Бабалар байырлаган жерге сапар

Белгилүү жазуучубуз Кеңеш Жусупов «Байыркынын издери» аттуу китебинде Кайлас тоосу тууралуу маалыматты бекер жазбаганын эми билип отурабыз, бурадар! Бул жаңылык бүгүн жаамы кыргыз журту үчүн күтүүсүз кубаныч! Эң кызыгы, Гималайдагы Кайлас тоосунун этегинде бүгүнкү күндө Манас көлү (Манасоравар) бекер жерден пайда болбогонун Айбек Байымбетов аттуу мекенчил замандашыбыз атайы сапар таасирлери туурасында жазган андазасында белгилептир… Анда ал Кайлас тоо этегинде жашаган кыргыз урпактары менен жолугушуп кайтканын береги сүрөттөр далилдеп турат. Эмесе дүйнөлүк төрт диндин руханий ордосу, сыйынуучу ыйык жайы саналган аймактын суусун ичип келген мекендешибиздин баянын окуңуздар…

Батыш Тибет

Дүйнө жүзүнүн «чатыры» эсептелген Тибет кимди гана кызыктырбайт, кимди гана өзүнө арбаган жок. Асман менен киндиктеш бул тоолор убакытты  багындырып алгандай. Тибеттин өзүнүн түпсүздөн түбөлүккө уланып келаткан жолу, алган озуйпасы бар. Жер шарындагы эң бийик тоо курамы болуу менен бирге Тибет мистикалык мааниси менен да көпчүлүк дүйнөлүк туристерди өзүнө тартып келет. Бийик тоолуу ландшафттын бул аймактагы өзгөчөлүгү жана буддизмге таандык байыркы маданий очоктордун сырдуулугу, сырттан келген адамдын стандарттуу кабыл алуусуна оңой менен жата бербейт, көпчүлүк туристердин суктануу сезими мистикалык ишенимге өтүп кеткендигинин себеби да ушундан болсо керек. Бирок албетте, Тибеттин энергетикалык жыштыгынын деңгээлин эске албай коюуга болбойт. Чыгыш элдери үчүн бул түбөлүк тоо-чеп диний практиканын жана руханий жарыктануунун ордосу катары ыйык жай же мазар сыяктуу кабыл алынган.

Ал эми биз сөз кылчу түштүк-батыш Тибет бүгүнкү күндө дүйнөгө ыйык Кайлас тоосу менен популярдуу, ошондой эле бул аймак изилденбегендиктен илимий баалуулугу чоң кызыгууну жаратууда. Бул аймак тобокелчил туристерге, экстремал-альпинистрге жана авантюристер үчүн десем болот. Себеби бул жердин катаалдыгы адамды ар дайым тобокелдин үстүндө гана кармайт. Коопсуздук кепилденген эмес.

Биздин бул сапарыбыз жеке умтулуубузга байланыштуу болду. Бардык кыйынчылыктарды эсептеп билген соң, сапарды уюштуруудан баш тарткан жокбуз. Ички умтулуу күчүбүз бекем болгондуктан аз болсок да дымагыбыз түшкөн жок. Алдын ала кызыккандарга жана тиешелүү жерлерге жарыялангандан кийин барчулардын саны көп болуп, бирок реалдуу ишке өткөндө азайды. Жогоруда белгилегендей Тибет, өзгөчө Батыш-Тибет оңой жер эмес экен, ага физикалык жана психологиялык даярдыксыз адам жеке өмүрүн эч кандай кепилдиксиз эле чоң тобокелге салып коймок. Ушундан улам биртоп себептерден кийин акырында Тибетке 3 киши бел байладык. Сапарыбыздын багытын Кашкар аркылуу Батыш Тибетке карай түзүп чыктым. Бизге дал ушул багыт маанилү болчу.

Тибетке болгон бул жолку сапар өзүнүн илимий-изилдөөчүлүк мүнөзү менен айырмаланды. Буга чейин 2011-жылы Тибетке  Непал өлкөсү аркылуу кирип, борбордук жана чыгыш бөлүгү аркылуу Кытайдын Сычуань провинциясына кирген элек, ал мезгилде Тибет борбору Ласа (Лхаса)шаарында болууга гана мүмкүнчүлүгүбүз түзүлгөн.  Мурун көрүп билгенден кийин бар тажрыйбанын жардамы менен өз алдыбызча даярдандык. Бул жолкусун Батыш Тибетте жайгашкан дүйнөгө аты чыккан ыйык Кайлас тоосуна зыярат кылгандан бөлөк, тибеттик кыргыздарды таап изилдеп келүү башкы максатыбыз болчу.

Мен тибеттик кыргыздар туурасындагы маалыматты биринчи жолку сапарымдын учурунда уктум, ошондон кийин бул маалыматты бышыктоо максатында Батыш Тибетке атайы экспедиция уюштуруу керектигин түшүндүм. Бирок биздин илимий коомчулугубуздун абалы  үчүн ири экспедиция уюштуруу реалдуу мүмкүнчүлүгүбүзгө туура келбечүдөй жана анын үстүнө маалыматтын дээрлик жоктугу тобокел жаратмак. Ошондуктан жеке мүнөздө гана сапар уюштуруу көз жетерлик иш экендиги белгилүү болду.

Батыш Тибет толук изилденбеген жабык аймак болуп саналат, бул зор тоолуу мейкиндик дээрлик бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн байыркылыгын сактап калган. Эми гана бул аймакта жайгашкан түйүндүү эл жашаган айылдарга инфраструктура кирип, аймак өздөштүрүлүп, Кытайдын өнүгүү интеграциясына кошулуп баштаган кези. Бул аймак боюнча бир гана транстибеттик G219-автомагистрал өтөт (high way), дүйнөдөгү эң татаал жана бийик, опурталдуу жол экенин жонтерибиз менен сезип-билдик. Дал ушул жолдо деңиз деңгээлинен 5600м бийиктикте ашуу жайгашкан. Дал ушул ашуудан дүйнө жүзүндөгү бийиктиги боюнча экинчи чоку атактуу К 2ны (8611м) көрүүгө болот, бул аймак чегара тилкесинде жайгашкан.

Батыш Тибетти кесип өткөн G 219-трасса Шиңжаңдагы (Синьцзян) Каргалык шаарынан Тибет борбору Ласага чейин барат, аралыгы 3000 км. Бүгүнкү күнү Кытай бул G 219-чу трассаны реконструкциялоонун үстүндө кызуу иштеп жатат, болжолдуу бүтчү убактысы 2014-жыл. Батыш Тибет конфликтке опурталдуу аймак болгондуктан, бул жакта чегара тосоттору катуу көзөмөл үстүндө иштейт экен. 1962-жылы Индия жана Кытайдын ортосунда Аксай-чин аймагы үчүн аскердик конфликт болуп, натыйжада бул аймак Кытайдын карамагына өтөт, бирок бүгүнкү күнү Индия Кытайдын бул жерге болгон укугун тааныбайт, ошондуктан Кытай менен Индиянын ортосундагы бул аймактагы чегара жабылган. Ушундан улам G 219-трассасында Дарченден Каргалыкка чейин 7 жолку контролдук көзөмөлдөөчү пунктан катуу текшерүүдөн өттүк. Айта кетчү нерсе, Тибетке Кытай визасынан бөлөк атайы уруксат кагазы (permit) аркылуу гана кирүүгө жол берилет. Ал эми Раскем дарыясы аккан өрөөндүн башы милитаризацияланган, ал жер толук жабык аймак болуп саналат. Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин Кытай менен Индия ортосундагы чегара келишими көйгөй бойдон калууда.

Тибет кытай тилинде «Шизаң» делип, ал эми жергиликтүү тибеттиктер «Заңзу» аташат. Биз Батыш Шизаңга Кашкар аркылуу кирдик, тактап айтканда, учак менен Батыш Тибеттин борбору Алиге (Shequanhe) барып кондук. Бул авиарейстин ачылышына 1 гана ай болгон экен, Кытай биринчи жолу Батыш Шизаңга аба жолун ачты, бул чоң окуя, себеби, эми Тибет боюнча буга чейин Ласада гана аэропорт болгон болсо, эми Алиге чейин учак каттай алат. Али шаарынан 60 км. аралыкта жайгашкан аэропорт дүйнөдөгү эң бийик учак конуучу жай экен, анын бийиктиги 4270 м. Алдын ала акклиматизациядан өтпөй туруп,  дароо бул аэропортко келип конуу өмүргө зыян.  Кашкардан каттаган бул авиарейс менен биз 5 күндүк автожолду Алиге чейин 2 саатта учуп өттүк. Ал эми дүйнө борбору болгон Кайласка жеткенден кийин Кашкарга кайра Батыш Тибет жолу менен келдик.

Кайлас

Түштүк- Батыш Тибеттеги биздин бара турган жайыбыз бир гана Кайлас тоосу болду, Батыш Тибет дегенде эле дүйнө жүзү дароо Кайлас тоосу менен ассоциациялаштырат. Бул тоого байланышкан түрдүү мифтер жана легендалар кылымдардан бери айтылып келе жатат. Кайлас пирамиданын формасында дүйнөнүн төрт тарабына ыктап жайгашкан. Чыгыш элдеринин ишениминде бул тоо кудайлардын пантеону саналат. Азиядагы эң ири төрт дарыя Инд, Ганг, Брахмапутра, Сатледж дал ушул тоодон баш алат.

Жакындан көргөн мен үчүн бул тоо эстен кеткис зор таасир калтырды. Эгер Кайласты бир жолу айланып чыкса, адамдын бул дүйнөдөгү бардык күнөөлөрү кечирилет, ал эми 108 жолу айланган адам нирванага чыгат деп айтылат. Мени бул нерсе деле кызыктырган жок, башкысы — ыйык тоо байыртан бери көчмөн элдеринин тарыхый тагдыры менен терең байланышкан. Белгилүү жазуучу Кеңеш Жусупов «Байыркынын издери» аттуу китебинде дал ушул Кайлас тоосу тууралуу маалыматты белгилейт, ал жерде бул ыйык тоо илгертен бери кыргыздарга маалым болгондугу айтылат.

Биз Кашкардан учуп келген күнү эле Али шаарчасынан джип машине жалдап, түз эле Кайластын этегинде жайгашкан Дарчен айлына келип түштүк. Бир күн ичинде эртең менен Кашкардан чыгып, кечинде Кайластын алдына келдик, бул Кайласка жетүүдөгү туристер үчүн рекорддук көрүнүш. Ошол эле күнү ай толоор кездин алдында ыйык Кайластын бооруна чыгып, көксөөбүз канды. Көргөн көзүбүзгө ишенип ишенбей турдук, бир күн ичиндеги бул окуя башыбызга батпай жатты.  Буркандардын курулун (буддисттердин храмын) аралай, өзүбүзчө кыргызча тилек кылдык. Ким билет, балким азыркы кыргыздардын арасынан бул жайга биринчилерден болуп биз келсек керек, буга чейин бизден баргандарды укпаптырмын.

Мындан 2 миң жыл мурун дал ушинтип көчмөндөр ыйык Кайласка зыяратка келип тургандыр. Бул жолу да көчмөндөрдүн урпактарын ыйык тоо жылуу тосуп алды. Кайлас тоосу жайгашкан түштүк-батыш Тибет байыркы түрк элдеринин салттуу зыярат кылчу жайы болгондугу туурасында бүгүн маалымат булактары ачылууда (tengrinews.kz/science). Болбосо ошол Кайластын этегиндеги Манас көлү (Манасоравар) бекер жерден пайда болуптурбу? Манасоравар күн формасында жана ага жанаша жайгашкан көл ай формасында экен. Манас көлү жакшылык, жарыктык менен маанилешсе, ай формасындагы көл тескери мааниде айтылат.

Менин божомолумда,  түштүк-батыш Тибет көчмөндөрдүн көчүп-конуу ареалына, жашоо мейкиндигине кирген. Ошондуктан кыргыздардын байыркы көчмөн элдеринин бири катары Тибет менен болгон тарыхый байланышын четке кагып салуу туура эмес. Кайлас жергиликтүү тибеттиктердин буддизмге чейинки «Бон» дини боюнча көк асман культу менен байланышкан, бул демек, түздөн-түз көчмөн элдеринин дүйнө таанымынан кабар берет. Бон дини боюнча тибеттиктердин алгачкы 7 падышасы кетеринде асмандан түшкөн жип менен көтөрүлүп кетишкен, бизге түшүнүктүү болуш үчүн кайып болуп кеткен десем болот.

Тибеттиктердин алгачкы ишениминде асманды ыйык тутуу ага табынуу жашоо образына айланган. Белгилей кетчү жагдай, эгер Кайлас тоосунун спутниктен тартылган сүрөтүн көрө турган болсоңор, сөзсүз жалпыбызга белгилүү образды көрө аласыздар. Бул да болсо кандайдыр бир деңгээлде жогоруда айтылган божомолдор чындыкка жакын экендигине далил болсо керек…

Тибеттик кыргыздар

Тибеттик кыргыздар туурасында маалымат учкай гана айтылат, XIX кылымда Орус падышачылыгынын чалгындоо максатында жиберлиген экспедициялары бул аймакта кыргыздардын чакан топтору жашайт деген кабар берет. Атүгүл Индия түндүгүндөгү Кашмир штатында Ладак шаарында (XX-к.башында) миңге жакын кыргыздар жашайт деген маалыматты географ А.В.Станишевский билдирет. Бул кыргыздардын Азия мейкининде жайгашуу ареалы өтө кенен экендигинин далили. Индиянын түндүгүндөгү кыргыздар кичи тибеттин аймагына кирип калат. Ладак шаарын түндүгү Куэнь-Лунь түштүгү Гималай тоолору курчап турат, байыркы замандарда бул аймак менен улуу жибек жолунун бир бутагы өткөн. Эгер Станишевскийдин берген маалыматына таянсак, бүгүнкү күнү да балким тилин унутканы менен өзүн кыргызмын дегендерди жолуктуруу толук мүмкүн.

Улуу сүрөткер, илимпоз-философ Н.К.Рерих 1923-1928-жылдары Тибет аркылуу илимий саякат менен өткөндө кыргыздарга жолукканын жазат. Ал ошол түндүк Кашмирден Туркестанга Хотан оазисине чейинки аралыкта жайгашкан Депсанг жана Санджу ашууларынын ортосунда жана андан аркы аймактарда кыргыздар жашагандыгын жазган. Санджу ашуусуна чейин бурканчылардын (буддистердин) үңкүрлөрү бар же алар «кыргыздардын турагы» деп айтыларын белгилеп өткөн. Кыргыздардын изи сууй элек, бул маалыматтардын али да болсо илимий баалуугу зор. Биз кыргыздар бүгүнкү күнү руханий-маданий мейкиндигибизди кайра калыбына келтирсек, келечегибиз кенен болмоктур…

Эми биздин маалыматыбыз боюнча тибеттик кыргыздар түндүк-батыш Шизаңда Куэнь-Лунь тоолорунун түштүк этегинен Раскем дарыясы агып өткөн өрөөнгө чейин чачырап жайгашкан. Тибеттин бул бөлүгүнүн климаты катаал жана бийик келет, бул жердеги тоолуу ландшафт катып калгандай, кээ бир жерлерде таптакыр эч нерсе өспөйт. Биз жолуктурган кыргыздар Шиңжандагы Каргалык шаарынан Тибетти көздөй 360-400 км. аралыкта турак алышкан. G 219-чу трасса боюнча Каргалыктан чыгып Куэнь-Лунь тоолорунан Аккез даван ашуусу аркылуу өтүп, андан Чыраксалды (5012м) ашуусун ашкан соң Раскем дарыясынын өрөөнүндө жана ага жакын тоо бийиктиктеринде кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин малын жайып, оокат кылып келишет.  Биз таанышкан жергиликтүү шизаңдык кыргыз Абдлызкабыл байкенин айтымында, бул жердеги кыргыздар Кызыл-Суудан келген эмес, алар илгертен бери ата-бабаларынын жери катары ушул аймакта жашап келе жатышкандыгын белгиледи. G219-чу трассанын боюна Шаңшидифаң деген айылда бүгүн Кытай өкмөтү атайы кыргыздар үчүн деп 20дан ашык үйбүлөгө үй салып берүүдө. Кытай өкмөтүнүн бул камкордугу албетте биз үчүн сүйүнүчтүү кабар. Биз алгач Шаңшидифаңга келип түшкөндө кыргыздарга салынып жаткан үйлөргө барып, кыргыз таппай койдук, бирок, эшиктин алдында жайылган ала кийизди көрүп абдан сүйүндүк, ушунча жолду басып кыйналсак да, жол азабын көтөрүп келгенибиздин акысын көрдүк. Бактыбызга бир кыргыз байкени жолуктурдук, ал жогоруда айтылган Абдлызкабыл байке. Учурашып амандашкандан кийин «кыргыздар жок го» деген сурообузга «баардыгы тоолордо мал багып жүрүшөт» деди. Демек, кыргыздар буюрса, даяр үйгө келип киришет экен. Байкенин айтмында, бул жерлик кыргыздар ичкилик урууларын түзүшөт, алардын тоодогу айлына кол трактор же мотоцикл (3дөңгөлөктүү) менен гана барууга болот экен.

Чынында Тибеттин катаал климаттык шартында кыргыздардын жашоо шарты оор жана жупуну. Бул кишинин эсеби боюнча Шизаңда баш-аягы 3 миң кыргыз жашайт экен, бирок, бул дагы тактоону талап кылган сан. Бул жактагы кыргыздар заңзулар, ханзулар, уйгурлар, монголдор менен кыз алып кыз беришпейт. Кадимки кыргыздын салты, тили менен жашашат. Сүйлөй келгенде, айрым сөздөрү түшүнүксүз болуп кетет экен, же уйгурча чалыштап кетеби, же ханзуча аралаштырып жиберишеби,  түшүнбөй калдым. Бирок кыргызстандык кыргыздарга караганда кыргыз тили буларда таза сүйлөнөт. Негизги чарбасы мал менен өтөт, бакканы кой, топоз. Бир үйбүлөдө 300-400 койдун башы саналат.

Биз Абдлызкабыл байке менен кенен сүйлөшө албадык, ошол курулушту көзөмөлгө алган кытайлар тоскоол кылып, сүйлөшүүгө тыюу салышты, мынчалык чектөөгө алганы мени абдан нааразы кылды, аны байкаган сакчылар паспортумду алышып, сурак кылганга чейин барышты, сыягы тыңчы деп ойлошсо керек. Акыры сакчы башчысына биз тууганбыз, жөн гана учурашып сүйлөштүк деп кутулдук. Кыргыз тууганыбыз менен коштошуп болгон соң, Каргалыкты көздөй жөнөдүк. Көп өтпөй жолдун аркы өйүзүндөгү суу боюндагы кыргыздардын таш үйлөрүнө туш болдук, ырас үйдө киши бар экен. Бул тоо боорундагы таш үйлөрдө 3 үйбүлө жашаарын айтышты. Жердин аты Шайдылда, илгертен бери кыргыз мекендеп келген жер деп алар да белгилешти.

Бул аймакта кыргыздар Күбө, Диңкыр жана башка кыргыз аталышындагы жерлерде дал ушундай таш үйлөрдө аралыгы алыс-алыс аймактарда байырлап турушат. Мүнөздөрү кичипейил, меймандос, абдан токтоо, бир калыпта келишет. Таңгалып аңкайып калбайт, бар жашоосун кабылдап, тагдырларына моюн сунган. Жашоо шарттын кыйынчылыгына карабай ыраазы, шизаңдын катаал тоолоруна, кургак абасына, бийиктигине кан-жаны менен көнүп калган.

«Кыргыздар Тибетке кайсыл мезгилден бери көчүп келген?» деген суроо туулат. Буга эки версия бар, биринчиси, XVIII кылымда Цинь империясынын маньчжур императору Цяньлуньдун убагында кытай жунгар хандыгын талкалап, Кашгарияны басып, азыркы Шиңжандын аймагына ээ болгон мезгилде Тибетке кыргыздар атайын сакчылык максат менен көчүрүлүп барса керек.

Экинчиси,  IX кылымда Улуу кыргыз дөөлөтүнүн убагында барып калышы толук ыктымал. Бирок кыргыздардын Тибет менен болгон  этногенетикалык тарыхый жана маданий байланышы 1-чи миң жылдыкта эле калыптанышы мүмкүн.  Белгилүү этнограф, кыргыз таанучу С.М.Абрамзондун эмгегинде  «Кыргызда жылан, курт чакканда, алардын уусун кайтаруу үчүн «Көкүнөрдүн көлүнө көч, какшаалдын чөлүнө көч» деп айтылган ырымы бар»  деп белгиленет. Бул азыркы түндүк-чыгыш Тибеттин этегиндеги Цинхай провинциясында жайгашкан Кукунор көлү жөнүндө сөз болуп жатат. А.Н.Бернштам дагы өз мезгилинде Тибеттин этегиндеги аймактарда  жашаган  VIII-IX кылымдарга таандык кыргыз уруулары туурасындагы  тарыхый документтерди  белгилеп өтөт. Ал эми лингвист С.Е. Маловдун изилдөөсү боюнча Лобнор тили түздөн-түз байыркы кыргыздардын тилинен улам келип чыккан дейт. Кыскасы, кыргыздар батышынан түндүк Кашмир, Каракорум, Такла-Макан, түндүгү Хотан, Лобнор, Күкүнөр, түштүгү Аксай-Чин, Раскем дарыяны жердеп Куэнь-Лунь тоо кыркысын бойлой кеткен тилкеде жайгашкан.  Тибеттик кыргыздар али изилдене элек чоң тема, бул боюнча кандай гана маалымат болбосун, баалуу болуп саналат. Эки жолку сапарымда тең Тибет менен Тянь-Шаньдын ортосунда бир топ окшош этнографиялык белгилер бар экендигин байкадым. Ошондуктан, жогоруда учкай жана кыскача келтирилген фактылар кичине болсо да шизаңдык кыргыздарды изилдөөгө кошкон чакан салымым деп эсептейм. Биз ошентип мүдөөбүзгө жеттик, тибеттик кыргыздарды өз көзүбүз менен көрүп таап келдик.  Башкача айтканда жол чаап,  эми мындан аркы байланышты  баардыгына ачтык…

Айбек Байымбетов, «24.kg» MA, 20.06.2012-ж.
Сүрөттөр авторго таандык

Соц тармактар:

Бабалар байырлаган жерге сапар: 2 комментария

  • 26.04.2014 в 12:19
    Permalink

    Жерин барбы кыргыз соогу жатпаган
    Тоолор барбы кыргыз буту баспаган

    Ответ

Добавить комментарий