Мирбек Эркинов

1993-жылдын 21-февралында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Муркут айылында жарык дүйнөгө келген. Муркут айылындагы У.Салиева атындагы орто мектепте 3 жыл окуп, кийин Ош шаарындагы №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектепке тапшырган. Азыркы убакта Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун күндүзгү окуу бөлүмүнүн 3-курсунун студенти.

 

СЕКЕЛЕГИМ

Шайыр мүнөз, дили шат секелегим,
Шаңга бөлөп сезимди эселегим,
Шок мүнөзүң көңүлдү арбап алды
Шыдыр сүйүү жолуна жетеледиң.

Куунак мүнөз, куудул сөз жароокерим,
Курчап алды жүрөктү баёо сезим.
Куп жарашып күлгөнүң ак жүзүңө
Өпкүм келди эрдиңден дароо сенин.

Сезип турган кадамымды сезимталым,
Сени ойлоп оргуштаган сезим жалын,
Селт этти го кайран жүрөк тынчы кетип,
Сунган колуң жылоолосун сезим табын.

Жайнаттың го маанайымды ай чырайым,
Жакшы сөзүң жанга даба жан тумарым,
Жакут кылып жакаңа тагып койсом
Жылдыздардын көктөгү жаркырагын.

Токтоналбай турасың кубанычым,
Токтоосуз эч аткарасың суранычым.
Каалар элем ортодогу мамилебиз
Калып кетпей түбөлүккө уланышын.

 

БАЛАНЫН ИШИ ЧАЛА

Жесир калган күйөөсүнөн эрте эле,
Жаштайынан жалгыз уулу эрке эле,
Канаттууга кактырбастан перзентин
Каралдым деп эмчек сүтүн берди эле.

Убакыттын ылдамдыгын карачы,
Узак мезгил байкап көрсөң арасы,
Буурул чачтуу кемпир болду ал эми
Бойго жеткен жигит болду баласы.

Энесинен уулу келип сурады,
Таазим кылып таманына кулады,
“Энекебай сага жаным берсем да
Өзүң үчүн аздык кылар бу дагы.

Узун түндө убайым жеп уктабай,
Уулуң үчүн түйшүк тарттың бир далай.
Өстүрөм деп өз уулуңду өксүтпөй
Өтүп кетти кайран жаштык, жылдар ай.

Таманыңдын астындабы бейиш жер,
Таазим кылам мен астыңда миң ирет.
Тартуу кылдың мага жарык жашоону
Тамырымда кан токтобой жүгүрөт.

Ушул нерсе тынчтык бербей көңүлгө,
Айтайын деп айтпай калам кээ бирде,
Өз уулуңдан ыраазысыңбы энеке,
Көп жакшылык кылдың мага өмүрдө”.

“Кагылайын жандан асыл берекем,
Мен өзүңдү татыксыз уул дебесмин,
Бир кем дүйнө түгөл эмес кем экен,
Кечир уулум мен ыраазы эмесмин.

Өчпөй калган өкүнүч бар дилимде,
Күлсөм дагы ичтен сызып жүрөмүн,
Чындап менин уулум болсоң эгерде
Аны туйсун, аны билсин жүрөгүң”.

“Жүрөгүңдү майыштырбайт эчтеме,
Тирек болор уулуң мында турганда.
Мен өзүңдү алпарайын Меккеге
Оо, апаке, кайгырбагын, муңканба.

Камырабай апакесин көтөрүп,
Ал аттанды узак жолго, алыска.
“Жан балам ай, түшүр” десе, көшөрүп
Бара жатса жолукту бир абышка.

Иштин жайын абышкага айтканда,
Куу абышка жерди тепти каткырып.
“Эссиз бала энеңди бер бир чалга
Эчак эле алмак аны баткырып”.

Кемпир байкуш өз ичинен кайгырып,
“Мына ошону билген бала кана, — дейт.
— Ээ, абышка анын несин айтасың,
Бала кылган иштин баары чала”, — дейт.

Соц тармактар:

Добавить комментарий