Кыргыз, өзбек жана башка элдердеги окшош этнонимдер

Түрк тилдүү элдердин тарыхын, анын ичинде алардын уруулук курамын, өзара байланыштары менен мамилелерин, этникалык жана жуурулушуу процесстерин,  этникалык жалпылыктарды изилдөө тарыхый кылдаттыкты талап кылат. Анткени, айрыкча түрк элдеринин этникалык курамында бири-бирине окшош келген этнонимдер көп кездешет.

Белгилүү окумуштуулар: И.Молдобаев, О.Каратаев, Б.Кармышева, С.Абрамзон ж.б. бир катар тарыхчылардын изилдөөлөрүндө Саян-Алтай, Урал, түрк элдериндеги окшош этнонимдер болгондугу аныкталган.

Жогорудагы авторлордун изилдөөлөрүнө таянып, кыргыз, өзбек, каракалпак элдеринин курамындагы окшош айрым урук, уруулар жөнүндө кыскача талдоо жүргүзүүгө аракет жасайлы. Анткени аларда кездешкен окшош этнонимдер биртоп маанилүү маселелерден дарек бергендей.

И.Молдобаевдин изилдөөсү көрсөткөндөй (Манас эпосу боюнча) XX кылымдын башында өзбек элинин этнониминде бар болгону 20дан ашуун этнонимдер «Манас» эпосунун саптарында кездешкен. Алар абак (өзбектерде абаклы), алчын, аргын, далба (өзбек, дальба), дорбон (өзбек. дарман), жедигер (өзбек. джедигар), ички (өзбек. эчки), калча (өзбек. кальча),каңгы (өзбек. канглы), кара калпак, катаган, коңурат (конграт), курама, күнту (кюнту), кызылбаш, кыргыз, мангыт, найман, ногой (өзбек. ногай), сарайман (өзбек. сарай), сарт, тарак (өзбек. тараклы), татала (өзбек. той), түрк, чаркоо(өзбек. чаркалла). Булардын ичинен мангыт жана кызыл баштардан башкалары эпосто кыргыз, кыргыздар менен союздаш же алар менен достук мамиледе болгон этнонимдер экендиги айтылат.

Кыргыз-өзбек элдеринин этникалык карым-катнаштары жөнүндө белгилүү окумуштуу, этнограф Б.Х.Кармышева өз эмгегинде «XIX кылымда өзбек-катагандардын бир бөлүгү болгон локайларда кыргыздарга дал келген 20 тегерегинде генеонимдер бар» деп жазат. XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында өзбектердин уруулук түзүлүшүндө жогоруда аты аталган этнонимдердин ичинен коңурат уруусуна таандык 9: абак, дальба, кальча, каракалпак, кызыл-баш, сарт, тарак, чаркоо этнонимдин аты аталган. Тарыхчы И.Молдобаев коңурат этносун бир эле кыргыз, өзбек элдеринде эмес, Орто Азия жана Казакстандын дээрлик бардык элдеринин этникалык курамында жолуктурууга боло тургандыгын белгилеген. Бул жагдайда «коңураттар — байыркы монгол уруусу, түрктөшүү процессине кабылып (XIII – XVкк.), кийинчерек Орто Азия жана Казакстандын көптөгөн элдеринин, биринчи кезекте өзбектердин этникалык курамынын калыптануусунда негизги роль ойногон» деген окумуштуу Р.Г.Кузеевдин көзкарашы өзгөчө маанилүү.

Эгер коңураттар өзбек элинин этникалык курамындагы көп сандаган уруулардын бири болсо, анда алар байыркы мезгилдердеги оң канат Тянь-Шань кыргыздарынын курамындагы ири уруу болгон. Ошол эле учурда коңураттарга кирген этникалык топтор Манастын Сагынбай вариантында өз алдынча жана ири уруу болгондугу төмөнкү саптарда көрүнүп турат:

Касыр чалган Манастын,
Кызматын көргөн кыргыз бар.
Аркасы тийген найман бар,
Коңшулаш жүргөн коңурат,
Үйүрдөш жүргөн үйшүн бар.

«Манас» эпосунда катаган этноними да көп кызыгууну жаратат. Катагандар кыргыздардын да, өзбектердин да этникалык курамында болгондугу белгилүү. Байыркы кыргыздардын чекир-саяк уруусунун курамында катаган уругу болгон, ал эми өзбектерде алар XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында ири өзбек уруусу катары белгилүү.

Катагандардын негизги массасы Түндүк Ооганстандагы Кундуз жана Таш Коргон райондорунда жайгашкандыгын окумуштуулар белгилеп кетишкен. Окумуштуу Б.Х.Кармышева кыргыз-катагандары менен өзбек-катагандарынын этникалык байланыштарын изилдеп чыгып, Кундуз жана Балх аймагында өзбек-катаган уруусунун калыптанышында кыргыздардын катышкандыгы жөнүндөгү гипотезаны көтөрүп чыккан.

Манас эпосунун материалдары белгилүү өлчөмдө бул гипотезаны ырастайт. Мисалы, төмөнкү саптарда:
Күн батыш жагы четинде,
Катаган деген бирөө бар.
Дагы турар асылып,
Кундуз, Талкан жери бар.
Бет алып кирсе соо койбос,
Беш уруу кыргыз эли бар.

Манас эпосунда катагандар чоң этнос катары сүрөттөлгөн. Катагандардан Манастын жакын колдоочусу Кошой чыккан. Аны өз элинин ханы деп эсептешкен. Андан тышкары эпосто 12 миң үйлүү кыргыздын Каракорум жана Керуленден же Борбордук Азиянын ички райондорунан Каратегин, Гиссар тарапка көчүшү (1635–1636 жж.) жөнүндө айтылат. Ушуга байланыштуу Алтайдан Ала-Тоого кыргыздардын (Манастын атасы Жакыптын журту эске алынат) көчүүсүн жетектеген адамдын аты кызыгууну пайда кылат. Аксакалдар кеңешинин сунушу боюнча бул көчүүнү катагандардын ханы Кошой жетектейт. Жакыптын журтунун Алтайдан Ала-Тоого көчкөндүгү жөнүндө Сагынбайдын вариантында да сөз болуп, Кошой ошол кыргыздардын акылман кеңешчиси, катагандардын аксакалы же ханы болгондугу эскерилет.

С.М.Абрамзон катагандарды казак элинин курамында да бар экендигин белгилеп кыргыз, казак элдери көп кылымдардан бери этникалык, саясый байланышта болгондугу жөнүндө жазган.

С.М.Абрамзон, Б.Х.Кармышевалардан башка дагы биртоп окумуштуулар кыргыз-өзбек катагандарынын этникалык байланыштары жөнүндө жазган.

А. Мокеев элдик уламышка негиздеп Ооганстанда жашаган катагандар өздөрүн саяктардын урпагы катары эсептешкенин жазат. Ошентип, өзбек катаган уруусунун уруктук аталыштарынын арасынан кыргыздарга дал келген ондон ашуун этнонимдер катталган. Бул болсо кыргыз жана өзбек элдеринин маанилүү бөлүгүнүн этникалык байланыштары жөнүндө сөз козгоого укук берет.

Манас эпосунун материалдарындагы эки элдин курамында бар болгон катаган элдеринин окшош чагылдырылышы кыргыз-өзбек элдеринин байыркы мезгилдерден бери калыптанган этникалык карым-катнаштарынан дарек берет.

«Манас» эпосунда калча, мангыт уруулары жөнүндө да маалыматтар берилет. «Калча» этноними Манастын төмөнкү саптарында бир эле учурда кыргыз уруусу жана тескерисинче кыргыздарга душман эл катары сүрөттөлөт:
Ары чети тагарма,
Алайдын түштүк жагында,
Башы Даң-Дуң тоосунда,
Маймандуктун Шоорук канн
Жаткан экен ушунда.
Калча деген калкы бар,
Калча сайын сурасаң,
Кыргызга жакын каркы бар.

Кыргыздардын байыркы этникалык курамында калча көп сандаган урук болгондугу маалым. Алар урук же уруктук тайпа катарытүндүк Кыргызстандын адигине, саруу урууларынын жана түштүк Кыргызстандын адигине, кутчу, бостон, тейит урууларынын курамында болгон.

Б.Х.Кармышева калча (кальча) этнонимин өзбек элиндеги этникалык тайпаны түшүндүргөн термин катары пайдаланат. «Манас» эпосунда чагылдырылган калча уругунун кыргыз, өзбек, тажиктерде кездешерин, алардын жакындыгын этнографиялык маалыматтар тастыктайт. Мисалы, өзбек элинин коңурат уруусунун курамында кутчу, тогуз, айтамгалы, ногай, сарт, казак, барак, беш уул, беш бала, кызыл баш, кара курсак, кара моюн, сарык, толубай, тагай, топор ж.б. этникалык тайпалар бар. Ушул эле этнонимдер байыркы кыргыз урууларында кездешет. Мангыт этноними да кыргыз жана өзбек элдеринин курамында тең кездешкен этноним. Окумуштуулар байыркы өзбек элинин курамында мангыттар — ири уруу болгонун, кыргыздын муңгуш уруусунун курамында мангыт уругу болгондугун айтышат.

Кыргыздардын солто, черик урууларынын курамындагы күнтуу этноними Б.Х.Кармышеванын изилдөөсүндө байыркы өзбеклакай уруусунун курамындагы күнтуу этноними менен дал келет. Өзбек элиндеги курама этноними ошол эле Б.Х.Кармышеванын жана О.Каратаевдердин билдирүүлөрүндө мангыт уруусунун ичиндеги урук болуп, ал түрдүү уруктардын өкүлдөрүнүн биригишинин натыйжасында өзгөчө этникалык тайпа катары куралган. Ушул эле курама уруусу кыргыз элиндеги чоң уруулардан экендиги белгилүү.

Белгилүү окумуштуу Б.Солтоноев кыргыз этногенези маселелерин баяндоодо кыргыздарды «бир урук курама эл» деп атайт. Курама этнониминин мааниси кыргыз тилинде да, өзбек тилинде да бирдей болуп, «бирикме», «куралган тайпа » деген түшүнүктү берет. Мындан тышкары кыргыз-каракалпак элдеринин этникалык байланыштары да кызыгууну жараткан жараяндардан. Анткени бүгүнкү күндө Каракалпак Автономиялуу Республикасында жашаган кыргыз уруулары менен каракалпак уруулары аралашып кеткендей көрүнөт. Бул маселе тарыхый-этнографиялык адабиятта өтө аз изилденген. Каракалпактар жана алардын кыргыздар менен болгон байланыштары жөнүндө окумуштуу И.Молдобаев «Манас» эпосунун материалдары боюнча кеңири изилдөөгө алып, каракалпактарды кыргыздарга тууган эл катары сүрөттөйт. Анын оюн эпостун төмөнкү саптары ырастайт:
Ногойдон Манас, нойгут мен,
Ойлонгун, Бакай, муну сен!
Каракалпак, думара,
Карап турсаң буларга,
Атабыз бир экен деп,
Ар качандан бир качан,
Катарыңдан калбастан,
Бу да жүрөт убара.

Абрамзон да кыргыз, каракалпак элдеринин тарыхый-этнографиялык байланыштарын элдик уламыштарга таянып чагылдырууга аракет кылат. Ал таянган айрым кыргыз уламыштары каракалпак элинен жазып алынган элдик уламыштарга дал келет. И.Молдобаев байыркы каракалпак элинин курамындагы кыргыз урууларына дал келген төмөнкү ири урууларды: кыпчак, коңурат, канглы, катаган, курама, уйгур, түркмөн, мангыт, эштек (естек) жана урук же уруулук тайпаларды: асан, байбиче (каракалпактарда байбише), казак, беш кемпир (бес кемпир), жаман, бакы, калмак, кара курсак, кара моюн, кара тай, кызыл аяк, сарт, сары, сегизбек (сегизек), суу мурун, тогузак, тубай ж.б. белгилейт. Андан тышкары И.Молдобаев кыргыздардын түркмөн, тажик, Саян-Алтай, Урал элдери менен болгон этникалык байланыштарын ачып көрсөткөн. Жогоруда аталган элдерге салыштырмалуу кыргыздар көбүнчө өзбек, каракалпак элдери менен көп этникалык карым-катнашта болгонун баса белгилеп кетүү зарыл.

Жалпылап келгенде, кыргыз-өзбек элдеринин этнонимиясында 30дан ашуун, кыргыз, каракалпак этнонимиясында 20дан ашуун бири-бирине дал келген окшош этнонимдердин кездешкени аныкталган.

Кыргыз айылдарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо иштери көрсөткөндөй, урук-уруулар жөнүндө сөз козгоп толук, так болбосо да байыркы санжыраны баяндай алган кыргыздар болушту. Кыргыздарга жанаша жана аралаш жашаган өзбектер уруулук түзүлүшкө анча маани бербей калгандыгы белгилүү аныкталды. Бул кыргыздардын байыртадан бери уланып келаткан «жети атаны таануу», «тегин билүү» сыяктуу элдик билимдердин уланып келе жатканынан жана өзбек элинин андай билимге мани бербей, унутуп койгондугунан дарек берет.

Кыргыздардын арсында айрым ават, кепки, тата сыяктуу майда уруулар же уруктар жашайт. Бул биринчиден, азыркы мезгилде унутулуп калган, бирок алардын санжырасында жакшы сакталган байыркы кыргыздардын майда уруктары; экинчиден, бул жерге кыргыздарды ээрчитип келген аксакал — уруу башчыларынын атынан аталып калган уруулар; үчүнчүдөн, коңшу элдерден өткөн жаңы уруулар; төртүнчүдөн, кыргыздар менен коңшу элдердин аралашуусунан пайда болгон өзгөчө уруулар болушу мүмкүн деген божомолду пайда кылат. Анткени бул уруулардын айрымдары жогорудагы окумуштуулардын этнонимдик сөздүктөрүндө берилген эмес.  Мисалы С. Абрамзон ж.б. эмгектеринде кепки уруусу жөнүндө маалымат жок.

Кыргыз жана өзбек элдериндеги бирдей уруулардын кездешүүсү уруулук курамды изилдөөдө бир топ кыйынчылыктарды пайда кылат. Бирок бул уруулардын аттарын өзүндө алып, эсинде сактагандар кыргыздар экендиги маалым болду.

Кыргыз, өзбек, каракалпак элдериндеги окшош этнонимдердин болушу аталган элдердин бүгүнкү күндө бири-бири менен этникалык процесстерге күчтүү кирип, аралашып (диний, тилдик, салтык, чарбалык) кетүүсүнө ыңайлуу шарт түзүп бергендей. Ошол эле учурда окшош этнонимдердин болушу бир жагынан элдердин түпкүлүктүүлүгүнөн, байыркы мезгилдердеги түпкү жалпылыгынан, бир атадан тарагандыгы жөнүндө маалымат берсе, экинчи жагынан, аларды изилдөө элдердин ортосундагы достукту жана бир туугандыкты чыңдоого жол ачмакчы. Ошондуктан мындай маанидеги илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп туруу талапка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Кудурат Халматов, Жалал-Абад, «24.kg» MA, 14.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий