Кытайдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндө (Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна болгон илимий сапар)

(уландысы)

Ак-Тоо ооданына  сапар

Ак-Тоо ооданында (райондун аймагында) 200 000 жакын калк жашайт. Анын ичинен кыргыздардын жалпы саны 40 000 адамды түзөт. Негизинен  ичкиликтер: кыпчак, тейит, найман, кесек деген уруулар тарыхый шартта отурукташып калышкан. Кыргыздардын көпчүлүгү Алайлык жана Памирлик элдердин диалектисинде сүйлөшөт.  Оодандын 94% жерин Памир тоолору ээлейт. Кыргыздар тоолордо малчылык менен алп урушат… Көпчүлүк кыргыздар уйгурлашып кеткени билинип турат, айрыкча Кашгар шаарынын тегеретесинде жашагандарга уйгурлардын таасири чоң. Ооданда  13 айыл өкмөтү болсо анын 6сын кыргыз айылдары ээлейт, оодандын аймагынжа бир тажик айылы жана калганы уйгур айылдары жайгашкан.

Кыргыздар жашаган айылдар: Кызыл-Тоо, Булуң-Көл, Можу (Кара- Көл), Ужмо(тыт), Ой-Тоо жана Чарлын деген айылдар кыргыз айылдары болуп эсептелет.

Алыстан атагын угуп «ичкиликтердин санжырасын тарыхый негизде жакшы териштирип бере турган адам бар» — деген маалымат алган соң, уйку качып Ак-Тоону көздөй шашылдым. Оодандын  борбору Ак- Тоо шаары Артуштан 110 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 60 000 ашык адам жашайт.

Оодандын  маданият бөлүмүн тейлеген адиси Тургамбай Кадыр (сүрөттө) аттуу жигит  жылуу кучак менен тосуп алды. Оодандык  райондук  маданият  бөлүмүн башкарат. Биз жолугушканда түз эле оодандын акимине тааныштырууну көздөп дароо эле ага телефон чалды. Менин келген максатымды жакшы тилге салып түшүндүрүп берди. Тилекке каршы аким абдан иш менен алек экендигин, ички кытай өкмөтү тарабынан өкмөттүк даражадагы адамдар келип ооданды текшерип жүргөндүгүн билдирди. Телефондон учурашып менден кечирим сурады. Акимдин тапшырмасы боюнча  бизди Тургамбай  такай узатып жүрмөй болду.

Түшкү тамакты Тургамбайдын үйүнөн ичтик (Тургамбайдын үй-бүлөөсү менен бирге)

Ошол убакта Тургамбай ооданда өткөрүлө турган маданий иш пландарын айтып берди… Быйыл Ак-Тоо ооданы  «Манас» эпосунун тегерегинде чоң жыйын өткөрөт экен. Илимий конференцияда көптөгөн Манас изилдөөчүлөр докладдарын окуп чыгышат. Жыйынга Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн  коноктор чакырылышат. Мааракенин мазмуну:
1.Эл аралык «Манас» саякат байрамы
2. Экинчи иреттик олон айтуу жарышы
3. IV -иреттик Шинжан фотосаякат байрамы
4. Кытайдагы эпостор: Жангир, Гисар жана Манас эпостору боюнча илимий талкуу жыйыны,
5.«Муз-Тоо этегинен келген мейман» аттуу кинофильмдин тартылышы жөнүндө (7700м бийиктикте)  талкуу.

Азыркы учурда  эл аралык жыйынга чоң даярдык көрүлүп жатыптыр. Буюрса биздин өкмөттөн дагы делегация барып катышышы ыктымал…

Андан соң Тургамбай мени туз эле Турдакун аксакал жашаган үйгө алып келди. Турдакун Гайыпназар  акын, дастан айтуучу, санжырачы  Ак-Тоо ооданынын борборунда жашайт. Төмөнкүдөй чыгармалары менен элге белгилүү инсан:
1. Махтум сулуу – элдик дастан, 1991
2. Эр мун – эстелик таш, 1992
3.  Алаш хан – тарыхый дастан,
4. Тоо кайрыктары  — ырлар жыйнагы,
5. Сайрап өткөн Сандыгач

Сулуусунан келген илгерки нукура ак сөөк кыргыздардын каны бетинде ойногон, салабаттуу, бойлуу, ак жуумал тарткан келишкен аксакал кабыл алды.

Турдакун аксакал менен

Мен барганда катуу ооруга чалдыгып төшөктө жаткан экен (сүрөттө). Маектешүүгө шайы жок, араң эле оозун кыбыратууга жарады. Менин келген максатымды, кыргыздардын тарыхын, санжырасын жыйнап жүргөнүмдү угуп, жузуно нур кирип абдан кубанды. Келгеним үчүн алкышын айтты, төшөкто жатса да бирге сүрөткө түшүүгө макул болду. Балдары катуу коноктогусу келишип, көпкө чейин кетирбей коюшту эле, аксакалдын ал-акыбалын көрүп туруп, үй-бүлөсүн убара кылгыбыз келген жок. Тезирээк сакайып кетишин каалап, жолубузду андан ары уланттык…

Сөздөн сөз чыгып отуруп «ушунча келгенге жараша Бостон-Терек айлынын жанындагы «Курманбектин сепили» деп аталган тарыхый жерге барып кетиңиз», деген сунуш киргизишти ак тоолуктар. Ал айыл Кашгардан Пакистанга кетчү чоң трассанын боюнда орун алган. Ал сунушка дароо эле макул болдум да,  такси кармап «Маржан Кумга» жөнөп калдым.

Курманбектин атасы Тейит хандын сепилинин орду Чалма Арыктын сайында, сел уруп кеткен жерде урандысы калган түздөк жер экен, кумдары күнгө чагылышып мончоктой жылтылдап турат. Ошондон улам фарси тилинде «Маржан Кум» же кыргызча «Мончок Кум» деген ат менен элге белгилүү экен.

«Маржан Кум» — шаар урандысы жөнүндө

«Маржан-Кум» шаар урандысында

Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономдук областынын Ак-Тоо жана Улуу Чат оодандарынын чектешинде жайгашкан «Маржан Кум» — шаар урандысы  орто кылымдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндө далал деген материалдык мурас катары Бостон-Терек айлынын жанында сакталып турат. Шаардын калдыгы Кез дайрасынын батыш жагында качандыр бир замандарда курулган «Көк Арт» шаарынын калдыгы деп эсептелет. Ал шаардын урандысынан көп алыс эмес жерде жайгашкан шаардын ички сепили — Курманбектин атасы Тейит хандын сепили  деген тарыхый маалымат бар. Чын хандыгы доорунда ушул журтту мекендеген кыпчактын баатыры Курманбек далай жоого каршы аттанган жер, — деп санжырада айтылат.

Кытайдагы белгилүү тарыхчы Анвар Байтурдун изилдоосунун негизиндеги маалыматта  бул  жерди Курманбек баатыр 1644-1710 жылдарда мекендеп турган жана ошол учур Кытай тарыхындагы Миң-Чын падышачылыгынын  доорлоруна туш келет,  — деп жазылган. Бугунку кундо урандынын сакталышы Кытай окмотунун колдоосуна муктаж, себеби тарыхый эстеликтин урандысы катары эл арасында кенири белгилуу жер.

Куманбек Баатыр мунгулдар (монголдор) менен салгылашып отуруп азыркы СУАРдын Ак-Суу аймагындагы Уч турпан ооданынан откозо кууган. Кийин Ак Чийдеги Учта душмандан коргонуу учун жоокерлерге чеп курдурган. Ал жер азыр да «Курманбектин сепили» – деген ат менен элге белгилүү. Байыркы дубалдардын изи калган жер — Ак-Чийдин башындагы «Үч» деген тоонун урчугунда жайгашкан тарыхый эстеликтин–чептин калдыгы бүгүн да сакталып турат.

Мен күтпөгөн жаңылык

Турсун Ыбрайым, Хотен аймагынын тургуну Жоо манасчы – өзүнө таандык стиль менен айтат, санжырачы, айыл аксакалы.

Ак-Тоодон Кашгарга кайтып келип шаардагы кыргыздар менен жолугушуу учурунда, Улуу Чат ооданынын карамагындагы Бостон терек айлынан мага төмөндөгүдөй билдирүү жазашты. Кашгардан 700 км ашык аралыкта жашаган кыргыздардын өкүлү Турсун Ыбрайым биз менен жолугушууну каалайт, ал киши атайын көрүшмөк үчүн, үй-бүлөөсү  жана туугандары менен «Жулук башы» деген айылдан  Кашгарга чыкты деген кабар уккан соң, аларды күтүп Кашгарга мейманканадан орундук алып жолугушууга даярданып калдык.  2012 жылдын 4 май күнү караңгы кечке жакын бир машинеге төрт адам менен Турсун ага келип калды. Учурашып, ал ахывалды сурашкан соң ал киши төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Бүгүнкү күндө СУАР, Хотен аймагына караштуу Гума ооданынын составына кирген «Кең Кыр кыргыз улуттук айлы» бар экен. Айылдын элинин саны 1100-1200 жандан турат. Айылдын эли негизинен катаал замандарда падышалык Россиянын аскерлеринен качып келип ушул аймакта  отурукташып калганы маалим болду. Алардын алыска жер которуштуруп кеткен тарыхы өзүнчө кеңири окуя… Ал жердеги кыргыздар  аска тоолуу капчыгайларда ар кайсы кокту колоттордо  таралып жайгашкан. Себеби малдын багылышына жараша ынгайлаштырылып тарашканы көрүнүп турат.  Кең Кыр жайлоосу айрыкча топозго жана эчки бакканга ылайык тоолуу аймак экен. «Сары Кыя»  деп аталган кыштоо жеринде 350гө жакын адам отурукташкан жана ал жерде «Кең Кыр кыргыз айыл өкмөтү» жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Надыр аттуу жигит иштейт. Катаал замандарды баштарынан өткөргөн  кичинекей айылдын элинин тагдыры азыр да кыйын абалда экендиги билинип  турат. Азыркы учурда Кытай өкмөтү айылга өзгөчө жакшы мамиле жазап, үйлөрдү куруп берип социалдык абалдарын жакшыртууга толугу менен кам көргөн. Ошентсе да бул элдер Индия менен болгон тоолуу жердеги чек аранын жанында отурукташкандан кийин чек ара кайтаруучулар катары жергиликтүү элге болгон өкмөттүн талабы өзгөчө жана катуу тартип өкүм сүрөт экен. Чет жактарга чыгуу мүмкүнчүлүгү бир топ кыйынчылыкты туудурат — дешет жергиликтүү элдер. Айыл ичинде табигый өнүгүүнүн жолу эң жөнөкөй. Сырттан  башка кан кошулбайт, айылдын шартында  ич ара кыз алып, кыз беришүү аркылуу элдин саны чечилет экен. «Кийинки убактарда кыз жетишпей ич ара кыйналып жатабыз, ичкери тарапка балдарыбызды жиберип үйлөнүп келүүсүн каалайбыз» — дешет. Айланасында уйгур жана хансу тилдеринин үстөмдүк кылуусуна карабастан кыргызча сүйлөшкөнгө аракет кылышат, бирок жыл өткөн сайын тилди сактап калуу кыйындашып бара жаткандыгын айтышты.  Кыргызстандан ушул кезге чейин эч ким кызыгып бара элек дейт, бир гана  тарыхчы, окумуштуу Аблабек Асанканов  алыстан көрүшүп кеткенин учкай кеп кылышты…

Турсун аке кыргыз тилинин байлыгын сактаганга аракет кылган, жоо жомокчу, Манасты Барпынын стилине салып ырдап келип токтоп, кара сөзгө өтүп түшүндүрмө берип келип окуяны кайра ыр менен айткан  Манасчы катары айылына таанымал талант экен. Айылдын балдары мектепте окубасын, Кыргызстанга жиберип окуткусу келишээрин билдирди.

Төлөк Төрөкан – белгилүү санжырачы, тарыхчы.

Табышмактуу сакталып калган байыркы китептерден которуп жыйнап кыргыздардын эң байыркы жана байыркы тарыхын саймердилеп айтып жаздырган куйма кулак санжырачы. Төлөк аксакал тарых  жыйноочу катары да жалпы журтка белгилүү инсан.

Төлөк аксакалдын авторлугу астында жарык көргөн  «Санжыра» 04.1996  аттуу китеп эки бөлүктөн турат:
— Кыргыз улутунун келип чыгышы
— Кыргыз элинин хандык доорлору.

Китептин экинчи бөлүгү 23 темадан турат:
1. Акылбектин ал-жайы
2. Жада таш урушу
3. Калач хан доору
4. Куунун башы Камбаркан
5. Алалыктын азабы
6. Арстандар доору
7. Кыз калыны
8. Жеке сайышуу
9. Хан чарышы
10. Кайра эстөө
11. Хан тою
12. Кара Тажаал окуясы
13. Урумхандын бала асырап алышы, Алихандын элин коргоп калышы
14. Салихандын чоң союлу менен чабышы
15.Ханга чоро коюу
16.Тейитхандын арманы
17.Таш Кулактын жооттор менен бирлеши жана кыргыздарга дүмөк салышы
18. Алача хан менен Карача хандын чырлашы
19. Ал жетпесе акыл тап
20. Нооруз майрамынын келип чыгышы
21. Ботой
22. Хан зарлык
23. Бурулуш доору

Жакында Үрүмчу шаарындагы  Шинжан эл басмасынан жарык көргөн «Көөнө кыргыздардын тарыхы» — History Story of Kirghiz nationality аттуу көлөмдүү китебинин бир нускасын мага көрсөтүштү. Китептин мазмуну негизинен 1430 жылдарда Бухарадан фарси тилинен басылып чыккан « Кыргызия — түгөнбөс зар заман» аттуу эбегейсиз чоң китептин сериясынан алынып жазылган…

Кыргыздын эң байыркы тарыхы Милладиден (биздин заманга чейин) мурунку 5600 жылдарга таандык 130 уруудан башталат. Алаш хандын алты уулунан 60 уруу кыргыз тарайт, Жедигердин 7 уулунан 70 уруу кыргыз тарайт деп айтылат «Кыргызия – түгөнбөс зар заман» аттуу эбегейсиз чоң китепдин сериясы XV-кылымдын башында (1430-жылы)  Бухарада басылып чыккандыгы элге журтка эчак эле белгилүү болгон. Сериялуу китептердин аттары  — «Удудул аалам», «Забрани аалам», «Тарыхый индос», «Кысысул амбия», «Муңдуу зар», «Зар заман» , «Кыргызия санжыра»  жана «Тарыхий памуз»  сыяктуу араб тамгасы менен фарси тилинде жазылган  китептерден турат.  Бул китептердин сериясы бир канча жолу басмадан кайрадан басылып чыккандыгы маалим.   Акыркы сериялары   XIХ –кылымда Казан шаарында басылып чыккан.

Өз учурунда китептин басылып чыгышына  Баатыр хан аттуу атагы алыска кеткен бай адам зор салым кошкон. Ал адам  32 казы жана 16 молдо жана 70 чеченди жыйнап алып «кыргыздардын байыркыдан баштаган бүгүнкүгө чейинки чыныгы тарыхын жазып чыгасыңар» деген тапшырма берет. Алар далай убакыт кетирип жазып чыгышат.  Тарыхый жыйналган материалдар топтолуп, хронологиялык тартиби боюнча иретке келтирилип ошол убактагы орто кылымда белгилүү болгон Бухарадагы басмадан басып чыгарылат. Тарых жана санжыра топтоочулардын  жалпы ишине жана басмадан чыгаруу учун 45 000 (кырк беш мин) койдун наркына татый турган эбегейсиз көп каражат болуп берген экен. Натыйжада  баш аягы 99 дастандан турган төрт томдуу  китеп «Кыргызия — түгөнбөс зар заман» деген ат менен элге жайылып, учурунда эбегейсиз кызыгууну туудурган, — деп айтылат.

«Кыргызия — түгөнбөс зар заман» китеби

Китептердин даназасы алыска тарайт. Кийин Кокон хандыгынын тушунда кыргыздардын тарыхын  түп тамыры менен жоготуш үчүн акыркы басмадан чыгарылган китептер ырайымсыздык менен өрттөлөт, катылып калгандары катуу изилдөөгө алынып жок кылууга буйрук берилет. Аларды сактаган адамдар –илимпоздор, жогорку сабаттуу молдолор куугунтукталып камакка алынат,  табышмактуу түрдө жок кылынат. Кокон хандыгынын артынан Орто Азияны өзүнө каратып алган Орус падышалык империясы да кыргыздардын тарыхына байланыштуу китептерди катуу куугунтуктоого алышат, табылганын өрттошүп же дайынсыз жоготууга бардык күчүн жумшашат.  Ошондой катаал заманда байыркы тарых жазылган китептерди сактап калууда,  Данияр казы менен Акун казынын кошкон салымы эбегейсиз зор… деп айтылат  тарыхта. Бул өзүнчө кызыктуу тарыхый окуя.

Төлөк аксакалдын байыркы китептерде жазылган маалыматтарга таянып айтуусу боюнча кыргыздардын чачылуусу  IV-кылымдан кийин башталып 41 дөөлөткө тарап кеткендиги ошол байыркы китептерде баяндалат, — деп айтылат. Китептерде «чачылган элди жыйнаган Манастын доору 1400 жыл мурун   болуп өткөн окуя же V-кылымдын башына туш келет», — деген  божомол бар. Анын канчалык денгээлде тарыхка жакын экендигине эч ким кепил боло албаса керек. Манас  баатырдын кылымдарга калтырган мурасы бүгүнкү кыргыздар жашаган жер жана чачылган кыргызды жыйнагандан  калган 40 уруулуу эл, — деп катуу айтылат экен.  Ошол замандарга туш болгон уруулардын ичинде байыркы уруулар катары эсептелген кыргыздын уруулары: Черик уруусу, Кыпчак эли, Кушчу (кутчу), Чоң Багыш, Мундуз, Саруу — сол канатка бөлүнөт. Найман, Кесек, Тейит — ичкиликтер деп таанылган, Жедигердин жети уулунан тараган урууларга кошулат,- дейт Толок аксакал.  Кыргыздар  Энесайдан акырындап жылып отуруп булгарлар жашаган Түрк дөөлөтүнүн аймагында отурукташат да,  Орто Тоо жана  Чоң Чоку аттуу аймактарда жүздөгөн жылдар бою турушуп, андан ары Эдил Тоосунун аркасына жылышып азыркы Венгриянын аймагына  чейин жетишет… Бул жерде да чыныгы тарыхтын көп сырлуу табышмактарын ичине камтыган окуялар талаш тартышууну туудурушу мумкун…

Жунго (Кытай Эл Республикасы) мамлекетинде жашаган кыргыздардын жалпы саны 180 000 ден ашып 200 000 ге чейин жете турган болсо, анын 155 000 ге жакыны ушул Кызыл суу кыргыз автономдук областында жашайт.

Андан тышкары:
1. Иле-казах автономдуу областынын териториясында 20 000 ге жакын кыргыздар жашайт. Анын ичинде Тарбагатайда 2500 кыргыз, Текесте -10 000 жакын адам бир айылда отурукташкан;
2. Ак Суу аймагында  12 000 кыргыз ар кайсы айылдарда жашашат;
3. Кашгар аймагында  7 000 кыргыз ар кайсы айылдарда жашашат;
4. Үрүмчү шаарында  2000 чукул кыргыз жашайт;
5. Хотен аймагында ( Кең-Кыр айылдык өкмөтү) 1100 жакын адам жашайт;
6. Фуйу жергесинде (ичкерки кытайда) Хэйлюнзиан провинциясында 1500 жакын кытайлашып кеткен кыргыздар бар.

Кызыл-Суу Кыргыз Автономдук Областы Жунго (Кытай Эл республикасы) мамлекети үчүн өзгөчө аймак катары эсептелген  стратегиялык мааниси бар жерде жайгашкан.

Асанбек Токтогулов — санжыра жана тарых жыйноочу,
дүйнөлүк мурастарды сактоо боюнча эл аралык деңгээлдеги эксперт,
«
Zpress.kg»

Соц тармактар:

Кытайдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндө (Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна болгон илимий сапар): 3 комментария

  • 16.02.2014 в 01:46
    Permalink

    ал жактагы Кыргыз элиннин жашосу кандай экен

    Ответ
  • 16.02.2014 в 01:51
    Permalink

    мен ал жакка барып Кыргыздар менен жолуккум келет

    Ответ
  • 08.04.2015 в 16:40
    Permalink

    Жанкушчудан тараган, Чалике уруусунун санжырасы.

    Бир мезгилде Чаа Тоо, Зашаң Көл, Чаян деген жерлерде жашаган, Чаа эли да, Кушчудан тараган журт болгон. Алгачкы белгилүү болгон учуру, Жан Суу деген чөлкөмдө жашаганы үчүн- “Жан Суулук кушчу”- деп коюшкан. Бир заманда Чаян элинен Ала-Тоого каныша келгенде, Чаян уруусунун 500 бала, 500 кыз каныша менен келишип, Ала-Тоодо өзүнчө мамлекет куруу аракети коруло баштаган. Алар келгенге чейин Ала-Тоодо, Сак деген эл жашап турган. Алардын үстүнө Катаган, Кыпчак, Карлук, Кушчу, Орус тектүү элдер келип кошулган. Чу-Талас-Тяньшан тарап өзүнчө бөлүнүп, борбору Талас болгон. Буларды “он ок” тукуму деп койгон. Ал эми экинчи тарап Туулга тукуму аталып, Или дайрасынан түндүктө жаткан жерлер кирген. Ал тарапта орустар, кыпчактар , карлуктар, түргөштөр, кушчулар ж.б. тайпалар болгон. Ошол эки тарап узак жылдар бою согушуп алсыраган экен. Дуулат тайпасынын башчысын Шеху Ябгу деп атап коюшкан, кытай Йеху деп атап калыптыр. Ошол Туулга үйүн тарыхчылар тукюе, тугю деп атаган дейт. Ала-Тоодогу жергиликтүү Сак элинин үстүнө, Чаа журтунан канышаны ээрчип келген Чаа тукуму менен кушчулар биригип, Чалиян (Чалияр) деген атка конушкан. Ортодон бир топ убакыт өткөндө, бул куралган өлкө экиге бөлүнүп кеткен болот. Түндүк тарабы туулга б.а. “миң дуулат” тайпасы болуп, түштүк жагы “он ок” б.а. “жайыл” тайпасы болуп кайра түзүлөт. Ар тарабында бештен уруу болот. Адегенде журтту канышанын ага туугандарынан чыккан, сол үйүнүн улуу жолбашчысы Чалими б.а. Чалике убактылуу башкарган болот. Ал Или дайрасынын оң куймасы болгон Чилка суусунун боюнда олтурчу экен. Балбай кан өлгөндө анын аялы ордодогу туугандары болуп, бөлөктөргө айтпай анын баласын Чабол Чалихини падыша көтөрүп жиберишет. Салт боюнча падишах- Ябгу кайтыш болсо, такка иниси олтуруш керек болчу. Ошондон улам чатак чыгып, эл бөлүнүп кетти. Жайылдан Миндуулат бөлүнүп чыкты. Ушул эки тууган эл 20 жыл согушуп, жер ээн калган экен. Ошондо, калмактардын Долонкан. күчтөн тайып, алсырап турган Миндуулатты тыйпыл чапкан. Бул учур Курманбектин заманы болгон экен. Элдин бир бөлүгү болгон Аккандыгы — батышка ооп кетти. Мин тукуму түштүк тарапка ооп, Хазар мамлекетин түптөөгө киришти. Түндүк жакка Дулаттын улуу колбашчысы — солдун уулу Чабол Чаликени ээрчиген кушчулар — Дуулат тайпасы, Cеленга Энисейге чегинип кетишти. Ал жерде Чакол, Часуусу, Каратал, Каракушчу, Чаулуту, Эдер деген жерлерде күн кечиришти.Тарыхка алар Алтай, Энисей кыргыздары катары жазылат.Алар адегенде хилер атанып журушсо, кийин Кушчу атына кочуп алган экен.Ошондон улам Чалике уруусунун , андан чыккан адамдарга ки, хи, ми тамгаларынын жазылышына алып келген экен. Болуп откон так талашуу согуштары, бул өлкөнү телчиктирбей, кулоосуна шарт түзгөн. Андан соң Чалике уруусу Кушчулар менен бирге Энисейден, Селенга сууларынын бойлорунан жер которуп, Үч-Турпандын саздак жерлеринде көчүп-конуп жүрүшкөн.
    Үч Турпандын түндүгүндө Кутчу хандыгы болгон. Үч-Турпан, Отбашыдан тартып бүт Какшаалды Абайылда, Берик дегендердин ата бабалары болгон, Сокку- ур бийлер башкарып турушкан. Ошол жылдары Үчмеркечте турган Чоко, Токтокүчүккө баш ийген 40 үйлүү сарбагыш туугандар салык төлөгүсү келбей, чатак башташып согуш чыгаруу максатында, Башчакма суусунун боюндагы Кеңсай жай-лоосунда, калмактардын бутканасына караштуу 400 атты Отбашыга чогултуп, башын кыя чаап өлтүрүп, калганын Кызыл Күмбөздүн “Чал” деген жерине жайып коюп, калмактардын атынан «урушаар жериңди айт»-деп кат жазат да, өз элин көчүрүп, Тешик Чапты ашып Ыссык Көлгө кетип калат. Чалике уруусу башында турган кутчулар Учтурпан бизге жер болбой калды, уй түгүндөй көп калмак ме¬нен согушуу акылсыздык деп, түштүккө — Барколго көчкон экен.. Андан кийин Акчийге, Какшаалга көчүп келишиптир.. Калмактар менен башталган чатак уланды. Эми Какшаал да жер болуп бербеси ачык болгондо, дуулат тайпасынын кутчулары , Анжиан, Талас чөлкөмдөрүнө көчүп келишти. Элдин басымдуу бөлүгү Таласка көчүп келди. Ортодон бир топ убакыт откондо чачылган кушчулар , ар кандай ат менен кайрадан чогулган экен. Кок кушчу, лалым кушчу , сары кушчу,жан кушчу, таз кушчу ж.б. Таласка келип элге кошула баштаган. Ортодон көп убакыт өтпөй кыргыз жерлерине калмактардын чабуулу күч алган. Элди чаап кетмей, жылкы тийип кетмей — деген жагдайлар күч алган. Согуштар башталып, 1690 – жылдары эл түштүккө кете баштаган. Элдин артка кайтышы 1756-жылга туура келет. Кушчу уруусунан Эгемберди Сокку ур бий, а дегенде Үч-Турпан жакта жашап турганда, Куртка бий менен койлору короолош, өздөрү ынтымак курушкан экен. Моголдордун Махмуд султаны менен куда болгон.Махмуд султан , Султан Бабырдын атасы Омор Шейхтин улуу агасы болгон. Сокку ур бийдин кызы Махмуд султанга турмушка чыккан. Ортодо Махмуд султан менен Ахмед хандын ортосунда так талашуу болгондо, Сокку ур бий кушчу менен чаадан 7 миң аскер курап, Ахмед хан олтурган Жаркентти 20 күн курчоого алып турганда, Кашкарлыктар кетип калышып, Сокур бийдин аскери артка кайтышкан. Кийинки жылы болгон чабуул ийгиликтүү болгон. Ошол так талашуу мезгилдеринде, Сокур бий, кызын жана анын 2 уулун, Дайыр менен Кокону өз колуна алган болчу. Эки баланы качырып, Таласка жөнөткөн. Себеби, эки балага душмандар катылышы мүмкүн болгон. Андан көп өтпөй Сокку ур бий Таластагы, кушчулардын уруусуна тиешелүү Калба жайлоосунда олтурган, Чон атасы Томондун конушуна келген. Ушул мезгилге чейин окумуштууларга, илимпоздорго, санжырачыларга белгисиз болгон бир нерсени айта кетейин: Ал “Сокур бийдин” аты тууралуу. Ушул күнгө чейин белгилүү болгондой Сокур бий десе, көзү сокур болгон адамды элестетебиз. Чындыгында андай болбогон. Кушчу уруусунда Сокур бий деген наамдын пайда болуу тарыхы, алыскы тереңге кетет. Илгерки заманда, Манастын көзү өткөндөн кийин Ала-Тоолук Кыргыз эли, анын ичинде кушчулар. элди бириктирүүчү деңгээге өсүп жеткен. Кушчулардын башында, Канишке деген император турганы тарыхка жазылган. Канишке деген сөз, менин чечмелөөм боюнча, Кылыч падыша болгон. Кылыч падышанын көп аскери каңгыларды чаап, Оогон жерине жеткенде, өзу ал жерде калып, өзүнүн бир тууганы Чаликеге (Тарыхта Цилихи иначе Чалике) “Сокку уруучу бий” наамын берип, Индияны чабууга жөнөтөт. Ал ортоңку Индияны каратып, калган 4 Индияны өзүнө кошуп, бирдиктүү мамлекет курган. Өзү ошол элге падышах болгон. “Сокку урчу бий” наамы, ошол учурдан баштап, кушчунун чалике уруусунан чыккан бийлерге берилип келген. Уруунун озуно гана тиешелуу, уруулук даража болгону илимге эми белгилуу болот.Ошондой эле он ок тукумунан чыккан кагаандын атасы Богу Таласта турганда, ал озуно чаа бий наамын кабыл алган. Ошол учурдан баштап ал соз Калча бий аты менен жашап келген. Үч — Турпандан Таласка келген Чаликеден Томон, андан Дорбо , андан тараган Эгембердинин Сокку ур бий деген наамы болгон. Андан Калча, Назарбек туулган. Калча бийдин Кубатбек, деген уулу болгон. Назарбектен Бозтумак Таши, Беки, Шакар деген уулдары болгон. Уланган тукумдан бүгүнкү күндө элге белгилүү болгону, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев. Калча бийден Кубатбек бий. Анын бир наамы ‘’ падышах’’ экени белгилуу, ‘’Падышах’’ наамы Чалике уруусуна тиешелүү наам болгон. Анын себебине токтолсок ,жогоруда белгилеп өткөндөй, Кушчу уруусунан чыккан Чаликеге, Индияга казатка аттанаарда , ага “сокку уруучу бий” наамы ыйгарылган экен. Кийин ал ортонку Индияны каратып, Индияга падишах болгон. Ал өз тегинин Жан суулук Кушчулардан болоорун билген. Ордодо Чаликенин тегин суруп, тактап беруучулор өз кызматтарын тыкан, так аткарып турушкан. Ошол себептуу Индиянын падишахы чалике , теги жан кушчу болуп, бекип калган экен. Андан кийин көп убакыт өткөндө Миндуулатка падышах болгон Чалими Юй Дафу болгон. Чечмелеп коргондо, Юй –деген соз Уй, Да- деген соз улуу кол башчы , Фу- Сол деген тушунукту жаратат экен. Миндуулаттын падышасы алып жургон наамдын теги да Индияны караткан Чаликеден уланаары тастыкталат. Адегенде Сокку уруучу бий, андан кийин Улуу колбашчы, андан кийин Индиянын падишахы болгон Чаликенин , теги Жан суулук Кушчу падышаларынан болуп, Кубатбек да оз учурунда падишах наамын өзүнө тандап алган. Чалике уруусунун санжырасы боюнча алып караганда, Кубатбектин атасы Калча, анын атасы Эгемберди- “сокку ур бий”, анын атасы Дорбо-“кумуш чокмор”, анын атасы Томон, анын атасы Чалике, ал Жанкушчу уруусунан болгон. Кубатбек 1700ж туулган. Атасы Калча бий Таластын Калба жайлоосунда турчу экен. Калмактар ал жайлооду тартып алган соң, Ноокенге көчүп, андан-ары Анжиан, Алайга кеткен экен. Фергана өрөөнүндөгү Кушчу, Мундуз урууларынын башчысы болгон. Калча кайтыш болгондо, 18 жашар Кубатты, Сол урууларынын курултайында бий шайлашат. Анжиан кыргыздарынын башчысы болуп калат. Сүйлөгөн сөзү орундуу, кайраты күч, чечкиндүү Кубат бий Кокон ордосу, Букар эмири менен теңтайлашып, тең ата болуп, бардык маселелердин калыс чечилишине жетишкен. Чүй, Талас, Нарын, Ыссык-Көлдөн ооп барган эл , Кубат бийдин сүйөнөөр тоосу болгон.
    1759-жылы Кашкар, Жаркентте жашаган кыргыздар, калмактардын эзүүсүнө чыдабай жардам сурап кайрылганда, Кубат бий Ферганадан кол курап барып, Калмактардын 40 миң аскерин талкалаган. 1759-жылы Кытай аскерлери калмактарды сүрүп, Алайга кирип келгенде, Кубат бий Алайды коргоп калган. Ошол уруштарда жеңишке жеткени үчүн, ал Кашкарга бий шайланат. Көзү тирүү кезинде , бийик мунара орнотулат. Кашкар эли Кубат бийдин эмгегин жогору баалап, “Падышах” наамын беришет. Андан мурда “баатыр бий” деген наамы болгон. Анжиандагы Пахтаабад районундагы Миян айылынын тургуну Мамрасул Максым уулунун колунда Кубат бийдин мөөрү, туусу сакталган.
    1760-жылы Кокон тарабынан жиберилген, кызмат кылып жүргөндөр аркалуу уу коргошун берилип, каза болгон. Сөөгү атасы Калча бийдин сөөгү жаткан Алайдын Кичи Дайра деген жериндеги мазарга коюлган. Санжыра боюнча, Кубат бийдин чыккан уруусу, кушчунун “жан кушчу” уруусунан экени айтылат.Бизге жеткен уламыш кептерге таянсак, Кубат бийден Абайылда, Берик, Жунушаалы, Кулмурза, Агышайбек, Карды деген уулдары болгон — уламышта.Биз билгенден Бериктин Усон Назардэген эки уулу болгон.Агышайбектен Алымбек,андан Кармышак, андан Назараалы, Абес дегендер болгон. Таластын Кара Арча деген жеринде 60 үй-бүлө бар. Ошондой эле Ноокен районунун Сакалды деген айылында Кубат бийден тараган, Исакул ажы, Самидин болуш, Орозаалы Калпа, Абджапар молдо, Мамбетаалы бай, Исак уулу Абдыракман, Кудаяр Жантороев, Кадырбек Абдыкадыров өңдүү , эл-журтубузга эмгеги сиңген, эл кадырлап сыйлаган улуу инсандар чыккан. Мындан 30 жыл мурда Чалике уруусунан чыккан, санжырачы Өзүбек деген адам бар эле. Бүгүнкү күндө анын жашы жүзго чамалап калмак. Ал Чалике уруусунун санжырасын Осмон тааптын кол жазмаларынан алып, ага өз көз карашын кийриген. Ал санжырада кетирилген каталыктар да болгон. Беки, Бозтумак деген чон аталарыбыздын атын бириктирип “Бектума” деп жазган. Ошондой эле Чалике деген сөздү ката жазат. “И” тамгасы жок. Дорбо чон атабыздын уулу Эгембердинин ордуна Бектума деп жазып, Эгембердиден тараган бир туугандарды Калча, Назарбекти жок кылып койгон. Жээнбекти Алабука жактан качып келип чалике болгон деп жазган
    Осмон, Иманбектин чон атасы болгон. Бир жолу мен Өзүбекке жолугуп, Манасты изилдеп жүргөндүгүмдү айттым. Ошондо, ал мага: «Сен Манасты эмне кылат экенсиң, андан көрө өзүңдүн чалике урууңдун кайдан чыкканын билип албайсынбы»- деди. Билип ал кушчу көпкө бөлүнөт, аларга аман кушчу, тазкушчу, кара кушчу, жан кушчу, айрым кушчу, чол кушчу, дашказан кушчу, тынай кушчу, карды кушчу , али кушчу, дондор кушчу, ашагы кушчу, сары кушчу, кок кушчу, лалым кушчу, сарт кушчу ж.б. болуп бөлүнүп кетээрин айтты. Кагазга жазып алдым. Мен кайра сурадым: «Чалике уруусу кайдан чыгыптыр?»- дедим. Ал, Чалике падыша болгон. Биздин ата –бабабыз Ундуго чейин барган. Таласка 16-кылымдарда келген болуу керек деди. Мен убагында көп маани бербептирмин. Ошол Жан Суу деген сөз кыскарып, “жан” уңгусу сакталып, жалпы Кушчу аты менен аталган чаликелер болгону далилденет. Жан кушчудан келген Чалике, андан Томон, андан Дорбо, Токтоболот. Дорбодон Эгемберди ‘’Сокку урчу бий’’ болуп, Жан кушчулардын санжырасы уланган. Кушчуга уланып айтылган “жан” — деген сөз “Жан Суу” деген сөздөн кыскарып жаралган сөз. Жогоруда айтылган Эгембердинин Сокку урчу бий атагы болгон. Дорбо Кыргыз элинин жунгарлар менен болгон согуштарында, чоң эрдиктерди көрсоткон адам болгон. Ал алп адам болгондуктан, ат көтөрө албай дайыма уруш талаасына жөө барган. Узун саптуу, кой башындай күмүш чокмору болгон. Эл аны «жөө чокмор», «күмүш чокмор», «чокмор» деп атап коюшчу экен. Тарых бетиндеги, беш баатырдын бири болгон Чокмор баатыр тарыхта жазылган. Дагы бир айта кете турган сөз, Эгембердинин баласы Назарбек ,тууганы Кубатбек падышах болгондо, ал туу түбүндө турчусу болгондугун, Кушчудан чыккан инсан, санжырачы, журт башы Бекназаров Сагынбектин айтып олтурганын уккандар, азыр деле бар. Назарбектин Беки, Бозтумак, Шакар аттуу уулдары болгон. Шакардын Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай деген уулдары болгон. Уламыш боюнча, учурунда Айтбайдын 400 жылкысы, миңдеген койлору болгон экен. Айтбай Таластын Шумкаруя деген жеринде, жайлоосу да кыштоосу да келишкен жерде олтурчу экен. Ал учурда жоокерчилик заман болуп, калмактар менен кармаш күчөп турган мезгилде, бир жолкуда Айтбай чон атабыздын 400 жылкысын, калмактар чаап кетет. Ошондо уурдалган жылкынын артынан Айтбай, Беки, Бозтумак, Ырысбай, Үмөтбай, Жээнбек, Таабалды, Тагаймат, Жоош ж.б. болуп жылкынын изин кууп жүрүп олтурушат. Ошондо Айтбайдын багып алган баласы Жээнбек жылкычы болуп жүргөн чагы экен. Алдырар куну жазгырар — деп, күтүүсүздөн жылкы жоо колуна кетти. Уурдалган жылкынын изи, Караколдон ашып, Каракыштактын ичин ордоп, андан ары Балкашка кетиптир. Жолдо чон дайраны кечип өтүшүп, боот-чоот колдуу, адам жашабаган жерден жылкыны табышып, артка кайтышканда, дайрага кире бергенде ,куугунчулар жетип келишкен экен. Ал жерде катуу чабыш болуп, Айтбайдын он буту сынган. Ал бутун канжыгага танып коюп ,чабышты уланта берген экен.Куугунчулар көбүрөөк болуп, уруш бир чай кайнамга созулган. Жарадар болгон Айтбайды, уулу Таабалды суудан өткөргөндө, атасы айткан экен жылкыны элге катуу айдап жоно деп.Чабышта Бозтумак чон атабыздын эки баласы, туугандары дайрадан өтүп кеткенче душман менен катуу уруш кылган. Чабыш суу ичинде уланып, душмандар көптүккө салып , эки баатырды сууга кетирген экен. Ошондо, элге баш –көз болуп калган, ал экоосунун бир тууганы Куржун балалуу болгон экен. Бозтумак бий, кайтыш болгон балдарына катуу кейип, эки уулум дайрага өрдөк болуп сүзүп кетти, эми алар кайтып келишпейт, ушул туулган неберемдин атын Чулдук койдум, жаны аман болуп, эл бийлеген бий болсун деп батасын берген экен. Калмактардын Кыргыз элине көрсөткөн кысымы күч алып, эл туш келди качкан учур болуптур. Ошол коогаланда Айтбай төрт баласы менен, Куржун үй-бүлөсү менен Чонор ашуусунан ашып, казактар жакта, тоо арасында минден ашуун коюн жашырып, сактап калган экен. Айтбайдын 400 баш жылкысын калмактар чаап кеткен, себеби ошол учурдан баштап жылкынын дайыны чыкпай жок болгон. Айтбайдын жылкы артынан койгон бакма баласы Жээнбектен тараган тукумга төрт эле ата өткөндүктөн, жылкы алардын колунда калса бир жеринен көрүнмөк. Беки Чаткалды байырлап, Тумак түштүктөгү Кубатбекке барганда, аны Ангрен деген жерге эл башкарууга жөнөткөн деп айтылат. Анын уулу Чулдук эр жеткенде Көлдөн кыз алып, балалуу болгон. Баласынын атын Жыргалбай коюптур. Бир кырсык болуп, Жыргалбай Көлдөгү таякелерине кетип калган экен. Бул тууралуу бизден мурдагы улуу муундар айтып келишкен. Ошол Назарбектен тараган, Беки андан Тупкуч, Кулдугуч, Кучкач андан Аргын андан Кожоназар болгон. Анын үч уулу болуптур: Муса, Токтор, Аалы.Муса менен Токтордон тарагандар бугунку кундо Чаткалда турушат. Аалыдан Эргеш, Эргештен Эркин туулган. Эргеш кыргыздан чыккан биринчи генерал болгон. Анын уулу Эркин Таласта облисполкомдун төрагасы болуп иштеп кеткен. Менин эс тартып калган чагымда, атам Жумабек айтып калаар эле: «Аалы деген тууганыбыз, Чаткалдан Таласка келгенде, анын уулу Эргеш тестиер бала экен’ – деп. Аалы Таластагы туугандарында эки жыл жашап, анан кетип калган экен. Аалынын кандай шартта, кайсы жерде өлгөнүн билбей калдык. Эргеш жаш калып, детдомдо чоңоюптур» — деп укканбыз. Ошондон улам, Эргеш өзүнүн чыккан уруусун так билбей калган. Биз жакында эле, чалике уруусун тактап коёлу деп, Чаткалдагы туугандарыбыздын тегин алганыбызда,Назарбектен Беки, андан Кучкач, андан Аргын, андан Кожоназар, андан Муса, Токтор деген уулдары болуп, Таласка кеткен бир уулунун аты унуткарылып кеткенин жазып беришти. Чаткалдан келген баланы биз билебиз, аты Аалы болгонун айттык. Биз менен байланышка чыгып жаткан Чаткалдык тууганыбыз таң болду. “Кандайча, Чаткалдан кеткен баланы Жээнбек деп жүрбөдүк беле, Жээнбектен тарагандар ошондой дешкен болчу”. Жок ал Аалы болгонун тактап бердик. Мындан 25 жыл илгери, Эргеш Таласка тууганын издеп келгенде, жанагы Аалынын оордун ээлеп алгандар, аны Таласта элге туйгузбай, Чоң-Чычкан деген жайлоодо коноктошуп, акырын жонотуп коюшкан болчу. Тууганын издеп келген Эргешке: “Чаткалда Кожоназар деген чон атаң болгон. Элиң Чаткалда турат. Биз Жээнбектин тукуму, силерге жакын тууган эмеспиз. Таластагы туугандарыңар Назарбектен тарагандар- деп чындыкты айтышпагандыктан улам, Эргеш, Эркиндер адашкан боюнча дүйнөдөн өтүп кетишти”. Ошол Эргештин уулу Эркиндин аялы уйгурдун кызы болчу. Эркин Таласта иштеп жургондо ,туугандар уйуно барып калса айтат дейт — Эркиндин чыккан уруусун жунди чалике деп айтышат экен, бул жинди деле эмес- деп. Жунди деген соз чалике уруусуна илгээри жабышкан экен.Бир заманда чалике уруусу, Кыргыздын Чаа тайпасынын курамында турганда, Жунди-Танкы кут өлкөсүнүн жерлеринде жашаган. Ал мезгилде чаяндардын өлкөсүндө бийлик 5 жинден туруп, граждандык бийликти билдирип турган. Ал эми “ди” дегени болсо, “сол” деген маанини туюндурган. Сөз ошол мезгилден бери илешип келе жатат. Биздин төртүнчү атабыз Айтбай, Жээнбекти Анжиандан алып келип өзүнө бала кылып асырап алганын, мурдакы өткөн муун айтып келсе, бүгүн деле 80 жаштан ашкан Акматбек карыя айтып олтурат. Ошол Жээнбектин урпагы болгон Жумалиев Иманбек Асанкулович, мындан 15 жыл мурда, Алиевдер күчөп турганда, эптеп тууган болуп, андан пайдаланууну көздөп, Чаткалдык чаликелердин Токтор деген чон аталарынын атына жамынып,аны Таластагы Айтбайдын торт уулунун бири болгон Токтордун оордуна коюп,биз Чаткалдан келгенбиз ,Токтор Айтбайдын баласы эмес Чаткалдан келген Токторбай дешип баш оорутуп келишти.Айтбай чон атабыздан Токтор, Токтоназар, Таабалды, Акылбек, багып алган баласы Жээнбек болгон. Токтордун балдары Эркинбек, Жаныбек,Кожобек,Байбек,Чойбек, Шайбек болгон. Булардан тарагандар Таласта бир айыл зл болуп олтурушат. Убакыт отуп, мезгил өзгөрүп, Чаткалдыктар да, Алиевдер да, Таластык чаликелер да кереги жок болуп, өз ата-тегин Кытайдын Кызыл-Ой деген жерине которуп, «Тагдыр» деген китеп жазды. Ал китеп ойдон чыгарылган нерселерге бай. Иманбектин кийинки табылгасы, Кытайдын Кызыл-Ой деген жериндеги 3000 түтүн эл, өздөрүн “чал акеден”, “чалдан” тараганбыз дешкенин угуп, чалдан тараган Элчибекке, Айтбайдын оз баласы Токторду тартып алып , Токтордон тарагандарды атасыз калтырып, андан Жээнбекти чыгарып, Тагдыр деген китепти жазганга үлгүрдү.Бул жерде кыска ой жугуртуп коргондо,макул Иманбек Чал акенин Элчибегинен деп коелу. Кызылойдогу эл ошондон тараган дегенге макул бололу. Иманбек болжогондой чалды- Кубат бий деп коелу. Эми Кубат бийден тараган Ноокендик чаликелер , ошол кундон ушул кунго чейин, жуз тутундой аран болсо, Кызылойдогу Чалдын тукуму 3000 тутун болуп кеткенин кандайча тушунууго болот. Иманбек айткан Чал аталган Кубат бийдин отконуно 2000 жылдан ашык убакыт отту дегендикти билдирип турбайбы.. Иманбектин жазган китеби боюнча Кубат бий- бул чал. Ошол чалды , эл чал аке деп атаптыр, андан Элчибек андан Токтор , андан Жээнбек анан торт ата откондо Иманбек озу экен. Ошентип, Кубат бийдин бир баласынын аты Элчибек болгон деген сөздү кулагы чалганбы же ойдон чыгарып жазып койдубу так биле албадык. Анын Тагдыр деген китебине ишенип, биз дагы жазып жаткан китебибизге Кубат бийден Элчибек андан Токтор деп жазды элек, каргыш тийгир, бул жазганы да калп болуп чыга турган болду окшойт. Ошол туштагы санжыраны карап көргөндө Элчибек, Доолос баатырдын уулдарынын бири. Манап бийдин урпактары болуп чыгат. Биз мунун чын төгүнүн билүү үчүн, Ноокендик кушчу уруусунун, чалике тукумунун аксакалы, ата-теги Кубат бийден тараган, айыл аксакалынан сураганыбызда, ал Кубат бийден тараган Элчибек, анын уулу Токтор дегендер болбогонун айтты. Ушул туура эмес иштерди жасап жургөн Жумалиев Иманбек, кушчу уруусун оңдомуш- этимиш болуп, Кубат бийдин небереси болуп алууга тымызын аракет кылууда. Ал “Тагдыр” деген китебинде, Кубат бийди: “Менин чоң атам” — деп ээлеп алган. Жогоруда, мен айтып өткөн Кубат бийдин ата-бабаларынын тегин этибарга албай , Чалике уруусунун 600 тутун элине, тегине бут тосуп жатканына күбө болдунуздар. Ноокендик чалике туугандарга, Кубат бийден тарагандардын санжырасын, “Таластык шалкелерге бербегиле, Кубат бийге кошпогула” — деген Иманбекке, Кубат бийдин теги болушунун кереги жок. Иманбек учун Кубат бий, өз тегин ондош үчүн гана керек. Кытайдагы чал акеден тараганбыз дегендерди, Таластагы чалике уруусунун оордуна коюп, 600 түтүн чалике уруусун, Кушчу уруусунун курамынан бирото эле чыгарып салууга аракет кылууда. Ал жазган китебинде, атасы Асанкулдун сүрөтүнүн оордуна, бөлөк адамдын сүрөтүн койгонуна эл нааразы.Таластагы кушчунун Чалике уруусунан чыккан Айтбай, Иманбектин төртүнчү атасы болгон Жээнбекти асырап чонойтуп, үй көтөрүп берип, үйлөндүргөну чындык.Ал тууралуу уламыш кеп бар.. Иманбек ошол Жээнбектин урпагы.Өзу туулуп өскөн айылындагы чаликелерди мен билбейт экем, “чалке” дегендер бар дешет, “башы бирикпеген”, “аксым”, “жинди чалке” — деп бир суу элге жаман ат коюп, ал уруу “кушчу уруусунун ичинде жок”- деп ,Тагдыр деген китебинде тыянактайт. Кушчу уруусунда Чал аке уруусу бар дейт. Андай урууну уккан бир адам болсочу, ошол себептүү, Жумалиев Иманбектин, кушчу уруусун тактап, китеп жазып жаткан топтун ишине жетекчилик кылып кийлигишүүсү, элге жакшылык алып келбейт, Кушчу уруусунун санжырасы такталып бүтмөйүнчө, 2015-жылды “Кубат бийдин жылы”- деп атап, кушчунун тоюн өткөрүп жибергенге шашылбай коё турсак кантет? Биринчи баарын шашпай тактап алалы.Ушул кундо Иманбек башында туруп, кушчулардын санжырасын шашылыш жаздырып, Кыргыз Окмотуно кирип , 2015- жылды Кубат бийдин жылы деп откоро кою жагында чуркап журот. Кушчунун санжырасын ,озу билгендей бурмалап ,китеп чыгарганга улгуруп, чон чатак чыгаруусу мумкун.600 тутун Чалике уруусунун атынан,ушул санжыраны Бишкек шаарында кушчулардын санжырасын жазып жаткан топко Касым Кушубековго,Айтыкулу акеге,Кушчу коомунун торагасы Молдобеков Кубанычбек Сакиновичке интернет аркалуу жиберебиз, жана телефон аркалуу кабарлап коебуз. Эч кандай озгортуулор кийрилбесин. Чалике созу Чалаке болуп жазылбасын. Ортобузда таарыныч болбосун. Ата бабаларыбыздын арбактары колдосун. Оомийин.

    Ответ

Добавить комментарий