Батыш Мамбеталиева, Уркаш Мамбеталиевдин жубайы: «Уркашты жетиден экөө болгондо жетелеп кетем деген Бакай ата, 77 жашында жетелеп кетти»

— Батыш апа, 18-июнда Уркаш аганын арабыздан кеткенине бир жыл толот экен. Бул оор жоготуу кыргыз эли үчүн күтүүсүз болду. Мурда кийин ооруп жүрчү беле?
 Асма деген оору менен ооруп, кээде ооруканага жатып калчу. Атайын карап, дарылаган дарыгерибиз бар болчу. Каза болооруна жакын дарыгер келип «дарыланып алыңыз» десе, «макул дарыланам» деп коюп эле, дарыланбай жүрдү. Ал оорусу деле мурда жок болчу. Акыркы үч жылда эле жабышты.

Каза болуп калат деп эч ойлогон эмеспиз. Колдон алдырып ийгендей эле жалдырап туруп калдык. Чоң аталарынын көбү бир топ жашка чыгып каза болгондуктан, Уркаш деле бир топ жашка чыкса керек деп ойлогом. Бирок 77 жаш курагында кайтыш болуп кетти. Акыркы убактарда эмнегедир таптакыр башкача болуп калган. Түш көрүп, түшүндө катуу чочуган. Эмне түш экенин таптакыр айткан эмес. Эртеси күнү эле, филармонияда Улуттук курултай болуп, «барып катышпасам болбойт» деп таң эрте, күн бүркөк экенине карабай, көйнөкчөн кетти эле. Ошол бойдон кайтып келген жок. Азыр эми ар кандай ой келет, балким курултай болбогондо, каза болмок эмес беле деп дагы ойлойм. Ошондон бери курултай деген сөздү укканда жүрөгүм кадимкидей титиреп, муунум калчылдап кетет.

— Курултайга өзү эле кетти беле, же бирөөлөр чакырышты беле?
 Ал күнү Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбеков каза болуп, «Төлөгөн агага топурак салсам жакшы болмок эле» деп, бирок, «Түгөлбай ата» коомунун төрайымы Жамиля Макешова кайра-кайра телефон чалып, «Уркаш сен келип курултайга катышпасаң болбойт» дегенинен ал кишинин сөзүн кыя албай, айла жок кеткен. Неберем мектепке кетип, мен болсо үйдө жалгыз болчумун. Бир маалда эле телефон чырылдап калды. Алсам бир жаш бала экен, «Бул Уркаш агайдын үйүбү» — деп сурады, ооба десем, «Уркаш агай катуу ооруп жатат, келип алып кетпесеңер болбойт» деди. Көп өтпөй эле дагы бир орус аял чалып, «Уркаш Мамбеталиев каза болуп калды» деп, суук кабарды телефондон эле айтып салды. Ошондо эле эс-учумду жоготуп, жерге кулаптырмын. Мына андан бери бир жыл өттү. Бирок Уркашсыз өткөн бир жыл, мен үчүн кылымга тете болду. Жакында эстелигин тургузуп, жылдыгын белгилейбиз, андан кийин буюрса, бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, шаарга болбосо дагы туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы көчөлөрдүн бирине атын берсе деген ойдобуз. Ошодой эле, чыгара албай кеткен китептерин чыгарсак деген тилегибиз бар. Жалпысынан жолдошум онго жакын китеп чыгарган. Алардын көбү ыр жыйнак. Андан тышкары Манас, Семетей, Сейтек деп Манастын үчилтик китебин чыгарып жаткан. Манасты чыгарып, Семетей менен Сейтек калган. Семетейди болсо, даярдап тасмага жаздырып койгон. Баракка бастырып, китеп кылып чыгарып коё турганы калган . Ал эми Сейтекти болсо, жакында жазып, буюрса 80 жылдыгыма карата даярдайм деп жаткан. Тилекке каршы, тилеген тилегине жетпей калды.

— Уркаш агайды, бир эле манасчы эмес, акын, андан тышкары төкмөлүк да өнөрү бар болчу деп жүрүшөт. Төкмөлүгү бар беле?
 Эгер манасчы болбогондо, төкмө акын болмок. Колуна комуз алып, кадимкидей төгүп ырдачу. Бирок, «Кудай мага манасчылык өнөрдү бергенден кийин, манасчылык эле жетишет» — деп манас айтуудан башкасынын баарын коомчулукка көрсөткүсү келчү эмес. Күндүз Манас жазса, кечинде ыр жазчу. Ошентип жүрүп, ондон ашык ыр китеп чыгарды.

— Коомчулукта, Манасты Уркаш агай жаттап алып айтат деп да жүрүштү, бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
 Ооба, коомчулукта оозуна алы келбегендер ошентип айтып жүрүштү. Ал тургай жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы элдин сөзүнө ишенип, «Манасты Уркаш жаттап алып айтат» деп жүрчү экен. Айтматов каза болооруна жакын Уркаштар болуп Түркияга барышты. Ал жактан Уркаш Манас айтып, ошондо Чыңгыз Айтматов, «сени жаттама манасчы дешкенинен, ошондойго деп жүрсө, сен чыныгы манасчы турбайсыңбы» — деп, ошондо ишенген экен. Андан кийин Чыңгыз Уркашты атайын чакырып алып, Манас айттырып угуп жүрдү.

— Уркаш ага Манасты 10 жашынан тартып айтып баштаганын, айтып калчу эле…
 Уркаш башынан өткөргөндөрдүн баарын коомчулукка жарыялап, айта берчү эмес. Айтпай жүрүп, ошонун бары өзү менен кетти. Айтпаган сырларынын баарын, кийин китеп кылып чыгарсам деген ою бар эле. Эми мен ошол айтпай кеткен сырларынан кыскача айтып берейин.

Уркаштын ата-энеси малчы болуп, малчынын үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан, кенедейинен тартып эле уй кайтарган экен. 10 жашында уй кайтарып, талаага уктап калат, ошондо Бакай ата менен сырдашып, Манас дүйнөсүнө аралашып, ошондон баштап Манас айта баштаптыр. Ортодо Манасты таштаган да күндөрү болгон экен. Ошондо Бакай ата түшүнө кирип, «Уркаш Кудай сени манасчы кылып жараткан, эгер сен Манас айтпасаң адам болбойсуң дептир. Мунун баарын мага Уркаш эмес, ыраматылык кайын энем айтып берген. Анткени бала кезинде кандай түш көрсө, анын баарын төкпөй-чачпай энесине айта берчү тура. Ал эле эмес, кайын энемдин айтуусунда Уркаш Бакай ата менен сүйлөшкөндө, Бакай атага «мени атама алып бар» дегенде, «Бакай ата, азыр сен ал жакка барганга болбойт, жетиден экөө болгондо алып кетем» — деген экен. Ошону ыраматылык кайын энем айтып калчу. «Көрсө ошол эки жети» дегени 77 дегени тура. Айткандай эле 77 жашында Бакай ата жетелеп алып кетти.

— Мамлекет Уркаш агайдын эмгегин кандай баалай алды?
 Мамлекетке капачылыгыбыз деле жок. Кудайга шүгүр, колунан келишинче баалап, болгон сыйлыктардын баарын эле берди. Бир гана капа болгону, буга чейинки бийлик өкүлдөрүнүн Манасты татыктуу деңгээлде баалабаганы болду. Ошого аябай кейип капаланып калчу. Кээде жаны ачыганда «мени Кудай эмнеге манасчы кылып жаратып койду» деп айтканга чейин барчу. Эң өкүнүчтүүсү «Ала-Тоо» аянтына коюлган Манастын айкелин көрбөй калды. Айкелдин ачылышына күбө болгондо кандай кубанмак, элестете албайм. Ошондой эле, 5 жаштагы Манасчы Үмөткө жолуксам деп жүрүп, ага дагы жолуга албай калды. Кээде туруп, каза болоорун деле алдын ала сезгенби деп ойлойм. Мурдагы жылы туулуп өскөн айылына барып, арабага түшүп алып, бала кезинде уй кайтарган талаалардын баарын кыдырып чыкты эле. «Чынгыз Айтматов түшүмө кирди, түшүмдө ал киши мени, жүрү кеттик деп колун сунуп жатыптыр, колунан кармап, кетип калайын десем, колум жетпей койду» деди. Айтор, акыркы учурларда эмнегедир башкача болуп калган.

— Түшүңүзгө кирип турабы?
 Түшүмө көп кирбейт. Ушуга чейин эки-үч жолу эле кирди. Мурдагысындай эле жадырап-жайнап, үйгө кирип келип жатыптыр. Жаңыдан сүйлөшүп, сөз баштаганда эле жок болду. Силердин «Фабула», «Эркин-Тоо» гезиттерин көп окучу. Андан кийинки түшүмдө мени окусун деп гезит алып келип берип жатыптыр. Түшүмө кирди деп, көзү тирүүсүндө окуган гезиттеринин көбүн ушуга чейин сактап жүрөм. Кыскасы, өлгөнүнө деле ишенбейм. Келип калчудай болуп, өзүмдү мурдагыдай сезе берем.

— Үй- бүлөңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?
 Уркаш экөөбүз беш балалуу болгонбуз. Бир уулубуз авто кырсыкка учурап каза болсо, кызым оорудан каза болгон. Азыр бир уул, эки кызым бар. Уулум Дене тарбия институтунда проректор болуп эмгектенет. Ортончу кызым болсо турмушта. Кичүү кызым журналист. Уул-кыздарымдын арасынан ата-жолун жолдоп, чыгармачыл болгондор болгон жок. Буюрса, небере-чөбөрөлөрүмдөн чыгат деген ойдомун. Жашым болсо, 73 келди. Уркаштан 5 жашка кичүү болчумун. Экөөбүз турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып, 54 жыл бирге түтүн булаттык.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Батыш Мамбеталиева, Уркаш Мамбеталиевдин жубайы: «Уркашты жетиден экөө болгондо жетелеп кетем деген Бакай ата, 77 жашында жетелеп кетти»: 1 комментарий

  • 20.06.2012 в 16:06
    Permalink

    Уркаш аванын,жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.

    Ответ

Добавить комментарий