Кыяз Молдокасымов Оштогу көз жаш же эки жыл бою неге буулуктум?

Түштүктөгү коогалаңга эки жыл болду. Эмнегедир ушул кандуу окуя тууралуу эч жазгым келбеди. Убагында кыргыз-өзбек элинин тарыхый байланышы тууралуу илимий изилдөө жүргүзгөнүм да таасир эте албады. Эки элдин байланышы, мамилеси жөнүндө архивдерден жыйнаган тарыхый маалыматтарды мисалдап, тараптарды акыл-эске чакырсам, насаат айтсам болмок. Бирок аны жасагым келбеди. Кантип айтам, мектепте тарых сабагынан берген агайымдын милиция болуп иштеген небересин өлтүрүп, короосуна көмүп таштаган канкорлор тарыхты же насаатты угабы? Же чоң атам Молдокасым көп жылдар балалуу болбой жүрүп багып алган, азыр 90 жаштагы кемпирдин тарсылдаган кызы Айшакан эжемди (Ошто кошуна өзбектерди коргоого алып жүргөнүн билип туруп) мыкаачылык менен өлтүрүп, өрттөп жибергендер угабы? Же кыргыздан жүзүн буруп, өлкөнү бөлүп-жарып жок кылгысы келген анабашылары тыңдайбы? Же кутумчулар менен ымала түзүп, алардын бузукулук аракеттерин ооздуктабай, өрттүн чыгышына шыкак берген мыкчыгерлердин мээсине жетмек беле? А түгүл кыргызды дүйнө жүзүнө канкор көргөзгөн кесиптештериме да каяша айта албадым. Көп нерседен утулганыбызга ууктум. Эки жыл бою буулуктум.

Атам тааныган өзбек туугандарды таппай келем

Биз жаш кезде Өзгөндө өзбектер менен кыргыздардын туугандык мамилеси жакшы эле. Эсимде, кичинемде энемди ээрчип Өзгөнгө кээде-кээде кезек тийип келип калчумун. Энем айылдан Өзгөнгө келээрде сумкелерин белек-бечкекке толтуруп алаар эле. Анан шаардагы Мунаранын тегерегинен эле тааныш өзбектери менен учурашып, сумкесиндеги сары май, курут, жаңгак сыяктуу белектерин таратып, бала-бакыраларын сурап, анан базарга өтөөр эле. Алар да энемди көргөндө жүгүрүп чыгып учурашып, айрымдарынын көздөрү жашылданып кеткенин байкачумун. Энеме:»Булар биздин тууганбы?», — десем, «Ооба, алардын ата-энелери чоң атаң менен да катташы жакшы болчу, биз алардын үйүнө, алар биздин үйгө келип турчу», — дечү. Кээде алар таттууларын көтөрүп айылга келип турушчу. Ошондо бизге өзбек туугандарыбыз келди деп айылга мактанып алчубуз. Кийин атам менен Өзгөнгө келип калган учурда да атам көчөдөн жолуккан өзбектердин көпчүлүгү менен көкүрөк тийиштирип кучакташып, бир топко чейин сурашып туруп калчу. Ошондо мага Өзгөндөгү өзбектердин бардыгы атамдын таанышы, тууганы, досу сыяктуу көрүнчү. Азыр мен энем менен атам тааныган өзбектердин бирин да тааныбайм. Аларды менин балдарым да тааныбайт. Өзгөндөгү өзбек туугандар менен катыш энем менен атамын көзү өткөндөн кийин токтогон. Мына ошинтип туугандай катташкан, сурашкан өзбек боорлорубуз менен аралыгыбыз алыстап, мамилебиз солгундады. Ал боштукту кыргыздын тузун татып, суусун ичкен кутумчулар эчак ээлеп алышкан. Азыр Өзгөндү аралаганда жаш кездегидей жылуу жүздөрдү, сылык сөздөрдү, сагынычка толгон көздөрдү издейм. Алардын ордун чоочун көздөр, муздак мамилелер, исламдын бөлүп-жаргыч агымдары азгырып, ээлеп алган. Азыр кыргыз-өзбек ортосунда туугандык жылуу мамиле, адамдык аяр карым-катнаш жетишпей келет. Биз алдыга эмес, артты көздөй кеттик.

Жаныбек казынын небереси кыргыз болуудан баш тартканда

Адатта өткөн тарыхтан көп жакшы нерселерди алууга болот. Өзгөндө өз убагында кыргыз-өзбекти биздин айылдан чыккан айтылуу Жаныбек казы эле башкарып, элди касташтырбай камыр-жумур кармап турган экен. Жаныбек казы Өзгөн шаарынан айылына кеткен учурда өзбектер ат, эшекчен, жөө-жалаңдап келишип, чечилбеген маселелерин ал менен кеңешип чечип кетишкенин аксакалдар сыймыктанып айтып калышчу. Азыр Өзгөндөгү өзбек туугандарды Көлдүккө конокко чакырсаң да коркуп келе бербейт. Мындан 100 жыл мурдагы адамдар менен азыркылар өтө эле көп айырмаланып кеткенин көрүүгө болот. Ал гана эмес, Жаныбек казынын Өзгөндө жашаган неберелери ата конушу Көлдүккө келгенден коркушат. Өзгөн шаарында анын бир небереси урпактары менен жашайт. 10 жыл мурда Султан Абдрахманов экөөбүз Жаныбек казыны «Доор аянына» тарталы деп, Мунаранын жанында ошол небереси менен сүйлөшүп калдык. Башында кийгени тага журтунун ала топусу. Султан андан: «Өзүңүз Жаныбек казынын небереси экенсиз. Кийген топуңузга караганда өзбектейсиз. Улутуңуз ким болот эми?», — деп сурап калды. Ошондо ал:»Хам өзбек, хам кыргыз», — деп жооп берди. «Эмнеге антесиз, чоң атаңыз өрөөндү башкарган кыргыз болсо, сиз да кыргызсыз да?», — деген сурообузга ал биз күтпөгөн жообун берди. Көрсө, ал чоң атасы Жаныбек казыдай кыргыз болгусу келип, үй-бүлөсүн Өзгөндөн көчүрүп ата конушуна келиптир. Туугандары бир жумадай коноктоп, жай турмушун баштагандан тартып, өзүн, балдарын кошуп биздин «өзбек тууганыбыз» деп кодулай баштайт. Бара-бара балдарын «сарт» деп оолактатышат. Акыры эки айдай жашагандан кийин ата конушунда өз туугандарынын кодулоосуна чыдай албай, «кыргыз болуудан баш тартып», Өзгөнгө көчүп баса беришет. Ошондон бери өзбек туугандардын арасында «кыргыз» деп кодулоого учурабай кулак-мурду тынч жашап келээрин айтат. Бабалары батырбай койгон балдары да Өзгөндүн өзүндө өсүп чоңоюшту. Ошондон бери ал «кыргыз» болом деп кайрадан кайрылып ата конушуна барбады. Демек, Жаныбек казынын урпактарын батыра албаган, балдарын боор тартып асырай албаган күнөө кимде? Анан кантип өзгөндүк өзбек туугандар Жаныбек казынын айылына келсин? Айтылуу Жаныбек казынын урпактарын боорго тартпай, оолактаткан мамиле азыр кыргыздын оор дартына айланды. Бул мамиле кыргыз менен өзбектин ортосунда гана эмес, өз жеринен алыска көчүп келишкен кыргыз менен кыргыздын ичинде да олуттуу маселеге айланып кеткенин аңдабай жатабыз. Кыргыз кыргызды боорго тарта албай, ынтымагы ыдырап турган учурда башкалар кантип кыргызга боорун берип, урматташсын? Кыргызда эң оболу Жаныбек казынын урпактарына мамиле оңолсо, андан соң башкаларга мамилебиз оңолот. Ошондо башкалардын мамилеси кыргызга оңолуп, Манастын доорундагыдай кыргыз болууну сыймык көрүп, кыргыздын тегерегине биригет. Ошондо гана Ош, Жалал-Абаддагыдай кан төгүлгөн карама-каршылыктардын тамыры кыркылат. Бул маселенин бир гана жагы. Алгач кыргызды бириктире турган, ынтымагын арттыра турган жолго түшсөк, андан соң башка улуттар ошол жолго имерилет. Ал тууралуу сөз кийинки жолу болсун.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий