Мурзакул болуш

Үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарынын бир кылым жана чейрек кылымдан ашуун жашаган тарыхы айрым белгилүү инсандардын өмүр жолу менен байланыштуу. Ошондой тарыхый инсан – Кош датка уулу Мурзакул болуш. Атактуу Мурзакул болуштун басып өткөн жолу эки доордун тоголушуна туура келип, убагында баасын алалбай келсе, тарых барактарынын ак тактары азыр тастыкталып, анын атынан Жалал-Абад шаарында коомдук фонд уюштурулуп, изилдөөгө алынып жатат. Ал алысты көрө билген, улуттар аралык ынтымак дүйнөлүк цивилизацияга жеткирерин түшүнгөн Фергана өрөөнүнө таанымал жаратман инсан болгон. Мурзакул болуш жөнүндө тарыхый маалыматтар Өзбек Республикасынын жана Россия мамлекетинин Санкт-Петербург шаарларындагы мамлекеттик архивдердин фондуларында сакта-лууда. Кош датка уулу Мурзакул болуш (1875-1936) Сузак району менен чектеш Чимион айылында туулган. Бул улуу инсан жөнүндөгү тарыхый маалыматтар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракеси жылында биздин демилгечи топ тарабынан тынымсыз изилдөөлөрдүн негизинде аныкталды. Атасы Кош датка өз убагында Кокон хандыгынын ордосунда иштеп, андан Ташкент шаарынын акимчилиги даражасына жетип, хандыктын бийлик кызматын өтөгөн.

Кыргыз-өзбек ичинде сиңирилген барк

Өз мезгилинде Мурзакул болуш Өзбек Республикасынын аткаруу комитетинин төрагасы Ж.Ахунбабаев менен ага-ини катары эки элдин достугун чыңдоо багытында баарлашып иш жүргүзүшкөн.

Түбү бирге достуктун башаты кайдан башталганын баяндаган окуяга учкай кайрылып өтөлү. Ж.Ахунбабаевдин төрөлүп-өскөн жери – Маргалаң аймагы. Жаштыгын Өзгөн тарапта өткөргөн. Ал бир байга жалданып иштеп жүрөт. Сузактын Кара-Дарыясынын эрте жаздагы чоң сел каптаган кезинде байды байбичеси менен күрүч жүктөп алып кечүүгө келишет. Буркан-шаркандап, ээ-жаа бербей агып жаткан дарыяга даап кире албай турган эл “кой, бул сууга азыр киргенге болбойт” дешсе, арабадагы бай оолугуп, “бол эле бол, айда эле айда” деп арабакечке буйрук берет. Күкүктөп кирип турган сууга Кокон дөңгөлөгү адам бою бийик ат араба киргенде эле, ат-саты, араба-кишилерди, күрүч-мүрүчү менен агызып кетет.

Бир гана Ж.Ахунбабаев ал кырсыктан аман калат. Бирөөнүн жалдаган арабасынан, атынан, күрүчүнөн да бай менен аялынын кунун кантип төлөйт.

Ошентип ал Өзгөндүн жергиликтүү байларына жалданып, койчу болуп иштеп, ал жерден үйлөнүп жайланып, кыздуу болот. Ошол окуяны уккан акылгөй Мурзакул болуш ошол мандикер жигиттин акыбалын түшүнүп, ал жигиттин карызын кутултууга жардам берип жана Ташкент шаарына кетүүгө көмөк көрсөткөн.

Өз кезегинде Ж.Ахунбабаев Мурзакул болушту кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы, кыргыз элинен чыккан данакер ишмер катары баалаган. Ошол кездерде артында калтырган архитектуралык курулуштарын (мечит-медреселерин) сактап калууга түздөн-түз көрсөтмө берген.

Жалал-Абад шаарын жана курортун негиздөөчү

Тарыхый маалыматтарга назар салсак, Жалал-Абад шаары Кыргызстандын Фергана өрөөнүндө жайгашкан жаратылышы абдан кооз ыйык жерлердин бири.

Себеби илгери ата-бабаларыбыз бул жерди ыйык тутуп, теңирим сүйгөн Аюб пайгамбардын кадам изи калып, табигаттын дары сууларынан дарты айыккан деп айтылат. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй жана Фергана өрөөнүнүн улуу инсандарынын сөөктөрүн атайын алып келип, кан чыгарып, зиярат кылып турушкан. Ушундай шаар жеринин касиеттүүлүгүн терең түшүнгөн Мурзакул болуш 1911-жылдын жай айында бардык байлыгын (алтын, күмүш, мал-тегин) тактап, Аюб-Булакка дарылоо имаратын жана жол салууну чечкен.

Негизинен Көк-Арт сайынан 10 км. жерге ташты эл тизилип колмо-кол ташышып, жол ат арабага ыңгайлаштырылган жана үч айдын ичинде бүткөрүлгөн. Болуш ашар жолу менен элди уюштуруп, алардын тамак-ашына деп 500 кара коюн сойгон. Ал гана эмес, бул чоң иштин аягында болуш атка тескери минип алып, иштегендерге сый иретинде алтын тыйындарды чачкан.

Жол салып бүтөөрү менен Ташкент шаарынан Түркстанга белгилүү болгон усталарды, орус архитекторлорун чакыртып, жибек кагазга чиймесин чийдирип, курортко дарылануу үчүн толук шарты бар эмкана үчүн чоң, кооз имарат салдырат. Анын өлчөмү болжолу 10х20 метр. 1912-1913-жылдары курулган бул имарат азыркы күнгө чейин өзүнүн архитектуралык көркөмдүгүн сактап, калыбынан жазбай 100 жылдан бери эл кызматында.

Жалал-Абад курортунун ачуу аземине Мурзакул болуш 80 боз үйдү катарлаш тиктирген. Бет ачаар аземди Кыргыз Автономиялык Респуб­ликасынын Аткаруу Комитетинин биринчи төрагасы А.Орозбеков ачып жана алты дубандын аттуу-баштуулары, алыскы тажик, өзбек боордоштордон бери чакырып, жалпы журтчулукка кудай-аш берип, элдин ак батасын алганы ушул күнгө чейин уламыш түрдө сөз кылынат. Жалал-Абаддын шаар болуп түптөлүшүнө Мурзакул болуштун жеке салымдарын атай кетсек, шаардын соодагерлери үчүн алгачкы базарын Кербен-Сарай, Тим базар (үстү жабык базар) жайларын, мечит, чайкана жана башка курулуштарды курганы белгилүү.

Жүздөгөн жердештерин сактап калган

Бүгүнкү күнгө чейин стратегиялык мааниси бар түркстан темир жолу Мурзакул болуштун убагында 1916-жылы Андижан көтөрүлүшүнө байланыштуу кайсы бир акылы тайкы төбөлдөрдүн буйругу менен Кара-Суудан Андижан облусунун Коргон-Төбө районунун Султан-Абад темир жол станциясына чейинки 20 чакырым темир жолду буздуртуп салат. Поезд өтө албай калат.

Өзгөчө бул участок Өзбекстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөндүктөн абдан маанилүү болот.

Бул суук кабар тез убакытта уездге, губернияга жетет. Ал жактан эшалон менен жазалоочу куралдуу отряд келип, жүздөгөн күнөөлүү, күнөөсүз адамдарды, жада калса жаш балдарды камакка алып аттырууну көздөшөт. Камактагыларга тамак-аш турсун, ысыкта чаңкагандарга суу бердиртишпейт. “Кыйналган эл тагдырын чечсе бир гана Мурзакул болуш чечет, аны  таап келгиле”, – дейт эл билгилери. Анда болуш курулуп жаткан темир жолдун курулушуна өз жанынан каржылап жаткан. Кандай болгон күндө да ал киши Андижан эмес, Ташкенттеги падышачылыктын башкаруучуларын жакшы тааныган, аброю бийик эле.

“Темир жолду ким бузса да, элдин камын ойлобогон, эл душманы бузган, темир жолдун биздин аймак үчүн келечегин терең түшүнбөгөндөрдүн айынан жүздөгөн эл кор болуп камакта жатат. Эми мындай айла кылалы кеткен чыгымды бүт мен мойнума  алайын. Бузулган жолду оңдоп, поездди жүргүзсөк ошондо гана камалган элди бошотуп алышыбыз мүмкүн. Ага күч, адис жетишсиз.

Аларды ар жактан: Кара-Суу, Коргон-Төбө, Күрүч мазар, Маргалаң, Кокон, Наманган темир жол станцияларынан бери топтошубуз керек. Алардын баары ак сөөк эмес, карапайым жумушчулар, жок дебес.Темир жолду кургандарды, камактагыларды баарын тамак, суу менен камсыз кылуу керек. Мен төбөлдөрдү токтотуп турайын”, – дейт Мурзакул болуш.

Күн чыккандан кеч күүгүмгө чейин иштешти. Айтылган мөнөттө үч айга бир жумага жетпей, жол оңдолду. Аскердик, жергиликтүү бийликтин курамынан турган комиссия жолду кабыл алып, Мурзакул болуш жүздөгөн жердештерин өлүмдөн сактап калды.

Мечит-медресе куруу – мусулмандык парз

Ал эми 83 жаштагы Жалал-Абад шаарынын Октябрь көчөсүндөгү №49 үйдүн тургуну Валихан Тажи-баев аксакалдын айтымында, Мурзакул салган мечит-медресе №7 орто мектептин тушундагы “пятачоктун” ордунда жайгашкан. Мечит-медресе аябай чоң салынган болучу.

“Оймо-чиймелер менен кооздолгон түр­күк­төрүнө адамдын кулачы жетчү эмес. Түркүктөрдүн үстүндөгү чатырынын алдындагы оймо-чиймеленген жакаларынын бийиктиги бир метрден ашык эле. Бул мечит-медресе согуштан кийин бузулду. Пайдубалы көпкө  чейин бузулбай турду. Кам кыштарын эл ташып кетип, керегине жаратты”, – дейт В.Тажибаев. – Курортто темир устачылык кылып көп жыл иштегем. Ошол жерден Мурзакул болуштун бул жайды кантип кургандыгы тууралуу көп жакшы кептерди уккамын. Ал жергиликтүү материалдардан башкача өзгөчө кошулма даярдап, кышында тоңбой, отурса муздабай турган плиталарды жасатып, аларды дары булактардын тегерегине төшөттүргөн экен”. В.Тажибаевдин сөзүн Кызыл-Мехнат көчөсүнүн №21 үйүндө жашаган, 77 жаштагы Кенжебай Кадыров да тастыктады. Ал нары-бери өткөндө Октябрь көчөсүндөгү чоң мечит-медресенин согушка чейин турганын, кийинчерээк бузулганын айтат.

Ал киши өзү туулуп-өскөн айылы Чимионго, Шамалбекке, Жалал-Абад, Коргон-Төбө, Андижан, Маргалаң, Ташкенттен бери мечит-медреселерди салдырган. Курулушка жарай турган жыгачтарды токойлордон кыйдырып, Көк-Арт дарыясына агызып, тийиштүү курулуш аянттарына жеткизген. Коргон-Төбөдөгү салынган мечит дагы эле элге кызмат кылууда. Өмүрүнүн акырында эгин экчү жерлерине Жалал-Абадда “Кызыл Дыйкан” колхозун уюштуруп, калган мал-мүлктөрүн, өз демилгеси менен мамлекетке өткөзүп берген.

Мурзакул болуш өлөөр алдында: “Балдарым, мен өлсөм сөөгүмдү ушул дары суу чыккан адырга койгула”, – деп керээз калтырып,1936-жылы жай айында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү курорттун этегиндеги мазарга коюлган (Кожо айылы). Мурзакул болуш татаалбы, оорбу, чоңбу, ар иштин көзүн билгендиктен, темирдей тартипти кармагандыктан, уюштуруучулук жөндөмү жогору жана мыктылыгынан, уулубу-кичүүбү, жашбы-карыбы, ар кандай бийликтеби алар менен сүйлөшө билип, тил тапкандыктан эл кадырына, баркына, сыймыгына жеткен. Анын сөзүн эч ким эки кылган эмес.

Сүйөркул ЖОРОЕВ, Жалал-Абад шары,
“Кыргыз туусу”, 24.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий