Мелис Эшимканов. «Табышмак»

(аңгеме)

«Токмокко бардым топоюп, топоюп
Кайра эле келдим бопоюп,
бопоюп»
…деп кайта-кайта ырдаар берээр элең, короодогу балдар менен «учту, учту» ойноп атып, тамды, калем сапты, уйду «учуруп» жибергенде.

(Балалык доордун баянынан)

Ал мейманкананын сегизинчи кабатында, ойлонуп дагы, ойлонбой дагы жалгыз телмирип жатты. Жалгыздык туткундаса өз эрки экен да. Миллиондогон калкы бар, Шукшин айтмакчы «миллиарддаган кылы бар» өмүрдүн күчүнө күбө болгон чоң калаанын бир бурчунда кыргызстандык бир жигит чырмалышкан ар түркүн ойлору менен алпурушуп, жалгыз жатты.

Түн оокуму. Ааламды жымжырттык ныгыргансыйт. Ал чалкалаган калыбында ордунан козголбой жатты. Төбөдө кооз, тунук, жаркыраган люстра. «Кымбат болсо керек».

Ай астынан өткөн жигит,
Алтын чоор тарткан жигит.
Күн астынан өткөн жигит,
Күмүш чоор тарткан жигит…
Жетимиш кемпир жер тиштейт..
. Ичи ичинде, ичегиси тышында… Тий десе тийбейт, тийбе десе тиет… Тегерете таш койдум, кызыл өгүздү бош койдум… Жыйдым, жыйдым бир килем, жыя албадым бир килем…

Люстрадан көзүн албай ойлонуп дагы, ойлонбой дагы жатты ал. Ойлонуп дегенибиз, каарманыбыздын мээсине балакеттин баары эле үстөккө-босток келе берет, а ойлонбой жатты дегенибиз — ошол балакеттер бир ирмемде жок боло түшүп, заматта учуп кетишет. Адамды түшүнүп болбойт. Айтса азыр, качанкы бир бала чагынын сагынычтуу илеби көөдөндө жумшак, назик элес туйлатып, минтип чоң энесинин табышмактарын эскертип отурат.

Люстрадан көзүн албай ойлонуп дагы, ойлонбой дагы жатты ал. Бул чоң шаардын жашоосунун күрөө тамырына азыраак көнгөнсүп калды. Практика өткөнү ушул жерге келгенине эки айдын жүзү болду. Баарынан да жаңы келген күнү, кызык. Кызыл аянттын так ортосунда туруп алып далайга дейре апкаарып, Кремлдин куранттары менен кошо жүрөгү түрсүлдөп, негедир алыскы-алыскы Ак-Сай тоолорун, аскаларын эстеди, негедир көз алдына тоо бүркүтү келип, көкүрөктү ушундай бир опкоолжуткан үнү менен кыйкуулап, кызыл аска боорунда, кызыл Кремль боорунда чабыттап жүрдү.

Ал жаңылыкка туш болуу ырахат экенин түшүндү. Көзүн жумат, кайра ачат, жумат, ачат… Сулуулуктун купуя сырларын алдейлеген «Третьяковка»… Адамдын жата калып өпкүсү келген, тарых жыттанган, күрөш жыттанган Москванын эски көчөлөрү… Баарынан да көңүлгө орногону, жакканы, толкундантканы — китеп окуган эл болду. Ооба, эл. Убакыт менен таймашып, колдору эмгек кылып, буттары космос­тук ракетанын тепкичтерин тээп, кулактары XX кылымдын жүрөк кагышын тыңшап, а көздөрүчү, көздөрү китеп окуп, китеп жыртып жүрүшүп дирилдеген жылдыздарга айланып кетиптир. Кайда жүрүшсө да китеп окушат. Метродо, көчөлөрдө, вокзалдарда, базарларда китеп, китеп, китеп, китептердин майрамы…

Ал кубанып дагы, кубанбай дагы, ойлонуп дагы, ойлонбой дагы чалкалап, люстрадан көзүн албай, телмирип жатты.

Жымжырттык ныгырат.

Төбөдөгү кооз, тунук, жаркыраган, «кымбат болсо керек» деген люстра барган сайын тунарып, кичирейип, табышмактанып, толгон-токой жамаачылуу, түндүгүнөн жымыңдаган жылдыз көрүнгөн боз үйдүн чыкта тарабындагы илинген, шишесин көө баскан, шайтан көпөлөк тегеренген май чыракка айланып баратты…

«…А кезде Уй-Булактагы жайлоодо тун уулум Бакыйдыкында элек. Жайкы ысыкта Ак-Сайдын төрлөрүнө не жетсин. Анын үстүнө уулум бээ байлап, үйүнөн кымыз үзүлчү эмес. Айылдаштар, тууган-туушкандар эртели-кеч анын үйүнөн кетпей, «байдын кымызынан өтөөрү жок», — деп тамшанып калышчу. Кошуна аттуудан үч үй боло турган. Кудай коногу болуп жолоочулар кайрылаар эле. Дарыкер уулум келинчеги, бала-чакасы менен ошондо. Шаардыктарга жайлоодон өтөрү барбы. Күндө майрам, күндө той. Боорсок жасаган күн той, кой санаган күн да той, айтор, базар.

Анда ушул саргалдайым төрт жашка келип, чендейген курсагы жабылбай, деле тепеңдеп жүрүүчү. Атка мингизип койдуң, болду, ээрдин кашын кое бербей, корккону менен керели кечке аттан түшкүсү жок».

…Шишесин көө баскан май чырактан бала көзүн албайт. Чыракты жан алакетке түшүп шайтан көпөлөк чарк айланат, айланат, түк жадабайт. Бала да аны карагандан тажабайт. Билиги өлмөксөн үлдүрөйт шишенин. Шайтан көпөлөк. Бала…

«Кудайга шүгүр, шерине кылып дегендей, кээде жөн эле ысык тамакка айыл-апаны чай-пайга чакырып турчубуз. Ата-а бирок, жанагы Күкү келиним анык жаман абалда калбадыбы. Жаны тынбай күнү-түнү тамак жасайт, нан бышырат. Деги түтсө буюрсун. Өзгөчө түшкө маалы жаркөп жасамай адат эле. Боз үй толтура киши, ызы-чуу түшкөн балдар. Ошондо мына тамак бышып, чыгарайын дегенде, сырттан кошуналар балдарын тоокчосунан ээрчитип кирип келишет. Тамак жетпей уят да болду курган келин. Э ботом, күндө эле ошо, тамак чыгаарда кошуналар киришет. Келген кишини куумак белең, андай бизде салтта жок. Кеп тамактын аягында эмес, ойлоп көрсөң, күндө эле тамак чыгаарда конок. Же өз тойбой, же бөтөн тойбой, идиштерди чукуп, жалап-жуктап калабыз».

Шишесин көө баскан, билиги өлмөксөн үлүрөгөн май чыракты шайтан көпөлөк чарк айланат, айланат, айланат. Балада уйку жок. Түндүктөн жылдыздар дирилдешет…

«Кошуналар өздөрү деле таңгалды окшойт. Бир күнү ыраматылык төөчү Наамат акем, жакшы киши эле, сакалын сылап, дагы бир түшкү тамактан кийин:

— Алда ушул биздин Медер сыйчыл болот го. Тамактан калтырбай чакырат, айланайын, — деп калса болобу. Тобоо, табышмак ошондо араң жандырылбадыбы. Көрсө, саргалдайым үйдөн жеңеси тамак жасаганда эле кошуналарга «чуу» койчу тура. Аа, алдыңа кетейиним, пейилин көрбөйсүңбү. Бир-эки жолу кошуналарды конокко чакырса, кыныгып, милдет кылып алган тура. Бала да. Ошо таза пейилинен жазбай өмүр сүрсүн каралдым…»

«Ата! Апа! Эже! Силерди тамак ичсин деп атат!..»

«Силерди тамак ичсин деп атаа-аа-аат…»

…Биздин жаш каарманыбызды турмушунда дагы көп табышмактар күтүп турат. Бул чындык.

Москва ойгонуп келатты.
Ай астынан өткөн жигит,
Алтын чоор тарткан жигит.
Күн астынан өткөн жигит,
Күмүш чоор тарткан жигит…

«Жаш ленинчи», 1987, №10

Соц тармактар:

Добавить комментарий