйүздүн көңдөй бөлүгү аяктаган жерден кесип ташталып, оюлат. Yн өзгөртүүчү көзөнөктөр болбойт.

Жез керней.

Жезден жасалып эки бөлүктөн турат: түтүгү, аягы. Түтүгүнө мүштөк ширетилет, үн чыгаруу ыкмасы мүйүз кернейдикиндей, көзөнөктөрү болбойт.

Сурнай.

Конус формасындагы кош чымылдактуу үйлөмө аспап. өрүк, тыт жыгачтарынан жана камыштан жасалат, үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү 8. Ойноордун алдында чымылдагы суу менен нымдалат. Жарылып кетпес үчүн маалы менен ичине май сыйпалат.

2. Жаргактуу урма аспаптар

Добулбас.

Формасы эки башы кесилген ашкабакка окшош. Yстүңкү кырына буканын же төөнүн терисинен жасалган жаргак кере тартылат. Тулкусуна арча, тал, кайың материалдар колдонулат. Илгери добулбасты камчынын сабы менен ургулашкан. Азыр учуна кийиз капталган таякчалар колдонулат.

Доол.

Аспаптын түспөлү баатырлардын баш кийими туулгага окшоп кетет. Оюу салып кооздолгон тулкусу жезден же латундан жасалат. Кармап жүрүүгө же ээрдин кашына илип коюуга ыңгайлуу болуш үчүн, учуна жазы кайыш тагылат. Доолдун таякчасы болуп табылгы өсүмдүгүнүн сөңгөгү пайдаланылат.

Дап.

Өткөн заманда көбүнчө бакшылар колдонушкан. Майда жандыктардын териси тартылган жыгач алкакка шыгырата темир шакекчелер илинет. Дапты титиреткен жана алакан менен ургулашкан.

3. Шыңгыратма аспаптар

Темир ооз комуз.

Дүйнө жүзүнө кеңири тараган аспап. Кылдарын термелтүү аркылуу добуш чыгарылат. Аспаптын тулкусу темир, жез, колодон жасалат. Темир комуздун тилине болот металлы гана жарайт. Аспап ар кандай формадагы жыгач кутуларда сакталат.

Жыгач ооз комуз.

Аса-муса, шилби, сары жыгач сыяктуу өзөгү катуу бадалдардан жасалат. Узундугу 15-20 см. келген жука тактайчанын бир жак башы ичкерээк келет, ортосунан добуш берүүчү тили оюлат. Тилинин баш жагында көзөнөккө боо, ичкерээк башына илмек жип тагылат. Аткаруучу аны сол колунун манжаларына илип, комузду эринге такай күүгө киргизет.

Тай туяк.

Жаныбарлардын туягынан жасалган урма аспап. Эки туякты кырып жышып, тазалап, кайыш боого кошоктоп, бирин төрт манжага кийгизип, экинчисин бармакка кысып ургулоодон ар кандай ыргактар чыгат.

Аса-муса.

Өткөн замандарда бакшылар, дербиштер алып жүрүүчү таяк Аса-муса деп аталган. Ага кичинекей коңгуроолорду, темир шакекчелерди тагып алышкан. Аса-муса таягы көбүнчө бадалдан тандалып, бийиктиги ар кандай, 1-2 метрге чейин жеткени да болгон. Азыркы учурда ансамблдерде пайдаланууда.

Аса-мусаны «аса таяк» деп да коюшат.

4. Кыл аспаптар

Кыл кыяк.

Скрипкага түспөлдөш келгени менен кыргыздын кыл кыягында ойноонун жол жобосу кескин айырмаланат. Мисалы, скрипка ийинге коюп тартылса, кыл кыякты мандаш ура тизеге такап, тикесинен кармап, кылдарын аспап мойнуна тийгизбей, жумшак басып ойнолот. Кыл кыяк өрүктөн, жаңгактан, арчадан чабылат. Чарасынын үстүңкү жарымы ачык калтырылып, жарымына кургатылган төө териси капталат. Кылдары жылкынын кыл куйругунан тандалат. Кыякты тарта турган дого сымал таякча үчүн катуу табылгы жыгачы тандалып, жаага жылкынын кыл куйругу байланыштырылат.

Комуз.

Кой ичегисинен кылдары тагылган, карагай капкак жабылган, өрүктөн оюп чабылган «үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз» жөнүндөгү сөз кезегин кеңири козгомокчубуз. Жердигинде сөөгү таза жыгач табылбаса, көөрү төгүлгөн усталардын колунан чабылбаса, кынабы менен кылы тагылбаса, комуз жарыктык коңгуроодой кооз добушту бере албасы белгилүү. Кыргызстандын түштүгүндө комуздун формасы кичирээк жана ичкерээк келгендиктен, аны «Токтогул комуз» деп да коюшат.

Жылаажын.

Аспап жезден, темирден, колодон жасалып, ичине бүдүр салынат. Жылаажынды кулундун мойнуна, алгыр куштардын бутуна тагышат. Түштүктө бул аспап «Зыңгырооч» деп да аталат. Памир, Алайда «Буум түймө», «Куш коңгуроо» деген аталыштар да белгилүү.

Коңгуроо.

Илгери үй жаныбарларына тагышкан. Көч башындагы төөнүн же аттын мойнуна байлап коюшкан. Түштүктө «Зыңгырооч» деп да жүрүшөт. Колдонулушуна карай коңгуроонун көлөмү ар кандай: көлөмү чоң жасалгандарды «Жекесан» деп коюшат. Кыргызстандын түндүгүндө «Төө коңгуроо» дешет.

Шалдырак.

Өткөн заманда шалдыракты думана, бакшылар зикир чалганда колдонушкан. Бүгүнкү күндө анын өркүндөтүлгөн түрү музыкалык ансамблдерде колдонулууда. Элдик оозеки чыгармачылыктын эң байыркы катмарында «Дамбыр таш», «Бекбекей», «Шырылдаң», «Койчулардын коңур күү», «Думананын зикири» сыяктуу ыр-күүлөрдү синкреттик үлгүдө жарата келген аса таяк, шаңгырак, коңгуроо, ышкырык, сыбызгы өткөн замандагы аш-той, шаани-шөкөттөрдү тегиз аралап, айкаштарда душман жүрөгүн жаралап, жоокерлерди эрдикке сүрөп салып келген болсо, азыр анча баркка алынбай бараткан абал баарына дайын. Айта кетели, тембри тегиз, добушу жылаажын «Тагылдыр-Тоодой» таза, татына ыргактарды тапкан темир ооз комузубуздун, боз үйдүн түндүгүнөн буралып чыккан түтүн сымал, түрмөк-түрмөк ыргактарды ырастай алган жыгач ооз комузубуздун, ат куйругу кылга кере тартылган, күүлөрүнө атпай журт табынган кыл кыягыбыздын күү өнөрүн өркүндөтүүдө өзүн-өзү таануу мүмкүнчүлүгүн көңүлгө ала жүрсөк. Бул атуулдук негизги тилек. Yч кыл комузубуз жөнүндө ой оролу дагы алдыда, ага кененирээк токтоло кетмекчибиз.

Сүрөттөр «Традиционная музыка и кыргызские народные музыкальные инструменты» сайтынан алынды.

Китеп сатып алууга кызыккандар 0770 82 28 32 номерине же elmira.kuchumkulova@ucentralasia.org дарегине кайрылыңыздар.

“Айыл Деми”, 11.2011-01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий