Манасты чуу көтөрбөй, туу көтөрсөк, чыр издебей, сыр издесек

Быйыл Президент А.Атамбаев тарабынан «Үйбүлө, ынтымак, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылы» деп жарыяланган эле. Түшүнгөн кишиге 2010-жылдагы окуялардан кийин бул эң маанилүү мамлекеттик жана атуулдук да озуйпа эмеспи.

Бирок бул ирет мындай ызы-чууну адаттагыдай саясатчылар, оппозиция лидерлери эмес, айрым интеллигенция өкүлдөрү, болгондо да Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз тили жана адабияты институтунун жооптуу кызматкерлери жана Улуттук университеттин айрым мугалимдери козутканы бүйүр кызыткан иш болду.

«Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» демекчи, чууну чыгарганда да майда маселеден эмес, «Айкөл Манас» дастаны (Жайсаң Үмөт уулунун варианты, кагазга түшүргөн Бүбүмариям Муса кызы) боюнча басмасөздө байма-бай, телекөрсөтүүдө болсо бир тараптуу көрсөтүлүп атты.

Чыр адегенде «Айкөл Манастагы» Жайсаңдан башталды эле, аягында барып айрым инсандарды мазактап, маскаралоого чейин жетти. А тургай, бу китеп тууралуу оң пикир айткан айрым таанымал инсандар (мисалы, профессор К.Исаев, тарых илимдеринин доктору, профессор Ө.Осмонов, акын А.Жакшылыков, коомдук ишмер Т.Токтогазиев, манасчы жана манас таануучу Т.Бакчиев) «булар секта түзүп алыптыр, саентеология менен алек болот экен» деген сыяктуу акылга сыйбас кептер айтылды. Мындай ушак кептин жана карандай калптын келечеги жок болот эмеспи.

Ал макалалардын айрымдарында менин да атым аталып кетти эле, анан калса Манас темасына азыноолак аралашып калгандыктан («Манас» мыйзамынын долбоорун даярдап, программасын иштеп чыгуунун демилгечиси болгом, улуу манасчы Саякбай жөнүндө китеп жазып, кээ бир окумуштуулар менен бирдикте жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «Манас таануу» китебин чыгарууга катыштым эле) бул маселе боюнча өз оюмду так жана ачык айтып коюумду инсандык парзым деп эсептейм.

Адегенде мындай, улуттук деңгээлде ызы-чуу салуунун кандай зарылчылыгы бар эле деген ой туулат. Себеби бул китеп мындан 15-16 жыл мурун эле (адегенде 1996-жылы декабрда) жарык көрүп, окурмандардын калың катмарына терең сиңип кеткен (үч ирет кайра басылган).

Экинчиден, чын эле «Манас» наркына коркунуч келип, грузиялык окумуштуу сөрөйлөр бийликтин колдоосу менен Кароол-Дөбөнү казып баштаганда же болбосо 2010-жылы «Манас» эпосу Кытайдын атынан ЮНЕСКОдон каттоодон өтүп, кыргыздын патриот инсандары «Манас эл» коомун түзүп, экс-президент К.Бакиевдин дарегине байма-бай кайрылууларды кабыл алып, абал чындап курчуп атканда, тилекке каршы, алиги адабиятчылардын биринин да атын укпаптырбыз.

«Айкөл Манас» китеби боюнча ойлорубуз ача болсо да, бул белгилүү эки инсан –адабиятчы Омор Сооронов эң биринчилерден болуп «Мажму атут-таварихти» кыргызча которуп, улуу жазуучу Мукай Элебаевди чебер иликтеп, ал эми сынчы Кадыркул Даутов айрыкча Барпы Алыкулов жана Т.Касымбековдун чыгармачылыгы тууралуу изилдеп, зор эмгек сиңиргенин айта жүргөнүбүз ийги.

Негизинен анда төмөндөгүдөй беш доомат коюлган: 1) «Жайсаң» — калмак сөзү; 2) Жайсаң – мурдагы салттуу «Манас» эпосунда мындай ырчы же чоросу болгон эмес; 3) «Айкөл Манас» дастаны салттуу саптары 7-8 муундан турбай, традициялуулук бузулган; 4) Бүбү Мариям Муса кызынын аян алып бул китепти жазышы күмөн саноо туудуруп жатканы; 5) Бул дастанга тыюу салуу.

Өткөн жумада Дипломатиялык Академияда «Манас – чексиз ойдун ченсиз күчү» деген темада симпозиум өтүп, негизги тема ошол эле «Айкөл Манас» китебинин тегерегинде болуп өттү. Негизги оппоненттер К.Даутов, К.Абакировдор бираз илимий мамиледеги ойлорду айткан менен өз позицияларын ынанымдуу далилдеп бере алышпады. Ал эми Садык Алахан менен Аскар Медетов болсо  илимий далилдерин келтирүүнүн ордуна, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго жана автор Бүбүмариям Муса кызына омуроолоп, кыйкырышып, орой кылык-жоруктарын көргөзүшкөнү өкүнүчтүү окуя болду.

Башка авторлор менен бирдикте өткөн жыл Кыргыз-Славян университетинен жарык көргөн «Манасоведение» аттуу китепке да  терс пикир айтылды. Биринчиден, бул китепте болгону жарым бет көлөмүндө Бүбүмариям Муса кызы жөнүндө менин жазганым – менин жеке автордук позициям. Экинчиден, бул «Манас таануу» боюнча эң алгачкы китептердин бири, кемчилик кетиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, кайсы китепти окууну окурман өзү тандайт.

I. «Жайсаң» – калмактын сөзү деген ой боюнча.

Биринчиден, «жайсаң» деген сөздүн этимологиясы менен эпостогу Жайсаң ырчыны бөлүп карасак.

Экинчиден, тил даанышманы Х.Карасаевдин «Өздөштүрүлгөн сөздүгүн» карайлы (Ф.,-1986, 103-б.), «Жайсаң» (монг.) этникалык уруу башчысы, Зайсаң. Алтымыш жайсаң сан колдой тегеректеп айдоодо («Манас» эпосунан)» деп берилет.

Демек, жайсаң –монгол сөзү экени айтылып атат.

Үчүнчүдөн, эпостун өзүндө (сиздер С.Орозбаковдун вариантында эле «Жайсаң» деп аталат дейсиздер), атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча да академиялык басылма (китептин башкы редактору Т.К.Койчуев, орунбасары А.Акматалиев) (Б., «Шам басмаканасы, 1992, 245-246-б.) минтип ырдалат:

«Ордодон чыгып оңкоңдоп,
Айкөл Манас артынан

Ала-Тоодон Зоңкоңдоп.
Бүлдүргөлүү Чоюнбаш
Билекке ороп шашылып
Айкөл шердин атынан
Кырк жайсаңдын баарысы
Дөңкөң-дөңкөң басышып».

Ал эми ушул эле китептин соңунда (711-бетте) адам аттарына берилген түшүндүрмөдө төмөндөгүдөй жазылат.

ЖАЙСАҢ (кытайча «цзай-сян». Улуу министрлер департаменттеги жогорку даражалардын жалпы аталышы). 1. Чыңгызхандын тукумдары Монголия менен Кытайда бийлик жүргүзгөн (1271-1368) мезгилде Борбордук Азияда кеңири таралган термин. Ал термин уруунун (омоктун) же элдин (улустун) башчыларынын титулу болгон, кийин уруунун мурасчы – аксөөгү деген жалпы мааниге ээ болгон. 2. Кыргыз тилинде Ойрот хандыгынын тушунда кабыл алынган «Манас» эпосунда көпчүлүк учурда калмак-кытайлардын уруу же аскер башчыларынын титулу. 3. Кээде оң каармандардын титулу катары колдонула берет. Мисалы, Саякбайдын вариантында кырк чоро ордуна кырк жайсаң деп айтышат. 4. Энчилүү ат катары да колдонулат. Мисалы, «Манастан» легендарлуу Жайсаң ырчы.

Төртүнчүдөн, биз жогоруда «жайсаң» деген сөздүн этимологиясына токтолдук. Эми «Манас» эпосундагы Жайсаң ырчы-чорого келели.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата «Манас» энциклопедиясы (Кыргыз энциклопедия Башкы редакциясы, Б. 1995) жарык көрүп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Бул китепти түзүүгө кыргыздын дөө-шаалары катышкан: Ч.Айтматов (төрага), А.Карыпкулов (башкы редактор), С.Алиев («Манас» редакциясынын башчысы), белгилүү манас таануучу Р.Сарыпбеков, С.Жигитов, О.Ибраимов, Б.Орузбаева, А.Эркебаев, Р.Кыдырбаева сыяктуу белгилүү илимпоздор, аттуу-баштуу инсандар редколлегия мүчөсү болгон. Ошол бараандуу эмгек болуп саналган энциклопедияда минтип айтылат (194-бет):

Жайсаң – топоним. Эпос боюнча Алтай тараптагы Уркун суусунун куймасы (СО, 1. 246). Географиялык реалияда Зайсаң Чыгыш Казакстандагы тоолуу өрөөн жана андагы суу.

Жайсаң – кырк чоронун бири, Үмөттүн уулу. Чоролордун катарында дайыма аты аталат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты он сегизинчи келип, Жайсаң тагдырына буюрган Албүбүгө үйлөнөт (СО, 2. 68, 93, 149, 394, 419, 424; 3. 49, 175; 4. 43).

Жайсаң ырчы – манасчы. Жайсаң ырчынын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14-18-к. Жайсаң деген ат Юань сулалесинин (1260–1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзай-сян» деген титулуна байланыштуу пайда болгон ысым. Бул титулдук термин кийинчерээк 14-15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири таралып, алардын феодалдык аксөөктөрүнө да колдонула баштаган. Ал эми кыргыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кийин кирип, энчилүү ысым катары колдонулуп калган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы Манас менен Кайыпдандын урушунан кийинки окуяда эскерилет. Манас Кайыпданды согушта жеңип анын кызы Карабөрктү алганда тигилген бозүйдүн жасалгасын:
Салтанатын көргөндө,
Жайсаңчы ырчы дегени

Жалаң үйдүн порумун,
Жарым күнү ырдаган.

(СО, КФ, 572-инв., 554-б.) Калмак ырчысы катары айтылат. Советтик белгилүү эпос изилдөөчүлөр М.Ауэзов, К.Рахматуллин ж.б. эмгектеринде «Манасты» жараткан, айтып, эл арасында сактап келген биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө айрым маалыматтар берилет.

Атайын «Манас» эпосу боюнча түзүлгөн энциклопедияда «Жайсаң» тууралуу ушинтип ынанымдуу берилет.

Ошондой эле «Жайсаң» деген сөз калмак тилинде болгондуктан, ырчы Жайсаңды – улуту калмак деген ой айтылып жатат. Ушундай логика менен ой жүгүртсөк, анда «Сыргак» деген сөз иран тилинен алынган (Х.Карасаев, өздөштүрүлгөн сөздөр, Ф.-1986, 250-б.), сергек, шырп алдырбаган, сак дегенди билдирет. Же болбосо Кошой бабабыз атын алып жүргөн Кошой (ошол эле сөздүктө, 160-б.) Хошой 1. Эки эсе дегенди монголчо туюндурат экен.

II доомат боюнча. ЖАЙСАҢ ырчы болгонбу же жокпу?

Эми, дегеле Жайсаң ырчы ким болгон, бул тууралуу атайын иликтөө жүргүзгөн, бүт өмүрүн Манасты иликтөөгө арнаган,  филология илимдеринин кандидаты М.Мамыров 1974-жылы эле жарык көргөн эмгегинде (Бул эмгеги кийин «Манас» эпосунун калыптанышы тарыхы» деген китебинде камтылган) (Бишкек, 2005, Бийиктик. 101-108-беттер) кеңири жана негиздүү жазат. Бул Жайсаң ырчы тууралуу бирден бир иликтенген атайын эмгек. Ошондуктан окумуштуунун оюн айрым кыскартуулар менен берели.

«…Жайсаңга чейин «Манас» жомогу чачкын айтылчу экен. Жайсаң гана ошондой түркүн темадагы, бай мазмундагы ырларды бириктирип, өзүнчө жомок кылып айткан деген пикир элде кийинки мезгилге чейин сакталганын Ысык-Көлдүн Ак-Суусундагы кыбачы санжырачы-жомокчу Узак уулу Орозобай менен мен 1967-жылы «Манас» эпосу жөнүндө жекече аңгемелешкенде билдирген эле.

Жайсаң болсо, ошол Токтогулдан көп мурда чыккан, эпостун өзүндө айтылган байыркы легендарлык жомокчулардын эң улуусу.

…Казак академиги М.О.Ауэзов Ырамандын ырчысы – бул Жайсаң – ал анын экинчи аты деген ойду козгогон. Менимче, алар кайнаса каны кошулбаган эки башка акын-жомокчу. Бири – элдин легендарлык баатыры Манас менен мезгилдеш жашаган-акындыкты, жарчылыкты, жомокчулукту, жоокерчиликти айкалыштыра билген илелүү чоро, экинчиси – жашоо-тиричилигин жомок айтуу менен өткөргөн нагыз эпик-жомокчу, төкмө-акын.

Адепки аэд менен жомокчунун, акын менен айтуучунун элдин эсинде түбөлүккө сакталып калышынын мааниси да мына ошондо. Ырасын айтканда, «Илиада» менен «Одиссеянын», «Манастын» «Махабхаратанын», «Рамаянын», «Калеваланын» баатырдык эпос болуп калыпталышы кандай байыркы мезгилдерге таандык болсо, алардын биринчи айтуучулары – Демодоктун, Фемийдин, Вьясанын, Вальмикинин, Ырамандын ырчысынын, Жайсаңдын, Вяйнямейненин да ошондой эзелки доорлорго гана тиешелүү аэд менен жомокчулар катары эсептелмекчи.

Жайсаң деген сөзгө карата ал кийинки (XVI-XVIII кылымдарда) мезгилдерде болгон жомокчу-жоокер деген пикир да акыркы учурларда айтыла баштады. Кеп ал сөздүн качан чыгып, кайдан келгенин, анын сырткы түрү жагынан башка элдин түшүнүгүнө болгон окшоштугун аныктоону атайы көздөгөндүктөн гана айтылган, ою да ошонун айланасына багынта жүргүзүлгөн. Жайсаң деген сөз улуулук, айбаттуулук, шаңдуулук, көптүк, байлык, кеңирилик, молдук өңдүү көп маанилерди түшүндүргөн албан арымдуу туюнтма. Суусу менен өсүмдүгү, кооздугу менен кеңирлиги жагынан айлана-чөйрөсүнөн өзгөчөлөнгөн жерге да ал айтылат. Дал ошондой айкөл бөтөнчөлүктөрүн эске алганда (атайы алуу керек) ал башкалардан оошпостон байыркы мезгилдерден КЫРГЫЗДАР аны айтып, каалагандай ар кыл мааниде кеңири колдонуп келген өзүнүн төл сөзү болуп чыкмакчы. Ошонун өзүн эле жай жана сан деп экиге бөлүп туруп, кайрадан кабылдасак ар бири өзүнчө туюнтма болуп, маанисинин мүрөлдүгү жагынан бирге айтылганынан ашып түшпөсө, андан эч кемибейт. Анын ошондой эки башка сөз экендиги байыркы Орхон-Енисей эстеликтеринде деле сакталган. Анда ошол эки башка туюнтмадан бир эле жайсандын жаралып калышына тилдин өсүп-өнүгүү мыйзамы каршы болбой, кайра ага жол берерин да эстен чыгарбаганыбыз абзел.

Андыктан Жайсаңдын «Манас» жомогун биринчилерден болуп айткан эпик-жомокчулугуна гана көңүлдү атайы буруп, анын талантынын өзгөчөлүгүнө осмоктоп болсо да ой жүргүзүп, аны белгилөөгө да милдеттүүбүз. Акыйкатта Жайсаң ошого татыктуу бирден-бир легендарлык жомокчунун эң ириси.

Бул Жайсан өз убагында эптеп эле санакка кошулган катардагы карапайым ырчы эмес, ал «Манасты» баатырдык эпос кылып түзгөн – чоң эпикалык-жомокчунун ириси болгондуктан эл аны укумдан-тукумга өткөрүп, улам кийинки муунга оозеки түрүндө атайын мурас калтырышты. Жогоруда эскерилген мурдагы мифоэпикалык чачкын ырларды бириктирип, өзүнчө жомок кылып айткан деген элдин ошол сөзүндө тиги-бу деңгээлде чындыктын үлүшү болсо, анда ал «Илиада» менен «Одиссеяны» биринчи түзгөн гректердин байыркы Гомериндей Жайсан да «Манас» жомогун биринчи түзгөн болуп чыгат. Эмесе, Жайсан анда кыргыздын байыркы Гомери аталмакчы».

Демек, Жайсаң ырчынын «Манаста» болгондугу илимпоздор тарабынан мурда эле иликтенип, тастыкталып, атайын илимий эмгектерде жарык көргөн.

Ал эми «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына байланыштуу китепте (Автор түзүүчү П.Казыбаев, Б., Учкун, 2003. 178-бет) Жайсаң жөнүндө минтип берилет: «Эр Манастын чоролорунун бири менен Чоң Казаттан кайтканда баатырларды жоктоп ыйлай, кошок кошот. Ошол өксүү, жоготуу ыйы эл арасында таралып, кийин ал эпоско айланып кеткендей. А башка бир улама кепте Жайсаң тубаса манасчылар деп саналган Жезтаңдай уруусунан. «Манас» айтылбасын деген тыюуга баш ийбеген атасы качып баратканда душмандан шейит болот. Манасчынын сөзүн эмес, сөөгүн да душманга ыраа көрбөгөн жезтаңдайлар түнү менен бийик ашуудан өтөт. Ошондо  ээрге тикелей таңылып, кудум тирүү бараткансып атасынын аркасында учкашып бараткан Жайсаңдын жандүйнөсү козголуп, аталардын алгы сөзү «Манасты» айта баштап, ата өнөрүн улап кеткен экен».

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын демилгеси менен даярдалган китепте болсо (Акындар жана манасчылар – кыргыз элинин руханий маданиятын түзүүчүлөр жана сактоочулар. Бишкек, 1989. Мурас, 7,8-беттер) мындай деп берилет.

«Кыргыз санжырачыларынын жаңы табылгасы боюнча легендарлуу Жайсаң ырчы IX-X к.к. жашагандыгы тууралуу маалымат жакында эле табылды. Элдик уламышта анын ысымы менен «Манас» эпосунун айтылып башталышы байланыштырылат. Санжыранын табылган материалында анын ысмы ошол мезгилде усун урууларынын чачырагандарын чогултуп өз канатына калкалаган кыргыз-хандын турмуштук окуяларына байланыштырылып эскерилет. Жайсаң ырчы кушчу уруусунан чыккан. Бир жолу Кыргыз хан (Адырак) бардык кыз-келиндерди урматтоо катары үкүнүн жүнүн бергенин Жайсаң-ырчы төмөнкүдөй ырга салган:

Кыз-келинди кадырлап,
Үкү менен сыйладың,
Чачылып кеткен усундун
Чар тарабын жыйнадың.
Айыгышып келген душмандын
Алгырын салып кыйнадың.
Түпкү атаңдын өз журтун
Түгөл алдың колуңа
Алыстан келди көп уруу
Ак калпак сенин бооруңа.
Айтып калсын түбөлүк
Ак калпак кыргыз атанын
Ааламга атың уккан жаш».

«Манасты» иликтөөгө көп өмүрүн арнаган белгилүү кинорежиссер Мелис Убукеев Жайсаң ырчы тууралуу минтип жазат:

«Все восхищались умением майера, великолепием красок, но певец Жайсан-ырчы, ратник Манаса, сказал: «В этих изображениях есть сходство, но в них нет жизни. Только слово, сокровенное, заветное, может вызвать к жизни великие души богатырей».

И певец Жайсан-ырчы запел.

О пел о том, как прибыл Джакып, отец Манаса, как создал Манас камень из песчинок, как сорок богатырей стали опорой и сердцем Манаса, а народ – из рассеянных кыргызских племен…

День сменялся ночью, ущербная луна – круглой, а голос Жайсан-ырчы не умолкал.

Всему есть конец, но нет конца у песни…

Вот так объясняет эпическая  традиция рождение кыргызского эпоса. Где кончается поэтическая легенда и где начинается историческая действительность? (М.Убукеев. Манас. Б., Мурас, 1998, с.12-13).

Демек, Жайсаң ырчынын Манаска тиешеси бар экенинин дагы бир далили. Азыркы күндүн чыгаан манасчысы Рыспай Исаков 21-май күнү түз эфир аркылуу бир саат бою «Жайсаң ырчы» тууралуу күпүлдөтүп «Манас» айтпадыбы. «Манасты» манасчылардан кантип талашабыз.

Ошондой эле Жайсаң Үмөт уулунун «Айкөл Манас» дастанын илим чөйрөсүнө такыр кабыл алынбасын деп кайрылып жатышат.

Белгилүү манас таануучу С.М.Мусаев илимий консультант болгон, филология илимдеринин доктору, академик А.Акматалиев рецензиялаган «Манас» дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы» (Б., «Шам» басмасы, 2005) аттуу  библиографиялык справочникке айтылган дастан эбак эле  кирип, анда жазылып калган (209-б.).

Бул китеп буга чейин эле миңдеген нуска менен жарык көрүп, тиешелүү библиографияларга кирип калганы маалым.

Эми III дооматта эмне үчүн «Айкөл Манас» дастанында 11-12 муун менен айтылат, традициялуу Манаста  7-8 эле муун менен айтылган деген ой камтылат.

Чынында бул ой менен кошулса да болот, бирок «Манас» боюнча иликтеген окумуштуулардын эмгектеринде (маселен, М.Ауэзов, К.Рахматуллин, Т.Байжиев, Б.Юнусалиев, М.Мамыров, Р.Кыдырбаева, Р.Сарыпбеков, С.Мусаев, Ж.Орозобекова ж.б.) эпостун формасы сөзсүз 7-8 муун болуш керек деген тыянакты таба албадык. А түпкүлүгүндө «Манас» эпосунда рифма жана муундук темасы илимде эч иликтенбегендигин белгилүү котормочу С.Липкин өкүнүү менен белгилейт (Слово Кыргызстана, 1995, 21-январь). Анан калса «Манас» эпосу чалкып жаткан океан сымак эчбир адабият теориясына баш ийбейт эмеспи. Маселен, атактуу манасчы С.Каралаев кээде созуп, кээде жай айтып, кээде төгүлүп, кээде кара сөз менен айткан жерлери бар экени белгилүү.

Академик Б.Юнусалиев …«Манас» эпосунда ырдын мазмунунун эмоционалдык таасирин күчөтүү максатында уйкаштыгы бүткөн ырдын баш жагына же аягына кыстырынды сөздөр кошулат. Алар кээбир учурда редиф  иретинде, б.а. уйкашып бүткөн ырдын аягында кайталанып айтылуучу бир же бир нече сөз кездешет, — деп белгилейт. (Манас, биринчи бөлүк, 1-китеп. Ф., 1958, XXXVII бет).

Маселен, Саякбай Каралаевдин айтуусунда Чоң-Казатта Манас Бээжинди алып, аскери кырылып, чоролорунан ажырап өзү катуу жарадар болуп келип, минтип айтат эмеспи:
Мен Сыргагымды жеп алдым, аяш!
Канатым окко жулдурдум, аяш!
Кабыландан айрылып
Каран түн жакты тындырдым аяш!

Же болбосо улуу манасчы С.Орозбаков салт катары манастын өткөн ата-бабаларынын ким экендигине кайрылып, кара сөз менен кайсы атадан ким тарагандыгын кыскача баяндап өтөт. (Кырбашев К. «Манас» эпосунун стили, Илим басмасы, Ф., 1983, 9-б.).

Тоголок Молдодо:
Бул Манас кыргыздын уругунан
Деген уругунан атактанып чыгат.
Түмөнкан, анын уулу Чаянкан, анын уулу
Кара кан, бул Кара кандын сегиз уулу
Болгон, атактуусу Ногой, Нойгут.
Ногойдон төрт уул болгон, Бай, Орозду,
Үсөн, кенжеси Жакыпбайдын уулу
Бакай, Тайлак деп
Эки уулу болгон. Ороздунун он уулу болгон,
Үсөн кийин Көзкаман
Аталып кеткен, мунун да он уулу болгон,
деген саптарда 7-8 муун сакталбай, 15 муунга чейин жетип атпайбы.

(Тоголок Молдо, инв. 3537. 1-бет).

Же болбосо:
Кырлар барбы, кыргыз сөөгү жатпаган,
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, —

деген баарыбызга белгилүү байыркы Энесай кыргыздарынан калган саптар «Кыргыздарда 7-8 муун гана традициялуу саптар болгон» деген ойду четке кагат.

Махмуд Кашгарини же Жусуп Баласагындын ырлары да 11-12 муундан турганы белгилүү. Ошентсе да «Айкөл Манас» дастанында негизинен баатырдык сюжеттер, көпчүлүккө таанымал эпикалык персонаждар бар. Жаңы сюжеттер да камтылган, тарыхый окуяларды жаңыча баяндама менен тарыхый окуяларга үндөп келген, ыйык жерлер болгон Саймалуу-Таш, Таш-Рабат, Сулайман-Тоо, Аравандагы Дулдул-Ат ж.б.у.с. Манас эпосуна байланышы, кыргыздын байыркы салттарын ажайып сүрөттөгөн токсон миң сап поэзия камтылган бараандуу чыгарма экени талашсыз.

IV доомат, Бүбү Мариям Муса кызынын аян алгандыгына шек саноо. Мындай ойлорго ишенип же ишенбөө – ар кимдин өз иши. Бирок ушундай да альтернативдүү позициялар, көзкараштар бар экенин тана албайбыз. Аян алдыбы, алган жокпу, ал өтө сырдана маселе. Эң негизгиси факт катары – 10 томдук китеп (арбир китеп опол тоодой мээнетти талап кылаары шексиз) жазылып, жарык көрүп отурбайбы. Кеп ошол эмгектин мазмуну тууралуу жүрсө дурус болмок.

Аян темасы тууралуу атактуу академик, чыгыш таануучу В.М.Жирмунский (Исследование по истории культуры народов Востока. – М.-Л., 1960) минтип жазат:

«С именем Кэдмона, первого англосаксонского поэта, упоминающегося в истории английской литературы, связана биографическая легенда, о которой рассказывает Беда Достопочтенный (673–735) в своей написанной на латинском языке «Церковной истории англов» (кн. IV, гл. 24; закончено в 731 г.).

Согласно Беде, Кэдмон был монахом монастыря Streoneshalh в Нортумбрии во времена аббатисы Хильды (657–680). Он был прославлен песенным искусством, которому научился не от людей, но приобрел этот дар от бога, с помощью божественного покровительства. Когда Кэдмон был ещё мирянином (уже преклонного возраста), он не умел петь. Во время пира, когда гостей обходила арфа и очередь петь доходила до него, он вставал с места и удалялся, стыдясь своей неспособности. Однажды ночью, покинув таким образом пиршество, он заснул в хлеву, который должен был сторожить. Во сне ему явился некий муж, который приветствовал его и сказал: «Кэдмон, спой мне что-нибудь». Кэдмон отвечал: «Я не умею петь». Но муж повторил свое приказание и велел Кэдмону воспеть сотворение мира. Кэдмон запел, и когда на утро проснулся, он помнил песню, сложенную во сне, и сообщил о происшествии аббатиссе. Аббатисса собрала людей ученых, чтобы спросить, откуда явился Кэдмону этот дар. Они решили, что от бога, и с той поры Кэдмона стали обучать в монастыре божественному писанию, а он все, что ему рассказывали днем, на следующее утро перелегал в прекрасные песни. По совету аббатисы Кэдмон постригся в монахи и постепенно, со слов людей ученых, переложил в песни все события, о которых рассказывает писание, — от сотворения мира до воскресения Христа и страшного суда».

Ал эми белгилүү «Манас» таануучу, М.Мамыров Манастын ыйык касиети тууралуу минтип ой жүгүртөт (М.Ч.Мамыров. «Манас» эпосунун калыптаныш тарыхы. Б.,-2005, Бийиктик, 3-4- б.). «Ырас, «Манас» эпосу дин болсо, христиандар «Библияга», мусулмандар «Куранга» кандай сыйынса, кыргыздар да «Манас» эпосуна, анын каармандарынын, курал-жарагынын, буюмдарынын, тулпарларынын аттары коюлган жер-сууга, тоо-ташка азыркы учурга чейин куду ошондой сыйынып келиши анын дин болгондугун ого бетер тастыктайт. Акыйкатта «Манас» эпосу дин болсо, ал өткөн мезгилдерде кыргыз коомчулугунун идеологиясы, анын мыйзам-закону болуп кызмат кылгандыгынан да кабар берет.

«Манас» эпосунун колдоочулук-сыйкырдуулук касиетине кыргыздардын бекем ишениши анын дин экендигин, болгондо да идеология катары адамдардын жеке жашоо-тиричилигинен баштап, элдин коомдук турмушуна да кеңири колдонулуп келгендигинен да байкоого болот. Жашоо-тиричиликте бир маанилүү жумуш жасаарда, мергенчиликке барарда, алыска сапарга чыгарда, жоокерчиликке аттанарда, жаманчылыктан башка ар кыл салтанаттарда да кыргыздар «Манас» эпосун айттырса, анын колдоочулук-сыйкырдуулук күчү колдоп, жасалган иш-аракет жүзөгө каалагандай ашат деп ишенишкен. Маалым болгондой, ички иштеринин бардык жактарына кандай кеңири колдонсо, кыргыздар эл аралык мамилесине да «Манас» эпосунун колдоочулук-сыйкырдуулук күчүнөн дал ошондой колдоо күтүп, аны ийкемдүү түрдө пайдаланышкан.

Дагы бир окумуштуу Талант Мамышев «Пророческая миссия эпоса «Манас» деген («СК», 2011, 30.11., 14-15 стр.) ары кызыктуу статьясында ушуга эле үндөш мындай ой айтат.

«…И сегодня ясно, что Божьим Писаниям, несущим новые истины и понятия, является эпос «Манас», же болбосо кийинки абзацта «…Как видно, рождение эпоса «Манас» сопровождалось такими же тайнами и невероятными историями, как появление Библии, Корана, и свидетельствует, что это произведение такого же высшего порядка, как и другие священные Писания».

Аян алуу эч убакта мусулман динине каршы келген эмес. Ал тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети-муфтийи Чубак ажы Жалилов «Эркин-Тоо» гезитине берген маегинде бул ойду айтып атпайбы: «Бисмиллахир-рахмаанир-рахиим, «аян алуу», «кыдыр даарып кетиптир» деген түшүнүктөрдү четке кагууга болбойт. Илгеркиден эле манасчылар баян айтып келген.

Өнөр адамдары дайыма эле илхам, шыктануу менен эмес, кээде биздин акыл-эс жете бербеген иррационалду жагдайлардын таасиринде да чыгарма жаратып келгендиги жашыруун эмес. Маселен, жакында эле «Российская газета» (2012, 27.03. 12 стр.) гезитине берген маегинде атактуу музыкант Мстислав Ростроповичтин кызы Ольга Ростропович минтип айтып жатпайбы: «Да, у него (отца) случались разговоры с Сергеем Сергеевичем Прокофьевым, с Дмитрием Дмитриевичем Шостаковским уже после их смерти. Он их слышал на каком-то подсознательном уровне».

«Манас» тууралуу атайын кинотасма жараткан, белгилүү кинорежиссер жана культуролог М.Убукеевдин атактуу окумуштуу Л.Н.Гумилев менен болгон маеги да өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.

«Вокруг таких крупных духовных явлений, как «Манас», имеется мощное силовое поле, непонятная и таинственная сила, которая оберегает и ограждает свои святыни от всякого инородного вторжения, а порой и жестоко наказывает незваных гостей. Подобное случилось, когда решили поставить памятник «Деде Коркуту» пятеро из семерых погибли, а двое оставшихся отказались продолжать работу.

— Почему такое происходит? – спросил я. – Ведь эти люди наверное, работали с самыми чистыми помыслами и благородными намерениями…

Лев Николаевич усмехнулся:

— Попробуйте – суньте два пальца в розетку с самыми чистыми намерениями, и я посмотрю, что с вами будет.

И Лев Николаевич мне объяснил: дело в том, что вы вторгаетесь в пантеон чужих богов и будучи человеком просвещенным и наделенным фантазией, при этом ощущаете определенный страх и тревогу. И чем больше у вас воображения и фантазии, тем больше страха. И этот подсознательный страх может стать причиной несчастного случая или даже смерти. Но когда вы получаете благословение шамана, жреца этого пантеона чужих богов, вы освобождаетесь от страха и ставите изоляцию между вами и страхом». (М.Убукеев. Манас. Б., Мурас, 1998, с.4).

Ал эми V дооматта айтылган авторлук жана укуктук жагдай боюнча.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесине ылайык: 1. Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу. 2. Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

Демек, мындай эмгек жаратууга Бүбү Мариям Муса кызынын толук конституциялык укугу бар. Анын автордук укугу болсо «Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү» мыйзамдын 6- жана 9-статьяларына ылайык корголот. Китептин жарык көрүүсүнө сот гана чечим чыгарып, тыюу сала алат.

Мына ошондуктан филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаеванын «Эркин-Тоо» газетасында (2012-жылдын 27-мартындагы санында) «Айкөл Манас» дастаны боюнча минтип айткан сөзү: «…Ошол сыяктуу Бүбү Мариям эженин «Айкөл Манастын» океандай болгон «Манас» дүйнөсүнүн тырмактай бир кыры катарында кабыл алууга милдеттүүбүз» илимий көзкараштан караганда бир кыйла ынанымдуу сезилет.

Ал эми «Манас» эпосун мындан ары өнүктүрүү, изилдөө жана китептердин жарык көрүшү боюнча атайын мамлекеттик программа кабыл алынган.

Бул программанын аткарылышы боюнча Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият жана спорт комитети атайын отурум өткөзүүнү күз айларына болжоп жатат.

Ушул симпозиумда Кыргыз эл жазуучусу К.Жусупов «Манасты ызы-чууга аралаштырбай, патриот экенибизди Манасты иликтеп, эмгек кылып, илим жазып, китеп арнап далилдейли» деп данектүү кеп айтты.

Кеп соңунда айтаарым, биринчиден, бул «Айкөл Манас» дастаны окурман журтуна канчалык сиңип, жашап кетет, аны мезгил өзү көрсөтөт.

Экинчиден, илим дүйнөсү, айрыкча адис-илимпоздор бул 10 томдукту эмгек катары кабыл алып, дыкат иликтеп, өз оюн айтаары шексиз деп ойлойм. Ага дейре бүтүм чыгарбай, чуу салбай, сабырдуулук кыла туралы.

Аталган симпозиумда К.Даутов менен А.Медетов: «Саякбай менен кошо аян алуу жана эпос айтуу токтогон» деп жарыя кылышты. Андай болсо, Шаабай Азисов менен Каба Атабек уулунун, Н.Сейдирахманов, же бүгүнкү күндүн чыныгы манасчылары Т.Бакчиев, Д.Сыдыков, Т.Асанов, У.Исмаилов, Р.Исаков же беш жашар Үмөт кантип, кайдан «Манас» айтып жатат деген ой туулат.

Агып жаткан улуу дайраны, атып келаткан таңды эчким токтото албаган сыңары эле, улуу «Манас» эпосун эчким токтото албайт. Ал дайым кыймылда. Кыргыз руху менен жаны бирге. Өлбөс-өчпөс.

Ошондуктан Манасты чуу көтөрбөй, туу көтөрүп, чыр издебей, сыр издеп, океандай чалкыган, эбегейсиз терең Манас эпосундагы асыл дөөлөттөрдү ыйык тутуп, бийик сезүү баарыбыздын улуттук парзыбыз деп ойлойм.

Каныбек Иманалиев, «24.kg» MA, 01.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий