Балбай баатырдын 220 жылдыгына карата

ХIХ кылымда кыргыздын коомдук мамилелери феодалдык мүнөздө болгон эмеспи. Демек, бай, кедей болуп бөлүнө жашаган да.

Байлар өзөн-суулуу жерди ээлеп, тоюту мол кенен жайыттарга малын жайган. Кедейиң «кедейдин көргөн күнү курусун» болуп жашап келген эмеспи.

Мына ошол мезгилде кайран кыргызың уруу-уруу болуп чабышып турган. Ошондой кырдаалдан пайдаланган Кокон хандыгы 1762-1831-жылдары кыргызга өз бийлигинин жүргүзүп келген. Бийлик жүргүзгөнү ошол- кыргызга олчойгон салык салып, кың дегени болсо аскер күчү менен баса калып турган. Ошол жылдары Кокон хандыгы Бишкекке, Кара-Балтага, Токмокко, Барскоонго, Коңур-Өлөңгө, Караколго, Нарынга, Ат-Башыга, Курткага, Таш-Коргонго, Дараут-Коргонго өзүнүн чептерин орнотот. Ал жерлерде Кокондун сарбаздары ат ойнотуп, кылыч шилтеп машыгып, жергиликтүү элдин үшүн алып турган.

Мына ошондой кырдаалда Тагай бий, Тайлак, Атаке, Жайыл, Жангарач, Боронбай, Алымбек, Балбай, Ормон, Жантай, Байтик, Шабдан сыяктуу кыргыздын мыктылары эл билип, кай бири сырттан тийген душмандын катыгын берип эл-жерин коргоп турган.

Ошол баатырлардын арасында Балбай баатырдын өзүнчө бир орду бар.

Эшкожо уулу Балбай болжол менен 1797-жылдары жарык дүйнөгө келген экен. Ал бала күнүнөн эле чыйрак чыгат, жашына жаш кошула баштагандан балбан билек, жалтанбас жалын жүрөк болуп, өзү теңдүүлөрүн гана эмес, өзүнөн улууларды да тескеп турчу абалга жетет. Ар кандай ууру-кескиге, талап-тоногондорго каршы туруп, алардын катыгын берип эл оозуна алынат, баатыр атын алат, эл бийлей баштайт. Ошол жаш кезинен эле эл кадырына ээ болуп, өмүрү өткөнчө анысынан жазган эмес.

Балбай 14 жашка келгенде биринчи ирет душман менен кармашат, 16 жашында ар дайым кыргызга күн көрсөтпөй чаап турган калмактардын эсебин таап турат. 17 жашка келгенде мал тийген казактарга Түп суусунун жээгиндеги Кара-Баткак деген жерден буктурма коюп алардын ташын-талкан чыгарат, бир тобун туткундайт, малды ээлерине кайтарат.

Балбай карандай эле баатыр болбостон, акылман да болгон, кара кылды как жарган адилеттүү, калыс адам да болгон.

Кийин, орустар кыргызды басып алганда аларды күч менен ала албасын түшүнгөн Балбай жер которуп Текеске кетип калган.

Казактардын Ыртыш тараптан келген Сокбакпай деген каракчысы болгон экен. Мына ошол каракчы 15 жигити менен кыргыздын 3 миң чамалуу жылкысын тийип бараткан жеринен Балбай жыйырмадан ашык жигити менен тосуп, жылкыларды алып калат. Мына ошол кармашта Балбай берки өйүздөн Сокбакпайдын иниси Капкабай тиги жээктен чыгып экөө суунун ортосунан жекеге чыгышат. Балбай жеткен эле жерден сол колу менен тигини желкеге урганда ал сууга агып кетиптир…

Бир ирет Ысык-Көлдүн Манасты деген жеринде 200 жүз кыргызды орустар зордоп чокундурганы жатыптыр дегенди угуп, Балбай жигиттери менен ошол тарапка барып, кара бараң менен атып, кай бирин өрттөп да жиберген экен. Балбайдын бул баатырдыгы дароо эле кыргыз жергесине тарап, далайга дүң болот, Балбайдын баатырдыгы ого бетер дааналанат.

1853- жылы 4-сентябрда, 1854-жылы 10-июлда Боромбай баш болгон бугу манаптары Батыш-Сибирь генерал-губернаторуна кат жазып Россиянын букаралыгына өтүүнү каалагандыгын билдиришкен. Бирок, ошол жылдары Россия кыргыздарга жардам бере алган эмес, Кокон хандыгы дале болсо бийлигин жүргүзө берген. Анан да кокондуктар бугу-сарыбагыш-саяк кылып чабыштырып турган.

Бугу менен сарыбагыш чабышы өтө катуу мүнөздө болгон. Сарыбагыштар бугуга тийген учурда Балбай Ормонду сайып өлтүргөн да сөөгүн төөгө жүктөп жерине кызынан жетелетип жиберген. Ошондон кийин бугу эли биримдигин чыңдап, башка улуттар: орус, казак, уйгур, кытайлар менен ынтымакта жашай баштайт.

Балбайды ичтен чыккан душмандар орус бийлигине кармап берип каматат. Балбай түрмөдө өлтүрүлөт.

Түрмөдө жатканда Балбай кыргыз элине керээзин айткан экен:
Алыскы Верный калаадан,
Айдалып эрксиз камалгам.
Акырет кетип баратып,
Алсырап жаткан араңжан,
Кымбатым кыргыз элим ай,
Керээзин уккун Балбайдын.

Көк жайсаң жашыл белесиң,
Көзүмдөн кетпейт элесиң.
Ырыскы чачкан элиме,
Ысык-Көл ыйык энесиң.
Баратып тиги дүйнөгө,
Балбайың айтат керээзин.

Кайраттуу чыктым, тың чыктым,
Калмактын чаптым жылкысын.
Олжо сурап келгенге,
Он-он бештен ыргыттым.
Найзаны колдон түшүрбөй,
Намысы болдум кыргыздын!

Элдин нааразычылыгынан чочуган генерал-губернатор Балбайды бошоткула деп кагаз жиберет. Бирок, ал кагаз кечигип жетет. Балбайдын эти шылынган сөөгү жерине жеткирилет.

Айта кетели, 1860-жылдары Балбай Дүраалы, Шоорук башында турган жигиттери менен Цин империясына каршы көтөрүлгөн мусулмандардын боштондук кыймылына жардам берип турган.

Балбай курман болгондон кийин элдин кайра ыркы кетип, анын жогу билинет. Анын баатырдыгын эли эч качан унуткан эмес.

Каатчылык жылдары Балбай карапайым элге балык жегенди үйрөтөт. Кыргыз баласы балык жеген эмес да. Байлар болсо төрдө олтуруп алып кымызды чайкап ичип, казы, картага карк болуп турушчу да. Балыкты «суунун курту» деп жерип, кези менен элди жан сактатып турган балыкты «Балбайдын кер боруктары» деп келеке да кылышкан. А кездеги балыктын көбүн айт, семиздигин айт. Четинен барып эле кол менен кармап алышчу тура.

Балбай балыкты капка салдырып, аттарга жүктөтүп түтүнмө түтүн кыдыртып таратчу экен. «Балыкты ошол замат казанга салып бышырып жебесе, чымын чычып, сасып, курттап кетет» деп үйрөтчү экен. Балык таратылганда өзгөчө балдардын кубанычы жерге батпай турчу экен.
Кара кашка ат минген,
Каркырадай бат жүргөн,
Баатыр Балбай келатат,
Чоктой тору ат минген,
Чоочуркабай бат жүргөн,
Чоролору келатат,
Чортон сырын жат билген,-деп бала-бакыра ыр менен тосуп алып турушканы айтылып келет.

Балбай баатырдын сөөгү Түп районундагы Сары-Булак, азыркы Балбай айылына коюлган.

Ошентип, кыргыздын баатыр уулдарынын эң көрүнүктүүлөрүнүн бири Балбай Эшкожо уулунун туулган күнүнө 220 жыл болот. Бул мааракени өткөзүп, баатыр жөнүндө китептерди, кино тасмаларды чыгарып ж.б. иштерди жасоо керек эле. Бул жагынан мамлекет тарабынан эч кандай кыймыл сезилбейт. Жалаң эле мамлекетке шылтабай сүйлөсө асмандын башынан сүйлөгөн коомдук ишмерлер, саясатчылар, бизнесмендер ж.б. деле дымып жаткандай. Бир коктуну башкарган, бир дөбөнү башкарган немелерге деле ар кыл иш-чаралар өткөзүлүп жатат го. Ага караганда Балбай баатыр бүтүндөй кыргыз элинин баатыры эмеспи!

Ысык-Көлдүн аксакалдар дегенинен баштап өздөрүн укмуштуудай эр, акылман сезген түрдүү коомдору бар, Сулайман Иманбаев, Ишенбай Абдразаков, Мамбет Мамакеев, Турсунбек Чынгышев, Султан Урманаев деген аксакалдары бар, губернатор, аким, айыл өкмөттөрү деген бар. Мына ошолордон бир дагы киши аталган юбилейди өткөрүүгө бир нерсе жасайлы деген ниеттери жок өңдөнөт? Бар болсо, үн катпай «подпольеде» жаткандары эмнеси?! Азырынча Тургаз Бекембаев, Сабырбек Асанов, Токторбек Бегалиев, Рысбек Төрөгелдиев, Шаршенбек Исаков, Рыскелди Керимбеков сыяктуу Балбай баатырдын урпактары эле демилге көтөрүп жүрүшөт.

Бул маселе боюнча айтчу сөз арбын. Сиздерден пикир күтөбүз, урматтуу окурмандар.

Түп районундагы Сары-Булак
айылындагы З. Мамбетсеитова
атындагы орто мектептин
мугалимдери жана Баратбай Аракеев
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий