Кино сынчы Төлөмүшева кыргыз киносунун абалы тууралуу

Кыргыз тасмаларынын жаңы “жашоосу” тууралуу белгилүү кино сынчы Гүлбара Төлөмүшева мындайча ой бөлүштү.

— Кыргыз кереметтери аталган тасмалар СССРдин жылдарында калды, азыр таптакыр башка стилдеги тасмалар жарыкка чыгууда, деги эле бүгүнкү күндөгү кыргыз киносуна кандай баа бересиз?
-60 – 70 – жылдар кыргыз киносунун биринчи төрөлүшү деп айта турган болсок, экинчи төрөлүшү 90 – жылдарга таандык. 48 мүнөттүк “Селкинчек” аттуу кыска метраждуу тасма 1993- жылы кыргыз киносуна экинчи өмүр берди. “Селкинчек” киноматографиядагы көз карандысыз Кыргызстанды ачты. СССР учурунда кинолор атайын көрсөтмө менен тартылчу. Мисалы, кайсы бир жазуучунун чыгармаларын экрандаштыруу керек болчу. Бирок кыргыз киносунун мыктысы деп Төлөмүш Океевдики сыяктуу өздүк ойдон улам жаралган тасмалар эсептелет. “Ак кемеде”, “Бетме бетте” дагы башка тасмаларда көрүүчү китепти окугандыктан андагы окуя эмне менен өнүгүп, эмне менен аяктаарын жакшы билет. Ал эми режиссердун жеке дүйнө таанымынан жаралган нерсе көрүүчүгө башкача таасир берет.

-Эмнеге жаңы доорду “Селкинчек” баштап берди дейсиз?
-Селкинчек 48 мүнөттүк болгонуна карабай ал чыныгы кино. Автордун өзүнө таандык оригиналдуу оюу бар. Аткарган актерлор да профессионалдар эмес, карапайым көрүүчүнүн чөйрөсүнөн. Бул нерсе көрүүчү үчүн өзгөчө жаңылыкты жаратты. Єспүрүм бала өзүнөн улуу кызды жактырып калып, жандүйнөсү отко – чокко түшөт. Дал ошол учурда армиядан келген моряк кыздын көңүлүн буруп алат да, сүйүүгө белчесинен чөмүлгөн баланын жашоосундагы алгачкы жандүйнө кыйынчылыгы башталат. Ал бактысыз сүйүүсү үчүн бүткүл дүйнөнү күнөөлөйт. Кандайдыр бир убакта балада сүрөтчүлүк талант ойгонуп, көкүрөгүнө тынчтык бербей серпилткен оюн дубал бетине түшүрө баштайт. Ошентип сүйүү трагедиясы баланы сүрөтчүгө айлантат. Кинодо диалог жок. Каармандар сүйүүсүн, ызасын, таарынычын кыймыл – аракети, мамилеси менен билдиришет. Театр эмес, теле эмес, бул чыныгы кино.

-Сапаттуу, сапатсыз тасмалардын жарыкка чыгышы эмнени түшүндүрөт?
-1990 – жылдардын аягы, 2000 – жылдардын башында кино жаратууну эңсегендердин эйфориясы башталган, бардыгы банкка кезекке турушуп, кредит алышты. Айрымдары жеке компанияларын түзгөнгө да жетишишти. Ошол учурда 16 жеке кино компания пайда болгон. Бул кино тармагынын өз алдынча болууга жасалган аракети, башталышы эле. Бардыгы кредит алып, гениалдуу кино тартып, атакка да жетишем, кредиттен да кутулам деген таттуу кыялда болушту. Бул Актан Арым Кубаттын “Селкинчегинин” тийгизген таасири, андагы башталган чыйырдын кенен жолго айланышы, жаңы доордун ачылышы. Сапаттуу — сапатсызга келсек, азыр айрым режиссерлор арзан техниканын жардамы менен тасмаларды тартып жатышат. Эгер ал тасманы кинотеатрга келип эл көрүп атса, демек ага жолтоо болууга негиз жок.

-Кинотармагы бир кезде мамлекет тарабынан каржыланчу эле, азыр ар ким өзүнүн каражатын тасмага салат. Бул нерсе сапатсыздыктын пайда болушуна салым кошуп аткан жокпу?
— Кыргыз киносунун канча бир убакытка созулган тыныгуусу дал ушул нерсеге байланышкан. СССРдин урашы менен киного акча бөлүнүү токтотулган. Режиссерлордун эски мууну Москвадан келген даяр акча менен иштеп жүрүшкөндүктөн өз алдынчалыкка көнө албай катуу депрессияга кабылышкан. Бир ордунда токтоп калган кино тармагын Актан Арым Кубат, Эрнис Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Мараттар келип көтөрүп кетишти. Алар креатизм менен чыгармачылык потенциал башкы нерсе экенин далилдеп беришти.

-Актан Абдыкалыковдун “Свет аке” тасмасына кандай баа бересиз?
-“Свет аке” Европа кино сүйүүчүлөрүнө да көргөзүлдү. Уникалдуу сюжет, ойлор. Чыныгы режиссер тартылган тасмаларынын санына эмес, сапатына маани берет. Ал эми тасма тартууну бизнестин бир түрүнө айланткандар кинонун убактылуу коноктору. Убакыттын кайсы бир чегинен кийин алар же кино дүйнөсүнөн кетишет, же олуттуу тасма тартууга аракеттенип башташат.

-Чет өлкөлүктөр кыргыздарды тескери жагынан алып тарткан тасмаларга гана сыйлыгын беришет деген сөз бар?
-Чет мамлекеттик сыйлыктарга арзыган “Маймыл”, “Бешкемпир”, “Свет акени” алып көрөлү. Бул үчөө тең бир режиссердун эмгегине таандык. Актан Арымдын кинолорунда дүйнө жүзүнө эле эмес кыргыздардын өздөрүнө таң калыштуу болгон ички эпизоддор бар. Кыргыздарда чыгармачылыкка түшүнбөстүктөр орун алган, эл экрандан эмне күтсө ошону гана көргөнгө көнүп бүтүшкөн. Жаңы кинолордо болсо алар күтпөгөн нерсе көрүнүп калып атпайбы. Анан ушул да болчу беле деген ой жаралат. Чет өлкөлүк сыйлык татыктуу тасмаларга гана берилет.

— Союз мезгилиндеги кыргыз тасмалары менен азыркы кыргыз тасмаларынын айырмасы барбы, биз алдыга кеттикпи, же арткабы?
-СССР учурунда мамлекетибиз чакан болгону менен союздун бир бөлүгү болгон, кыргыз киносу да советтик кинонун бир жак тарабы болчу. Биз көп эмеспиз, бай эмеспиз, бирок ошол кезде эле кино тармагыбыз бай эле. Азыр кино жаратуучулар ар кандай чийинден чыгышып, ой толгоолорундагы көрүнүштөрдү тасмага түшүрө башташты. Бул да болсо кино жаатындагы ийгилик. Биздин кинолор ал гана эмес дүйнө көрүүчүлөрүнө да тартуулана баштады. Союз убагында төмөнкү деңгээлдеги киножаратуучулар болгон эмес, анткени тартылган ар бир кино тартылганга чейин сюжети, тартылгандан кийин өзү Москвадагы Госкиного милдеттүү түрдө жөнөтүлүп турган. Талап күчтүү болгон жерде халтурага орун жок. Ал эми бүгүнкү күндүн айрым тасмалары басма сөз беттеринде жазылган окуядан сценарий жаза салышып, тартылгандар. Ал деле жакшы, биринчиден эл өз тилинде кино көрүү бактысына туш келди, экинчиден элден алынган нерсе элге жакын.

Гүлмайрам Турусбекова, «fakt.kg», 11.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий