Кыргызстандагы жападан-жалгыз зоология музейи

Кыргызстанда жападан-жалгыз Зоология музейи бар. Учурунда абдан таасирдүү жана пайдалуу болуп келсе, бүгүнкү күндө анын бар экендигин замандаштардын бардыгы эле биле бербейт. Табият менен коомдун таттуу мамилесин чагылдырган бул жай Кыргызстанда 1926-жылдан бери иштеп келет. Борбордук аянттан Улуттук илимдер академиясына (УИА) көчүрүлгөн Орто Азиядагы жалгыз Зоология музейи институтта көлөкөдө калгансыйт.

Зоологиялык жыйындыдагы жаныбарлар дүйнөсүн чагылдырган эң сейрек экспонаттар бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготкон эмес. Бир гана маселе бул жайга келгендердин саны аз жана көпчүлүк жарандар бул тууралуу биле беришпейт. Музейдин түптөлүшүнө академик К. И. Скрябин себепкер болгон. Бүгүнкү күндө музейдин экспозициясына 2 миңге жакын ар кандай экспонаттар, тактап айтканда омурткасыз жаныбарлар, ак куу, тоо казы, бүркүт, шумкар сыяктуу канаттуулардын түрлөрүн кездештирүүгө болот. Мындан тышкары мензбир сууру, чөө, сүлөөсүн, аркар, илбирстер да бар. Тянь-Шань аюсу сыяктуу сүт эмүүчүлөрдүн чыныгы элестери, курт-кумурскалардын 14 миңден ашык түрлөрү чагылдырылган. Зоология музейин аралап жүрүп бир экспонаттан улам кийинкисине карап, Кыргызстандагы жана чет өлкөдөн алынып келинген жаратылыш дүйнөсүндөгү оригиналдуу жаныбарларды өз көзүбүз менен көрүүгө болот. Зоологиялык коллекциялар мектеп окуучулары, студенттер деги эле жаратылыш чөйрөсүнө кызыккан ар бир адам үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Анткени бул жайдан жаныбарлар дүйнөсү менен жакындан таанышууга болот.

Бул зоология музейи тууралуу академиянын жаш аспиранттарынын бири Мээримгүл Кыргызалиева өз ойлору менен бөлүштү. “Бүгүнкү күндө коомчулуктун музей жөнүндө маалыматтары жок болгондуктан бул жайга келгендердин саны абдан аз. Башкача айтканда колдо бар алтындын баркы жок болуп, мамлекет тарабынан дагы жаңыландыруу иштери жүргүзүлгөн эмес.”

Зоология музейинин жетекчиси Светлана Федерованын айтуусу боюнча билет баасы болгону 10-20 сомдун тегерегинде. Көпчүлүк учурда мектеп окуучулары мугалимдердин демилгеси менен келишет, шаар тургундарынын көпчүлүгү бул музейдин бар экендигин билишпейт. Ошондуктан бул жаатта маалымдоо жана конокторду тартуу, жаштарды кызыктыруу үчүн атайын жаңылануу иштерине муктаж экендиктерин билдирди.

Сейрек кездешкен музей тууралуу замандаштарыбыздын ойлорун билүү максатында Сайкал Малик кызы аттуу шаар тургунуна кайрылдык. Сайкал айым: “Тилекке каршы биз ал жерге каалаган учурда бара албайбыз. Көпчүлүк мекендештерибиз бул зоопарк тууралуу билишпейт. Ал эми Илимдер академиясындагы “Зоология музейи” ошол зоопарктагы жана башка өлкөдөн алынып келинген экспонаттарга бай болгондуктан Бишкек шаарынын тургундары үчүн өз көзү менен көрүү абдан кызыктуу болсо керек,” – деди.

УИАнын Биология жана топурак таануу институтунун мүдүрү Дженбаев Бекмамат Мурзакматовичтин айтуусунда академиянын учурдагы иш-аракети баягы эле каражатка келип такалууда. Негизинен институт экспедиция, практикалык изилдөөлөр жана теориялык иштер менен алектенгендиктен заманга ылайык жабдуулар, микроскоп, аппараттар талап кылынат. “Мамлекет тарабынан колдоо аз болгондуктан бүгүнкү күндө Илимдер академиясынын иштери жакшы өнүгө албай аксап калууда. 2011-жылдын декабрь айында мамлекет биринчи жолу бюджеттен атайын оңдоп-түзөө жана жабдыктарды сатып алуу үчүн акча бөлүп берди. Академияга жалпы 20 млн. сом, анын ичинде биздин институтка 5 млн. сом бөлүнгөн. Бул каражатка эң зарыл болгон жабдууларды алууга жетиштик,” –деди институт мүдүрү.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда иштеп жаткан музейлер элдин тарыхый-маданий мурасын сактоонун жана өнүктүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Өлкөдө тарыхый мурастарды камтыган бир нече тарых музейлери бар, ал эми Зоология музейи жаратылыш дүйнөсүн чагылдырган бирден-бир мурас болуп саналат. “Бул байлыкка баш баккан замандаштар кызыктуу маалыматтарга, табияттын сырдуу көрүнүштөрүнө күбө болушат”- дейт музей кызматкерлери. Эске сала кетсек, Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүн чагылдырган жападан-жалгыз зоопарк Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан.

Рахат Саламатова, “Манас”

Соц тармактар:

Добавить комментарий