Индейлердин теги Алтайданбы?

Мындан 3-4 жыл илгери болсо керек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Америкалык жергиликтүү калктар» деген ат менен сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда индейлердин жашоо-тиричилигине, этнографиясына байланышкан сүрөттөр көрсөтүлгөн эле. Ошол учурда мени таң калтырган нерсе — бул индейлердин кийген кийими жана аларга түшүрүлгөн оюм-чийимдер, белгилер менен кыргыз элинин ортосундагы орток өзгөчөлүктөрү, окшоштугу болду. Бул өзгөчөлүктөр индейлердин мифологиясына, диний түшүнүгүнө, ишенимине, этнографиясына болгон кызыгуумду арттырды. Өз алдымча индейлер туурасында китептерди окуп, маалыматтарды топтой баштадым. Адистигим тилчи болгондон соң, эң алгач тилдик өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурдум. Ошол учурда эле индейлердин тилине болгон иликтөөлөр абдан күч алып жаткан кез болчу. Бирок, өз алдымча, кыргыздарга тиешелүү ишенимдерин, диний түшүнүктөрүн, тилдик өзгөчөлүгүн иликтегим келди. Айрым бир сөздүктөрдү тапканым менен ал деле оңтойлуу натыйжа алып келген жок. Бир күнү архивдеги гезиттердин арасынан Отто Реригдин жана орус окумуштуусу С.Гурулевдун индейлердин тили туурасында жазылган кыскача макалаларына көзүм түшүп калды. Анда С.Гурулевдун индейлердин тили түрк тилдеринин тобуна, анын ичинен Енисей кыргыздарынын тилине окшоштугун далилдөгө аракет кылгандыгы менин кызыгуумду дагы эки эсе күчөтүп койду.

Америкадагы жергиликтүү калктын — индейлердин тили менен байыркы түрк тилдеринин өз ара байланышын, тегин, окшоштугун 16-17-кылымдарда тилчи-окумуштуулар, ориенталисттер тарабынан иликтөөгө алынган. Эң биринчи иликтөө англиялык Джон Джосселиниге таандык. Ал индейлердин тилинен түрк тилдеринин калдыгын таап чыккан. Андан сырткары, индейлердин түрк эли менен болгон жакындыгын голландиялык, италиялык, англиялык окумуштуулар Стиг Викандер, Георг Дюмезель, Джон Макинтош сыяктуу окумуштуулар иликтөөгө аракеттенишкен. Ал эми түрк элдеринен Заки Валиди, А.Каримуллин, М.Арибжанов, Артур Идельбаев, Р.Зиннуров, Ш.Нафиков, белгилүү казак окумуштууларынан Адиль Ахметов жана Ерден Кажыбек болгон.

Ал эми индейлердин тилдик өзгөчөлүгү эң биринчилерден болуп Фредерих Льюис Отто Рериг тарабынан олуттуу изилдене баштаган. Ал эки жил индейлердин арасында жашап, алардын тили, этнографиясы, жашоо-тиричилиги, диний ишеними менен жакындан таанышат. 1871-жылдары андагы изилдөөлөрүн жарыялап, жыйынтыгында: «Индейлердин тили түрк тилдерине өтө жакын, мениче, тамыры бир. Сүйлөмдүн курулушу, морфологиялык түзүлүшү айрым жер аттарынын аталышы, тотемдик белгилери да абдан окшош» — деген далилдүү пикирин билдирет.

Океандын аркы бурчунда жашаган эл менен түрк элдеринин кандай байланышы бар? Деги эле индейлер деген ким? Эмне себептен алардын тили түрк тилдерине окшош? Эмнеге эки материкте жашаган калктардын каны, ДНКсы бири-бирине туура келет? Алар кантип, кандай жол менен башка материкке барып калышкан? Бул сыяктуу көптөгөн суроолор канча жылдан, канча кылымдан тартып окумуштууларды ойлонтуп келет. Чынында эле, индейлердин антропологиялык түзүлүшү, этнографиясы, тили түрк элдерине жакын экен, анда алар кайдан дагы Америкага отурукташып калган? Бул жагдайда илимде бир топ көз караштар айтылып келет. Максатыбызга ылайык, мен алардын ынанымдуу деп эсептелинген гана пикирлерине токтоло кетсем. Көпчүлүк окумуштуулар индейлердин Сибирден Беринг кысыгы аркылуу көчүп келишкенин далилдешкен. Биздин оюбузча, ушул вариант ынанымдуу. Мисалы, окумуштуу Роб Ваухтун (Rob Wauh) айтуусу боюнча индейлердин ДНКсында алардын Алтайдан келгени тууралуу маалымат бар. Ал эми Дан Верганонун (Dan Vergano) берген маалыматында индейлер Америкага үч толкун менен мындан 15 -25 миң жылдан да ашык, биринчи толкун муз дооруна чейин Сибирден көчүп келинген.

Индейлер (индейцы) — жалпы аты Америкадагы жергиликтүү калктар. Албетте, бул жаңылыш атоону европалыктардын (Христофор Колумб ж.б. саякатчылардын) келүүсү менен берилген. Алгачкы келген испандыктар Индия жергесине тиешелүү калк деген жаңылыш пикирдин негизинде индейлер (индейцы) деген атты ыйгарышкан. Айрым индейлер үчүн дагы эле «indios» сөзүн шылдыңдоо (топ, уруу маанисинде) иретинде колдонулат, ошол себептен, жергиликтүү америкалыктар — деп аташ керек делинет. Бирок, айтылган ойго каршы Америкалык Индейлердин Кыймылы аттуу коомдун лидери, белгилүү гoлливуд aктeру («Прирoждeнныe убийцы» Oливeр Стoундун жана Мaйкл Мэнндин «Пoслeдний из мoгикaн» кинолорундагы) Рaссeл Минс төмөндөгүчө чечмелейт: «Индей сөзү – бул испан тилиндеги жаңылыш айтым. «In Dios» — «кудайдан, кудай менен» деген маанини берет. Ал эми Кoлумб өзүнүн күндөлүгүнө «la gente indio» — «кудайдан келген адамдар» деп жазган. Мени жергиликтүү Америкалыктар дегенге караганда «Кудайдан келген адамдар» — деп атаганы бир кыйла жагымдуу угулат» – дейт.

Индейлер туурасында канчалаган кинолор тартылды, илимий изилдөөлөр жүргүзүлдү, көркөм чыгармалар жазылды. Бирок, бул эл дагы да өзүнүн сырын толук ача элек, себеби, илимий иликтөөлөр жеткиликтүү жүргүзүлө элек.

Түрк тилдүү элдер менен индейлердин ортосундогу орток өзгөчөлүктөр — бул эки калк арасында көптөгөн маданий, фольклордук жана лингвистикалык окшоштуктардын бар экени дагы бир жолу далилдеп турат. Айталы, дин ишенимдеринде, мифологияларында уламыш-дастандарындагы адам менен табият ортосундагы мамиледе — бул эки улуттун окшоштуктарын оңой эле байкоого болот. Индейлердин айлана чөйрөнү, демек табиятты урматтоо деген түшүнүк тектеш түрк калктардын дүйнө таанымында дагы башкы орун ээлегенин көрө алабыз. Борбор Азия жана Сибирден Беринг кысыгы аркылуу Америкага көчкөн калктар өзү менен бирге шаманизмди, айрым маданий-тилдик, этнографиялык өзгөчөлүктөрдү дагы алып барышкандыгы илимий изилдөөлөр аркылуу такталууда. Айталы, башка түрк элдери сыяктуу эле кыргыз элинде дагы жандуу-жансыз нерселердин ар биринин өзүнүн пири болгон. Ар бир уруунун өзүнүн тотеми болгон. Индейлер дагы кыргыздар сыяктуу эле карышкырды, бүркүттү, кушту, бугуну ыйык эсептешип, табу катары атын атоого тыюу салып, анын тырмагын, терисин, канатын, тишин сакралдык буюм катары колдонушкан. Албетте, бул сыяктуу ырым-жырымдар, ишенимдер, уламыш-айтымдар, мифологиялык түшүнүктөр, шаманизм белгилерин айта берсек кеп учугу түгөнбөйт. Бул чакан макалага сыйбайт. Андыктан, айрым бир урунттуу белгилерине — жогоруда келтирилген окумуштуулардын эмгектеринде жана сөздүктөрдө көрсөтүлгөн тилдик жалпылыктарга гана токтоло кетсем. Себеби, кандай гана орток окшоштуктар болбосун ал тилдин негизинде далилденет.

Отто Реригдин изилдөөлөрүнө таяна турган болсок, индейлердин тилиндеги мыйзам-ченемдүүлүктөр туурасында төмөндөгүдөй кызыктуу далилдерди келтирет: «Бул окшоштук таң каларлыктай, мынчалык деңгээлде окшош болушун өзүм дагы күткөн эмесмин. Айталы, сүйлөмдүн курулушу, сан атооч, сын атоочтордун жасалышы, мүчөлөрдүн жалганышы өтө эле жакын. Түрк тилдеринде гана кездешүүчү сын атоочтордун жасалышына көңүл бурсак. Мисалы, «кап-кара» (капкара), «чип-чибэр» (супсулуу), «сап-сары» (сапсары), «ап-ак» (аппак) ж.б. Айрым урууларда бир аз башкача тыбыштык өзгөрүүгө дуушар болуп айтылат, бирок түбү бир.

Мындай окшоштуктарды фонетикалык өзгөчөлүктөрдөн дагы байкоого болот. Айталы, түрк тилдери сыяктуу эле индейлердин тили дагы тилдеги үндөштүк (сингармонизм) мыйзамына баш ийет. Сөздөгү тыбыштар бири-биринен бөлүнүп айтылбастан, бири экинчисине айкалышып айтылат. Анын натыйжасында сөз ичиндеги үндүү тыбыштар өзүнөн мурунку муундагы тыбыштардын табиятына жараша (көп муундуу) уңгу сөздө алгачкы муундагы, туунду сөздө (мүчөдөн мурда келген муундагы тыбыштарга карата) кийинкилери жоон же ичке, эринчил же эринсиз, жумшак же каткалаң абалга өтүп, бир кылка ыргактуулукка ээ болот. Мисалы, «ek-tе» — бул түрк тилинде «жакта» (багыты). Оң жакта, сол жакта ж.б. Эми айрым сөздөрдүн окшоштугуна көңүл бурсак, индейлерде «tan» – «tang» мааниси таңкы убакытты, маалды туюндурат. Ушул эле сөз индейлерде башка бир сөздөн – «tang» – «tangу» сөзүнөн келип чыккан. Ал «билүү», «ачык түшүнүү» маанилеринде колдонулат. Мисалы, бизде, кыргыздарда “тааныйм”, ал эми индейлерде «tannym» – билүү, аңдоо, таануу маанилерин берет. Эске салып кете турган нерсе, индейлердин тилдик мыйзамына карай турган болсок айрым тыбыштар алмашып айтылганын көрүүгө болот: «ж» — «ц», «у» — «о», «а» — «о», «и» — «е» тыбыштарына өтүп алмашкан жагдайлар арбын кездешет. Бул өзгөчөлүктөрдү жер аттарынан байкоого болот: «Boba Toak», «Бакалар», «Цилань», «Тулум», «Яшиль», «Ичмуль», «Тас», «Тапич» – «Тепич», «Качи», «Шаман-сама», «Чиген», «Сайиль», «Таш ице», «Яшин», «Яш чилан», «Цибинче», «Ак», «Кок уин» ж.б. Бул сөздөрдүн мааниси окурман үчүн түшүнүктүү болсо керек.

Айрым окумуштуулардын — Ю.В. Кнорозов, Отто Рериг, Стиг Викандер, Георг Дюмезельдин эмгектериндеги келтирген сөздөрүнөн мисал келтире кетсем:

Индейлердин                                               Кыргыз тилинде

(мая, сиу, дакота) тилинде

Йаш                                                                                                        Жаш

К’ун                                                                                                        Күн

Ич                                                                                                           Ич

Ош                                                                                                          Үч

Куч                                                                                                        Күч

К’улл (колун көтөрүү маанисинде)                                    Кол

Чаб (жыгуу, уруу, чабуу)                                                         Чап, чабуу

Ч’акаан (урулган)                                                                         Чапкан

Ах-чы                                                                                                  Аңчы

Кош (канаттуунун бир түрү)                                                 Куш

Имиш яшче (жашылча-жемиш)                                         Мөмө-жемиш

Йемеш (быша элек, көк)                                                          Жашыл жемиш

Ичин (кудук, суу)                                                                         Ичүү

Яшь к’uн (жаңы күн)                                                                   Жаңы күн

Аак (ак түс)                                                                                      Ак

Ик (эки)                                                                                              Эки

Бин                                                                                                        Мен

Ими (аял көкүрөгү)                                                                      Эмчек

Им                                                                                                          Эмүү

Чалан, цалан                                                                                   Жылан

Ба, boa                                                                                                 Балык

Акан Ага,                                                                                           аке

Аль                                                                                                        Уул

Tur (токтоо)                                                                                   Тур

Tuy (чачты түйүү)                                                                       Түйүү

Асаn (кыйкыруу)                                                                        Айкыруу

Аак (агым)                                                                                      Ак, агуу

Bllim                                                                                                   Билим

Box (жылаңач)                                                                             Бош

Chem (кайык)                                                                                Кайык, кеме

Kil (келүү)                                                                                       Кел, келүү

Ti (тиштөө)                                                                                    Тиш

Tas (бир нерсени ташуу)                                                        Ташуу

Baldiz (аялынын сиңдиси)                                                     Балдыз

Bi1 (билүү)                                                                                      Бил, билүү, белги

Boya (сүрөт, боёк)                                                                      Боёо

Pulut (түтүн, чегүү)                                                                   Булут

Sat (таратуу)                                                                                 Сатуу

Caqla                                                                                                  Sakal

Kok                                                                                                     Көк, асман

Misi                                                                                                     Мышык

As                                                                                                         Аз

Чечак                                                                                                 Сулуу (бай-чечек, гүл-чечек)

Мындай мааниси жагынан дал келген сөздөрдү миңдеп мисал келтире берүүгө болот. Демек, бул эмне дал келүүбү, менимче, мынчалык деңгээлде дал келүү мүмкүн эмес. Анда мыйзам — ченемдүүлүкпү? Мүмкүн. Себеби, бул жерде тилдик мыйзамдардын сакталышы көрүнүп турат. Бекерден индейлердин каны, тили, Алтай жергесиндеги жашаган калктарга окшош экендигин, теги бир экендигин көпчүлүк окумуштуулар бир ооздон айтып келбесе керек. Ал эми Алтай — кыргыздардын түпкү мекени…

Илимде кандайдыр бир нерсени далилдеш үчүн аргумент — факт талап кылынат, ал эми жүйөөлүү аргументтер ошол теманы ар кыл өңүттө карап, изилдеген учурда пайда болот. Ошол себептен, индейлердин тили бардык тарабынан, ар кыл аспектиде изилдениши максатка ылайыктуу. Мүмкүн, ошондо гана индейлердин теги Алтайдан деп ишенимдүү айта аларбыз…

Айшат Ботобекова, «24.kg» MA, 25.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Индейлердин теги Алтайданбы?: 1 комментарий

  • 25.07.2012 в 17:02
    Permalink

    Абдан кызыктуу жана пайдалуу макала экен.

    Ответ

Добавить комментарий