Мамбетжунус Абылов: Кыргызды көрдөн издеп тарых жазгандар көп, мен тарыхты жер үстүнөн издедим

Кыргыз улуубу же түркпү? Өткөн Совет саясаты элибиздин түпкүлүгүн тукуруп келсе, эми боордош элдер боорго тээп жатканы эмнеде? Эмне үчүн элибиз арбактарга сыйынып, кутту кадырлап калган? Ушул жана башка суроолорго жооп издеген кыргыздын карт тарыхына жаңы көзкараш. «Түрк дүйнөсү. Кыргыздар жөнүндө тарыхий повесттин» автору Мамбетжунус Абылов менен маек.

– Сизди кыргыз коомчулугу элчи, мамлекеттик ишмер катары жакшы тааныйт. Колуңузга калем кармап, китеп жазыпсыз. Мемуар жазса керек деп ойлогон элем, тарыхий повесть жаратыпсыз. Бул чыгарманы жазууга эмне себеп болду?
– Мен он жыл элчи болуп четөлкөдө жүрдүм. Ошол мезгилде менден: «Кыргыз ким?» деп сыртта жүргөн жаштар көп сурачу. Элибиздин тарыхын «казганга» ушул түрткү болду. Себеби элчи болгон адам биринчи кезекте өз элинин тарыхын жакшы  билиши керек.

Кыргыз тарыхы Совет доорунда биртоп басмырланган. Ошондуктан кыргыз тарыхы кыргыз үчүн дагы деле бүдөмүк. Экинчи жагынан, кыргыз тарыхын түрк боордошторубуз бүгүн өз элин даңазалоо үчүн бурмалап атат. Алар кыргыздарды түрксүңөр дейт.

Биздин тарыхчылар түрктөрдү түздөп, Совет доорундагы тарыхтын кыйшайган жерин оңдогондон жалтактап атышат. Мага ушул себептер түрткү болду. А кыргыз аткаминерлери Түркияга барганда, «Биз түрк атанын балдарыбыз» деп түрктөрдүн чырагына май тамызганы да себеп болду.

Бул чыгармам долбоордук негизде түзүлгөндүктөн, азырынча электрондук гана версия менен жарык көрөт. Акыл-эстүү, мекенчил кыргыз жаштары окуп, өздөрүнүн ой-пикирин айтса дейм. Алардын элегинен өткөн соң, китеп түрүндө чыгарам го.

– «Түрк дүйнөсү. Кыргыздар жөнүндө тарыхий повестти» көркөм чыгарма десе болобу? Кандай булактарга таянып жаздыңыз?
– Биртоп жылдан бери топтолгон тарыхий маалыматтардын негизинде жаздым. Кыргыздар түрктөрдөн 700 жыл мурун пайда болгонун даңазалаган кытайлар түзгөн географиялык карта бар. Түрктөр менен кыргыздардын ортосундагы тарыхый талаштар жооп болсун деген максатта, мен бул чыгармамды «Түрк дүйнөсү» атап, бирок «кыргыздар жөнүндө тарыхый повесть» деп жаздым. Аныгында тарыхый адабият.

– Орус илимпоздору байыркы түрктөр менен түрк тилдүү элдерди айырмалап «турки» и «тюрки» деп жазганын белгилейсиз. Биз аларды кыргыз тилинде кантип бөлүп карашыбыз керек?
– Бул мен үчүн да өтө маанилүү суроо, себеби түрк тилинде «ю» деген тамга жок. Ошондуктан түрктөрдү жеринин же уруусунун атын кошуп атаганыбыз оң. Мисалы, Анадолу түрктөрү, же Алтай түрктөрү, же болбосо Ашина, же Огуз түрктөрү дешибиз керек. Ал эми илимий адабиятка түрк тилдүү калк катары кирип калган кыргыз, казак жана башка элдерди «советский народ» дегендей эле, түрк тилдүү кыргыздар, түрк тилдүү казактар деп аташ керек. Себеби түрк эли деген сөз тюрки деген мааниге барабар.

– Акыркы жылдары тарых темасына арналган эмгектер арбыды. Кыргыз тарыхын ар кайсы кесип ээлери жазып атат. Сиздин чыгарма эмнеси менен айырмаланат?
– Менимче, алардын көпчүлүгү кыргыз тарыхында жаңы көзкараш пайда болбой, элге түшүнүктүү, жалпы кыргыз кабыл алгыдай жеткилең тарыхий эмгектердин жетишсиздигинен улам жаралууда. Менин чыгармамда кыргыз кантип пайда болгонун далилдеген тыянак бар. Бул тыянак мурунку калыптанып калган көзкараштарды четке кагат. Айырмачылыгы ошол.

– Кыргыздарга арнаган чыгармаңыз эмне үчүн адегенде орус тилинде жазылды?
– Кыргыз ким экенин кандаштарыбыга эртели-кеч түшүндүрө алабыз. Учурда кыргыздарды башка элдерге көбүрөк таанытышыбыз керек. Кыргызстанда акыркы жылдардагы окуяларга байланыштуу сыртта биз жөнүндө терс пикирлер көбүрөк үстөмдүк кылат. Ошондуктан орусча жазып, эми англисче котормосуна кириштим.

– Китебиңизди барактар отуруп, кыргыздар сымапты кут катары баалап, ага аяр мамиле жасаганын окуп калдым. Сымап абыдан уулу зат экени белгилүү. Денсоолукка  өтө зыяндуу зат кантип кут болсун? Анан сымаптын эмнеси кут?
– Кыргыз тарыхын жазган көрүнүктүү тарыхчылардын бири С.М. Абрамзон кыргыздар кут деп «олово» же «свинецти» айтышарын жазат өз китебинде. Бул эки затта тең табигый абалда абага бууланып учуп кетчү касиет жок. Андай касиет сымапта гана бар. Ата-бабаларыбыз кутту ыйык туткан заманда, «кут учту», «кут качты» деп катуу кейишкен. Себеби сымапты кутучага дыкат жаппаса, абага бууланып, заматта көздөн кайым болот. Куттун мындай касиетин мен бала кезимден  билем. Чоң атамдын атасынын төртүнчү токолу Бурул энебиз кут кармаган киши болгон экен. Ошон үчүн «биздин үй куттуу болгон» дегенди атамдар көп айтчу.

Сымап уулу зат экенин байыркы  ата-бабаларыбыз түшүнгөн. Аны талаадан таап алганда ак бөзгө ороп, анан жыгач кутучанын оозун бекем жаап, төшөк жыйган тапчан түбүнө карангы уя жасаган да, ошол уяга кутучаны жайгаштырган. Анан үстүнө үлпөк көрпө төшөп, Кутту бекем катышчу экен. Эмне үчүн ата-бабаларыбыз Кутту ыйык туткан себеби китепте толук жазылган. Аны окугандан кийин түшүнөсүздөр.

– Чыгармаңызда Алясканы – Ала Аска деп кыргызга таандык кылыпсыз. Ал өзү алеут тилинен Alyeska  – чоң жер, кургактык деп которулары белгилүү. Гималай да кыргыз сөзү депсиз. Айтылышы кыргызча мындай  жер аталыштары көп экени белгилүү. Андыктан айрым сөздөрдү «кулагынан» чоюп эле кыргызча кылып аткан жоксузбу?
– Кыргызды көрдөн издеп тарых жазгандар көп. Мен ал тарыхты жер үстүнөн издедим. Себеби кыргыздар байыртан бир жерден экинчи жерге жылып-жортуп жүрүп, ошол жерлерди өз сөзү менен атаган. Аларга: Ала-Аска, Ала-Тоо, Ала-Шан, Ара Шан, Алай, Гим Алай деген аттар кирет. Себеби ата-бабаларыбыз өздөрү отурукташкан жерлердин баарына Ала деген сөздү кошуп айткан. Бул кыргыздардын ата салты. Алясканы мен эмес кыргыздын көрүнүктүү тарыхчысы Орозбек Айтымбет агайыбыз «Кара кыргыздар» деген беш томдук китебинде Ала Аска деп атаган. Мен Аляска тарапка өтүүгө байыркы ата-бабаларыбыз мүмкүнчүлүгү болгонун далилдеп жаздым.

Биз бүгүн Гималай менен Алай деп атаган тоо кыркалары бийиктиги менен гана бири-биринен айырмаланат. Эгерде ата-бабаларыбыздын изи Тибетке тийбесе, кыргыздар кантип тибеттиктерге окшоп мазарга боз байлап сыйынып калышмак эле? Алардын Тибетке изи барган үчүн биз бүгүн Памирди Алай деп атаган  сыяктуу, алар Тибетти Гим Алай дешкен. Гим Алайдын береги тарабын Ала Шан аташкан. Кыргызды көрдөн издебей, тоодон, сөздөн издесек, тарыхый чындыктын «кулагы» азырак чоюлат деп ойлойм. Себеби байыркы кыргыздар сөөгүн жерге көмгөн эмес. Телеут  деген эл Чиленин калдыгы болгондой эле, Алэут деген эл Аланын калдыгы болуп саналат. Чиле Өгүзгө айланып, Ала болсо, Кыргызга айланып кеткенин китепте далилдедим. Алэут менен Кыргыздын түбү бир эл экенин алардын кебетесин караган адам деле түшүнөт. Бул Ала Аска (Аляска) деген байыркы кыргыздар койгон ат экен деген далилди гана күчөтөт.

– Байыркыда арбактар менен байланыша алгандарды «Маамыт» дегенин жазыпсыз. Мындайды кайсыл булактарга таянып жаздыңыз?
– Кыргыздын оозеки чыгармалары мифтерге аябай суугарылган. Бирок миф жок жерден жаралбайт. Алардын тарыхый себептери бар. Жер тыңшаар Маамыт, Жел жетпес Маамыт деген өзгөчө касиетке эгедер адамдар жок жерден эпосторго, дастандарга түшкөн эмес. Алар арбактар менен байланыша билген адамдар  болгон. Ошон үчүн алар шаман сыяктуу эле экзерцистер болгон. Шамандар сыяктуу боло турган окуяны алдын ала жарыя кылышкан. Бирөө жер тыңшап жарыяласа, бирөө талып жатып жарыя жасаган. Мындай касиет кыргыздарда бар деп чет элдин тарыхчылары көп жазган. Алардын бири Рамазан Шешен. Ал «Ислам географиясындагы түрктөр жана түрк өлкөлөрү деген китебинде кыргыздар өзгөчө касиетке эгедер адамдарды Масун деп атайт деген. Кыргыздар өзгөчө касиетти «ма» деген сөз менен белгилейт. Мисалы,  Манас, Маамыт, ман, Мандикер, Мангыт, манкурт, мас, мазакор. Муну кыргыздар билиш керек.

– Кыргыздын алгачкы уруулары кутчу (кушчу), ала, багыш, бугу депсиз. Өзүңүз кайсыл уруудан болосуз?
– Ала деген бул уруунун аты эмес, уруулардын бириккен кошуму. Калганы уруулардын аты. Менин уругум Сарбагыш. Совет доорунун белдүү тарыхчысы С.М.Абрамзон жазган Каратегинди чапкан Кудаян хандын урпактарынын бири болом. Кудаян хан Жаңыл Мырза атып өлтүргөн Үчүкө менен Түлкү баатырдын биртууган иниси болгон.

Ред. Чыгармада тарыхчылар талашчу жайдайлар көп учурайт. «Түрк дүйнөсү» автордун көзкарашын, пикирин гана чагылдырат. Окурмандардан сын-пикир, сунуштарды күтөт. Аларды төмөнкү дарекке жөнөтсөңүздөр mambetabylov(@)yahoo.com, mambetabylov(@)yahoo.com.

Эмгекти ушул жерден жүктөй аласыз: turkskiy_mir (pdf түрүндө)

Алмас ТУРДУМАМАТОВ,  «24.kg» MA, 11.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий