Жедигердин жеринде

Долон бийден Ак уул эр,
Адигине, Тагай шер.
Тагайдан Койлон туулуп,
Койлондон кооз Жедигер.

Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде Майлуусууда  “Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан тарыхый инсандардын кыргыз элинин көз карандылыгы үчүн күрөшү” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын тарыхчылар ассоциациясы менен “Жедигер” коомдук бирикмеси уюштурган. Ага республиканын бардык дубандарындагы  белгилүү уруулардын өкүлдөрү чакырылган. Конференциянын негизги максаты – кыргыз элинин бай тарыхынын тамырларынын изилденбей калган изин табуу менен  ата-бабалардан бери келе жаткан салт-санаалардын үлгүсүн көрсөтүү аркылуу жалпы кыргыз элинин биримдигин чыңдоо. Конференциянын алдында “Жедигер ата” коомунун төрагасы Тургунбай Анаркулов туу көтөрүү аземин салтанаттуу ачып, төмөндөгүдөй сүйлөдү: “Урматтуу алыс-жакындан келген меймандар. Бүгүн биз үчүн улуу күн. Мындан 136 жыл мурунку өткөн Жедигер түпкү атабыздын атынан коомдук уюм түзүп, туусун көтөрүп, ушул Шаркыратма айылын ордо болсун дедик. Азыр символдуу түрдө Кыргыз Мамлекетинин жана “Жедигер” коомдук уюмунун туусун биздин элдин мыкты уулдары Эсенжан Мусурманкулов менен Тургуналы Арипов көтөрмөкчү.

А.Тургунбаевдин сөзүнөн соң  Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолуп, Кыргыз мамлекетинин жана “Жедигер ата” коомдук бирикмесинин туусу көтөрүлдү. Салтанаттуу куттуктоолордун шары менен коштолуп республиканын туш турабынан келген тарыхчыларга жана расмий конокторго  ак тилектин белгиси катары кыргыздын ак калпагы менен ак кементайлары кийгизилип, улуттук каада-салттын жөрөлгөсү көрсөтүлдү.

Касиеттүү  Көк таш мазары

Жедигерлер өткөрүп  жаткан илимий-практикалык конференциянын негизги максаты – бүтүндөй кыргыз элинин башы кошулган биримдигин чыңдоо.

Конференциянын катышуучулары туу көтөрүү салтанатынан соң Майлуусуудагы кадимки “Манас” эпосунда айтылган Көкташ мазарына келишип зыярат кылып, элге жакшылык тилешти.

Улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариантында байыркы Угузхан Манас бабабыздын тогузунчу атасы деп айтылат. Илгери Угузхандан тараган кырк уруу кыргыз көбөйүп олтуруп, ичинен ынтымакты ыдыраткандар пайда болуп, эл бөлүнүп кеткенде, Манастагы Бакай аталар баштаган акылмандар ушул Көк таш мазарына келип сыйынып, элди биримдикке чакырган экен. Чачылган кыргыз ушул Көк таш мазарына келип, чыпалагынан кан чыгарышып сыйынып, башына турган баатыр уулду Кудайдан тилешкен. Ошол кезде кытайдын Алооке баатыры кыргыздарды чаап, кыргыздын көбү тоо таяна оогон. Натыйжада кара кытайлар кыргыздын борбору болуп турган Анжиянды басып алышкан. Кадимки Култегин бабабыз кыргыздын көбүн Алтайга алып кеткен. Чыйырды эне Алтайга кеткендер менен барып, Жакыпка нике кыйылып, ошондон кийин Угуз хандын урпактарынын  тилеги кабыл болуп Алтайда Манас бабабыз туулган экен.

Жаңы китептин  бетачары

Майлуусуу шаарынын маданият үйүндө күндүн негизги иш чарасы болгон илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.

Ошого катар эле белгилүү обончу Кадыралы Артыков Жедигер уруусунун гимнин ырдады. Конференцияны Кыргыз тарыхычылар ассоциациясынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Өскөн Осмонов салтанаттуу ачып,  кыргыз элинин кылымдардан келген бай тарыхы, анын ичинде Жедигер элинин санжырасынын кийинки тарыхый изилдөөлөрдөгү жаңылыгы тууралуу сөз сүйлөдү.

КРУИАнын белгилүү окумуштуулары Ж.Рыскулов, Т.Асанов, Т.Кененсариев, Б.Темирбаев, А.Бе­- делбаев, Ж.Жакыпбеков,  А.Орму-шев ж.б. доклад окушту. Анда  кыргыз тарыхынын бир тамыры болгон Жедигер элинин чоң уруу, баатыр эл, түптүү журт катары байыртан келген теги тууралуу Т.Ариповдун  жазган  “Кыргызстан 16-,19-кылымдарда. Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан инсандардын көз карандысыздык үчүн күрөшү” аттуу илимий-тарыхый эмгеги тарыхый маалыматтарга бай болуп, жаңылыктарды алып чыккандыгына басым коюшту. Натыйжада  Тургуналы Ариповдун аталган илимий-тарыхый багыттагы китебинин бет ачары катары конференцияда  бул эмгек терең талкууга алынды.

Китепте Жедигер уруусунун келип чыгышы тууралуу автор мындайча изилдеген: “Жедигер байыркы кыргыз уруусу, буга чейин ал окумуштуу тарыхчылар тарабынан аз изилденген. “Манас” эпосунда, элдик тарыхта Жедигердин эр Толтой баатыры “Семетейде” Багыш, Кыяз баатырлары айтылат. Жедигердин уруулук тамгасы Кылыч, урааны Каратал. Жедигер уруусу – баатыр эл. “Энесейлик кыргыздардын аскер тарыхы” жана “Дүйнөлүк тарых” деген тарых булактарында ядгар (жедигер) деп кыргыз канатынын ички, сырткы саясатында чоң роль ойногону жазылган.

Кээ бир уруу санжырачылары Жедигерди эки канаттын бирине да ыйгарбайт. Ал эми профессор Жамгырчинов, Аттокуров байыркы кыргыздын кырк уруусунун курамына киргизип көрсөтөт. 15-кылымдын аягында 16-кылымдын башында кыргыз элинин уруулук курамында “маджмут аттаварих” боюнча жедигер эли оң канатка кирет. Уруунун аты кишинин ысымынан чыккан. Бирок, байыркы жедигер элинин  отурган жерин ээлеп отуруп калгандыктан, анын мураскери, насили, улантуучусу экени да чындык. “Жедигер” деген сөз “Жети эр” деген сөздөн келип чыккан.

Бул эмгекти жалаң эле Жедигер элинин эмес, кыргыз элинин тарыхы деп кароого татыктуу дешти докладчылар. Себеби, китепте 16-кылымдан 20-кылымга чейинки кыргыз элинин басып өткөн жолу баяндалат. Тактап айтканда  Шейбанид, Аштарханид, Маңгыттардын бийлеген учурдагы кыргыз элинин сая­сий абалы изилденген. Ошондой эле кыргыздардын  могол, ойрот, кокон, орус падышачылыгына каршы күрөштөрү, Кокон ордосунун түптөлүүсүндөгү жедигер, солто, сарбагыш, саяк, саруу, багыш, басыс уруусунан кылыч-керки тамга уругу, кытай уруусунан күркүрөө уругунун, кушчу жана кыпчак урууларынын бир бөлүгү, сартиянын катышуусу, алардын ролу чагылдырылат. Дал ушул аталган уруулардын өкүлдөрү конференциянын кадырлуу коноктору катары чакырылган.

Куттуктоо үчүн даңазалуу Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактарынан Турсунай Өмүрзакова, Чыныбек Абдыкапаров, Майлуусуу шаарынын мэри Рахатбек Бакалаев ж.б. жарандар сөз сүйлөшүп, мындай тарыхый окуяга тете иш-чаранын уюштуруучу демилгечилерге ыраазылык билдиришти.

Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынды.

Элүүдөн ашык боз үйлөрдө эл батпайт

Бул күн майлуусуулуктар үчүн чоң майрамга айланды. Шаардык стадиондо улуттук оюн-зооктор өтүп, улуу-кичүү дебей жаркын маанайда оюн-күлкүгө карк болушту.

Мында аталган конференциянын урматына элүүдөн ашык боз үйлөр тигилген. Ар бир үйдүн жасалгасы бирине-бири окшошпой өзүнчө ажайып кооздук. Кыргыздын кыз-келиндеринин  колунан көөрү төгүлгөн уздары ушул чөлкөмдө жаралгандай сезилет. Стадиондун орундуктарына чымчыктай  конуп алышкан көпчүлүктөн  бош орун көрүнбөйт, аянтта дагы эл батпайт, кадимки кыргыздын пейилиндей кенен  дасторкондор жайылып, конок кабыл алуу салты көрсөтүлдү. Түнү менен көнөктөп жааган жамгырга да карабай казганактаган элдин маанайы майрамдагыдай жарык, алыс-жууктан келгендер менен амандык сурашып, жүрөктү жылыткан мамиледе болушту.

Стадиондогу салтанатта Кыргыз тарыхчылар ассоциациясынын жетекчиси Өскөн Осмоновго жана жаңы китептин автору Тургуналы Ариповго Жедигер элинин атынан салттуу ыраазылык белгиси катары күлүк ат мингизишти. “Берген март эмес, алган март” дегендей, ат минген  азаматтар элге ыраазылык билдирип, көңүлдөр көтөрүлгөн жылдыздуу мүнөттөр күлүп турду.

Кыргызстандагы бардык уруулардын өкүлдөрү сөз сүйлөп, жедигерлердин баштаган  бул расмий салты үлгү катары  кабылдана тургандыгын сыймыктуу айтып жатышты. Кыргыз элинин биримдиги абалтадан уруулардын тегин билип, намысын бийик тутуп, ортодогу карым-катышы аркылуу бекемделери белгилүү. Мындай салтты улап кетүү урпактарга чоң сабак болмокчу.

Саяк уруусунан келген өкүл­дөрдүн жетекчиси Н. Мырзакматов куттуктоо сөз сүйлөө менен атайын  аземдетип кызыл кырмызы баркыттан жасатып келген Жедигердин туусун белекке тапшырды.

Салтанатты Ош облустук филармониясынын жана Майлуусуу шаардык маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы коштоду.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 01.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий