«Курманжан датка» көркөм тасмасы тартыла баштады

Тарыхый инсандын басып өткөн жолун толук метраждуу тасма кылып тартуу демилгесин «Айтышфильм» студиясы жана Садык Шер Нияз колго алган. Мамлекет да кайдыгер карабай 40 млн. сом бөлүп берген эле. Ооз толо айтылганы менен бул сумма кинонун чыгымынын жарымын гана жаба алат. Датка тууралуу кино тартуу 76 млн. сом талап кылууда. Чыгармачыл топ болгон күч-аракетин жумшап, кино тартуу 15-июлда башталганы турат. «Курманжан даткадан» эл чоң үмүт кылып турган кези. Бул үмүттөр акталабы-жокпу, жыйынтыгына жарым жылдан кийин күбө болобуз. Ага чейин кино тартуу иштерине болгон даярдыктар жөнүндө сөз кылалы.

Жарыяланган кастингге катуу талаптар коюлганын өткөн сандарда жазганбыз. Ошентсе да жети дубандан болгон театр актерлору баары катышты. Башкы каарман Курманжан датканын ролуна үч айдан бери элүүгө жакын актриса күч сынашкан. Арасынан Элина Абай кызы менен Гүлнур Сатылганова көзгө толумдуусу болуптур. Ушул тапта эки варианттын кимисине токтолоору чоң суроо. Баш-аягы тасмага эки жүзгө жакын актер катышат. Ал эми салгылашуу учурундагы массовкага бери дегенде эле беш жүзгө жакын адам тартылат. Азыр кыйынчылык жаратып турган эпизод — кыргыз менен орустардын урушкан жери. Кызыгы, массовкага кыргыз жигиттери тез табылып, ал эми орус улутунун өкүлдөрүн киного тартуу кыйынчылык жаратууда. Анткени бирдей курактагы орус балдарды табуу оңой иш эмес экен.

Тасманы тартуу Чүй өрөө-нүндөгү жайлоолордон башталып, Алайдын Гүлчөсүндө, Ош шаарынын өзүндө, Таласта жана Көлдө улантылат.

Курманжан датканын 200 жылдыгына карата токтом чыгарылып, кино тартуу үчүн 40 млн. сом бөлүнгөн. 1870-жылдагы жашоону, кийген кийимин, тамак ичкен идишин, жашаган жеринен бери чагылдырып бергенге бул акча өтө эле аз. Бир эле мисал, костюмдарды азыр сатып алууга мүмкүн эмес, андыктан датка кийген кийиминен тарта катардагы кишинин костюмунан бери тиктирип бүтүштү. Суусар тебетейдин ар бири беш жүз доллардын тегереги. Бир эпизоддо он чакты бийдин башы биригип сүйлөшүп отурган жерин тартыш керек. Он суусар тебетейди беш жүз долларга көбөйтө бериңиз…

Бир күндүк тартууга беш боз үй тигилет, анын ар биринин ижара акысы эки миң сом. Аттарды каскадер Султан Дыйканбаевдин көмөгү менен алышкан. Массовканы эске албаганда күнүнө отуз-кырк ат тартылат. Көбүнө ижара акысын төлөшөт. Мындан сырткары, ат жабдыктар да кызылдай акча. Алай жергесине бир ирет барганда карапайым элдин көбү боз үй, ат жабдыктарынан жардам беребиз деп убада кылышкан экен, азыр чыгармачыл топ аз да болсо датканын урпактарынан үмүт кылып турган чагы. Күнүнө аз дегенде тасма талаасына 70-80 киши чыгат. Ар биринин ичкен-жеген тамагы 250 сомдон айланат.

Сценарий боюнча барстын, түлкү, карышкыр, аюунун териси боз үйдүн төрүндө илиниш керек эле. Бирок кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин табууга мүмкүн болбоптур. Барстын бир териси үч миң доллардан беш миң долларга чейин экен. Тилекке каршы, мындан баш тартууга туура келген.

Илгерки ашканада колдонулган буюмдар, чанач, самоорлор учурда антиквариат дүкөндөрдө сатылат. Сындырып аласыңар же жоготосуңар деп ижарага берилбейт. Андыктан самоордон баштап кумара, чаначка чейин биротоло сатып алышкан.

Алай ханышасын кинодо чагылдырууда тарыхчылардан кеңеш алышкан. Орустардын костюмдарын тигип жатканда орус тарыхчылар сүрөттөрүн жөнөтүп, кеңешин берген үчүн аларга акча төлөнгөн. Ошол кездеги ордендердин дубликаты да чоң акчага алынып келинген. Бир жагына тартса экинчи жагы калып жаткан оор, машакаттуу тартууга баарын жүз пайыз даярдап чыгуу мүмкүн эмес. Ошентсе да азыр тасма тартууга токсон пайыз даярдык бар. Кино тартылып бүткөндөн кийин бул буюмдардын баары «Кыргызфильм» музейине өткөрүлөт.

Фархат БЕКМАМБЕТОВ, тасманын продюсери: 
«Тарыхый тасманы тартууга каражат жетишсиз»

— Тасмага 76 млн.сом керек экен, жетпегенин кайсы булактардан толуктап жатасыздар?
— Жеке ишкерлерден колдоо сурап жатабыз. Бирок конкреттүү түрдө мынча сумма котордук дегендер боло элек. Бюджеттен акча бөлүнгөндөн кийин сценарийден айрым эпизоддорду жөнөкөйлөтүп бир аз үнөмдөгөнгө туура келди.

— Мамлекетке кошумча акча сурап кайра кайрылган жоксуңарбы? Сценарийге жараша чыгымды эсептеп анан акча бөлүнсө болбойт беле? 
— Башында биз жумшала турган чыгымды эсептебей туруп эле акча сураганбыз. Эсептеп туруп сураганда балким көбүрөөк бөлүнмөк. Акча бөлүнгөндөн кийин эсептеп көрсөк дагы 36 млн. сом керек болуп турат. Кайра арыз менен кайрылалы десек ал үчүн кеминде төрт ай убакыт сарпталат экен. Мындайда убакыттан уттурчудайбыз. Тарыхый кино тартканга бул акча караандабайт десек, мындан артык бере албайбыз, жеткиргиле деген жообун беришти.

— «Курманжан датка» даректүү тасмасында актриса Жамила Сыдыкбаева бекер роль ойногон экен. Ушул сыяктуу эрдикке актерлор барган жокпу?
— Жок. Убактысын бөлүп киного тартылам деген адам эки-үч ай чыгармачыл топ менен жүрүш керек. Башкаармандарга мурда күнүнө беш жүз сомдон төлөнчү, биз азыр бул сумманы миң сомго көтөрдүк.

Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, «Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий