Тынчтыкбек Чоротегин: Өткөндү жымсалдабай чагылдырабыз

«Республика» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов кыргыз тарыхын жазып чыгуу боюнча 5 миллион сом сыйлык коюп, тарыхчылар арасында сынак жарыялады. Ал сынакта тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин баштаган «Кыргыз тарых коому» жеңип чыкты. Сынак шарты, жаңы түпөлгөн прогрессивдүү тарыхчылар коому, жалпы кыргыз тарыхына байланыштуу суроолор боюнча Чоротегин мырза менен азык оолак масилеттештик.

– Сынакта тандап алуу кандай критерийлердин негизинде жүрдү?
–Калыстар тобунун маалымдашынча, ал жакта 14 чакты атаандаш сынактык долбоорго катышыптыр. Алардан тышкары да кээ бир жеке авторлор катышкан. Бирок аларды сынакка жеткирбей эле кабыл албай коюштуптур. Алардын арасында илимпоз эмес, бирок тарых жөнүндө кызыккандар да болгон экен. Ал эми береги 14 долбоор арасында атактуу, белдүү профессорлор: Плоских, Маев агайлардын ысымдарын аташты. Андан башка да айрым окумуштуулар болуптур. Аларда байыркы доордон азыркы тарыхты эмес, кээ бир эле нерселер тууралу жаза турган монографиялык долбоорлор болгон. Ага да кызыгып калышып, кошумча демөөрчү табылса, аларды да чыгарабыз деген ойлорун айтышты.

Биздики болсо тээ бир кезде «Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты» деген уюм бар эле, кийин 1995-жылдан тартып «Кыргызстан тарыхчылар коому» деген уюму иштеп келген. Ошол уюм быйыл 11-февралда «Кыргыз тарых коому» эларалык коомдук бирикмеси болуп жаңы уюм уюштурулган. Ошол уюмдун эң негизги милдеттери кыргыз тарыхын эң байыркы доордон азыркыга чейин жаңыча жазуу маселеси болчу. Анан ушул уюмдун белдүү өкүлдөрүнөн түзүлгөн чыгармачыл топ жанагы сынакты жеңип алды.

– Ушинтип сынак жарыялап, тарых жазууга эмне зарылдык жаралды?
– Негизи мындай зарылдык ар бир элде, коомдо бар. Мына, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, бардык жакта бар. Кайсы бир доорду өткөн соң тарыхына кылчайып карап, жазып келишет. Биздин бийликтегилер деле ошол озуйпаны аткарууга ынтызар. Бирок каражат жагынан каржалып келгендиктен, маараке же китептерди басуу жагы гана каржыланып келген. Андан тышкары кээ бир демөөрчүлөр, мисалга, жазуучу Кеңеш Жусупов агайдын чогулткан абдан кызыктуу кыргыз тарыхына байланыштуу «Кыргыздар» деген көп томдукту чыгарууга каржылык жактан көмөктөшкөн. Ушул саамалыкты улай: кыргыз тарыхын жаңыча илимий-популярдуу тилде жазууну колунда бар мекенчил жигит сунуштады. Мындай меценанттык бүгүн өтө керек.

– Азыр кыргыз тарыхын иликтеп жазгандар көбөйдү, аны сындагандар андан көп. Бирок жаамы кыргыз кабыл алчу тарыхыбыз жок: ким демөөрчүлүк кылса, ошол жазылган тарых кайсы бирөөлөр тарабынан ата-теги, уруусуна, кокту-колотуна сүйрөп кетип аткан жокпу?
– Абдан таамай суроо. Биринчиден, бул озуйпа – демөөрчүнүн гана буйругуна байланыштуу эмес. Демөөрчү сунуш кылган сынакка катышып аткан автордук топтун да өз абийириндеги кеп. Маселен, ошондой тарыхчылар көп эле болгон бизде. Албетте, кимдир бирөө сунуш кылса, ал автор сарай тарыхчысы болуп президент, премьер-министр же капчыктуунун камчысын чаап, тарых «жаратышы» мүмкүн.

Бирок биздин чыгармачыл топ андай сынакка такыр катышпайт эле. Кимдир бирөө өз ата-бабасынын шооратын даңазалаш үчүн гана сынак уюштурса, андай тарых барыбир түбү жаамы журт мүдөөсүн канааттандырбайт.

Ал эми бул долбоорго демөөрчүлүк кылган меценат сынакка чейин «биз тараптан эч кандай саясый же башка кысымдар болбойт» деп ачык айткан. Анан калыстар тобу да бул боюнча принцип бекем болорун билдирген. Алар кыргыздын белдүү инсандары, тарыхчы, түрколог, публицист, мурдагы элчилери. Мисалга, мурдагы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков, Кеңеш Жусупов агайларыбыз жана белгилүү тарыхчы Зайнидин Курманов өңдүү инсандар бар.

– Долбоор алкагында илимий изилдөөлөр болобу, айтсак, Кытай, Иран, , Орусия, Европага чейин илимий сапарлар уюшулабы? Арийне, жалпы атпай-журт мүдөөсүн аткарууда илимий чабыт кенен болушу керек ко? Себеби кыргыз тарыхын иликтөөдө археологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө колубуз жетпей келатпайбы?
– Долбоор демөөрчүсү аларды каржылабайт. Бирок ошондой экспедициялар жүргүзүлүп атат. Кубат Табалдиев деген археолог азыр археологиялык казуулар менен алектенип жүрөт. Ошондой эле өз долбоорлорунун негизинде экспедицияга чыгып, иликтөө жүргүзүп аткан этнографтар бар. Негизи бул авторлор жөн эле өң-тааныштыктан чогула калгандар эмес. Жаңы илимий табылгалар менен көзгө көрүнгөн, буга чейин жазып жүргөн авторлор. Көзкарашы коммунистик эскичилдерди катарыбызга кошподук.

– Кайсы булактар менен иштейсиздер?
– Ар бир доорго жараша. Мисалы, эң байыркы доор менен байланыштуу археологиялык булактар. Орто кылымга карата, маселен, буга чейин өздөрүнүн булак таанучулук иликтөөлөрү менен көрүнгөн инсандар, алар буга чейин чыгыш булактарын иликтеп жүргөн. Ал эми 18,19, 20-кылымдарга байланыштуу иликтөөлөр арасында орустун архив булактарын казган окумуштуу адистер да бар. Айтор булак негизинде гана иш жүргүзөбүз.

– Бул иш-чара негизинен коомдук демилге катары ишке ашаар болуп турат. Бирок барыбир илимий эмгек болгондон кийин аны башка окумуштуулар да таанышы керек ко. Анан сиздердин эмгекке кимдер рецензия берет? Илимдер академиясыбы же…
– Сын-пикир жаза турган авторлор сөзсүз түрдө четтен чыгат. Анан бул жерде башка атаандаш топторго да ушундай эле башка каражаттарды таап, өздөрүнүн чыгармаларын элге жеткирсе деген тилектебиз. Бул – жалпы иш. Тарых маселесин биздин топ гана мыкты жазат, башкалары жарабайт дегенге болбойт. Себеби бул – илим. А негизги калыс – окурман журтчулугу. Кийин бул долбоор орусча, англисчеге которулушу керек. Демек, кеңири илимий чөйрө өз ойлорун айта алышкандай болсо. Ошондой эле АКШ, Орусия, Европада жүргөн адистерибиз сынын айтса.

Бул эң соңку учурдагы тарыхыбызды жалпылаштырган варианттардын бири болуп саналышы керек. Болочок муун болсо табылгалардын жакшыларын өзүнчө, жамандарын өзүнчө иргеп, мүчүлүштүк кетсе, анысын өзүнчө иргеп, өз сын-пикирлерин айтат. Иш болбосо, сын да жок. Мүчүлүш болушу мүмкүн деп эле коркуп, эчтеке жазбай отура бергиче, буга чейинки илимий жетишкендиктерди жалпылап берүү милдетин аткарышыбыз керек.

– Сиз көп жылдан бери тарыхты изилдеп келесиз, кыргыз тарыхын жазбаган киши жок. Көп жазылып атса, демек, кызыгуу бар, бирок талашы көп. Сиздин оюңузча кыргыз тарыхынын ала калган жерлери кайсы мезгилге тийиштүү? Байыркы тарыхыбызбы же совет учурубу? Орто кылымбы?
– Мен бардык доор үчүн, атүгүл, мына эгемендик доорунун өзүндө деле Акаев же Бакиев жана Убактылуу өкмөт учурунда да ачык айтылбаган маселелер болушу мүмкүн. Ошолордун баарын эч бир саясый күчтөргө багынбай, калыс жазышыбыз керек. Демек, баардык доорго тиешелүү тарыхый инсандарга болобу же кайсы бир окуялар менен байланыштуубу, айтор, ала тактар толо.

Мына, азыркы алтын маселеси боюнча чоң чуу болуп атпайбы. Аксы окуясынан кийинки учурду алалы, ошолордун баары кайрадан таразаланышы керек. Анан кээ бир тарыхый инсандарга бир беткей баа берилип келген. Азыр ошолорго ар тараптуу баа берип, калп эле кимдир бирөөлөрдү мактай бербестен, баарын көрсөткөнгө аракет кылышбыз керек. Бул жагынан кайсы бир деңгээлде соңку 20 жылдагы тажрыйбаны сөзсүз колдонгонго аракет кылабыз. Анан байыркы доор менен байланыштуу, мурда бурмаланып келген нерселер болгон. Маселен, Совет мезгилинде «кыргыз» деген жөн эле аталыш болуп келген, болгондо да 16-кылымдан кийин гана ушул аталыш чыккан. «Энесай кыргыздары менен азыркы Теңир-Тоодогу кыргыздардын тарыхый байланышы болгон эмес» дегендей жоромолдорду расмий түрдө таңуулашкан. Азыр алардын баарын кайрадан карайбыз.

– Кыргызга он миң, жети миң, жүз миң жыл толду деген божомолдор эле көп. Сиздин тарыхый иликтөөлөрүңүздүн негизинде кыргыз улутуна канча жыл толду?
– Жалаң гана фактыга негиздеп айтсак, биздин заманга чейинки 201-жылы биринчи жолу «кыргыз» деген ысым эскерилген. Кыргыздардын ээлиги ошондо Хун дөөлөтү тарабынан каратылган экен. Андан кийин да көзкарандысыздыкка улам жетип, улам өз мамлекетин куруп, кайра ажырап, бытыранды учуру болгон. Бирок ырааттуу түрдө 22 кылым ичинде элибиздин байыртадан азыркыга чейинки ыраттуу тарыхы жашаган. Анын ичинде далай тар жол, тайгак кечүүсү болгон. Ушуну биз да андан ары карагыбыз келет. Негиз болгон учурларды жалпылаштырганда эле тарыхы бай, байыркы эл экенибиз кашкайып көрүнүп калат. Тарых фактыларынын негизинде гана сөз кылсак, ошол жетиштүү.

Анан да жалаң гана кыргыз дебестен, ошол кыргызга жуурулушкан башка калктардын да салымдарын көрсөтүшүбүз керек. Азыркы учурдагы көп улуттуу, көп этностуу коомубузда ар бир кыргыздын арасына байырлап калган башка улут өкүлдөрүнүн бараандуу салымдары бар. Ошолордун баарын калыс чагылдырсак дейбиз.

– Кыргызда уруу-уруу, жер-жерине карап душман издөө «оорусу» бар эмеспи. Ошондон улам учурда калмакташуу жүрүп, тегибизди бузуучулар арбыды деген чочулоолор айтыла калып жүрөт. Буга сиздин жеке пикир? Ушунун канчалык жүйөөсү бар?
–Ал баягы алысты көралбагандардын кеби. Бир жүйөө табалбай эле өзүнө саясый же башка багытта атаандаш болгондорду кемсинтүү үчүн колдоно калып жүрүшөт. Бул эскиден келген, бардык элде учураган ыкма. Мисалы, Батыштагы кээ бир коомдордо бир нерсе болсо эле, «аа бул жөөт экен» деп калышат. Артта калган, мурдунан алысты көрбөгөн катмарларда буга чейин болуп келген, азыр да болуп аткан нерсе. Болочокто мындай болбош үчүн адамзаттык асыл-нарктарды колдонушубуз керек. Мисалы, «Манас» дастанын алсак, Алмамбет теги кытай болсо да кыргызга жуурулушуп; кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө Манас баатыр сыяктуу эле зор салым кошкон инсан. Ошон үчүн «кулаалы таптып куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» – «Манастагы» эң мыкты макал. Бул биздин азыркы мамлекетибиздин идеологиялык өзөгү болушу керек.

– Кыргыз тарых коомун кимдер каржылайт? Алдыдагы иш-максаттар?
– «Кыргыз тарыхы» коому демөөрчүлөрдү сырттан издейбиз. Тарыхты иликтөөгө жардам берген бардык тараптар үчүн, анын ичинде эларалыкпы же жергиликтүүбү, ачыкпыз. Жана башта сөз болгон сынак олуттуу убакта жарыяланып калды. Андан тышкары да жалпылаган тарыхый эмгек жазалы дедик. Ошондой эле генеиологиялык, санжыра жана башкаларга жардам берем, огожо болом дегендер бар. Аларды да колдонобуз. Кээ бир тарых адистерибиз тиешелүү мектепдердин долбоорлору менен иштешип атышат. Ар кандай демөөрчүлөрдү тартканга аракет кылабыз.

«24.kg» MA, 10.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий