Манасчылык өнөрү Сагынбай, Саякбай менен токтогонбу?

Манасчылык өнөр Сагынбай менен Саякбайдан кийин токтоп калган. Мындай пикирин адабий сынчы Кадыркул Даутов «Манас» эпосу жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын бир жылдыгына арналган симпозиумда билдирген болчу. Ошону менен бирге азыр чыныгы манасчы калбады, азыркылар «Манасты» жаттап айтат деген сөздөр дагы айтылып келүүдө.

Азыркы манасчылар үйрөнчүкпү?

Бул чууга башат салган адабий сынчы Кадыркул Даутов табият берген акындык шыгы жок, жаттама киши манасчы боло албайт деген пикирди карманат. «Манас» эпосунун классикалык варианты Сагынбай, Саякбай менен бүткөн. Андан кийинкилери үйрөнчүк. Таланттуу кишилер чыгат, бирок манасчылар чыкпайт. Таланттуулар Манас айтса эле алардын баары манасчы болбойт. Манасты булгап, кыргызды шылдыңдап, эч ким Манасты көтөрбөйт жана эч ким көтөрө албайт».

Манасчы Дөөлөт Сыдыков азыр жаттама манасчылар бар экенин танбайт. Бирок аларды четке кагып салган туура эмес экенин айтат. «Элге ким жаттап айтат, ким аяндын негизинде айтып калган, ошону жеткирип коюш керек. Эми андайларды мамлекеттик деңгээлде конкурс иш-чараларды өткөрүп айырмалап алса болот» – дейт ал.

Манас таануучу Жылдыз Орозобекова Манасты жаттап айткандар манасчы эмес, аткаруучу экенин белгилейт. Манасчылык өнөр муундан-муунга өтүп келетканын кошумчалаган Жылдыз Орозобекова Сагынбай, Саякбайлар деле Манас айтуу өнөрүн улуу муундан үйрөнгөн дейт. «Азыркы манасчылар, Сагынбайдан, Саякбайдан ашырып айтат бекенби деген да сөз болуп атат. Сагынбай менен Саякбай деле өзүнөн мурдагы Назар, Балык, Келдибек, Тыныбек, Чоюке деген улуу манасчылардан үйрөнүшкөн. Сагынбай менен Саякбайдан кийин дагы Манастын 78 вариантты бар, айтылды. Биз манасчыларды табалагандын ордуна ошол салттуулукту сактап келе аткандарына сүйүнүшүбүз керек. Манас эпосунун жаңы варианттарынын чыгышы Манас эпосун эч кандай бузбайт. Бул көркөм чыгарманын бир түрү болуп жашай берет».

Төкмө акын Аалы Туткучев кайсыл манасчы жаттап айтып атканын жанында карап отурбагандан кийин сырттан туруп сын айткан оңой дейт. «Керек болсо ошол сындап аткандар Манастын эки сабын айта алышпайт. Анан баягы сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей сырттан туруп сындап атышат. Ушундай заманда байыртадан бери келе жаткан манасчылык өнөрдү сактап келаткандын өзү оор жумуш. Ошондой өнөрдү жоготпой кармап келе жаткан жигиттерге рахмат деш керек» – дейт ал.

Саякбайды да убагында чангандар болгон

Манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев фольклордо эпикалык чыгармалар эпикалык доордо гана жаралат деген илимий пикир бар экенин айтат. «Бирок, бул принцип Манас эпосуна, манасчылыкка келгенде иштебейт. Башка элдерде эпикалык чыгармаларды аткаруу ал доор өткөндөн кийин эле токтогон. Мисалы, «Илиада», «Одиссея» эпосторун азыр айткан эч ким жок»,– дейт.

Ал Саякбайды деле маалында чанган, танган адамдар болгонун кошумчалайт: «Саякбай деле Манасты совет доорунда айтып келди да. Ошол эле окумуштуулардын ичинен аны чанган, танган кишилер көп болгон. «Манасчылык өнөрү Келдибек, Балыктын доорунда болгон. Саякбай деген манасчы эмес, бул жамакчы, айтуучу» деп айткандар да чыккан».

Кыргыз эли байыртадан аянга маани берип, аянга ишенген калк. Белгилүү манасчылардын көпчүлүгү түшүнөн аян алып, анан Манас айтып калышканын айтышат. Жаш манасчылардын бири Дөөлөт Сыдыков дагы 13 жашында түшүнө Саякбай манасчы кирип ошондон кийин Манас айтып баштаган. Ал Манас айтуу өнөрү Сагынбай менен Саякбайдан кийин токтоп калды деген пикир менен макул эмес. «Кыргызда эзелтен аян болбой баян болбойт деп айтылып келет. Кыргыз жаратылышынан кудай арбакка ишенип, жаратылыш менен байланышта болуп келген эл. Манас айтуу өнөрү Сагынбай, Саякбай менен токтоп калды дегендерге айтат элем, Уркаш Мамбеталиев өңдүү манасчылар, семетейчи Сейдене энени кайда алып барабыз. Андыктан манасчылык токтоп калды деген туура эмес. Башка элдин эпостору алардын айтуучулары болбогондуктан унутулуп калды, өлүк эпостордун катарына кирди. Ал эми биздин манасчылар улам-улам жаңырып айтылып эпосторубуз унутулбай келатат» – дейт ал.

Төкмө акын Аалы Туткучев манасчылык өнөр башка элдерде жок, аларды кордосоң да, зордосоң да бул өнөр алардан чыкпайт. Бул кыргызга гана тиешелүү, кыргызга гана таандык өнөр дейт. «Чыңгыз Айтматов атабыз дагы бир кезде Ысмайыл менен төкмүлүк өнөр токтоду, мындан кийин бул өнөр өзүнүн таасирин жоготот деген. Мына, азыр Ысмайылдан да күчтүү төкмөлөр чыкты. Элмирбекти, Жеңишбекти ким начар деп айтат? Керек болсо, өкмөт наам бере албай, «Кокуй булар чындыкты айтып салат экен» деп коркуп отурганда, Жеңишбекке «автомат», Атантайга «Саргашка» деген наамды эл берип койду. Демек, бул мурдагыдан да кыйын чыккандагысы. Чыңгыз атабыз пайгамбар болбогондон кийин жаңылды да. Ушул сыяктуу эле манасчылык токтоду, мындан кийин чыкпайт, азыркылар жаттама дегендердин бардыгы пайгамбар да, периште да эмес» – дейт ал.

Улуу Манасчылар чыгыш үчүн колдоо керек

Убагында улуу манасчылар айыл-айыл кыдырып Манас айтканда казанда бышып аткан сүтүнүн ташыганына кайыл болуп кулак төшөп уккан эл бар болчу дейт манасчы Рысбай Исаков. «Сагынбайды жараткан, Саякбайды уккан, аларды түшүнгөн, кадырлаган, баалаган угармандар – эл болгон. Ошон үчүн Сагынбай Сагынбай, Саякбай Саякбай болду. Бүгүн ошондой угармандын, элдин жоктугунан ошолордой болгон манасчылар чыкпай атат. Манасчылар чыкпайт деп атып, далай доорлордо манасчыларга кедергисин тийгизген. Бул опурталдуу сөз. Колдон келсе айтпаш керек. Кийинки муунга үмүт тартуулоо зарыл. Сагынбайдай, Саякбайдай манасчылардын чыгышына биринчи демилге болуш керек»,– дейт.

Манас айтуу учурунда анын бир катар таасирлерин изилдөөгө алган «Кыймылдагы күч: Манас айтуу касиети» проектисинин жетекчиси Индира Раимбердиева Манас айтуу бул кайыптык феномен экенин жана илим жагында жүргөн адамдар кайыптык табият жөнүндө толук биле бербесин айтат. «Кайыптык табиятты илимий деңгээлде көп тараптан, көп аспектиден изилдеш керек болуп атат. Биз Манас айтуунун касиетин төрт деңгээлде изилдегенбиз. Биохимиялык таасирин, психологиялык таасирин, нейрофизиологиялык таасирин жана биомагниттик таасирин. Жалпысынан айтканда Манас үн аркылуу адамга энергетикалык руханий таасир берет. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгын «Кыргыз өзөгү» деген китепте кеңири чагылдырдык» – дейт Индира Раимбердиева.

Манастын классикалык варианты деген эмне?

Манасчы Талантаалы Бакчиев Манастын классикалык варианты – негизги өзөктөн чыкпаган, жана оозеки түрүндө айтылган, аян жана арбак дааруу деген процесстен өткөн манасчылар бул классикалык формадагы манасчы деп эсептелинерин айтат. «Манасчылыктын негизги өзгөчөлүгү оозеки жаратып айтканында. Манас эпосунун классикалык түрү Сагынбай, Саякбай менен чектелип калды деген ойдун өзү тайкылык. Чоюке дагы классикалык, Балык дагы классикалык типтеги манасчылар».

Ал ошондой эле 50-100 жылдан кийин азыркы манасчыларды классикалык манасчы деп айтып калышы мүмкүндүгүн жашырбайт жана ошол учурдагы манасчыларды жаңы типтеги манасчылар деп айтып калышы мүмкүн экендигин айтат. «Ар замандын өзүнүн манасчысы болот. Мына Тоголок Молдонун вариантында телеграмма бар, телефон бар. Коңурбай менен Манас телефон аркылуу сүйлөшкөн эпизоддор бар. Буга карата эмне дейбиз?» – деген суроо салат ал.

Азыркы окумуштуулардын кээси илимий теориядан чыга албай, ошого бекинип алышууда деген пикирди кармангандар да жок эмес. Алардын пикиринде теорияны адам жараткандыктан ал бүгүн бар болуп эртең ойрон болуп калышы мүмкүн. Себеби табийгат деген түшүнүк адамдын теориясынан дагы бийик турарын белгилешет.

Расул Мурат, «24.kg» MA, 12.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий