Дарика Жалгасынова, КР эл артисти: «Айылдык эле кыз элем, окууну кантип Москвадан бүттүм деп таң калам»

Бир манжасы кемиген колдун салаалары түгөл болбой, адамды көп нерседен аксатат эмеспи. Ошол сыңары кыргыз искусствосунун бир чекесин толуктап, улуу өнөрдүн ээси болуп жүргөн бир инсан бар. Ал — Дарика Жалгасынова. Бул жолу сөз дал ошол опералык ырчы, КР эл артисти Жайлообек Жалгасыновдун жубайы Дарика Жалгасынованын карьералык, аялзаттык баяны тууралуу болмокчу.

— Дарика эже, маекти сиздин чыгармачылыкка келген учуруңуздан баштагым келип отурат…
— Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келдим. Ошондо опера жана балет театрында менин эмгек жолум башталды. Анан 78-жылга чейин ошол жакта иштедим. Бул аралыкта көптөгөн опералык партияларды аткардым. Дүйнөлүк пландагы классикалардан «Евгений Онегинде» Татьянанын, «Травиатада» Виолеттанын, «Фаустта» Маргаританын партияларын окуп жүргөндө эле үйрөнүп алган болсом, бул жакка келгенден кийин кыргыз операларынан «Айчүрөк», «Манас», «Алтын кыз», «Бойдоктор», «Аста секин колуктуда» ырдадым. Сахнада театрды түптөгөн эжелер: Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, агалар: Малдыбаев, Жумахматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалдым. Ал кезде биз менен катар келгендерден Сартбаева, Миңжылкыев, Нуртазин, Сейталиев бар болчу. Ошентип, улуу артисттер менен жаңы артисттердин куюлушу жаңы күчтү жаратты. Дүйнөлүк деңгээлдеги опералар коюлду, кыргызды эл тааныды, дүйнө билди, анан театр «академиялык» статуска жетти. 1978-жылы А.Жумахматов атындагы симфониялык оркестрге солист болдум. Андан бери 33 жыл өттү, жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылдым. Бул мезгилде 700гө жакын ыр жаралып, анын 300дөйү алтын казынага сакталды. Азыр ардактуу эс алуудамын, ага карабастан эмгек жамаатым мени үйгө отургузушпай, чакырып турушат.

— Сизди эл акын катары да тааныйт эмеспи. Бул жагына кандайча ыктап калдыңыз эле?
— Ооба, акыркы 20 жылдан бери мен ыр жазуу менен дагы алектенип келем. Баш-аягы 5 китеп жараттым, акыркысынын басылып чыкканына бир аз гана убакыт болду. Ал «Триумф жана трагедия» деп аталат. Театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда опера жана балет театрында, улуттук филармонияда, кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот. Эң акыркы жасап жаткан жакшы жумушум деп ушуну эсептейм. Былтыр дагы өзүмдүн 70 жылдык юбилейиме карата «Дарика» аттуу альбом-китеп чыгаргам. Ичинде сүрөттөрүм, өмүр баяным, өткөн жолум, жолдошум, балдарым жана ырларым бар. Бул дагы келечекте бир тарых болуп калар деген ойдомун.

— «Триумф жана трагедияны» эң акыркы жасап жаткан жакшы жумушум дедиңиз…
— Мындай китепти тез эле жазып коё албайсың да. Бул деле бир нече жыл иштелип чыккан эмгек, болгону ошонун корутундусун бүгүн чыгарып отурбаймынбы. Мындай китепти 10 жылдан кийин жарата алам деп айта албайм. Анткени, менден ден соолук деген нерсе кетип баратат, былтыр аябай катуу оорудум. Мурун толук аял болчумун, азыр анын жарымы эле калды. Майда-чүйдө ырларды жаза береттирмин, а көлөмдүү чыгарманы жаратууга эми күчүм жетпейт.

— Журналист болуп иштегениңизди дагы улуу муун айтып эле жүрөт. Бул багытта эмне жумуш кылдыңыз эле?
— Теле жана радио жаатында журналист болуп иштеп калган жайым дагы бар. 1989-жылы улуттук биринчи каналга «Дариканын музыкалык өргөөсү» деген көрсөтүүнү алып чыккам. Анын алкагында улуу агайларды, эжелерди сүйлөтүп, театр, музыка жөнүндө узун сабак сөз кылчумун. Ал эми мындан үч жыл мурун радиого «Мезгил жана музыка» деген уктурууну алып чыккам. Баш-аягы мындан 100 чыгарылыш даярдаптырмын.

— Бала чагыңызда ырчы болуу жөнүндө максат бар беле?
— Биздин бала кезибизде радио, теле, гезит дегендер жок болчу да. Ошон үчүн ырчы деген кандай болорун элестете алчу эмеспиз. Анда-мында айылга артисттер келип концерт коюшчу. Ошондо алардын черткен комуздарына, кооз көйнөктөрүнө кызыгып койгонум болбосо, мен ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Секелек кыз чагымда ырчы Мыскал Өмүркановадан бата алган да жайым бар. Анда ал киши филармонияда иштечү экен. Бир күнү айылда «артисттер келишти» деген сөздөр жүрүп калды. Апам тамекиде иштечү, түштө үйгө келип «сен булакка барып суу алып кел, мен болсо нан жаба калайын» деди. Биздин айылдын чет жагында жайык, анан саздак жер бар болчу, ошол жерден Күркүрөө деген улуу суунун бир агымы өтөр эле. Чуркап барсам бир автобус туруптур, анын жанына артисттер көйнөктөрүн илип коюп, чачтарын тарап жатыптыр. Бирөөсү мени көрүп «үйүңдө жарма, нан, айран барбы?» деп сурады. Башымды ийкесем «алып келчи» деди. Чакаларымды калдыратып үйгө келсем, апам «ай, суу кана?» дейт, мен болсо сүйүнүп, болгонун болгондой айтып бердим. Анан экөөбүз жарма, нан, айранды көтөрүп алып жөнөдүк. Жайыкта ысык нан жеп, жарма ичип отурушуп, бир кызыл көйнөкчөн эже «келчи бери» деп мени бооруна кысып, «мага окшогон артист бол» деп бата берди. Ким экенин билген деле жокмун, болгону кечинде концерт болуп жатканда Мыскал Өмүрканова деп жаттап калдым. Кийин Москвада ырдаганын көрүп, ошол экенине сүйүнүп жүрбөймүнбү.

— Сиздин эне темасына өтө чоң маани берериңизди жакшы билем…
— Менин кичи мекеним — Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылы. Он бир айлык кезимде атам согушка кетип, ошол бойдон кайтпай калган. Апам 8 бала төрөптүр, ошолордун ичинен башкалары токтобой, эжем экөөбүз эле калыптырбыз. Ал дагы бир байкебиздин колунда тарбияланды. Көп учурда апам жумушта, мен үйдө болчумун. Ал деле кат тааныбаган адам, мен деле айылдык кыз. Анан кантип Москвада окуп, катардагы ырчыдан эл артисти наамына чейин жеттим деп таң кала берем. Буга албетте, апамдын салымы чоң болду. Фрунзеге, Москвага дагы мени кабагым, кашым дебей узатып, өзү айылда жалгыз калды. Бирок окууну бүтүп келгенде аны өз колума алдым. Балдарымды тарбиялаганга жардам берип, баарын чоңойтту. Мен болсо алар 2 айлык болгондо эле жумушка чыгып кетчүмүн. Апам тың эле, 90 жашында күлчөтай жасап, балдарды тойгузуп, мени жумуштан күтүп отурчу. Акчанын эсебин билчү да, 10 сомдук кайсы экенин таанычу да эмес. Боорукер, калп сүйлөгөндү жаман көргөн киши болчу. Жоктон бар кылганды билген кыраакы эле. Согуш жылдары деле бирин экинчисине улап, мага жокчулукту билдирбептир. 95 жашка келип, оорубай-сыркабай, карылыкка моюн сунуп, 1980-жылы дүйнө салды.

— А атаңыз тууралуу эмне билесиз?
— Атамды мен апамдын айтуусу боюнча эле билем. Атам апамдын кайниси болгон. Илгери кайнисине алып берүү деген салт бар болгондуктан, ал орой деле көрүнгөн эмес да. Экөө баш кошкондон кийин унутулгус сүйүүнү баштан кечиришиптир. Бир жолу Жамиля менен Даниярдын киносун көрүп отурсак, апам «туура бизге окшош болушуптур» деп жашып кетти. Көрсө, атамдын да Даниярдыкына окшогон арабасы болуптур да, узак жолго чыгарда дайыма апамды салып алчу экен. Анан жолмо-жол ырдап барса, апам аны Жамиля сыяктуу кулак төшөп укчу экен. 36 гана жашында жалгыз бой калганы өкүнүчтүү. Апам бечара атамды «согуштан келет» деп жол карап жүрүп өттү.

— Жолдошуңуз Жайлообек аганы кантип таап алдыңыз эле?
— Жолдошум Жайлообек экөөбүз Москвада окуп жүргөндө баш кошконбуз. Кара-Балтанын Эркин-Сай деген айылынан болчу. Атасы жылкычы экен, анан жайлоодо төрөлгөндүктөн Жайлообек деген атты ыйгарыптыр. 9 бир туугандын улуусу эле. Консерваторияда группалаш болдук. Эгиз козудай ээрчишип, бири-бирибизди жактырышып жүрүп, 1961-жылы Москвада үйлөндүк. Ал учурда мен 21 гана жашта болчумун. Окууну бүтүп келгенден кийин опера жана балет театрында чогуу иштедик, элди аралап бирге гастролдодук. Экөөбүз азербайжан элинин чыгармасына жазылган бир спектаклди аябай жакшы көрчүбүз. Себеби, анда Жайлообек Аскердин, мен сүйгөнү Гүлчехранын ролдорун жаратчубуз. Өнөктөштүк партиябызды мыкты аткарып, өбүшкөн, кучакташкан жерлерин тартынбай, эркибизче ойночубуз. Бир жолу ушул эле роль мага, ал эми Аскердики менин бир агайыма тийип калып, сахнада андан уялып, аябай ыңгайсыз болгом. Өзүм да чыбыктай солкулдап турган кезим эле. Бирок ал унчуккан эмес. Жайлообек театрдан мени менен бирге кетти. Андан кийин мугалим болуп иштеп жүрдү. Ата-энесинен калган оору акыры аны да жайына койбой, 1998-жылы кан басымы көтөрүлүп кетип, каза болуп калды.

— Балдарыңыздын арасынан сиздин жолуңузду улап кетери барбы?
— Менин 2 кыз, 1 уулум бар. Бирок арасынан жолумду жолдой турганы көрүнбөйт. Улуу кызым консерваторияны аяктаган. Мага окшоп 7 жыл төрөбөй жүрүп, катары менен 2 уул, 1 кыздуу болду. Анан Кудайга ыраазы болуп, үйдө отуруп калды. Кичүү кызым журналист, уулум болсо юрист. Баары үй-бүлөлүү.

— Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз.

«Леди.КГ» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий