Рыспай Исаков: «Манасчылык — бул жүк»

— Саламатсызбы Рыспай агай. Түркияга кош келдиңиз. Өзүңүз, билимиңиз, жашооңуз жөнүндө окурмандарга тааныштырып кетсеңиз.
— 1975-жылдын 11-майында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренче деген айылында төрөлгөнмүн. Ошол жерден орто мектепти аяктаганмын. 10 бир тууганбыз. Орто мектепти аяктагандан кийин, Бишкектеги жогорку окуу жайга, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетине тапшырдым. Ал жерде 1992-жылдан 2002-жылга чейин ойлонбой он жыл окудум. Азыр бир уул, бир кыздын атасымын.

— Манасчылардын бул улуу эпос менен аралашканынын кызык окуялары жана өзүнчө тарыхы бар. Манасчылык дүйнөсүнө кандай аралаштыңыз? Түш көрдүңүзбү?



— Бул дүйнөгө кандай аралашып калдым дегенге так жооп берүү кыйын. Себеби, качан уктап калганыңды, качан түш көрө баштаганыңды билбей калгандай нерселер болот да. Балалыгым айылда өттү. Чоң энем эртели-кеч Манас боюнча, баатырлар жөнүндө, элдик эпостор жагдайында такай айтып бергенденби, же ал кезде «Бетман-сетманы» жок, уккан-көргөнүбүз ушул багытта болгондонбу, айтор, эс тартканы Манас атын угуп чоңойгондуктан, бул дүйнөгө кандай аралашканыңды билбей да калат экенсиң. Бир сөз менен айтканда, дүйнөгө көз ачкандан эле, а балким, андан да эртерээк Манас баатыр жөнүндө кабарыбыз бар болчу. Манас-Коңурбай болуп бөлүнүп урушуп дегендей, ушундай оюндарды ойноп жүргөнбүз. Ал эми чындап бул улуу дүйнөгө назар салганым 11-12 жашымдан башталды. Кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалимдер түрткү беришти эң ириде. Тил-адабиятка башынан кызыкчумун. Сабактан кадимкидей эле Манас айтасың деп тапшырма берген. Ага чейин өзүм кызыгып, берилип жүргөн менен, батынчы эмесмин. Чоң энем такай жомоктордон айтып, окутуп, угуп турчу. «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Эр Төштүк» эпосторунун бардыгы жөнүндө айтып берип, тамга тааныгандан баштап бул баяндарды окутуп укчу. Биринчи таасир ошондон башталды деп ойлойм. Ыйлачы жеринде ыйлап, күлчү жеринде күлүп, баян менен кошо жашачу байкуш чоң энем. Ошентип жүргөн мезгилдерде «Аян болбой, баян болбойт» дегендей, өзүм деле билбейм, кандайдыр бир илме кайып түштөрдү көрүп жүрдүм. Анын себебин же өзүм аңдаштыра албай, тартынчаак, корунчаак мүнөзүмдөн, же башкаларга айтып бере албай, ортодо көп кыйналып, көп чайналып калдым. Анан башым ооруп, жарылчудай болуп кетип, өзүмдүн атымы унутуп, эсимди жоготуп койчумун. Башка бир дүйнөгө аралашып, кызыктай бир нерселер кайталанаар эле ошондо. Азыр да айтып бере албайм эмне экендигин. Кайсыл жакта кай убакытта жүргөнүмдү да билбей калган учурлар болчу. Ошентип кыйналып жүрүп мектепти бүттүм. Анан жогорку окуу жайына тапшырып, чоң дүйнө менен алектенип, чоң аалымдарды көрүп, чыгармачыл адамдар менен, өнөр дүйнөсү менен аралашып, акырындап өзүмдүн дүйнөм ачыла баштады. Манасчылык дүйнөсүнө бой салып, бүтүндөй дүйнөм менен аралашкандан кийин баш оорум, өнөкөт илдетим өзүнөн өзү жоголуп кетти.

— Кыргызда өтө атактуу манасчылар болгон, азыр деле бар. Бул улуу жол. Кайсы Манасчынын мектебин өзүңүзгө жакын көрөсүз, кайсынын сизге таасири бар?
— Манасчылык — бул касиет. манасчылык — бул сыймык. Ошону менен катар манасчылык — бул жүк. Бүтүндөй элдин жүгү жатат манасчынын мойнунда. Өткөнкү ата-бабалардын жүгү жатат. Ошондой эле келечек муундун да жүгү жатат. Манасчы биринчи ирет ошону билиши керек деп ойлойм. Ошол себептүү баардык манасчыдан үлгү алышы керек. Баардык манасчынын бийик сапаттарын баалаш керек. Сагымбай, Саякбай манасчылардын китептерин окуганбыз. Саякбайды тасмадан көрүп, үнүн угуп калдык дегендей. Уркаш, Назаркул, Кааба, Шаабай, Асанкан деген Манасчылар менен аралашып калдык. Алардын ичинен Назаркул агай гана тирүү, калгандардын көзү өтүп кетти. Бардыгынан таалим алып, үлгүсүн үйрөнгөнгө аракет кылдык. Азыр болсо, кудайга шүгүр, жаш, аябай күчтүү манасчылар өсүп атат. Дөөлөт, Улан, Замирбек, Самат, Камил, Өмүрбек, Тилек деген манасчылар бар азыркы учурда. Мен ошолордан дагы үлгү алам. Жаш болсо дагы ушуларды устат катары эсептейм өзүмө. Негизи, Манас дүйнөсү баш-аягына акыл жетпеген дүйнө. Ар бир манасчы кайсы бир жагын жакшы өздөштүргөн. Кайсы бир жагын, албетте, анчалык өздөштүрө албай калышы мүмкүн. Ар бир манасчынын мыкты өздөштүргөн жактарын алып, өзүмө сиңиргенге аракет кылам. Ошол көзү өткөн манасчыларды да, көзү тирүү манасчыларды да мен өзүмдүн устатым, өзүмдүн окутуучум деп эсептейм.

— Башчылардын, өкмөттүн манасчыларга, бул өнөргө көз карашы, мамилеси кандай? Акча жагынан колдойбу? Тиричилигиңизди, турмушуңузду кандай өткөрөсүз?
— Бул эми биздин жаралуу жерибиз, чындап келгенде. Өкмөт азыр эми-эми аракет кылып атат. Такыр аракет кылган жок деп айта албайм. «Манас» эпосун, манасчыларды колдоо боюнча мыйзам кабыл алды. Манастын бир айлык программасын киргизип, мектептерден баштап, министрликтерге чейин аракет кылып атышат. Бул кичине да болсо кыймыл да. Бирок манасчылар үчүн абдан чоң аракет керек. Биринчи, айлык маселеси сөзсүз түрдө каралышы керек. Бизди ашка-тойго чакырса да канча акча бересиң деп сурай албайбыз. Себеби, туура эмес болуп калат. Биз өнөрүбүздү соодага салбашыбыз керек. Соодага айландырып албашыбыз керек. Өздөрү берсе, бергенин алабыз. Аз болуп калды, көп болуп калды, мынча бер дегендин өзү туура эмес. Аны эл түшүнөт-түшүнбөйт, билет-билбейт дегендей. Ал эми бул элдин байлыгы болгондон кийин, мамлекеттин сыйлыгы болгондон кийин, мамлекет ушундай нерсени эсепке алышы керек болчу. Манасчылар мамлекеттин бийик касиетин алып жүргөндөн кийин, мамлекеттик сыймык, кол тийгис нерсеси катары сактап алышы керек болчу да. Тилекке каршы, андай чекке жете элекпиз.

— «Манас» эпосу үчилтиктен турат. Манас, Семетей, Сейтек. Кыскача эпостун мазмунун айтсаңыз.
— Оо, бул узак сөз. Абалы улуу баяндан башталат, жомок башы деп коёт. Бул адабий чыгармалардагы «кириш сөз» сыяктуу. Мурункудан калган сөз, мураа кылып алган сөз, байыркыдан калган сөз, баян кылып алган сөз деп, ушул сөздүн өзү жөнүндө, Улуу сөз, Улуу баян жөнүндө айтылат. Аны кимдер айтып келген, кандай айтып келгендиги жөнүндө, жалпы эле ушул сөздүн касиети, кудурети тууралуу айтылат. Анан Кыргыздардын Алооке кандан чачылышы башталат. Бул бөлүктө Манастын жети атасы санакталып, чоң атасы өлгөндөн кийинки кыргыздардын Алоокеден чабылышы сүрөттөлөт. Акыры, кыргыз чачырап, ар кайда тентип кетет. Жакып, Акбалта баштаган 70 түтүн кыргыз Алтайга айдалат. Андан кийинки окуя катары Манастын төрөлүшү деген бөлүк бар. Мында Алтайга барган Жакыптын байыганы, баласы болбой зарлаганы, түш көргөнү, аялдарынын түш көргөнү сыяктуу окуялар камтылат. Манастын төрөлүшүнөн кийин, Манастын балалык чагы башталат. Кай жерде, кандай өскөндүгү жана Ошпурга койчу болгондугу ушул бөлүктө баяндалат. Андан кийинки бөлүк — Манастын алгачкы эрдиктери Кордукту, Баянчор деген калмакты өлтүргөнү, жанына жолдошторун жыйнай баштаганы айтылат. Ошондой кордуктарды көрүп аткандан кийин Эсенкандын тыңчыларды жибергени баяндалат. Майда-чүйдө уруштар чоң согуштарга айлана баштайт. Нескара, Жолой менен болгон урушу айтылып, Манас Манас болуп, Манас атка конуп, 12 жашка толуп, карамагына эл топтоло баштайт. Анан Манас кан көтөрүлөт. Сагымбайдын айтуусу боюнча андан кийин Манастын Кичи казаты башталат. Кайып даң, Оронгу, Кырмус шаалар менен ошондо согушат. Кайып даңды жеңгенден кийин, анын кызы Карабөрккө үйлөнөт Манас. Карабөрккө үйлөнүп, 11 дуунун журтун багындырып келгенден кийин, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүү боюнча кеңеши башталат. Кеңештен мурун ата журтту душмандардан бошотуш керек деп ойлонушат да, Манас баштаган кол бери аттанып, Текес канды, Орго канды, Кеймен шааны, Акунбешимди жеңип, душмандарды азыркы турган Анжиян, Ала-Тоо аймагынан сүрө баштайт. Анан Анжияндагы Алооке хан менен урушат. Манас баатырдын ата-бабалары турган жер Анжиян болгон. Алооке Манаска алы жетпесин билип, айласы жок, Каканга качат. Андан кийин өзү келип катылган маймундуктун Шоорук хан менен уруш болот. Шоорук жеңилип, тартууга өз кызын берет. Анын кызы Акылай Манастын экинчи аялы болот. Манас душмандардын качырганын качырып, дос кылганын дос кылып, Ала-Тоону ээлеп алат. Таласка барып, Ордо тигет. Анан кырк чоро ар бир ар жактан келе баштайт. Бирөө атасына таарынып, бирөө элине, бирөө жерине тарынып келишет. Кыргызда «Таарынсаң Таласка бар» деген сөз ушундан калган өзү. Бардыгы келгенден кийин аягында Алмамбет келет. Алмамбеттин окуясы өзүнчө айтылат. Анан Манастын Каныкейге үйлөнүшү башталат. Манас менен Алмамбет эки дүйнөлүк дос болот. Кыргыздын дүйнөсү кеңейет, чаба турган душман калбайт. Батыш-чыгыштагы бүт душмандарды чапкандан кийин, Кыргыз зор мамлекет боло баштайт. Ошол учурда душмандар муну кантип жок кылабыз деп кеңешет. «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» дегендей, Манастын жакын тууганы Көзкамандар Манасты өлтүрүп келебиз деп, кытай хандарына убада берип, Манаска аттанышат. Көзкаман Манастын атасы Жакып менен бир тууган. Калмактарга кирип, тилин да, динин да калмак кылып койгон экен. Тууганым экен деп Манас баатыр аны тосуп алат. Атсыз келгенине ат берет, тонсуз келгенине тон берет, бойдок келгенине кыз алып берет. Жайдак келгенине үй тигип берет. Манасты ууландырышып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калтырышып, Көзкамандар качып чыгышат. Манас Каныкейдин жардамы менен аман-эсен айыгып, Көзкамандар өлүм табат. Анан Көкөтөйдүн ашы башталат. «Көкөтөйдүн ашы — көп чатактын башы» делинет. Көкөтөйдүн ашынан чоң казат чыгат. Чоң казатта чоролордон айрылып, кан жутуп кайгырып, Манас өзү да жарадар болуп келет. Дүйнөдөн өтөт. Каныкей жесир, Семетей жетим калат. Айласы жок Каныкей Букарды көздөй кача баштайт.

— «Ордо-сахна» тобу менен кыргыз музыкасын, маданиятын дүйнөгө таанытууга аракет кылып жатасыздар. Бул топко кандай аралаштыңыз? Топ өзү кандай? Ошолор жөнүндө айтып кетсеңиз?
— Кыргыз маданиятын, кыргыз өнөрүн дүйнөгө таанытсак дегендер көп. Ошолордун көч башында «Ордо-сахна» тобу турат десем жаңылбасам керек. Бул топ менен 2005-жылдан бери байланыштамын. Эрлан деген жигитибиз манасчы керек болуп жатат деп алып барган. Москвада Кыргыз маданият күндөрү болот дегендин алдында барганбыз. Ошондон бери иштешип келе жатабыз. Ага чейин топту жакшы билбейт элем. Албетте, атын угуп жүргөм. Мен күн сайын барып, даярдыктан өтүп, ар дайым «Ордо-сахна» менен иштебейм. Бул топто келишимдик негиздемин десем болот. Жыйындар болгондо барып катышам. «Ордо-сахна» 10-12 жылдын ичинде 3 диск чыгарды. Бул сыймыктана турган жумуш. Азыр «Ордо-сахнанын» ырлары кыргыз ыр-күү дүйнөсүн толуктап турат. Бул топто жалаң күчтүү өнөрпоздор топтолгон. Жетекчи ошолордун дилин таап, бир топко бириктирген. Өнөрпоздор өтө кыялы чукул адамдар болот. Бир нерсе жакпай калса, баарын таштап басып кетиши да мүмкүн, «Кечтим байдын кызынан» деп.

— «Манас» эпосу боюнча Кыргызстанда жарык көргөн кандай варианттар бар? Кол жазма түрүндө, арап арибинен которулбай, дагы эле окулбай жаткандары барбы?
— Оо… Толтура да андайлар. Илимдер академиясында жатат анын баары чаң басып. Китеп кылып бастырганга каражат жок… Азыр чет-четинен чыгарууну колго алгандар болуп атат.

— Өзүңүздүн вариантыңыз барбы?
— Албетте, колдон келишинче өздүк ыкма менен айтып келебиз. Эми аны толук тасмага жаздырып алгандан кийин айтпаса, азырынча көкүрөктү добулбас кылганга эрте го деп ойлойм…

— Түркия, Стамбул жөнүндө кыскача айтсаңыз.
— Түркия — келечеги кең өлкө. Башкасын билбейм, манасчылыкты колдоого келгенде, казак жана түрк боордошторубуз өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Мен муну бир нече жолку сапарымдын жыйынтыгы катары айтып жатам. Мекке — исламдын түнөгү болсо, Стамбул — исламдын жүрөгү деп ойлойм.

Маектешкен ӨМЕР КҮЧҮКМЕХМЕТОГЛУ (ТҮРКИЯ),
«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.06.2012-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий