Кыргыз эн тамгалары

Ааламдашуу учурунда улуттук баалуулуктарыбыздан жана маданиятыбыздан ажыроо коркунучу туулуп, алардын коомдук турмуштагы мааниси колдонуудан чыгып, унутта калып аткандай туюлат. Алардын бири — байыркы ата-бабаларыбыз тарабынан колдонулуп келген эн тамгалар.

Эн тамга – уруу же башка кишилер тобунун энчиндеги мүлк ээсин аныктаган символдук белги, тамга.

Кыргыздарда да ар бир уруунун өзүнө гана тиешелүү эн тамгалары болгон. Ар бир эн тамгада кыргыздын аң-сезими, диний ишеними, дүйнө таанымы жатат. Себеби, эн тамга белгилер жөндөн жөн жаралбайт. Алар кандайдыр бир зарылдыктан жаралат. Коомдук турмушта бардык нерсе адамдардын муктаждыгына, керектөөсүнө жана кызыкчылыгына жараша. Ушул муктаждык, кызыкчылык адамдын адам болушуна, урук, уруу, эл болуп калыптанышына, өнүгүшүнө өбөлгө болгон деп ойлойбуз. Ошол себептен да, адам баласы маалыматты туюндуруу үчүн белгилердин, эн тамгалардын түмөн түрүн ойлоп табышкан.

Албетте, эн тамга белгилеринин пайда болуу процесси өтө көп мезгилди кучагына камтыган эволюциялуу, чыгармачыл, көп машакаттуу процесс. Ушул процесстин өзүндө адам баласынын акыл аң-сезиминин өнүгүш эволюциясы да кошо камтылган. Демек, эн тамгалар кыргыз эли ойлоп тапкан уникалдуу табылга деп айтууга толук негиз бар. Мындай символдордун, белгилердин жаратуучусу кан, эл – даанышман, ойчул экендиктин белгиси саналат. Чындыгында, биздин эн тамгаларда, көчөт, саймага түшүрүлгөн оюуларда терең маани бар, түстөрүнүн чечмелениши да өзүнчө чоң маанини туюндуруп келет. Ушул символ, тотем белги, эн тамгаларыбыздын жардамында улуттун аң-сезими, дүйнө таанымы бөтөнчө эл экенибизди, табият менен шайкеш жашаганыбызды байкоого болот. Ага кылымдар бою сакталган символ-белгилерибиз, оюуларыбыз, эн тамгаларыбыз анык далил боло алмакчы. Макалада эн тамгалардын колдонулушу, турмуштук зарылдыгы, мааниси туурасында сөз кылмакчыбыз.Эн тамгалардын ар биринин өз мааниси бар, балким, түпкүлүгүндө ар бир эн тамгада мифологиялык түшүнүк, байыркы маданият же кандайдыр бир окуянын тарыхы да камтылып жаткандыр. Бүтүндөй цивилизациябыздын башаты да мына ушул эн тамгалардын түбүндө болушу ыктымал. Аларды   жөн эле белги, тамга, символ катары кароо жаңылыштык. Ата-бабаларыбыз бул эн тамгалардын жардамы аркылуу кандай маалымат жөнөткөнүн, код, маалымат катары карап, маани-маңызын ачып, туура чечмелөө азыркы күндөгү актуалдуу маселелердин бири.

Сүрөттөр О.Каратаевдин жана Е.Е.Ямаеванын эмгектеринен алынды

Эн тамга түшүнүгү байыркы заманда «клеймо», «мөөр», «тавро», «менчиктик белги» маанисинде колдонулган. Таандыктын белгиси, белгилүү уруу жайгашкан жердин чеги, аймагы, ээлиги, арасы деген түшүнүктү берген. Өздүктү туюндурган мындай менчик белгилер, эн тамгалар асаба-тууларга, кандайдыр бир буюмга, малга (жаныбарлардын терисине күйгүзүлүп басылган), кул-күңдөргө да коюлган.

Эн тамгалар туурасындагы алгачкы тарыхый маалыматтарды кытай тарых жазма булактарынан жолуктурабыз. Ошондой эле кыргызга таандык эн тамгаларды таш бетиндеги петроглифтерден да кеңири көрүүгө болот. Алар байыркы түрк тилдүү элдерде, анын ичинде, кыргыздарда уруунун, элдин өздүк белгисин же гербин туюндурган. Тарыхта, мисалы, улуу моңгол хандарынын тамгасы болуп, ал тамгаларды өздөрүнүн тыйындарына түшүргөндүгү тууралу маалыматтар биртоп.

Кыргыз уруулук бирикмелеринин турмушунда уруулук тамга урук менен уруунун жана алардын жалпылыгын, биримдигин символдоштурган. Бирок эн тамгаларды колдонуу укугу бардыгына тиешелүү боло берген эмес. Айталы, майда топтун же жөнөкөй жоокерлердин тамгасы болгон эмес. Ага ээ болуш   үчүн ошол аймакта ээлеген орду талап кылынган. Эгерде уруу ичинде эл көбөйүп, бир нече уруктарга бөлүнсө, урукка жаңы тамга – негизги уруулук тамгасына кошумча белгилер киргизилген. Белгилүү окумуштуу Л.Р.Кызласовдун пикиринде, эн тамгалар түпкүлүгүндө туруктуу, бирок уруунун кеңейиши менен айрым элементтер (сызыкчалар, чекит, ромбик сыяктуу майда белгилер) менен толукталган. Муну тамгалардын окшоштугунун же урук, уруулардын бир убактарда жакындыгынын, боордоштугунун далили катары кароого болот .

Эзелтен эн тамгалар жолдуулукту, бийликти, көзкарандысыздыкты, жамандыктан сактоочу касиетти жана күч-кубаттуулуктү туюндурган. Белгилүү окумуштуулар Н.А.Аристовдун жана Д.Н.Соколовдун пикиринде, тамгалар уруулук ишеним же жамандыктан коргоочу күч-кубатка эгедер рухтардын сүрөттөлүштөрү катары колдонулуп, кийин ал уруулук жана үйбүлөлүк менчик тамгага айланган деп эсептешет. Тамгалардын келип чыгышы азыркы мезгилге чейин толук изилдене элек. Айрым окумуштуулар эн тамгаларды урууга тийиштүүлүктү түшүндүрөт десе, экинчилери, ал басылган тамга менчик ээлигин, ошол нерсе, мал жана башкалар анын менчиги экенин түшүндүрөт дешкен. Менимче, эн тамгалар, алгач уруулук, кийинчерек жанга, малга болгон менчикти да туюндурган. Себеби, мезгилдин өтүшү менен эн тамгалар урууга тийиштүүлүктү аныктабай калгандыктан, б.а., баштапкы маани-мазмунунан кеңейип, жеке менчикти да билдириши ыктымал. А.П.Окладников жана айрым окумуштуу-тилчилердин тобу кыргыз уруулук эн тамга белгилери менен петроглифтердин жалпылыктары бир, алардын келип чыгуу тамыры бири-бири менен тыгыз байланышта деген ойлорду айтып келишет. Албетте, бул пикирлер терең илимий изилдөөлөрдүн, аныктамалардын негизинде такталат деген ойдобуз.

Эзелтен эле ар бир бөлүктүн – кырк уруунун өз асаба-туусу, эн тамгалары болгону «Манас» эпосунда кеңири берилет. Мисалы, азык тамга, кош тамга (муңгуш), жагалмай тамга (муңгуш, сарттар), ача тамга (жору), кайчы тамга (жору), кош бычак (багыш), жогору тамга (кытай), кылыч тамга (басыз, саяк), керки тамга (басыз), жаа тамга (азык), ай тамга (дөөлөс, саруу, солто), козугуна (азык), көөкөр (саруу), бөрү тамга, кушчу тамга, төмөп тамга, тооке (адигине). Уруулук тамга тотем белгилери сыяктуу ар бир уруунун   өзгөчөлүгүн, ошол уруунун келип чыгышын туюндурган мифологиялык ишенимин да чагылдырган. Айталы, жагалмай (жагалмай аттуу куштун учуп бараткан элеси) тамга. Солто, саруу урууларыныкы – ай тамга. Себеби, айды ыйык көрүү, ага сыйынуу – байыркы кыргыздардын дүйнө тааным ишенимдеринин бири. «Жарым ай тамгасы жаңыланууну, актыкты, тазалыкты, кагандыкты туюндурган» (Е.Е. Ямаева, 2004).

Негизи, эн тамгалар айлана , кош айлана , жарым ай , үч бурчтук , жаа, жебе формасында  жана таякчалардын  ар кыл ал-абалдагы жайгашуусунан куралат.

Тамга жылкыларга гана салынбастан ар бир урук майда жандыктарына чейин салып жүргөн. Азыр да «арык тамга», «шапак тамга» деп, жылкысынын башына, санына тамга басып жүргөндөр бар, ошондой эле «ай», «кайчы», «кылыч», «орок» деген тамгалардын бар экени да маалым.

Кытайлык кыргыздардын үрп-адат, каада-салтын, элдик оозеки чыгармачылыгын кеңири изилдеген белгилүү окумуштуу Макелек Өмүрбай кыргыздардын малга эн салуу жана алардын эмгек ырларында чагылдырылышына токтолуп өткөн:

«Тилекматтын тилмеси,

Ормонбайдын оймосу,

Тоймотбайдын малында

Топчуланма эни бар.

Абдан байкап билбесе,

Аздырып кетчү жери бар.

Ашкере турат кулакта

Аркарбайдын кыймасы,

Кошмок эн салып алыптыр

Коенаалы сырдашы.

Кулагында кош тамга

Кубулжуган кош тамга,

Тумшугун тура кайраган,

Турбастан ачык таанылган.

Санына баскан тамгасы

Жарашат экен бодого.

Жылкыбыз азоо, үркүнчөөк,

Жыга тебет, жолобо».

Албетте, азыркы учурда колдонулуп келген эн тамгалар байыркы кыргыздар колдонгон эн тамгаларга жакындабайт. Алардын айрым бир элементтерин гана сактап калган.

Эн тамга белгилерин (уруулук эн тамгалар) өзүнчө тарыхый булак катары карап, этникалык тарыхты иликтеп, аны калыбына келтирүүдөгү өзгөчө ролун айтпай кетүүгө болбойт. Кыргыз уруулук эн тамга белгилеринин келип чыгышын, түпкү маанисин жана этномаданий байланыштарын аныктоо менен кыргыздардын байыркы жана орто   кылымдардагы тектеш түрк элдери менен болгон байланыштарын тактоодо негиз болуп бералат. Биз сөз кылган эн тамгалардын тарыхы, семиотикасы азыркы күнгө дейре толук кандуу изилденип бүтө элек. Бирок учурда биртоп окумуштуулар эн тамгаларды ар кыл өңүттө карап, изилдөө иштерин   жүргүзүп келаткандыгы кубандырбай койбойт. Айталы, О.Каратаев, А.Асанканов сыяктуу белгилүү тарыхчылар эн тамгалардын алтай, хакас, тыва элдериндеги эн тамгалар менен окшоштугун иликтешүүдө. Бул туурасында О.Каратаев төмөндөгү пикирди билдирет: «Профессор Аблабек Асанканов менен бирге табылган эн тамгалардын дээрлик баары бүгүнкү кыргыз ууруларынын эн тамгалары менен толук дал келерин аныктадык. Мисалы, мундуз тамга, адигине тамга, солто тамга, басыз тамга, саяк тамга, бугу тамга, саруу уруусуна таандык ай тамга сыяктуу эн тамгалардын жыйындысы табылды. Буга чейин окумуштуулар, изилдөөчүлөр ушуга көңүл бөлбөптүр – дейт Олжобай Каратаев. Чындыгында, бул эн тамгалар өз мезгилинде такталып изилденбесе, алар таш бетиндеги билинер-билинбес болуп өчүп бараткан жазуулар менен кошо жок болуп кетүү коркунучу турат» – деген пикирде. Демек, кыргыздардын байыркы эн тамгаларын тотем сыяктуу эле уруу-уруктарды, этникалык топторду, элдердин бирин экинчисинен айырмалоочу белги катары карасак болот. Мындай тамгалар маанилүү иштерде жана уруулук менчик байлыкка белги коюуда пайдаланылып, көзкаранды эместикти, өз алдынчалыкты туюндурган. Алардын жардамында бир уруу менен экинчиси бири-бири менен маалымат алышкан. Андыктан, азыр бул белгилердин табиятына, семиотикалык маанисине, колдонулушуна жана структуралык түзүлүшүнө байланышкан иликтөөлөрдүн зарылдыгын, актуалдуулугун эскерте кетмекчибиз.

Айшат Ботобекова, «24.kg» MA, 12.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий