Абдисалим Чылымов «Кыргыз өз баалуулугун тааныбаган эл» дейт

Абдисалим Чылымов – Кыргызстандын «Тогуз коргол» федерациясынын президенти, техника илимдеринин кандидаты. 70тен ашык илимий эмгек, 3 монография автору. Тогуз коргол боюнча Кыргызстандын спорт чебери жана аталган оюндун эмгек сиңирген машыктыруучусу. Бир канча жолку тогуз коргол мелдештеринин чемпиону Абдисалим мырза менен «24.kg» МА үчүн маңдай-тескей маек курууну туура көрдүк…

– Биз бала кезде Совет мезгили экенине карабай улуттук тогуз коргол мектеп кружокторунда ойнолуп, ал деле шахмат сыяктуу республикалык деңгээлде акыл оюну эсептелип, мелдештер өтөр эле. Эгемендикке жеткен жылдардан тартып мектептерде бул оюнга болгон мамиле сууп калгандай болду окшойт, буга эмне себеп?
– Жеке түшүнүгүмдө, биз улуттук баалуулук эмне экенин терең аңдабаган эл экенбиз. Мисалы, өзүм 30 жылдан бери аралашып келаткан тогуз корголду алсак, бул өнөр бирден бир улуттук баалуулук катары өз баасын алалбай келатат. Даңазасын анча чыгаралбай койдук. Кандай кылганда Кыргызпатенттен күбөлүк алуу керектиги эчкимди ойлондурган да эмес. Мындайча айтканда, улутка энчилүү оюн катары авторлоштурулбай келди. Өзүм 20 жылдан ашык илим чөйрөсүндө жүргөн кишимин, анан авторлук күбөлүк, патенттештирүү деген жолун илимимдин адамы мен билбейм, а катардагы пенде муну түшүнөбү деп, акыры башым катып жүрүп 2009-жылы патенттештиргем, кыргыздын гана улуттук оюну катары. Эң күйдүргөнү, убагында «Байге» деген гезит чыгып, анда тогуз корголду өзүбүздүн эле аткаминер «киргиздер» тактадагы «үй» дегенди «уй» деп жаздырып салышып, кийин биртопко чегин уй болуп жүрбөдүбү. Бир тамганын айынан тактадагы үйлөрдүн аты «хвостовая корова», «быстроногая корова», «упитанная корова» аталып келди. А тургай мындай аталыштар менен китепке да чыгып кеткен, эмнесин айтасың! Деги мындай «короваларды» сейрек учуроочу жаныбарларды каттаган кызыл китептен да таппайсың!

– Кийин бул боюнча өзүңүз баш болуп гезит беттеринде, теле аркылуу да айтып чыксаңыздар керек эле?
– Антпесек, улуттук ойнубузду келекелеген «оюндар» улана бергидей. Акыры 90-жылдары гана мындай аталыштарга биротоло чекит койдурдук. Ошондон кийин «Тогуз коргол» федерациясын мамлекеттик каттодон өткөрүп, спорттун башка түрлөрү катары колубуздан келишинче мелдештерди уюштуруп келатабыз. Федерация негизделгенден тартып жер-жерлерде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Кудайга шүгүр, азыр эл тогуз корголго кайрыла баштады. Жума сайын аймактардан телефон чалгандар бар, «бизге такта керек, а керек, бу керек» деген. Демек, тогуз корголго кызыгуу артканы ошол. Андан сырткары мектеп программаларына кирип, мектеп окуучулары арасында тогуз коргол боюнча атайы мелдештер өткөрүлөт. Ал эмес студенттер менен чоңдор арасындагы тогуз коргол мелдештери эларалык деңгээлде өтүп, чемпиондор аныкталып атат. Азыр тогуз коргол дүйнө элдеринин арасындагы интеллектуалдык улуттук оюндардын олимпиадасына киргизилген. Киргенде да олимпиадалык оюндардын программа негизинде жыл сайын Европа өлкөлөрүндө уюшулуп, былтыр тогузунчу жолку мелдеш өткөрүлдү. Ага жалаң кыйын оюнчуларыбызды гана катыштырабыз. Мурдагы жылы экинчи орунду алдык эле, былтыр биринчиликти алдык.

– Кайсы өлкөдөн?
– Чехия. Былтыр да Астанада дүйнөлүк мелдеш өтүп, биринчиликти казактар алып кетти. Чынын айтканда, бул жагынан казактар бизден ат чабым алыста. Себеби аларда тогуз корголго канча жылдан бери мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулат. Алар тогуз корголду абыдан өнүктүрдү. Казактарда жалаң тогуз корголдун артынан нанын таап жеген машыктыруучулар бар, а бизде антип тогуз коргол менен жанып багып кетчү кишини таппайсың. Анткени машыктыруучулар бир жерде туруктуу айлык алып иштегендей шартты болуш керек.

– Тогуз корголду акыл ойну катары дүйнөгө даңазалоого эмнеге чамабыз жетпейт деп ойлойсуз?
– Аз болсо да даңазалап атабыз десек болот. Буюрса, жогору жактагылар менен сүйлөшүп, кийинки же анын аркы жылы тогуз коргол боюнча дүйнөлүк мелдешти Кыргызстандын өзүндө өткөрсөкпү дейбиз. Былтыр казактар тогуз коргол боюнча Азия чемпионаттыгын уюштурууну силер баштабайсыңарбы дешкенинен, азыр ушунун үстүнөн да иштеп атабыз.

– А Чехияда өткөн мелдеште канча мамлекеттен катышкандар болду?
– Оюнчулар 20 өлкөдөн келди. Ал эмес Американын түндүгүнөн келип катышкандар болду.

– Тогуз корголду алар кайдан билет?
– Биз тогуз коргол программасын эбак эле интернетке жайгаштырып койгонбуз. Анда оюндун эрежелери, жүрүштөрүнөн бери бар. О.э. бул жакта тогуз коргол ойноп жүрүп, кийин четөлкөлөргө кетип калган өзүбүздүн жаштар бар, алардан үйрөнгөн чет элдиктер абыдан кызыгып катышат. Өзгөчө, бүгүн Америкада тогуз коргол боюнча чакан ийримдер иштейт, ошолор аркылуу кыргыздын тогуз корголу дүйнө элдерине жайылып баштады. 98-жылы абыдан тырышып жүрүп, бул оюн боюнча Азия чемпионаттыгын өткөргөнбүз. Ошондо Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Түркия жана Өзбекстан болуп, беш өлкөнүн оюнчулары мелдешкен.

– Убагында тогуз корголду жайылтууда Чынгыз Айтматовду да ортого тарткан экенсиз, а кишиден жардам болдубу?
– 1900-жылы чыккан Жорж Алмаши дегендин «Азия жүрөгүнө саякатым» аттуу китебинде тогуз коргол жөнүндө жазылган. Анда оюндун эрежелери, тарыхы да бар. Мен ошол тогуз корголго тиешелүү жерин көчүрмөдөн өткөрүп алып, өзүмдүн 5-6 китебиме кошуп, бирөөлөр аркылуу Чынгыз Төрөкулович менен таанышып калдым. Анан андай улуу залкар менен жөн эле таанышуу үчүн келдим дегенге болбойт да, сөз удулу келгенде, тогуз коргол тууралуу көйгөйүмдү айттым. «Кыргызды дүйнө элине тааныттыңыз. Ал эмес Манас тигил элдики, бул элдики деген талаштар күчөгөн доордо, олуттуу оюңузду айтып, чоң маселеге чекит койгон кишисиз. Мына азыр тогуз коргол да ошондой талашка кабылган мезгил (казактар биздики деп келет – ред.). Ошондон улам сиз тогуз коргол кайсы элдин энчиси экенин айтып коюшуңузду каалайт элем» деп баргам. Кыраакы адам да, алдындагы Жорж Алмашинин тогуз коргол жөнүндө жазгандарын окуп чыкты, ойлонуп калды. Бир убакта эмне дээрине кызыгып, кулак түрүп отурам. «Ооба, – деди, – бул оюн кыргыздын комузу, аккалпагы сыяктуу эле башка элдер талаша алгыс улуттук баалуулугубуз. Кыргыз символдорунун бири – тогуз коргол. Муну биз улуттук маданий оюндарыбыздын бири деп баалашыбыз керек. Сен бул жөнүндө керектүү маалыматтарды топтой бер, анан бир күнү дүйнө коомчулугуна ушул маселени көтөрүп чыгабыз» деген чын ниетин билдирди. Бирок пенде экенбиз, Чынгыз агабыз түбөлүк жашачудай мен да ана-мына деп жүрүп, көп убакыт өттү. Бир күнү эле Чыкебиздин көзү өтүп кеткенде, жер муштап калбадыкпы!

– Шахматтын миңдеген теориялары жазылды, анан биз тогуз корголду шахматка теңеп жүрөбүз, бирок бул оюндун теориясы жөнүндө жазылган китептер жокко эсе. Эгер тогуз корголду улуттук баалуулук, улуттук сыймык атасак, эмнеге теориялык изилдөөлөр аз?
– Эми ушул жерден мактанып кетпесем болбой турат. Бул оюн боюнча китеп жаздым, оюн эрежелери туурасында кодекс иштеп чыктым, бир канча жолку республикалык да, эларалык да мелдештердин чемпиону болдум, бирок бул ийгиликтерим үчүн мактана албайм, бирок мен мактана турган бир иш кылдым. Эмне дебейсиңби?.. Тактада туздар жок убакта тең чыгуу абалын таап алган кишимин. Бул буга чейин таптакыр болгон эмес, муну ачылыш катары мен деген тогуз корголчулардын баары моюнга алышты. Мисалы шахматта: бир позиция үч жолу кайталанса, оюн жыйынтыгы тең болуп эсептелет, туурабы? А тогуз корголдо үч жолу кайталоо болушу мүмкүн эмес эле. Себеби жүрүш дайыма бир тарапты көздөй кетет. Шахматта болсо, артка жүрүш жасаса болот. Тогуз корголдо үч жолу кайра айланып, бир жерге келүү дегеле мүмкүн эмес. Ошондон улам тең чыгуу абалы туз жокто болбойт деген көзкарашты элдин баары карманчу. Тең чыгыш үчүн бүт корголдун саны 81&81 болуш керек. А туз жокто 80 же 82 болот. Мындайча айтканда, бир корголду тузга түшүрүп аласың. А мен муну 92-жылы бош отурган убакта Жумамүдүн Курмангалиев деген күчтүү оюнчу менен ойногон партиямды анализдеп, эмнеге мындай болуп калды деп баш оорутуп отуруп, таап алдым. Бир жүрүштү жасабай, башкасын жүрсөм эле, тең чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт экен. Анда эң туура деген жүрүш жасаган киши да утулат, а жүрбөсө, тең чыгуудан башка аргасы жок. Мейли, ошол жүрүштү миң жолу кайталасын, таш алалбайт. Болгону тегеренме оюнга гана айланат. Себеби төрт жүрүштөн кийин эле баягы позицияга түшөсүң. Ошо менен таптакыр бүтпөгөн оюнга айланат. Мен муну тогуз корголдун бирден бир чебери эсептелген атбашылык Өмөр Касмакунов аксакалга көргөзсөм, башында «кой, балам, дабдырабачы» деди. Анан оюнду анализдегенге өттүк. Мелдештик. Ортодогу мелдешибиз бир жашик арак, бир семиз кой. Башын мыкчып отуруп, бир убакта «жанымда турбачы, кет» – деди. Бир күн кечке 5-6 саат өзү менен өзү отурду. Анан күүгүм карайганда, «эй, бала, кайдагыны таап алгансың? Чын эле оюн бүтпөйт экен» – деп мен жасаган ачылышка моюн сунду. Эл оозунда ал кишини тогуз корголдун атасы деген кеп бар эле, ошондон кийин мени тогуз корголдун энеси деген ылакап пайда болгон.

– Бул эми кылымдардан берки кыргыздын тогуз корголундагы жаңы ачылыш да?
– Албетте. Мен буга канчага чейин баладай сүйүнүп жүрдүм. Көрсө, адамдын ойлоо жөндөмүнө чек жок экен да.

– Шахматта Капабланка, Каспаров, Карпов деле теория негизинде мүмкүн эмес делген жүрүштөрдүн утуш жолун таап алгандай кеп болуптур да…
– Мен ушул табылгам үчүн деле тагдырыма ыраазымын. Себеби илгери тогуз коргол ойногондор мал түрүндө мелдешип келишкен. Мисалга, бир үйгө жетпеген (тогуз санына жетпеген) таш утсаң, бир кой, бир үйдөн ашык таш утсаң, бодо мал болгон. Анан ким эле атаандашына бодо мал уттургусу келсин. Айласы жок, канча жанталашкан менен тең чыгуу мүмкүнчүлүгүн табалышкан эмес…

«24.kg» MA, 11.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий