Акылбек Атабаев, «Манас ата» этникалык кыргыздарды колдоо фондунун төрагасы: «Оогандык кыргыздарды көчүрүп келүүнүн зарылдыгы жок»

— Акылбек мырза, Кыргызстанга көчүрүп келиш керек деп айтылып аткан оогандык кыргыздар тууралуу сиздин пикириңизди угалы дедик эле.
— Оогандагы кыргыздар биздин доорго чейин V кылымдан бери ошол жерде отурукташып келет. Биздин эки облустун аймагындай жери бар. Кыргыздар байыртан ал аймакты кан төгүп коргоп келген. Бул жер Ооганстандын аймагына кирген менен аларга өз мамлекети такыр көңүл бурбайт. Аларда ошол кылымдан ушул кылымга чейин кандайдыр бир эпидемиядан же ачарчылыктан массалык кырылуу болгон эмес. Биздин акыркы изилдөөлөр боюнча бул аймакта рак менен ооруган адам жок экен. Бул кыргыздар табияттан ажырабай жашап келаткан эл. Ушул убакка чейин жоголуп кетпеген кыргыздар эми жоголуп кетиши мүмкүн эмес. Бирок чоң көйгөйлөр бар.

Алар 1892-96-жылдары улуу державалар тарабынан Ооганстандын аймагына бөлүнүп калгандан кийин жарым-жартылай, соңку жылдарда таптакыр эле экономикалык блокадада калган. Ага чейин Кашкар менен соода-сатык иштерин жүргүзүп эң сонун жашап келишкен. Кийин Кытай мамлекети Кашкарды жаап салган. Бир жагынан орустар чек арасын жаап, бул аймактагы кыргыздар акыркы жети жылда толук сырткы дүйнө менен байланыша албай калды. Булардын бара турган бир эле жолу — өздөрү турган мамлекеттеги Кабул менен Файзоват. Ошол жактан гана аштык жана башка азык-түлүктөрдү алып келүүгө болот. Бирок жол узак. Бийик тоолор аркылуу ат, төөлөр менен 15-20 күн жүрүш керек. Узак жолдо таланып, тонолушат. Себеби Ооганстандын ар бир айылынын өзүнүн командирлери бар. Ошолордон өткөндө аларга салык төлөш керек. Ушул себептерден улам булардын жашоосу өтө кыйындап баратат.

Албетте мен аларды Кыргызстанга көчүрүп келүүгө каршы эмесмин. Бирок биз мындай жол менен алардын тагдырын чече албайбыз. Аларды айдап келип жайлоого жайып ийсе жүрө бергендей мал эмес. Эгер булардын келечегин ойлонбой туруп эле алып келип алсак, анда биз бул кыргыздардын жок болуп кетишине чындап шарт түзгөн болобуз. Биринчиден, ооган кыргыздарынын дээрлик 100 пайызынын билими жок. Аларды биз кандай жумуш менен камсыз кылабыз? Балдарына пособия, карыларына пенсия төлөшүбүз керек. Тилекке каршы ага азыр биздин мамлекеттин күчү жетпейт. Экинчиден, учурда бизде ар бир метр жер сатылып кеткен. Анан калса кыргыздардын чоочун келгиндерди батырып кетиши кыйын. Биринчи жылы туугандарыбыз келди деп кубанганыбыз менен кийинки жылдары ошол эле жер, суу, жайыт маселеси талаш боло баштайт. Аны менен бирге ХVIII кылымда калып калган алардын психологиясы менен ХХI кылымдагы мындагылардын психологиясын салыштырып болбойт. Ар кандай маселелерден улам оогандык кыргыздар менен бул жактагы кыргыздардын ортосунда тирешүүлөр пайда болушу мүмкүн. Беш кол тең эмес, ар бир элдин жаманы да, жакшысы да бар. Алардын ичинде апийим чеккени да бар, кыскасы, биз аларды бул жакка алып келүү менен тескерисинче тагдырына балта чаап, жок кылып алышыбыз мүмкүн.

— Жалпы калктын саны канча?
— Эки миңдин тегерегинде.

— Аларды сактап калуу үчүн кандай сунушуңуз бар?
— Биз аларга нан бергенден көрө нанды кантип бышырып жегенди үйрөтүшүбүз керек. Тактап айтканда, биз алардын өз жеринде эки эле маселесин чечип бере турган болсок, алар ханга салам бербей жашай берет. Биринчиден, Кытай, Ооган мамлекеттери менен сүйлөшүп чек арадан аларга Кашкарга жол ачып беришибиз зарыл. Бул жол 120 км. Алар бул жол аркылуу эң арзан баада соода-сатык иштерин жүргүзө алышат. Анан албетте мектеп, төрөт үйлөрүн ачып беришибиз керек. Азыр мына Кыргызстандан барып иштейбиз деген идеялар айтылып атат. Бул жөн эле куру кыял. Себеби бул жакта өскөн кыргыздар ал жердин катаал шартына чыдай албайт. Менин оюмда, алардын өздөрүнөн жаштарды алып келип бул жерде аз убакта даярдап кайра өздөрүнө жөнөтсө эмнеге болбосун? Алар үчүн үч айлык курстарды ачсак болот. Өздөрүнөн мугалимдерди, ооругандарга, төрөй тургандарга жардам бере турган дарыгерлерди даярдаш керек. Ал жерде деле эмчи-домчу болуп жүргөн апалар бар. Аларга эт ысытманы кандай дары менен түшүргөндү, канды кантип токтотконду үйрөтсө болот. Мал доктурларды даярдаш керек. Согуш учурунда деле бир айда учкучтарды даярдап чыгарышпады беле. Эки миң кишини көчүрүп келип кыйнагандан көрө 30 кишини алып келип тез арада даярдап бергенибиз андан аркы жашоосуна көз салганыбыз арзан да, келечектүү да иш. Мен 2005-жылдан бери ушул сунушумду айтып келатам, бирок тиешелүү органдар укмаксан. Эми аларды көчүрүп келебиз деген идея көтөрүлүүдө. Жана айткандай, көчүрүп келүү тескерисинче алардын келечегине балта чабуу. Бул жерде кайсы бир мекенчил көрүнгүсү келген саясатчылар этникалык кыргыздарды көчүрүп келүүдөн да кандайдыр бир каражат өөнөп калууну ойлоп атат окшойт. Чындап алардын тагдырына күйгөн эч ким жок.

— Негизи оогандык кыргыздардын баары эле көчүп келүүгө макулбу? 
— Көчүп келүүнү ошол элдин атынан келген 5-6 эле өкүл суранды. Ал эми жалпы элдин ою кандай экени белгисиз. Менимче, элдин баары эле буга макул боло бербейт. Бул маселени чечүүнүн дагы бир жолу бар. Мен бул маселени көп жылдан бери айтып келем, бирок мени түшүнгөндөр аз. Бул кош атуулдук боюнча. Мисалы, Түркиядагы кыргыздар да көчүп келсек дегендей ниетин билдирди. Биз Башмыйзмга этникалык кыргыздарга кош атуулдук берүүнү киргизишибиз керек эле. Башка улуттарга эмес, этникалык кыргыздарга. Ооганстандын, Түркиянын мыйзамдары буга жол берет. Эгер алар азыр өздөрү жашап аткан өлкөнүн жана биздин мамлекеттин жарандыгын алса бул жакка каалаган учурунда каттап турганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай чечим Кыргызстан үчүн ар тараптан жакшы болмок…

— Этникалык кыргыздар кайсы өлкөлөрдө көп? 
— Чындыгында бүгүнкү күндө кыргыздар ааламдын бардык булуң-бурчунда бар. Окумуштуулар этникалык кыргыздарды 1916-жылдагы үркүндө, андан кийинки саясый окуялардан улам качып кеткендер деп жаңылыш пикир айтып жүрүшөт. Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, кыргыздар этап-этап менен ар кайсы аймактарга барып отурукташып келген. Ошол жерлер көптөрүнүн ата-бабасынан калган. Кыскасы, биздин эле жер. Алар улуу державалардын 1896-жылдагы өз ара аймак бөлүштүрүүсүнөн улам бизден ажырап калган. Булардын ичинен эң көп 180-200 миңге жакын кыргыз Кытайда жашайт. Бул бир эле Кызыл-Суу кыргыз автоном обулусундагы этникалык кыргыздардын саны. Негизинен Кытайдын өзүндө Кызыл-Суудан башка беш жерде кыргыздар жашайт. Биринчиси Харбин менен чектешкен аймакта жайгашкан кыргыздар. Булар Энесайдан барган. Эч качан ислам динин тутунган эмес. Тили, дили дээрлик жоготулган. Бирок паспортунда 1943-жылдагы эл каттоодо кыргыз деп жазылып ошол боюнча келатышат. Кулжада да кыргыздар жашаарын билесиңер. Алар 1916-жылкы үркүндө качып барган кыргыздар. Мындан сырткары, Пакистандын чегинде, Тибетте да кыргыздар жашайт. Тибеттеги кыргыздарды бүгүнкү күндө көптөгөн илимпоздор уйгур деп жүрүшөт. Себеби тили уйгурлар менен аралашып калган. Бирок алардын өңү-түсүн, салт-санаасын, тамак-ашын, жашаган шарттарын, элдик оозеки чыгармачылыгын алып карасак кыргыздарга таандык. Ошондой эле Лобнор көлүн жээктеп да кыргыздар отурукташкан. Булар дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын ичиндеги жападан жалгыз эзелтен балык жеп келген кыргыздар. Себеби биздин ата-бабалар илгертен балыкты суунун курту деп жеген эмес. Тилекке каршы, Лобнор кыргыздарынын көбү Кытайдагы биринчи ядролук сыноодо жок болуп кеткен. Бүгүнкү күндө Кытай булактарында Лобнор кыргыздары тууралуу маалымат жок. А бирок 1860-жылкы америкалык экспедициянын изилдөөсүндө балыкчылык кылган Лобнор кыргыздары тууралуу маалымат камтылган. Ядролук курал сыноодон аман калгандарынын бир бөлүгү башка улуттарга сиңип кетсе, бир бөлүгү өздөрүн кыргызбыз деп сактап келатат. Дагы бир кыргыздар көп жайгашкан өлкө — бул Өзбекстан. Бул өлкөдө расмий маалымат боюнча 500 миң кыргыз бар. Ал эми биздин эсебибиз боюнча Өзбекстанда 1 млн. 500 миңге жакын кыргыз жашайт. Дагы бир коңшу өлкө болгон Тажикстанда да кыргыздар бар. 1924-жылга чейин Жерге-Тал менен Мургаб району Ош уездинин карамагында турган. 1924-жылы Тажикстандын өз алдынча республика болушуна өз аймагы жетпей калып кыргыздар жашаган Жерге-Тал менен Мургаб районун кошуп алган.

— Казакстандын жарымы да кыргыздар болгон деп калышат… 
— 1946-жылкы эл каттоодо Казакстанда 62,7 пайыз кыргыз бар деп жазылган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө алардын баары өз тамырын жоготуп казак болуп калышты. Эгер казактын ичинен бөлүп карай турган болсок, улуу жүз, кичүү жүз анан орто жүз болуп үчкө бөлүнөт.

Дагы тамырын казып сурай келсеңиз, найман, кыпчак, мундуз, тейит, кесек деген байыркы доордон бери келаткан кыргыздын уруулары келип чыгат. Биз бул боюнча Казакстанга атайын экспедиция уюштуруп суроо-жооп жүргүзүп келгенбиз. Кийин Абылай хан менен түндүк кыргыздары да барып калган. Тили, дили бөлөк болуп кеткени менен бүгүнкү Казакстандын жарымынан көбү кыргыздар. Мамлекети да 1930-жылдары Кыргыз АССРи болуп аталчу эмес беле. Көрсө, элүү жылда эл жаңы деген бекер эмес тура. Анан калса мамлекеттик саясаты акыркы жыйырма жылда эле ал өлкөдөгү орустарды деле казак кылып койбодубу.

— Кыргыздар илгертен эле мигрант болгонду жакшы көргөнбү? Эмне эле ар кай жакка кете берген? Быякта Ала-Тоо койну бош эле турбайбы.
— Жана айтып кеткендей, Кыргызстандын мурдагы аймагынын чек арасында жашаган кыргыздар тарыхта Сары-Кол кыргыздары деген ат менен белгилүү. Аны биз ар кандай тарыхый булактардан алынган маалыматтар менен бекемдесек болот. Биздин изилдөөбүз боюнча Сары-Кол деген сөздү терминдерге салыштырып келе турган болсок, бул сөз азыркы тил менен айтканда «чалгынчы топ» деген маанини түшүндүрөт. Сары-Кол эли тээ байыркы жоокерчилик замандан тарта алдыңкы чек ара аймактарында жашап келишкени тууралуу далилдер бар. Ошондуктан биз жана чектеш өлкөлөрдүн аймагында калып калган кыргыздар тууралуу сөз баштаарда алар мурда отурукташкан кыргыздар, анан кийин барып отурукташкан кыргыздар болуп этап-этапка бөлүнөрүн айттык. Сары-Кол ошол өлкөнүн чек арасында жашаган эл болсо, ал эми Кара-Кол ошол мамлекеттин негизги жоокерлери жайгашкан аймак. Кыргыз тилинде кара деген сөз «чоң», «зор» деген маанини түшүндүрүп келген. Мисалы, Кара-Суу, Кара-Шаар дегендей… Жогоруда айтып кеткендей, 1892-96-жылдары Кытай империясы, Орус падышачылыгы жана Индияны, Ооганстанды колония кылып турган Англия эч кимден сурабай бөлүп салган. Ушул үч улуу державалардын бөлүштүрүүсүнөн улам 1896-жылдан баштап Сары-Кол кыргыздары өзөгүнөн ажырап, жарымы Кытайда, жарымы Ооганстанда, жарымы Тажикстандын Мургаб районунда калып кеткен. Булар аймактык жактан бир эле болгон. Ага биздин доорго чейинки беш кылым мурдагы далилдер бар. Көчүп баргандар болгон. Бирок ага чейин эле бул аймактар кыргыздарга караган. Ал тарыхта белгилүү. Болгону узак жылдар бою мындай маалыматтар жашыруун болуп келген. Окумуштууларыбыз, тарыхчыларыбыз да өз эмгектерин коммунисттик саясатка негиздеп жазганын билесиңер.

Маектешкен Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий