“Каныкей мазары”

Бир канча күн мурда Астанадан белгилүү окумуштуу-түрколог, кыргыздын чыгаан тилчи-окумуштуусу, манас таануучусу, академик Болот Мураталиевич Юнусалиевдин түркология илиминдеги жолун улантуучу, филология илимдеринин доктору, профессор Ерден Кажыбек телефон чалып: “Кадеке, сүйүнчү! Астанадан 200 чакырымдай жерде, кадимки Сары-Аркада “Каныкей мазары” деген өтө эски мазар табылды. Сага анын сүрөттөрүн саламын”,– деди.

Мына, азыр түн ичинде иштеп отуруп, таңкы саат 03.50дө интернеттен почтаны карасам Ерекеден: “Астанадан эки жүз чакты чакырым жерде «Каныкей мазары». Өтө эски мазар деп айтылат. Азыркы күмбөз калыбында, кийинки мезгилде жасалган, ашып кетсе эки жүз жылдай мурун дешет.

Ордунда мурунку эски мазар болгон экен. Ал кимдин мазары экенин эч ким так билбейт. Ал тууралуу жоромолдоо көп. Канткен менен Каныкей деген ысым бизде жок, (болсо да өтө сейрек). Бул кыргызга тиешелүү ысым экендиги белгилүү” деген кат жана 8 сүрөт салып жибериптир.

Ерден мырзага дароо ыраазылык билдирип, дагы суроолорду жазып жибердим.

Абдан кызыктым. Көп жылдар бою кыргыздар боюнча мен жыйнаган маалыматтарда казактардын арасында калып, казакча сүйлөп, үрп-адаттары казактыкындай болуп кеткен, бирок кыргыз деген атын кадимкидей сактап, “биз кыргызбыз” деп сыймыктана сүйлөгөн ондогон казак-кыргыздар менен сүйлөштүм. Алардын өз ооздорунан кызыктуу маалыматтарды жазып, сүрөткө тартып алган жайым бар эле. Удулу келип калды окшойт. Мындан ары ошол материалдардын айрымдарын калкка билдире баштасамбы деп калдым. Себеби, “Каныкейдин мазарынын” табылышы буга түрткү болду.

Мен билгенден Казакстандын Ак-Төбө, Көкчө-Тоо, Кызыл-Ордо, Караганды ж.б. Кыргызстанга узак аралыктагы жана танапташ облус аймактарында миңдеген кыргыздар жашашат. Булар казак калкынын бир бутагы болуп калгандар…

“Каныкейдин мазары”. Чынында маалымат тарыхый жагынан абдан кызыктуу экендиги талашсыз.

Эртеси Ерден мырзадан кайра жооп кат келди. Ал жообунда төмөнкүлөрдү билдириптир: “Астанадан Коргалжын жакка кыдырып барганбыз. Жолдо жергиликтүү адамдар ушу мазарды көрсөткөн. Аңыздар боюнча бирде калмак баатырынын кызы дешет, бирде андан мурунку Батый хандын урпагы дешет. Кыскасы, казак эмес экени эл эсинде анык сакталган. Башкасын изилдөө керек. Калмакта да, монголдо да Каныкей деген ысым жок. Калктын так билгени – мазар өтө көөнө экен. (Биз көрүп турган саман кирпичтерден алда кайда көөнө)”. Мен өзүм сага телефон чалып жатып, соткама түшүргөнмүн. Атоо – ысымдын өзү эстелик го. Бул эстелик кыргыз-казак тарыхый байланыштарынын байыркы замандардагы биз билбеген учурларын көрсөтөт. Өтө кызык” деп, жергиликтүү элден уккандарын, мазардын ар тараптан тартылган сүрөттөрүн салып жиберген.

Кыргыздын жарандык жана этникалык тарыхында изилденбеген, такталбаган тарыхый маалыматтар чынында эле көп. Кыргыз менен казактын этногенетикалык, тарыхый байланыштарын ийне-жибине чейин иликтеп, тактап, бири-бирине өзгөчө жакын кыргыз менен казактын нукура тарыхын жазып чыгуу – келечектин иши.

Бир тууган, бир боор элдер дейбиз, чынында эле ошондой. Бирок, бул жакындыкты илимий жактан тактап чыгуу зарылдыгы бар деп ойлоймун. Жалпы сөздү даректүү далилдер аркылуу айтсак жакшы болот го…

Кадыралы Конкобаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология бөлүмүнүн профессору,
«Кыргыз Туусу», 05.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий