Аксыда петроглифтер арбын, ага маани берген адам аз

2005-жылы  жазында  мергенчилер Аксы районунун түндүк тарабындагы  Чаткал району менен чектешкен жерде, тактап айтканда Падыша-Ата мамлекеттик коругунун сыртындагы  Кашка-Суу айыл округуна тиешелүү деңиз деңгээлинен 3714 метр бийиктикте турган  Шар капчыгайында ташка чегилип түшүрүлгөн ар кандай сүрөттөр жана чиймелер бар экендигин айтып келишкен. Ошол жылдын июль айында Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин Ата Мекен тарыхы кафедрасынын окутуучулары К.Айдаркулов менен Э.Сулайманов жана жергиликтүү тарыхчы  Ш.Камчыбеков аны изилдешип, алынып, бул табылга расмий каттоого алынган. Падыша-Ата петроглифтери Аксы өрөөнүндө коло доорунан баштап эле адамдар байыр алгандыгын тастыктап турган илимий табылга.

Биз жакында ошол илимий экспедицияга катышкан Кашка-Суу айыл аймагында жашаган тарыхчы  Шекербек Камчыбековго жолугуп, аны сөзгө тарттык:

– Биз каттоого алган Падыша-Ата петроглифтери райондун борбору Кербен шаарынан 50 чакырымча алыс жайгашкан. Машина бара турган жол жок болгондуктан атчан барып, бир топ жерге жөө басуу керек. Шар капчыгайындагы петроглифтер эки чоң плита таштан турат. Сүрөт түшүрүлгөн таштар капчыгайдын күн чыгыш тарабынан жаратылыш кырсыгынан көчүп түшкөнү даана байкалат. Анын биринчисинде күндүн, жыландын жана куш сыяктуу  (солярдык белгилер)  канаттуунун  элеси  тартылган. Экинчи ташта   адамдын таш ыргытып жатканы жана үч баштуу ажыдаардын  эркек кишинин  борпусун  оозуна салып жаткан эротикалык сцена жана изилдөөнү талап кылган түшүнүксүз  лабиринт чиймелер тартылган.

Бул ташка түшүрүлгөн петроглифтерди  коло доорунун б.з.ч. II миң жылдыктан б.з. I миң жылдыгына чейин таандык деп болжолдосок болот. Анткени, анын Тогуз-Тородогу айтылуу Саймалуу-Таш петроглифтери менен окшош жактары бар. Тактап айтсак, мында да, анда да күндүн, жыландын жана адамдын жапайы жаныбар менен алышып жаткан сценалары бар. Белгилүү окумуштуулар Саймалуу-Таш петроглифтери Те­ңир-Тоодо б.з.ч. II миң жылдыктан б.з. I миң жылдыктын 1-жарымында жашаган  уруулар менен элдердин (сак, хунну, усун, түрк) социалдык –экономикалык жана руханий  турмушунан маалымат бергендигин илимий жактан далилдеп беришкен.

Адамзат жаралгандан  баштап эле ал табият менен тынымсыз күрөш жүрүп келген. Падыша-Ата петроглифтеринде да ошол
доордогу  адам менен табияттын  ортосундагы мамиле  чагылдырылган. Белгилүү окумуштуулар М.Асанбеков жана Ч.Жолдошева жазган илимий эмгектеринде “Жы­ландын образы  байыркы жомок­тордо көп эле жолугат. Ал көп учурда зыяндуу, коркунучтуу күч­төр жана  кыйратуучу окуяларды  билдирет. Мисалы,  Зароастра динин тутунгандардын ыйык китеби “Авестада” жылан кыйратуучунун образы катары берилген” деп жазылат.

Падыша-Ата петроглифтеринде ошол доордо жашаган адамдардын табият менен болгон мамилеси, ошол доордогу  уруулар менен элдердин аң-сезиминдеги түшүнүктөрдү  чагылдырып турат. Академик А.П.Окладников өзүнүн илимий эмгектеринде “Таш доорунда жашаган адамдар күндү күн-түн дебестен чыгыштан батышка чуркаган өзүнүн нурун чачкан алтын  мүйүздүү бугу катары элестетишкен. Ошондуктан коло доорундагы сүрөтчүлөр мүйүздүү бугуларды күн формасында тоголок кылып тартышкан” деп жазган.

Көңүл буруп олтурсак, түрк тилдүү  элдердин оозеки чыгармаларында эң негизги тотеми болуп саналган бугу тууралуу көптөгөн ырлар, жомоктор жана уламыштар сакталып калган. Орто Азия аймагында жашаган элдерде бугу энеге сыйынуу жогорку деңгээлде өнүккөндүгү да бекеринен эмес экендигине ынанасың. Падыша-Ата петроглифтериндеги сүрөттөр байыркы доордогу ата- бабаларыбыздан бери айтылып келе жаткан оозеки чыгармаларындагы каармандарды элестетип, аны тастыктап турат.  Адатта, оозеки чыгармаларда байлык жашыруун жерде сакталып, анын картасы бар. Бул сүрөттөгү лабиринттерди – байлыкты бекитилген байлыкка баруучу табышмактуу жолдун картасы,  жыланды – катылган байлыктын кайтаруучусу, адамды – ошол байлыкты издөөчү деп түшүнүүгө болот.

Коло доорунда Евразияда, анын ичинде Орто Азияда мал чарбачылыкка жана металл иштетүүгө маани берилген  Андронов жана  жер иштетүү менен дыйканчылыкка басым жасалган Чуст  маданияттарынын өнүгүүсү өкүм сүргөн. Бул доордо Кыргызстандын аймагында жашаган элдер  тоо-кен иштетүүнү жакшы өз­дөш­түргөндүктөн, жез менен калайдын кошулмасы болгон колодон жасалган эмгек куралдарын, турмуш-тиричиликке керектелүүчү  буюмдарды колдонушкан.

Биздин болжолубузда Падыша-Ата петроглифтери да ошол доор­до жасалган колодон жасалган буюм менен чегилген. Тарыхчылар далилдегендей, петроглифтер Андронов маданиятынын туундусу. Ошондуктан коло доорунда Аксы  районунун Падыша-Ата аймагында да Андронов маданияты  өнүккөн деген жыйынтыкка келүүгө  болот. Анткени, Жоон-Бакан жана Сары-Үңкүр сайларында темир кендерин казып алган жайлардын орду бар. Бул жерден азыркы күндөрдө да темир калдыктары (шлаг) табылып калууда. № 26  Ү.Турдубаев атындагы орто мектептин “край таануу” музейиндеги экспонаттардын арасында  аталган  маданияттын үлгүсү болгон  жаргылчак (кол тегирмен) сакталып турат.

Аксы районунун аймагында ташка  чегилип түшүрүлгөн сүрөттөр жана чиймелер арбын. Бозбу тоосунун чокусунда, Сары-Челек тараптагы Сары-Таш деген жерде да бар. Тек, ага олуттуу маани берген адам аз. Бирок, бул жерде адамды өкүндүрө турган  жагдай тууралуу айта кетпесек болбойт. Кыргыз Рес­­публикасынын  “Му­ниципалдык мен­чик” мыйзамы-
нын 3-бе­ре­несинин 10-пунктунда жа­на 6-беренесинин 2-пунктунда  жергиликтүү маанидеги тарых жа­на маданият эстеликтери  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп санала тургандыгы так көрсөтүлсө да   жергиликтүү бийлик биз кеп кылган  петроглифтерге, Падыша-Ата, Мук күмбөздөрүнө аяр, камкор мамиле жасабастан, ага кайдыгер болгондугу өкүндүрөт. Акырында айтаарым, 2011-жылы жайында жергиликтүү тарыхчы Сапарбек Наркеев экөөбүз Бозбу тоосунун чокусуна чыгып, ал жердеги көлдүн жанындагы ташка чегилген  петроглифтерди  изилдеп келдик. Аердеги петроглифтерге да илимий жактан так аныктама берилип  бүтө  элек. Ошондуктан  бул аймактагы петроглифтер байыркы ата-бабаларыбыздын бизге калтырган кабары экендигин эске алуу менен окумуштууларыбыз,  белгилүү тарыхчыларыбыз ага олуттуу маани берүүлөрү зарыл.

Маектешкен Т.АБДЫРАЗАКОВ, “Кыргыз Туусу”, 29.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий