Санжыра. МУҢГУШ

Мен уруучулук бөлүнүүчүлүктү жактоочулардан эмесмин. Кээ бирөөлөргө окшоп эски доор, өткөн заманды, элибиздин уруучулук-патриархалдык коомдук түзүлүшүн курулай идеализациялоодон да алысмын. Кыскасы, маркум Салижан Жигитов айтып калчу » көзү желкесиндеги интеллигенттердин» катарына кирбейм. Ошого карабастан, акыркы кездери элдин оозеки тарыхын, уруулар санжырасын биле жүрүүнүн да маанилүү экендигин сезип-туя баштадым.

Талаш жок, уруучулук аң-сезим тарыхый өнүгүштөн артта калган элдерге мүнөздүү көрүнүш. Бирок, ал биздики, биздин өзгөчөлүгүбүз. Анан да, канчалык кайчылаш болгону менен, кыргыз элинин улут катары калыптаныш пайдубалы уруучулукта жатат. Тарыхый өнүгүштөн бечел калып, классикалык үлгүдөгү бүтүн улут болуп уюганга буямасы келбей, демек, жалгыз түндүк көтөргөн бүтүн мамлекеттүүлүк жөнүндө ой жүгүрткөнгө да жетише албай жүргөн мезгилде кыргыздарды өзүнчө этнос катары жок болуп кетүү коркунучунан мына ушул — жети атасын так атап, ата-баба санжырасын аздектеген уруучулук аң-сезим сактап калган. Көчмөндүк доордогу ошол уруучулук аң-сезим, уруулук түзүмдүн аркасы менен биз бүгүн кыргыз деген бир улут катары өз мамлекетибизге ээ болуп отурабыз.

Дагы да парадокс: текши ааламдашуу процесси жайпап келе жаткан маалда биздин эскиден калган ал өзгөчөлүгүбүздүн шыпаалуу жагы да ачыкка чыгууда. Уруу, уруктук аң-сезиминин тамыры бошоң элдин этнос катары туруксуз, алсыз болорун жакынкы заман тарыхы деле тастыктап койду. Маселен, биз азыр «Өзбекстанда 1 миллион кыргыз бар эле, өзбектешип отуруп, кыргызмын дегени аз эле калды» деп кейип жүрбөйбүзбү. Чындыгында эле ошондой болду. Ал кыргыздар чөлдө (дыйканчылык менен алпурушкан калк жашаган түздүк аймакты Оштогу тоолуктар чөл деп атайт) өзбек калкы менен жамаатташ жашагандыктан, адегенде уруу-уруктук сезимден ажыраган. Уруулук аң-сезиминен ажыраган кыргыз үчүн улутун унутуп, танып кетүү бир эле кадам экен… А улут жок болсо, өзүнчө мамлекет болуунун тыйынчалык кажети калабы?!

Бүгүн эми ар ким эптеп өз күнүн көрүп, мамлекетсиз, эндекей жашаган заман эмес. Доордун шарт-ыңгайы башка. Демек, ууручулук түзүмгө тийиштүү касиет, сапаттардын бу заман өңүтүндө кайсынысы пайдалуу, кайсынысы зыян — баарын ылгап, иргеп алуу зарыл. Санжыра, уруу, уруктук таанып-билүүнү » Ургаачы болсо да өз короомдон кочкор салам» принцибинде колдонуп, тар, кыйды саясий кызыкчылыктардын куралына айлантып жиберүүдөн сак болуп, аны бөлүп-жаруучулук эмес, улутту бириктирип, сактоочулук багытында пайдаланып, ага цивилдүү мамиле кылганга жетишишибиз керек. Калкыбызга мүнөздүү уруучулук көрүнүш ошондо гана жалпы улуттук прогресс үчүн кызмат кылат.

Генеалогиябызды, санжыра-тарыхыбызды таанып-билүүнүн ушундай ийги жактарын эске алуу менен, ток этерин айтканда, уруучулукка улуттук кызыкчылыктын секисинен карап туруп, азыркы оозеки санжырада анча кепке алына бербей, көп жагы бүдөмүк калып жүргөн кыргыздын муңгуш уруусунун тегин сүргөн баянды сунуш кылып жатам.

Акыркы кездери кыргыз элинин генеалогиясын, этногенезисин изилдеген эмгектерде, оозеки санжырада кыргыздын оң канатын түзгөн ири үч уурунун бири- Муңгуш жөнүндө учкай гана айтылып, жөндүү маалымат берилбей жүрөт. Айрым чалагайым санжырачылар эскиден айтылып келген санжыраны бузуп, бурмалап, Муңгуш уруусунун келип чыгуу, таралуу оюна келгендей «чыгармачылык » кылып да жиберишүүдө .

Кыргыз санжырасынын кагазга түшкөн эң эле алгачкы үлгүсү- окумуштуулар жазылыш мезгилин 15-кылымдын аягы, 16-кылымдын башы деп белгилеп жүргөн «Маджму ат-таварих». Бул «тарыхтар жыйнагын» Сайфад-дин ибн дамулла шах Аббас Ахсикенти жазып, акырында анын уулу Нур (Навруз) Мухаммад ибн мулла Сайфад-дин Ахсикенти аягына чыгарган. Кыргыз элинин улуу эпосу «Манасты» да кыскача баян кылып, ичине камтыган бул баалуу тарыхый эмгекте кыргыз санжырасына дагы кеңири орун берилген.

«Маджму ат-таварих» боюнча кыргыз эли оң жана сол болуп эки канатка бөлүнөт да, оң-солдун санжырасы мындайча берилет.

Оңдун санжырасы: Аналхакк-Лурхан-Гуз-хан-Арсланг бий-Кулу бий- Шахбдур бий-Темиш бий- Мары бий- Шүкүр бий- Кафланг бий — Сангин бий- Сара бий -Гази бий- Дамбур- Долон- Көктемиш- Боз оглан -Ак огул -Отуз огул- Солус-Бек Булагачы.

Булгаачыдан: -Бостон, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Кыдырхан, Каңгы.

Отузуулдан: -Адигине , Муңгуш, Карабагыш, Тагай.

«Маджму ат-таварихтин» авторлору кыргыздын сол канатынын санжырасында Аналхакктан Куу уулга чейин 24 атанын атын атап, уруулардын андан ары Куу уулдан таралышын мындайча көрсөткөн:
1.Басыз
2.Лалым кушчу
3. Ай баш мундуз
4. Чоңбагыш
5.Саруу
6. Сунджек кытай.

Бүгүнкү күндө жалпыга маалым болуп, таанылган кыргыз санжырасында кыргыздар оң, сол жана ичкилик болуп, негизинен үч канатка бөлүнөрү белгилүү. Сайфад-дин Ахсикентинин эмгегинде ичкилик өзүнчө белгиленбей, оң канатка киргизилип, Отузуул менен бир тууган Булагачыдан таратылганы гана болбосо, оң, солдогу уруулардын аталышы азыр көпчүлүк моюндаган санжыра менен дээрлик окшош.

Азыркы учурда биздин колго тийген кыргыздын көөнө оозеки санжырасынын негиздүүсү- атактуу Балыкооз манасчыдан калган вариант. Балыкооз, же болбосо, Балык (Бекмурат) Кумар уулу болжол менен 1799-жылы туулуп, 1887-жылы дүйнөдөн кайткан. Балык айткан санжыраны өз атасы Алымбектен угуп, Алымбеков Тургунбек жазып алып, бизге жеткирген.

Белгилүү этнолог, иликтөөчү Сапарбек Закиров өзүнүн «Кыргыз санжырасы» (1996-жыл, Бишкек) деген китебинде Балык Кумар уулунун санжырасына мындайча кайрылган: «Санжырачынын баянына караганда, Долон Домбул бийдин тике баласы эмес, ортодон көп ата өткөн тукуму. Долонго баш ийген элдердин жайлап жүргөн жерлери жөнүндө мындай ыр калган:
Үч Алматы, Сары Токум,
Кыштоо экен Долондун.
Долон Кара атанган,
Көк Тоо экен Долондун.
Кулжа башы , Куу чоку,
Кароолу экен Долондун.
Кара- Кужур, Төлөгү,
Жайлоо экен Долондун.

Калмактар каптаганда Долон Кара-Кулжада жайлоодо экен. Катуу салгылашып, бирок туруштук бере албай сүрүлөт. Тоо ашып бара жатып белде өлөт. Долон өлгөн жер кийин Долон бели аталып калат. Долон өлгөндө беш бала калат.
1.Наалы
2.Адигине
3.Тагай
4.Бердике
5.Муңгуш

Наалы баарынан улуу болуп, бийлик ошого калат. Наалы эже качкан кыргыздар менен сүрүлүп, Алай, Өзгөнгө барып токтойт. Адигине, Тагайлар чоңойгончо элди билип, алар бой жеткенде Көкө деген табыпка тийет. Бийлик Адигине , Тагайдын колуна өтөт. Наалы Көкөгө тийгенден кийин үч балалуу болот:
1.Курмушу
2. Моңолдор
3. Черик

…Адигине, Тагай бой жетип, кыргызды билип турганда, калмактардын Дор деген ханы Адигиненин Таманак деген күлүгүн уурдатып алат. Ошондо Адигине, Тагай оң-солго кабар берип кеңеш курат. Оң-солдун колуна кол башчы боло турган жигиттерди шайлайт. Жалаң кол башчы отуз уул болот. Чыбык кыркып ант беришет. Отуз уулдун тукуму кийин отуз уул аталат. Калмактарды кубалап чыгып, Аксак Темирдин тукуму деп Эрешени хан көтөрөт. Эреше ханды шайлаганда кыргыздардын оң, солго бөлүнүшүн, ага кирген урууларды кайра тактаган.

Оңго киргендер:
Адигине
Тагай
Бердике
Муңгуш
Моңолдор
Курмушу
Черик
Чоңбагыш
Нойкут
Найман

Солго киргендер
кыргыз-кыпчактардан куралган:
Саруу
Кытай
Мундус
Кушчу
Төбөй
Басыз
Каңгы
Тейит
Сатикей
Ичкилик.»

Мында көрүнүп тургандай, Балык Кумар уулу айткан санжырада да кыргыздар экиге: оң жана солго гана ажыратылып, азыр бизде кабылданган үчүнчү бир канат- Ичкиликтин уруулары оң, солго аралаш киргизилген. А бирок биз мисалга тарткан эң көөнө, жападан жалгыз жазма түрдөгү санжыра «Маджму ат-таварихте» да, андан кийинки мезгилде жазылып калган Балык Кумар уулунун санжырасында дагы Адигине , Тагай, Муңгуш кыргыздын оң канатын түзүп тургандыгы бирдей белгиленет. Болгону, алардын Отуз уул аталышы боюнча гана эки башкача маалымдалат.

Булардан тышкары, кыргыз калкынын уурулук курамын, бөлүнүшүн жиликтеген 19 кылымдын акырындагы олуттуу эмгек орус илиминин көрүнүктүү өкүлү, тарыхчы-этнограф Н.А.Аристовго тиешелүү. Н.А.Аристов 1894-жылы Санкт-Петербругда басылып чыккан «Труды по истории и этническому составу тюркских племен» деген китебинин «Опыт выяснения этническая состава киргиз-казаков большой орды и кара-киргизов на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях….» деген эмгегинде кыргыз урууларынын оң, солго бөлүнүшүн маалымдап эле тим болбой, аталган канаттарды түзгөн уруу бирикмелерин белгилеп, андан ары тереңдеп, ал бирикмелер кандайча бутактанып, кайсы уруктардан турарына чейин тизмектеген А.Н.Аристовдун эмгеги боюнча кыргыздын оң канаты:
Ичкиликтер. Анын курамында — Кыдырша, Каңды, Найман, Тейит, Кесек, Оргу, Дөөлөс, Каратейит, Чалтейит, Бостон, Кызылаяк, Карасаадак.

Адигине. Адигиненин ичине Бөрү, Баргы, Олжоке, Тооке, Карабаргы, Сарбаргы, Таздар, Көкчө уулу, Элчибек, Сарттар, Савай, Жору, Карасаадак киргизилген.

Монгуш (Муңгуш). Бул тутумда- Кудагачин, Жапалак, Төлөйкөн, Жоош, Жылкелди, Сарылар, Сарай, Көкжатык, Соколок, Тейне, Эркекашка, Моңол.

Тагай-Бугу, Сарыбагыш, Солто, Багыш, Черик, Саяк, Басыз.

Кыргыз тилиндеги туңгуч тарыхый -этнографиялык эмгек — Осмоналы Сыдык уулунун 1913-жылы Уфа шаарынан басылып чыккан «Мухтасар тарых-и кыргызия» деген китебинде «Эми, Акуулдан Адигине, Тагай, Монкош деген элек. Адигине, Монкоштон Анжиян кыргыздары. Монкош он үч урукка бөлүнөт: Эркекашка, Төлөйкөн, Маңгыт, Көкжатык, Сокулук, Жапалак, Ходокчон, Жоош, Жылкелди, Сарала, Тике, Бүкүр, Татар» деп жазган.

Кыргыз элинин калыптануу мезгили, уруу-уруктук түзүлүшү жайында кеп кылганда белгилүү советтик түрколог, этнограф Саул Матвеевич Абрамзондун эмгектерин эске албай коюуга болбойт. Ал өзүнүн 1971-жылы жарыкка чыккан «Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи» аталган эмгегинде » В составе правого крыла тянь-шанские киргизы выделяют три ветви: тагай, адигине и мунгуш. К первой из них относят следующие племена: сары багыш, бугу, солто, тынымсейит, саяк, чекирсаяк, жедигер, черик, азык, багыш, моңолдор, баарын, суумурун. Ветвь адигине включала в себя племена жору, борю, баргы, карабагыш, сарттар. Ветвь мунгуш состояла из двух подразделений -жагалмай и коштамга, которые в свою очередь распадались на некоторые число племен» деп белгилеп кеткен.

Кыргыздын 20-кылымдагы көрүнүктүү санжырачыларынан болгон кызыл-суулук (кытайлык) Үсөйүн ажы Асаналы уулу өз айтымында Адигине, Муңгушка мындайча токтолот: » Биз мурун Адигине, Тагай бир тууган деген элек. Эми санжырачылардын айтышынча, Адигиненин Муңгуш деген бир иниси болгон дешет. «Анжиян кыргыздары» же ,»Түштүк кыргыздары» деп аталган көп сандагы кыргыздар ушул Адигине менен Муңгуштан таралат. «Ат туягындай Адигине», «Тай туягындай Тагай» деген эл макалы дагы Адигине ууруларынын көп экендигин далилдейт.

Адигинеден Баргы, Бөрү, Жору, Бакал, Бөлөкбай, Тегизбай, Жаамбай, Кашка, Тасма, Токтош, Теним, Сейит сыяктуу 12 уруу таралат. Баргы уруусу Сарыбаргы, Карабаргы, Тазбаргы деп үч урууга бөлүнөт. Баргы уругунун Алымбек датка деген башчысы болуп, Анжиян кыргыздарын бийлеп турган. Ал өлгөндөн кийин аялы Курманжан ордуна отурган.

Эми Муңгуштан Каштамга, Жагалмай деген эки уулу, Каштамгадан алты уул, Жагалмайдан алты уул болуп, ар бири бирден урууга таралат. Жагалмайдын алты уулунун биринин аты Жоош экен, мындан Балык, Кожожар (Кудаяр) , Ороз деп үч уул болгон. Жалпы Жоош уругу ушул үч атадан таралат. Биздин Ата Мекенибиздеги ( Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу кыргыз автоном районундагы- А. Мониев) Жоош уругу бул үч атанын биринен болуп, Алты ата уулу Кудаяр деп аталат. Абыке, Мама, Иман жана башкалар болуп, 12 уруу Муңгуштун балдарынан тараган. Тармак уруулар 49 га жетет экен.»

Белгилүү тарыхчы Б. Д. Жамгырчинов дагы өзүнүн » Очерк политической истории Киргизии 20 века» деген эмгегинде Отузуулдун Муңгушунан Жагалмай, Коштамга деген эки уул экендигин туура белгилеп, бирок, ал экөөнөн сырткары Монгол деген ат менен Моңолдорду дагы аларга бир тууган катары жаңылыш көрсөтүп койгон. Ошентсе да Б. Жамгырчинов келтирген Жагалмай менен Коштамгадан Муңгуштун жалпы 13 уругунун таркашы мурдатан айтылып, такталган, тапталган санжырага дал келет. Б. Жамгырчинов боюнча:
ЖАГАЛМАЙДАН- Төлөйкөн, Жоош, Жылкелди, Тээке, Жапалак, Кодогочун.
КОШТАМГАДАН- Улуукатын, Маңгыт, Эркекашка, Соколок, Сарылар, Көкжатык, Сарай.

Айрым санжырачылардын (анын ичинде этнолог Б. Жамгырчинов да бар ) жаңылыштык менен Муңгуш уруусун Наалы эжеден тараган деп санап, Моңолдор уруусуна кошкондугунун каталыгын, муңгушар байыртан эле Наалы эже, Адигине, Тагайга бир тууган катары айтылгандыгын кыргыз оозеки чыгармачылыгынын билермандарынын бири, белгилүү санжырачы Жапар Кенчиев да тастыктап кеткен. Анын 1994-жылы «Ала-Тоо» журналынын тиркемесине жарыяланган «Кыргыз санжырасы» аталган эмгеги боюнча: Долон бий өлүп, мангулдар кыргызды камчыга ченеп бөлгөндө, Акуул ат жалын тартып минип, элге аралашып калган мезгили экен. Акуулдун байбичеси бугу уруусунан чыккан Сурмакаш деген көзү ачык, олуя чалыш аял болуптур. Ал өзү Акуулдан Наалы эжени, Адигине менен Тагайды көрүптүр. Өзүнөн кийин Атбашынын Чеч-Дөбөсүн жердеп турган катагандын карасакал уруусунан Акуулга дагы бир аял алып берет. Андан Муңгуш төрөлөт.

Бир күнү жоо менен болгон салгылашта Акуул кайтыш болот. Адигине, Тагай, Муңгуш жаш калгандыктан, Наалы эже чачын төбөсүнө түйүп, мал кайтарып, аштык айдап, инилерин асырап чоңойтот. Ошол учурда Кебез-Тоонун бери жагы, Пияз -Тоонун ары жагында Ак-Чий деген жерде жашаган нойгуттардын ханы Кылыч хандын Болот хан деген уулу болот. Ошол Болот хандын Көкө, Тайыр деген эки уулу бар экен. Экөөсү тең келишкен эр азаматтар болуп өсүшүптүр. Эми эр жетип келатканда энеси өлүп калып, Болот хан башка бир аялга үйлөнөт. Эрке токол эки балага ашык болуп, кепке келтире албагандан кийин, «балдарың мага тийишти» деп аларды ханга жамандайт. Болот хан өлтүрө турган болгондо балдары билип калышып, качып чыгышат да, Тагай бийге келип туруп калышат. Наалы эже Көкөнү көрүп жактырып, ага баш кошот. Экөөнөн кыргыздын Моңолдор уруусу тарайт.( Жапар Кенчиевдин «Санжыра» китебинен.)

Мынча болду, Моңолдор уруусунун келип чыгышы боюнча кыргызча алгачкы тарых-санжыра китептин автору Осмоналы Сыдык уулунун жазганын да келтире кетели. «Моңолдор деген сөздүн ичинде «О» арибин «Алифке» айландырып, «мангол» деп жазылып кетти. Жөнөкөй элдин тилинде кыскарып, «моңолдор» деп кетти… Илгери Көкө, Тахир деген эки уул Туркестандын Ак-Дөбө деген жеринен качып келди. Алардын атасы Кылыч хан деген болуптур. Ал кезде Адигине , Тагай Оштун үстү жагындагы Керме-Тоо, Сары-Белде турушкан. Хандын баласы болгон үчүн Көкөнү Адигине, Тагай Наал деген эжесине үйлөнтөт. Тахир Көкөгө таарынса керек, Жалайыр деген казак ичине барып турду. Наал эже дагы бир бала төрөгөн эле. Атын Муңулуулдур койду. Могул (Монголдор) ушундан» деп жазган ал.

Н.А.Аристов жогоруда аталган эмгегинде: » По Костенко , вместе с адыгине летует на Алае и имеет зимовки в окрестностях Оша род монгуш, состоящий из 12 отделений: кудагачин, джапалак (ястребятники), тулейкен, джоош (жирные), джильгельды (весной пришедшие), сарлар (желтые), сарай, кокджатык (простаки), соколак, тейне, ирке-каштка (лысые баловники), и монгол.

Имена монгуш, монкондор (в «Си-юй-ту-чжи») ,монульдыр, мунулдыр, монылдыр (все это у Валиханова у статье «Поездка в Кашгар»), монгулдар и монгулджар (у г. Загряжского), молдур (у Северцова) кажутся разными производными формами имени монгол. Это, а также отделение монгол и монгушей и монгольская форма имен еще двух отделений (кудагачин и тулейкен) , дает достаточные основания считать монгушей союзом из разнородного сбора, составившимся под главенством остатков джагатаидских монголов, оставшихся верными кочевой жизни и нашедших убежище в горах между Кашгаром и Ферганой после падения власти джагатаидов и в Кашгаре, около 17 столетия. Китайцы, в 1759 году , по » Си-юй-ту-чжи» , нашли монгушей (монкондор) на нынешних их местах, в числе около 700 семей , под управлением Адзи -бия»деп жазып, муңгуштардын түбү Кашкар- Фергана аралыгындагы чагатай монголдорунун аралашмасынан келип чыгышы мүмкүн дегендей ойду айткан.

Арийне, Аристовдун бул божомолун чындыкка түз жакындатып кабылдоого болбойт. Жогорку тексттен айгине болуп тургандай, Н.А.Аристов жана башка орус иликтөөчүлөрү аталышындагы азыраак окшоштукка такап, муңгушту моңолдор уруусу менен чаташтырып алышкан көрүнөт. Чындыгында, кыргыз санжырасы боюнча Наалы эжеден таралган делген Моңолдор уруусунун Муңгуш менен байланышы деле Адигине , Тагай менен бирдей деңгээлде. Экинчиден, дегеле муңгуштардын арасында монгол деген уруу жок. Ал эми окумуштуунун кодогочун, төлөйкөн аталыштарын монгол тилинин формасында деп таап, ошону негиз кылгандыгын да тактоо керек: мүмкүн, бул сөздөр монголдорго түрк тилинен киргендир…Анын үстүнө, орус тилине жоошту «жирные», көкжатыкты «простаки» деп которгондугуна караганда, Н.А.Аристов кыргыз-түрк тилин түзүк биле берген эмес окшойт.

Ал эми С.М.Абрамзон: » Несмотря на очевидную условность некоторых из приведенных сопоставлений, представляется неоспоримой мысль об этногенетической связи отдельных киргизских племен с племенами древнетюркской конфедерации теле. Древнее этническое родство предков алтайцев и киргизов подтверждается не только совпадениями этнонимов, но и многими этнографическими параллелями , относящимися к различным сторонам быта и мировоззрения этих народов, не говоря уже о большой близости киргизского и алтайского (точнее, южноалтайского) языков. Хотя и меньшей степени , но имеются общие этнонимы у киргизов и хакасов ( кирг. желден, у хакасов- чжельден; бугу; у хакасов — кыргыз), у киргизов и тувинцев ( кирг, мунгуш, у тувинцев- монгуш; уйгур; у тувинцев — кыргыз)» деп жазат өз китебинде. А биздин билгенибиз боюнча, бүгүнкү күндө хакастардын арасында Монгуш деген адам аттары арбын учурайт.

Мындан чыкты, «Маджму ат-таварихтен» берки өзөктүү санжыралар менен С.М. Абрамзон сындуу кыргыз элинин келип чыгышын терең иликтеген окумуштуулардын эмгектери Муңгуш уруусу те байыртан, Түштүк Сибирь, Алтай- Саян аймагына байланган өтмүштөн тарта кыргыздардын өзүнчө этнос катары калыптанышына тике аралашкан уруу тутуму экендигин тастыктап тургансыйт. Дегеле, кыргыз этногенезиси, санжырасы боюнча көзгө басар, олуттуу эмгектерден келтирилген мисалдар Муңгуш уруусу Адигине, Тагайга тең катар илгертен кыргыз этносунун негизин түзгөндүгүн айгинелейт. Ушу кезде дагы Ош-Анжиян аймагында «Адигине-Муңгуш» деп, негизинен экөө бир айтылат. А карылар уруу сүрүштүрсө: «Отуз уулдансыңбы ?» деп сурашат. Анткен менен, кыргыз санжырачылары «отуз уул» этнонимин, дегеле, Адигине, Тагай, Муңгуш урууларынын эмне үчүн Отузуул аталышын жөндөп түшүндүрө алышпай, ар түрдүү болмуштарды айтып жүрүшөт. Демек, мында Адигине, Тагай, Муңгушту түз эле Акуулдан таратпай, Акуулдун баласы Отузуулдун балдары деп көрсөткөн «Маджму ат-таврихтеги » маалымат пайдубалы бекем, жөндүүдөй көрүнөт. Анын үстүнө, оозеки деген оозеки, анда ар кандай алымча-кошумчалар орун алып, бурмаланып, кай бир бөлүгү унутулуп кетери да табигый көрүнүш. Ал эми Сайфад-дин Ахсикентинин » Маджму ат-таварихи» мындан 5 кылым илгери эле кагазга түшкөн, накталыгы бар, тарыхый мааниси жогору эмгек эмеспи.

Муңгуш уурусунун кийинки кездерде айтылган оозеки санжыраларда жана башка этнографиялык эмгектерде оозго көп алына бербегендигинин, ошондон улам, Оштун жер-жерлериндеги чаласабат санжырачылар аны Наалы эжеден тараган дегендей кеп таратып жүргөндүгүнүн өзүнчө себептери бар. Ушул жагдайга байланыштуу «Революцияга чейинки изилдөөчүлөр Муңгуш уруусун Моңолдор же Адигине уруусуна кошуп жүрүшкөн. Бул муңгуштардын чачылып кетиши жана ар кандай уруулар менен канатташ жашашы, ошондой эле, орус окумуштууларынын кыргыз урууларынын тизмесин караганда аты уйкаштыкка көбүрөөк көңүл бургандыгы менен түшүндүрүлөт» дейт белгилүү тарыхчы -этнограф Сабыр Аттокуров өзүнүн «Кыргыз санжырасында» («Кыргызстан» басмасы, 1995-жыл). Окумуштуунун айтканы жүйөлүү, бул- бир себеп.

Экинчи себеби муңгуштардын жан санынын аздыгы менен түшүндүрүлөт. Маселен, А.Н.Аристов 1893-жылы жарык көргөн «Киргизы или кара-киргизы: очерки истории этого народа и исторической географии западного Тяньшанья» деген эмгегинде 1876- жылы Л.Ф.Костенко деген иликтөөчү өзүнчө маалымат чогултуп, Алай аймагындагы муңгуштарды чама менен 1225 түтүн, ал эми адигинелерди 3145 түтүн деп санагандыгын келтирген. Ошол кезде колдонулган эреже боюнча, 1 түтүн 5 жан санына эсептелген. Ошенткен чакта муңгуш уруусундагы кыргыздардын саны 6125 адам, а адигинелердин саны 15725 адам болуп чыгат. Албетте, андан соңку мезгилде калкты атайын уруу-урууга ажыратып эч ким эсептеп чыккан жок. Бирок, муңгуш уруусундагылардын саны адигине, тагайларга караганда кыйла аздык кылары ансыз деле дайын.

Үчүнчүдөн, жоош уруусу эле тоолуу аймактарды конуш кылганы болбосо, муңгуштун көпчүлүк уруулары негизинен Ош шаарынын, Кара-Суу, Аравандын ар тарабындагы түзөң, дыйканчылык жерлерге жайгашкан (Ар кай мезгилдердеги катаал кырдаалдарда кыргын, чапкынга арбын кабылып, жан санынын азайышына дагы ушул географиялык жагдай таасир тийгизиши мүмкүн). Шаарга жакын, жарым-жартылай отурук турмуш-тиричилик менен өзбек калкына жанаша жашоо өзгөчөлүгү өз таасирин тийгизип, муңгуштарда уруучулук түзүм эртелеп бошоңдоп, уруучулук аң-сезим кыйла алсырай түшсө керек. Маселен, Осмоналы Сыдык уулу Ош аймагында 1914- жылы болуп, чөлдүк кыргыздардын айрым айылдарына барып, анан:»Үч атасын айтып берерлик адам калбаптыр» деп кейип жазганы да бар. Чындыгында Ош, Кара-Суу шаарларынын айланасында жашаган кыргыздар азыр деле өздөрүнүн түп теги, уруу, уругу туурасында түзүк биле беришпейт.Ошондуктан арасынан ата-баба санжырасын саймедиреген санжырачы-жомокчулар да кем чыгып, абалкы санжыра бурмаланып, муңгуштун келип чыгышы боюнча ар түркүн «жомоктордун» жаралышына жол берип койгон өңдүү.

Албетте, эски санжыра элдин жаралыш-жасатын сыдыргыга салгандай так аныктап бербейт. Ал такталган тарых эмес, тек, эл тарыхын тактап билүүгө жандооч. Бирок, жүз пайыз так болушу мүмкүн эмес десе эле, ар ким өз билгениндей оңдоп түзөп, «чыгармачылык» кылып, өз журтун көкөлөтүп, өзгөнү кемсинткен «жомокторду» кошо бергенге болбойт. Байыртан айтылган түп нускасы таза сакталган кезде гана санжыра өз кунун, маани-маңызын сактап, улут өтмүшүн аңдап билүүгө жандооч , ал эми болочогун түздөп, болжоого огожо боло алат.

Эми Муңгуш уруусунун тарамдалышы боюнча өзүбүз тактап билген маалыматтардан: Муңгуш кыргыз тилинде туура айтылышы (мен жогоруда бөтөн эмгектерден шилтеме келтиргенде аталыштарды түп нускасынан бузбай келтирдим) кодогочун, төлөйкөн, жоош, жапалак, көкжатык, жылкелди, соколок, кара эчки, улуу катын, тээке, эрке кашка, мангыт, сарай, сарылар аталган уруктардан куралат. Кара эчки уруусун бирөөлөр Муңгуштан түз таратса, кээ бирөөлөр Жапалактын уулу деп, ар кандай айтып жүрүшөт. Мындан тышкары Татар деген да урук болчу экен, бирок алар акыркы кездери өздөрүн баргы уруусуна кошуп жүрүшөт. Ачыгын айтуу керек, чөл тарапта жашаган Муңгуштун азыркы уруктары ата-баба санжырасын дээрлик унутуп баратышат.

Улуу Курманжан датка, туңгуч генерал Ысакбек Мониев, туңгуч сүрөтчү Гапар Айтиев, туңгуч премьер-министр Насирдин Исановдор муңгуш уруусунан.

Ысакбек Мониев муңгуштун жоош уругунан. Жооштор азыр негизинен Ош шаарын, Алай, Карасуу, Араван, Ноокат райондорун турактап, ошондой эле Кара-Кулжа, Өзгөн, райондорунда дагы аз-аздан кездешет. Азыркы Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун аймагында дагы илгертен эле жашап келатышат. Уютку бөлүгү Кызыл-Суунун Улуучат ооданында (районунда) жашап, жан саны 10 миңге чамалап барган, жооштор Кытайдагы кыргыздардын ичинде кыпчак, чоңбагыш, чериктерден кийинки төртүнчү ири уруу болуп эсептелет.

Абдувахаб МОНИЕВ, Суроо-сунуштар үчүн тел: 0555-01-67-67,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12-15.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий