Академик Абдылдажан Акматалиев: “Эки тил тең өтө бай…”

– Абдылдажан агай, Сиз башкарган Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту эки-үч жыл ичинде тил маселесине арналган “Азыркы кыргыз тили”, “Кыргыз тилинин сөздүгү”, “Махмуд Кашгаринин Түрк тилдеринин сөздүгү” сыяктуу илимий баасы алтынга тете, коомчулуктун муктаждыгын канааттандырган өлбөс-өчпөс эмгектерди тартуулады. Сүйүнө турган жаңы кабар угуп жатабыз, айтылуу профессор К.Юдахиндин жалпы редакциясы алдында, чыккандан 55 жылдан кийин, кайрадан, “Орусча-кыргызча сөздүктү” чыгарышты деп…
– Кубанычыбызга ортоктош болгонуңа ырахмат. Чын эле биз да толкунданып турабыз. Өзүң айткандай, жарым кылымдан кийин “Орусча-кыргызча сөздүктүн” жаңы редакцияланган, кошумчаланган варианты эл-журтка тартууланып отурат.

– Тактай кетсек, 1957-жылдагы сөздүктөн эмнеси менен айырмаланат?
– Ал сөздүк өз учурунда республикабыздын маданий, илимий чөйрөсүндө аябагандай зор роль ойногон. Интеллигенциянын билиминин тереңдешине, калыптанышына аба менен суудай керек болгон. Бирок, андан бери илим менен техника өстү, аң-сезим өзгөрдү, жаңы сөздөр кирген суудай агылып, жашоо-турмушубуздан активдүү орун алып жатат. Демек, лексикабыз байыган сайын аны окурмандарга түшүндүрүп, жаңы сөздүктөрдүн чыгышын коомдук зарылчылык талап кылып жатат. 1957-жылдагыдан жаңы сөздүктүн айырмасы бир топ. Сөздүктү түзүүнүн лексикалык принциби жаңыланган, жаңы түшүнүктөр менен байытылды, жаңы сөздөр, фразеологизмдер, идиомалар, терминдер кошулду.

– Бул сөздүктү кимдер, качан даярдашты?
– 1986–90-жылдары пландаштырылган эле. Сөздүктү түзүүчүлөр: Э.Абдуллаев, К.Аб­дыкеримов, Н.Бей­шекеев, К.Бекназаров, Э.До­лонов, Д.Исаев, А.Кангелдиев, Х.Карасаев, К.Саякбаев, К.Сей­дак­матов, Ж.Тынаев, Р.Умралин. Ал мезгилде СССР деген чоң мамлекеттин заказы менен союздук республикаларда орус жана башка элдердин тилдеринин сөздүгү даярдала баштаган. Мисалы, “Орусча-тажикче сөздүк” 1986-жылы басылып чыккан. Негизинен “Орусча-кыргызча сөздүктүн” реестри ушул сөздүктөн алынган. “Сөздүк” даярдалган учурда СССР тарап кетип, кол жазма бойдон калган эле. Бирок, бул сөздүк СССР учурунда даярдалгандыктан, ал замандын идеологиясынын үстөмдүгү байкалып турат. Тагыраак айтканда, улуттук тилдердеги сөздөрдү орус тилинин лексикасы менен алмаштыруу процесси күч алган эле. Саясий терминдер, идеологиялык көз караштар, сөздөр, түшүнүктөр аябай жыш эле.

– Мындай мүчүлүштүктөр анан “Сөздүктөн” орун алдыбы?
– Албетте, жок. “Сөздүк” даярдалгандан бери жыйырма жыл ичинде коомдук, саясий, маданий чоң өзгөрүүлөр болуп өтпөдүбү! Дагы канчалаган сөздөр кирди. Мисалы, компьютер, супермаркет сыяктуу ж.б. сөздөр. Ал эми президент, премьер-министр, спикер деген сөздөрдү капиталисттик мамлекеттерге тиешелүү деп жерип келбедик беле. Азыр коомдук турмушубузга терең сиңип кетпедиби. Чындыгында мурдагы “Сөздүктөр” кантсе да саясий боёк­тор менен боёлгон болчу. Ошондуктан, бул кол жазманы кайрадан бүгүнкү көз караш менен сыдырып чыктык, саясий, идеологиялык алкактан бошоттук десек болот. Дагы баса айтып кетүүчү нерсе – эне тилибиздин байлыгынын негизинде улуттук көрүнүштөрдү чагылдырган лексикабыз кеңири орун алды. Ошондуктан, жалпылап айтканда көп сөздөр жаңы кирди. “Маңкурт, маңкуртизм, аксакал, кумыс, манасоведение, айтматоведение” деген ж.б. сөздөр орус тилине кирип, орус “Сөздүктөрүнөн ” орун алып жатканы тилдердин байышынан кабар берет.

– “Сөздүктүн” мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү кошкон салымы жөнүндө кандай ойдосуз?
– Ар бир эки тилдүү “Сөздүк” сөзсүз түрдө ошол тилдердин пропаган-дисти, жайылтуучусу жана агартуучусу болуп саналат, эки элге тең болот. “Орусча-кыргызча сөздүк” аркылуу Кыргызстанда жашаган орус жана башка улуттар, этностор мамлекеттик тилди үйрөнүүгө бирден бир шарт түзүлөт. Мамлекеттик тилдин кеңири кулач жайышына “Сөздүктүн” мааниси чоң болот.

– “Сөздүктү” басмага даярдоодо кандай кыйынчылыктар болду? Жарык көрүшүнө кимдер жардам берди дегендей…
– Түйшүк бир топ эле болду. Бул “Сөздүктүн” чыгып калышынын кыс­кача тарыхы бар. Өзүңөр билесиңер, институт “Азыркы кыргыз тили”, “Кыргыз тилинин сөздүгүн” да бир топ кыйынчылыктар менен чыгарганбыз. Мындан эки жыл мурун “Азыркы кыргыз тили” бөлүмүнө бир жумуштап кирип калдым. Чыгып баратып мурда эч бир таназарга албаган темир сандык (сейф) көзүмө башкача урунуп кетти. Кызматкерлерден ачкычын сурасам, “он жылдан бери жабылып турат, ачкычы жоголуп кеткен” – дешти. Дароо кызматкер Мурат Мукасовду чакыртып ачтырдым. Ондон ашык папкада “Сөздүк” бар экен. Дароо тизмеледик, “Кол жазмалар фондусуна” өткөрдүк. Бирок, кол жазманы тизмелегенде ар кайсы тамгадан 300дөй бет, баш сөзү жок экен. Кимдер даярдаганы белгисиз. Анан изилдөө жүргүзүп отуруп, тактадык, жок беттерди жогоруда көрсөтүлгөн “Орусча-тажикче сөздүктүн” реестри менен калыбына келтирдик. Күн-түн дебей, майрам, дем алыш дебей, алты ай иштедик жана ушинтип чыгардык. Бизге Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, “Avrasya press” басмасы жардам берди.

– “Сөздүктө” бардык сөздөр камтылды деп ойлойсузбу?
– Жок. Өткөндө “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат-негиздемеде орус лексикасында 51 000 сөз бар деген калпыс пикир жүрөт. Керек болсо 170 000 сөздөн турган сөздүктөр бар. 1957-жылкы “Сөздүктө” 51 000 сөз бар. Ал бир топ тандалып алынган. Ал эми жаңы “Орусча-кыргызча сөздүктө” 85 000 сөз орун алды. Демек, эки тил тең өтө бай. Кийинки “Сөздүк” чыгаруучулар мындан кийин 100 000, 150 000 сөздөн турган сөздүктөрдү чыгарышы мүмкүн.

Балким, биз ойлогондой иштин биринчи варианты менен кеткенде, “Сөздүктө” 100 000 сөз камтылмак. Менин сунушум боюнча Эгемендүүлүк алгандан кийинки кыргыз тилине кирген сөздөрдү өзүнчө жыйнап, анан бул “Сөздүккө” сиңирип жибермекпиз. Бирок, жаңы түзүүчүлөр башка жолду, принципти тандап алышты. Ал эмгек өзүнчө жарык көрүп жатат.

– Маегиңизге рахмат!

Маектешкен Бакыт Орунбеков, «Кыргыз Туусу», 12.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий