Мен билген, мен түшүнгөн Айтматов

Макала эмне үчүн ушундайча аталды? Чыгармачыл адамдын тагдыры ушундай болот турбайбы. Бирөөлөр андай адамды пайгамбарга теңеп, чыгармаларын колдон түшүрбөй жадыбалдай жаттап окуйт. Экинчилер, аны кабыл албай, демек, анын чыгармаларын түшүнө албай, көңүлкош мамиле жасашат. А үчүнчүлөрү, өзгөчө кыргыздын “кара тумоосу” болгон көрө албастык илдетине чалдыккандар, ичи тарлар анын көзү тирүүсүндө да, көзү өткөндө да жалаң жамандоого аракеттенишет. Ошону менен алар өздөрүндөгү өксүк комплексинин (комплекс неполноценности) ордун толтуруу амалын жасашат.

Эмне дейбиз, пенде деген Улуу Жараткан тарабынан ушундай кемчилиги менен жаратылган турбайбы! Мына ушундай мамиле кыргыздын улуу уулу, кыргыздын атын дүйнөгө дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовго карата да болуп келди, болуп жатат жана боло бермекчи. Анын себептерин жогоруда айтпадымбы.

Мен бул макалада Чыңгыз Айтматовдой алптын чыгармаларына же анын өзүнө кандайдыр-бир баа берүүнү максат кылган жокмун. Андайга чамам да жетпейт деп ойлойм. Ошентсе да бир чындык – ар бир чыгармачыл адамды экинчи бир адам өзүнүн акыл деңгээлине, дүйнө таанымына, көз карашына, жарандык позициясына жараша кабыл алат эмеспи. Анын сыңарындай, миллиондогон анын күйөрмандары сыяктуу эле (анын ичинде биринчи кезекте биз, кыргыздар), ХХ кылымдын экинчи жарымынын жана ХХI кылымдын башталышынын улуу инсаны менен жүз келишип, кээде бир дасторкондон чогуу даам сызышып калгандыктан, бул генийди түшүнгөнүмдү, ал жөнүндө айрым бир эскерүүлөрүмдү айта кеткеним орундуу деп турам. Ошондуктан макаламды ушундай атадым. Макаладагы айтылган ойлор да менин субъективдүү кабылдоолорумду чагылдырмакчы.

Чыке, анын ак көңүлдүүлүгүн, жупунулугун, адамдын көңүлүн калтыра албагандыгын айтканда, чынында көл адам болчу. Баса, ушул жерден сөз кезеги келгенде айта кетсек, айрымдар генийге “Чыке” деп кайрылууну тең ата мамиле кылгандай кабылдашып, “Эмнеге антип айтасың” деп тыюу салганга да аракет кылышат. Бирок, улуу агабызга чын пейилден “Чыке” дешип кайрылышкандар (анын ичинде мен да бармын) муну терең урматтоо, өзүнө эң жакын адам катары кабылдоо өңүтүндө айтышчу. Жанагы Көлдөн чыккан улуу акылман адамдарга “Аке” деген наам беришкендей эле (албетте, Ташкул Керексизовдун “акелерге” кошулуп калганы канчалык орундуу болгонун айта албайм), көпчүлүк кыргыздын улуу инсанына көзү тирүүсүндө да сүймөнчүлүк менен ушинтип кайрылышчу.

Менин бир сүрөтчү досум Балтабай Абдылдаев да Чыкемдин чыныгы күйөрманы. Анан тагдыр буюруп, бул улуу инсан менен таанышып, чыгармачыл адамдардын ортосунда боло келгендей, жакын мамиледе болуп калды. Чыкем да аны өз баласындай көрүп, ал барган убакта дайыма кабыл алып, анын айткандарын угуп, атүгүл, бир чоң маселесин чечип да берди.

Мына ушул маселе дегенден улам дагы бир нерсе эске түшөт. Чынында Чыке, Кыргызстанда болгондо, аны мына ушундай жеке маселелери менен келишкендер басып калышчу. Ак көңүл адам алардын бирөөсүнө да “жок” дей албай, анан алардын айтуусу менен жогорку кызматтагы мамлекеттик чиновниктерден оозеки да, кат жүзүндө да сурана берчү. Мунусу анын көрө албастары тарабынан тескери кабыл алынып, “Айтматов ага деле, буга деле кийлигише берет” деген аңыз сөздөрдү таратууга себеп болуп берчү. Чынында Чыңгыз аганын ал маселеде жеке кызыкчылыгы деле болгон эмес, болгону, жогоруда айтканымдай, ал эч кимге жок дей албаган көл адам эле.

Ошол эле Балтабай досумдун таржымалын мисал келтирейин. Ал чыгармачылык менен алектенүүгө шарты болбой, илгертеден бош турган жана өзү ижарага алган турак-жай эмес имаратты өнөркана үчүн берүүнү өтүнүп ошол кездеги мэр М.Керимкуловдун эшигин жырткан. Мен өзүм бир убакта райондук администрацияда иштеп, муниципалдык жетекчилердин жана чиновниктердин психологиясын эң сонун билгендиктен айтып койсом, андай ар бир имарат үчүн ал учурда “шапке” алынбай койчу эмес. Мэрдин чиновниктери да мына ушундай “шапкеден” улам ал маселени көпкө чейин чечпей келишти.

Балтабай Чыкеге кайрылганда, ал бизге ошол кездеги Бишкектин мэри М.Керимкуловдун атына “Кат жазып келгиле, мен кол коюп берейин”, – деди. Балтабайдын “жазмачысы” мен болгондуктан катты катыра жазып, Чыкеге көтөрүп бардык. Ал киши мэр М.Керимкуловго жөнөтүп, өзү кайра-кайра телефон чалып контролдоп отуруп, акыры маселени мэрден “шапкесиз” чечти. Эгерде Айтматовдун кадыры, кийлигишүүсү болбогондо, албетте, мэриянын кызматкерлери “шапкесин” алмайынча ал маселе чечилмек эмес.

Муну айтканымдын себеби, мен журналист катары билгенимдей, мындай өздөрү жазып келип Чыкеге кол койдуруп кеткен канчалаган каттар, өтүнүчтөр, атүгүл, анын атынан китептерге “чыныгы таланттуу авторду” мактаган баш сөздөр, мааракелерге карата же мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүү үчүн мактаган макалалар жазылды. Мына ошондойлор аны көрө албастардын көпчүлүгүнө Чыкени “Тигини жөн эле мактай бериптир, бул үчүн сураныптыр” , – дешип жаманатты кылууга жем таштап жатты.

Жамандагандардын айрымдары “мени эмне үчүн мактабайт” деген ич күйдүлүктөн улам жасашса, айрымдары аны мил-лиондогон дүнүйөсү бар бай адам катары эсептешип, анан андан финансылык жардам сурашып, ал бербей койгондон улам ушундай “жомокторду” чыгарышты.

Улуу адам ушундай болот экен, ааламдык масштабда ой жүгүрткөн менен Чыкем кээде катардагы саясатчыга, чиновникке, атүгүл, катардагы “кыргызбайга” сөздүн түз маанисинде алданып калчу. Анан анысын ал адамдын душмандары терс кабыл алышып, Чыкемдин атына акарат келтирген не деген гана сөздөрдү айтышпады.

Дагы жакшы, узак жылдар бою Чыкебиз Кыргызстандан алыс, Европада жашады жана эмгектенди, мына ушул факт аны далай “кыргызбайчылыктардын” курмандыгы болуудан сактап калды. Анткени жанагыдай кыргызбайлар ал жакка бара алышпаган. Ошентсе да ара-чолодо келип калганда анын жанын коюшпаган.

Ушул жерден Чыкебиздей улуу, таланттуу адамдарына мамлекет, бийлик кандай мамиле жасашы керек деген суроого келебиз. Менин эсиме Россиянын биринчи президенти маркум Борис Ельциндин Ч.Айтматовго карата мамилеси түшөт.

Убагында Чыңгыз Айтматов СССРдин президенти М.Горбачев тарабынан СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп дайындалган. Кийин СССР тарагандан кийин Б.Ельциндин аны элчиликтен бошотуп коюуга толук укугу бар эле. Анын Айтматовдун чыгармачылыгы менен тааныш же тааныш эмес экендигин билбейм, бирок мамлекеттик масштабда ой жүгүрткөн кеменгер адам катарында мындай кадамга барбаганы факт, эч качан бармак да эмес деп ойлойм. Ал Чыкебизге тийишкен жок, кызматтан бошоткон да жок.

Кийин А.Акаевдин Кыргызстандын Европадагы бир катар өлкөлөрдөгү жана уюмдардагы элчиси болуп берүү өтүнүчүнөн улам гана Чыкебиздин өз арызынан кийин Б.Ельцин аны РФнын элчиси кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Атүгүл, ал ыраазычылык кат да жиберген экен.

Чыкебиз Кыргызстандын элчиси болуу боюнча мыйзамдуу мөөнөтү бүткөнүнө карабастан, кийин А.Акаев жана командасы аны кызматтан бошотууга батынышкан эмес. Мендеги маалыматтар боюнча бул иштин фабуласы ушундай.

Бакиевдик бийлик да аны бир форумда сүйлөтүү менен пайдаланууга аракет кылды. А кийин формалдуу түрдө мыйзамга таянуу менен аны кызматтан бошотуп, ал гана түгүл, бул улуу инсаныбыздын статусуна ылайык кызмат да караштырган эмес. Натыйжада Чыке картайган кезде жылуу ордунан козголуп, чыгармачылык менен эркин алектенүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бул кыргыз бийлигинин кыргызды дүйнөгө тааныткан уулуна жасаган “кыргызбай” мамилеси…

Анын өзүнө карата өмүрүнүн акыркы мезгилинде жасалган айрым интригалар боюнча так-тоолордон кийин өзүнчө сөз кылмакчымын.

А бул макалада салыштыруу үчүн биздин Чыкебизге чет өлкөлүктөрдүн мамилесинен да бир мисал айта кетпесем болбос. 1988-жылы азыркы россиялык белгилүү журналист В.Познер менен америкалык бир журналист Ленинград – Сиэтль (АКШ) түз телекөпүрөсүн жүргүзүп калышты. Америкалык журналист советтик аудиториядан кайсы америкалык жазуучуларды атай алыша тургандыгын сурады. Советтик аудитория Марк Твенден баштап Курт Воннегутка чейинки бир топ америкалык жазуучуларды санап жиберди.

Сөз кезеги В.Познерге келип, ал америкалык аудиториядан кайсы советтик жазуучуларды атай алыша тургандыгын сурады. Аудиторияда жымжырттык өкүм сүрүп калды. Ошондо америкалык алып баруучу америкалык аудиторияга түшүнүктүү болушу үчүн багыттоочу суроо берди:

– Кайсы орус жазуучуларын билесиздер (ал кезде чет өлкөлүктөр СССРдеги калктарды негизинен “орустар” деп аташчу эмес беле – М.Т.)?

– Толстой, Достоевский, – деп барып ошону менен токтолуп калышты.

– Азыркы жазуучуларданчы?-деп В.Познер тактап калды.

Бир топ жымжырттыктан кийин гана бир аял кол көтөрө калып:

– Айтматов, – деди.

Мына ошондон кийин эптеп бир советтик жазуучунун атын атап алышканына кубаныштыбы, же Айтматовдун урматынабы, айтор америкалыктар өздөрү дүркүрөтө кол чаап жиберишти…

Ошол кездеги советтик ада-бияттын классиктеринин бү­түндөй плеядасынан биздин Чыкебиздин гана аты аталганына кубанганыбыздан телевизор көрүп отурган биз да кол чаап жибердик…

Быйыл апрель айында жалпы кыргыздарды (ичи тарларды, көрө албастарды эмес) сыймыктанта турган дагы бир окуя болду. Подмосковьенин Коомдук палатасы союз мезгилинен жазуучулардын шаарчасы болгон Переделкинодо жазуучу Чыңгыз Айтматовдун музейин түзүү идеясын колдоп чыкты. “Подмосковьенин коомчулугу музейди түзүү идеясын колдоону өзүнүн милдети деп эсептейт. Чыңгыз Айтматов биздин өлкөлөрдүн маданияттарын жана салттарын сактап калуу үчүн көп нерсени жасаган улуу орус жана кыргыз жазуучусу гана эмес, ошондой эле элдердин достугун колдогон белгилүү эл аралык ишмер, улуу гуманист да болгон”, – дейт Москва облусунун Коомдук палатасынын төрагасы Никита Чаплин.

Азыр бул боюнча тиешелүү муниципалдык бийликтерге кайрылуу кат жөнөтүлүүдө. Ал сөзсүз колдоо таба турганына ишенүүгө болот.

Мырзакат Тыналиев, «Кыргыз Туусу», 08.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий