Түркүн жанрдык тармактары камтылган

Кыргыз Республикасынын ма­даниятына эмгек сиңирген ишмер Камчыбек Дүйшалиев­дин Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн «Кыргыз эл ырлары», «Кыргыз эл ырлары, термелери жана дастандары» аттуу окуу китептери улуттук фольклористиканын эң орчундуу жетишкендигин көрсөттү.

Камчыбек Дүй­ша­лиев бул окуу китептерине чейин эле коом­го, элге белгилүү болуп калган илимпоз. Музыка таануучу катары ал он чакты китептерден сырткары гезит-журналдарга макалаларды жазып, илимий конференцияларда докладдар менен чыгып жүрчү.

«Кыргыз эл музыкасы» окуу китеби – бул фундаменталдуу мас­штабда жазылган кыргыз этномузыкасынын түркүн жанрдык тармактарын камтып изилдеген жыйынтыктоочу эмгек. Бул окуу китептин жүзачарында бир топ аттуу, баштуу музыка изилдөөчүлөр, композиторлор, адабиятчы-фоль­клористтер, жазуучулар китепти бийик баалашкан.

Чындыгында эле «Кыргыз эл музыкасы» жана ага хрестоматия катары түзүлгөн «Кыргыз эл ырлары, термелери жана дастандары» автордун көп жылдар бою фольклордук музыканы жыйнап, эл кыдырып, жер кыдырып жүрүп үн жазгыч, магнитофондорго жазып, нотага түшүрүп, андан соң обон-кайрыктардын ар бир үн-добуштарына чейин угум сезими менен талдап, музыкалык фор­ма-стиль жактарына изилдөө жүргүзгөн. Ошондой эле ырлардагы обон менен сөздүн жуурулушуп айкалышкан кыймыл-аракеттерин, музыка менен поэзиянын ажы-рагыс бирдиктүүлүгүн тастыктаган мыйзамченемдерин ачык берген.

Окуу китептин профессионалдуулук деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн бири катары автордун ушундай деталдашкан анализдеринен сырткары чыгармалардын эстетикасын ырчылык аткаруучулуктун ырдоо ыкмаларын аныктап, ыр, күүлөрүн тарыхый-маданий  маселелерин ачып берүү максаттарына жетишкендигин айтуу туура болот. Анткени окуу китеп азыркы жалпы музыка искусство таануучулук илимдин өнүгүү тарыхына ылайык жазылган жаңы этабы деп эсептесек эч жаңылбайбыз.

Автор койгон максатына  ылайык салттык музыканын тарыхый изилдөөсүнүн логикасына тууралап улуттук музыкасынын жанрдык проблемаларын чечмелөөгө багыттаган. Андыктан, салттык музыканын ар кандай жактарына, универсалдуу түшүнүктөрдүн кең жана тар маанидеги варианттарына таянып, чоң-кичине, ири-майда статустагы түрлөргө байланышкан концептуалдык проблемаларды изилдөөгө алган. Натыйжада салттык музыканын жанрдык системасынын теориялык негиздерине жараша жалпы жонунан ыр жанрлар жана күү жанрлар системасы болуп эки чоң бөлүккө бөлүнгөн.

Окуу китептин биринчи бапында  кыргыз эл музыкасынын жалпы тарыхый жана социалдык турмуштук жактан мүнөздөө максаты оозеки салттык музыка мурунку көчмөн жана кийинки отурукташкан турмуштун  өзгөчөлүктөрү бир нече этаптарга бөлүнүп каралган жана  аларда өнүккөн элдик музыканын урунттуу жана олуттуу көрүнүштөрү, окуялары, фактылары орун алган.

Экинчи бапта салттык аваздык музыка, анын ичинде байыр­кы ырлар: «Бекбекейлер», «Шы­рылдаңдар», «Оп майдалар», эски каада-салт ырлары, ырым-жырым ырлары, тарыхый жана учурдагы жаңы ырлар, балдар жана жаштар ырлары текстологиялык жактан да (лексикалык, уйкаштык, мазмундук), музыкалык жактан  да (ладдык, обондук, интоннациялык, метр-ыргактык, формалык ж.б.) изилдөөгө алынган.

Үчүнчү бап «чоң» эпос жана «кенже» эпос дастандардын драматургиясынын канына кан кошуп, жанына жан кошуп турган музыкалык кыраат интонациялар, речитативдер, ошондой эле салттык чоң эпопеянын айтуучуларынын 20 кылымдагы абалы жана статустук даражалары жөнүндө сөз болот.

Төртүнчү бапта салттуу төкмө акындардын чыгармачылыгы кеңи-ри сөзгө алынып, жеке түрдөгү жана диалог кайым формасында жүргүзүлгөн төгүп айтуу жанрларына арналып, айтыш, алым сабактардын типологиясы изилденген. Бешинчи бап салттык эң маанилүү жана көркөмдүү, калк кастарлаган, азыр кабары дүйнөнүн төрт бурчуна чейин кеткен көөнөрбөс улуттук эстетикалык байлыктарынын экинчи чоң бөлүгүн ээлеп турган аспаптык музыкасына, элдик аспаптардын классификациялык маселелерине арналган. Ушул эле баптын уландысы катары алтынчы баптагы аспаптык музыканын курамына кирген комуз күүлөрү жана чоорлордо, сыбызгыларда ойнолгон күүлөрү изилденилет.

Жетинчи жана сегизинчи баптар логикалык байланыштардын жана катардуулуктун негизинде жазылгандыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Анткени жетинчи бапта кыргыз фольклористика илимине түздөн-түз тиешеси бар Октябрь революциясына чейинки салттык музыка жөнүндөгү тарыхый булактар болуп эсептелинген баалуу маалыматтарга таянуу менен XX кылымдан мурдагы улуттук этномузыкалык фольклордун илгерки кылымдардагы ал-абалы, жашоо шарттары тескөөгө алынган. Сегизинчи бапта болсо Октябрь революциясынан кийинки учурларда Кыргызстанга жаңыдан, советтик билим-илимдеринин аркасы менен келип, дүйнөлүк музыка фольклористикасынын таасири аркылуу телчигип жетилип, кийин 60-70-жылдардан баштап бутуна туруу процессине кирип өз максатын көздөп келиши туурасында сөз козголгон.

Жыйынтыктап айтканда, биз рецензиялап жаткан «Кыргыз эл музыкасы» окуу китеби илим-билимдик деңгээли  жагынан да, окуу практикалык зарылчылык  жагынан да, тарыхый-фактологиялык тактык жагынан да, ошондой эле жатык тил, жеткиликтүү сөз байлыгы менен жазылган энциклопедиялык мааниге татыктуу зор эмгек десек жаңылыштык болбойт. Андыктан автор, искусство таануу илимдеринин доктору Камчыбек Дүйшалиев Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында  мамлекеттик сыйлыгына татыктуу деп эсептеймин.

Р.КЫДЫРБАЕВА, филология илимдеринин доктору, профессор,
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти
,
“Кыргыз Туусу”, 01.06.2012-ж.


Соц тармактар:

Добавить комментарий