Көл боюндагы кыргын

Жазуучу Б.Максүтов 1916-жылдагы элдик көтөрүлүшкө арнап “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” тарыхый повесть жазган. Андан үзүндү гезитибиздин 3-июлдагы санында жарык көргөн эле.  Жыл сайын 3-августту ошол боштондук кыймылынын күнү деп белгилөө жөнүндө КРнын Жогорку Кеңешинин чечими да кабыл алынган. Ушул айтылуу датага карата жазуучунун архивдик материалдардын негизиндеги повестинен үзүндү жарыялайбыз.

Айлананын баары адамдардын эттерине аябай тоюп, уча албай, майпаңдап араң баскан дардайган жоруларга толуп кетти. Алар бийик аска-зоолуу тоолорду ашып, кумдуу чөлдөрдү, мейкин  талааларды басып, белгисиз тараптан келишкен эле.

Фон Берг кийинки күндөрдөгү кандуу жортуулдарын да күндөлүгүнө түшүрдү.

Преображенский селосуна жакын 6-7 чакырым жерде болду. Пржевальск шаарына үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен келе жаткан  соодагер сарттарга Николаевск станицасынын атаманы Бедарев баш болгон дыйкандар менен казак-орустар кол салып, тоношту. Аялдары, балдары болуп, бардыгы 90дон ашык  адам өлтүрүлдү.

Ал эми шаарда жашаган дунгандарды казарманын аянтына алып келишип, чогулган элдин алдында, полковник Ивановдун буйругу менен сотсуз жана эч кандай сурагы жок, күнөөсү бар-жогуна карабай, отставкадагы генерал-майор Нарбут, прапорщик Русаков ж.б. көз алдында мылтыктын штыгы менен жайлашты. Өлгөн дунгандар болжолу 140 түтүндөй, 1500дөй адам болгон. Бар болгону 8 адам тирүү калды. Дунгандардын килем-килчелерин, кымбат баалуу чапандарын, алтын жалатылган идиш-аяктарын көргөндө көздөрү кызарган шаарлыктар талап алып, үйлөрүнө жеткиргиче шашышты. Ошентип алардын болгон үй-мүлктөрү, өмүр бою жыйган-терген оокаттары таланды.

***

Жардамчы кирип, какайып тура калды.

– Урматтуу полковник, ротмистр Кравченко отряды менен Каркырадан жаңы эле келип түштү. Келгенде да кур келбей Султан Мурад Акрам Төрөев деген соодагер сартты кошо ала келиптир.

– Ошондойбу? Ырас болгон турбайбы. Мен ал сүткордун эбин таба албай жүрбөдүм беле.

Көптөн күткөнү ордунан чыккандай сүйүнгөн Иванов бир азга ойлоно калды.

– Баса, анын эмне күнөөсү бар экен?

– Биле албадым, урматтуу полковник.

– Анда эмесе мындай, поручик мырза, тезинен буйрук даярдагыла. Ал сартты бүгүнчө казарманын түрмөсүнө камай тургула. Эртең таңкы саат 4тө көзү тазалансын.

– Урматтуу полковник, сотсуз, сураксыз эле…

– Эй… – Иванов жардамчысын бир саамга    акшырая карап калды.

– Сен эмне?..Бул элдин соту да, прокурору да өзүммүн! Бол тез.

– Урматтуу полковник, Төрөевдей өзгөчө таасирлүү адамдын көзүн тазалай коюш… кандай болоор экен?

– Чын эле.

Чочуган Иванов бир азга ойлонуп калды. – Эчтеке эмес. Түрмөдөн качуу­га аракет кылгандыгы үчүн атылды деп коёбуз. Бар, буйрукту дайында.

– Куп болот, урматтуу полковник.

Жардамчы өзүнөн даражасы чоң улугу менен талашуу пайдасыз экендигин сезип, ыргылжың болуп чыгып кетти.

Адегенде Төрөевди бир тобу чогулуп алып тинтишти. Жанынан кандайдыр бир каттар жана 8000 сомго жакын акча чыкты. Ал эми жанындагы куржунду ал жерден ачышкан жок. Ээсинин өзгөчө эле тынчсызданып,  аягында аргасыздан мажбур болуп айтканына караганда куржунда дагы көп акча, акча милдеттенмелери бар экен. Сыягы сырткары адамдарды күбө кылып кереги жок деп чечишти көрүнөт.

Эртең менен эле Төрөевдин качууга аракет кылгандыгы үчүн атылгандыгы жөнүндөгү сөз шаарга дүңк дей түштү. Анын өлүгүн жашырууга шашылышкан жок. Бийликтегилер жергиликтүүлөргө жана кошуна  мамлекетке таасири чоң Төрөевге карата өздөрүнүн ыпылас иштерин жасаарын жасап алышып, анын шегин билгизбей жашыруунун ыңгайын келтире албай, бир чечимге келүүдөн айбыгышып, алдастай түшүштү. Анын дубалга жакын жерде дардайып жаткан жылаңач денеси чымынга таланып, далайга жатты. Кызыккан шаарлыктар тынбай келип, өлүктү көрүп жатышты. Сырткы баалуу кийимдерин эчак эле шылуун бирөө сыйрып кеткен экен.

Кийин Төрөев атайлап өлтү­рүлгөндүгү жөнүндө сөз чыкты. Буга Валериан  Великолепныйдын тиешеси бар экен, анткени Иванов мырза Төрөевге 10 миң сомго вексель бериптир  деген сөз тарады.Бул маселе кийин көтөрүлүп, аягы чубалжып отуруп бир топко созулуп кетти.

Валериан Великолепный – полковник Ивановдун эл койгон аты.

***

Төрөев өлтүрүлгөн 15-августтун түнү жүздөгөн адамдар үчүн да акыркы түн болуп калды. Бул күнү кечке жуук саат 5-6ларда Каркырадан кайткан ротмистр Кравченконун отряды Теплоключенское селосуна келип жетти. Аны менен Пржевальск, Ташкент, Бишкек жана чет элден келген көптөгөн соодагерлер бар эле. Алар Пржевальскиден 9 чакырым алыстыкта жайгашкан бул селого түнөөгө тийиш эле. Бирок Пржевальскиде болуп жаткан коркунучка байланыштуу прапоршик Моргуновдун командалыгындагы ротаны жана соодагерлерди үй-бүлөсү менен калтырып, өзү командалык кылган казактарды алып, күндүн ысыгында узак жол жүрүп, чарчап-чаалыкканына карабай, Кравченко токтоосуз жүрүп кетти.

***

Мылтыктын үндөрү чыккан тарапка элтеңдей карашып, өң-алаттан кетип коркуп, жүгүн жылкыларга, уйларга артып, жазалоочу отряддан энтеңдеп качып, жан айласы кылып келаткан катын-бала, кемпир-чал.Кыдыр аке алардын алдынан чыгып, баш-көз болуп келе жаткандарына кайрылды:

– Жол болсун, мырзалар.

– Жол болгону курусун, Кыдыке. Арттан куугунчулар кууп, араң качып келатабыз, – деди Өмүрзак карыя энтеңдей.

– Чатак болгон экен.Эми кандай кылабыз? – Кыдыр аке томсоро түштү.

– Кыдыр аке, буларыңдын кейпи бузук, элди тукум курут кылып коё турган, – деп Кулуке карыя туурадан чыкты.

– Оо айланайын, эл- журт. Мындай турмуш болот деп кимдин оюна келиптир. Оёздон да айла болбоду.Бул ызы-чуу басылганча бул жерден оолак тура туралы. Ак-Суунун ичи менен көчүп барып, Түргөнгө түшөлү, кандай дейсиздер? – деп Кыдыр аке көпчүлүккө кайрылды.

– Кыдыр аке, калайык калкка кам көргөнүңүзгө ыракмат, бул жерден тезирээк качпасак болбой калды. Айла кетти, – деди каңырыгы түтөгөн Өмүрзак карыя.

Кыдыр аке дагы бир жолу элге кайрылды:

– Кагылайын журт,Текес деле бөтөн жер эмес. Дайыма каттап, барып-келип жүргөн жер. Биз менен чогуу болгонуңар жакшы болот эле. Жок өзүбүзчө кетем дегендерди зордобоймун.

– Ооба, Кыдыр аке. Эми кеч болуп калды. Толкуган элди эми токтото ала турган эмеспиз, кечириңиз, –деди Кулуке башын жерге салып, күнөкөр кишидей.

– Атаңдын көрү ай-йя, баягы заман болгондо ушинтип, талашып, тартышып отурат белек?! Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда болсок дебедим беле.Болбостур эми. Жолуңар болсун…

Кыдыр аке качкын бечараларга эч жардам бере албаганга, эң эле алсыз пенденин кейпин кийип турганына, өзүнө-өзү нааразы болуп, каңырыгы түтөп, сенделип  Кытайга бет алып бараткан элге жалдырай карап турду да, атын моюнга чаап,  бастырып жөнөдү…

Алдынан жардамчысы менен Иванов чыкты.

– Саламатсызбы, полковник мырза?

– Шүгүрчүлүк, оёз мырза.

– Урматтуу, полковник мырза. Ак падышанын жарлыгын  аткарбай,

айткан тилди укпай, көргөн күнүңөр ушулбу?

– Таба кылбаңыз, оёз мырза. Жазуу буйруктан эч ким качып кутула албайт.

Ансыз да качкындардын абалын көрүп, жаны кашайып турган Кыдыр аке Ивановду кага сүйлөдү:

– Элиңиздин көрбөгөнү эми көр болот. Ит-кушка жем болушат. Ачтан, сууктан кырылат.Кыскасы тукум курут болот.

– Ок! – Кыдыр аке катуу чочуп кетти.  – Оёз мырза, андай дебеңиз. Ушунча элдин убал-сообу, аккан ка-ны акыры уктатпас. Аманчылык болсо көрөөрбүз.

Ивановдун чечекейи чеч болуп, ойлогон ою үстөм болуп турганына ичинен кымыңдап кубанып, Кыдыр акеге кыр көрсөтүп турду.

Волков  Ивановдун кулагына бир- деме деп шыбырады эле, беркиси катуу каткырып алды. Оюнда эч са-наасы жок, учурда телегейи тегиз, ай-ааламга колу жеткендей болуп турган экөө бөлмөнү жаңырта  бир топко каткырып күлүп жатышты.

– Баарынан да казанда бышып турган эттерин айтпайсызбы, полковник мырза. Казы, карта, чучуктарын көрсөңүз момундай. – Волков булчуңун түйө беркиге түшүндүрүп жатты.Убара болуп тамак жасатып отурбай, бир жыргадык дейсиң!

– «Бах» дечи. Тимеле деликатес эмеспи.Мурда кыргыздын даамынан  татканып калган Иванов даамдуу тамактарды айтканда шилекейин жутуп алды.

– Бешиктеги балдарын да тыштай качышыптыр, курган бечаралар.

– Ой алардын балдарына эмне кейийсиң. Ырас эле болуптур.Мага балдары кызык эмес, малдарын айтчы. Эсеп-чотун тактадыңарбы?

– Тактадык, полковник мырза, 172 жылкы,1645 кара мал,10221  кой болду. Муну союп жеп түгөтө ала турган эмеспиз. Тиешелүү адамдарга дайындадык. Бул бир жолку эле табылгабыз, полковник мырза.

Баалуу кийимдерди көрүп, бекер дүнүйө табылганына сүйүнүчү койнуна батпай, кубанып турса да, сыр алдырмаксан болуп, кийимдерди жардамчысына карматты.

– Урматтуу полковник мырза, биздин аскердик айла-амал менен ойлонулган операциянын эң негизги маани-маңызы мына мында.Кыргыздарды бийик тоо-ташка, аска-зоого сүрүп таштадык. Ал жакка жакында калың кар түшөт, адам чыдагыс катуу суук болот, элди ачкачылык, оору басат.Бир ок коротпой, боо-боо түшүп өлүп жаткан кыргыздарды ошондо көрөсүз. Кийген кийими, ичээрге тамагы, үстүндө үйү жок кыргыздар ошондо кырылат.

– Азаматсың, начальник мырза. Душманга эч кандай аёо болбосун. Сиз Марков мырза эмне деп айтканын уктуңуз беле? « Казак, кыргыз-Чынгыз хан менен Аксак Темирдин эли, буларды Америкадагы кызыл өңдүүлөргө кылгандай азап кылса да убал жок» – деген. Бул жапайыларды кырып, жоюп, тукум курут кылыш керек. Экинчи көлдү көрбөгөндөй кылыш керек!..

Жогору жактагы зор бийликке таянган, аскер кийимин кийинген бул эки адам кабинетте отуруп алып, нечен кылымдардан бери жашап келе жаткан уюткулуу журттун келечек тагдырына кайдыгер карап, алардын убал-сообунан коркпой, адамдын оюна келбеген, төбө чачты тик тургузган, жүрөк титиреткен бүтүмдү сыртынан эле  чыгарып жатышты.

Эртеңки күн кандай болот, кимдин маңдайына кандай тагдыр жазылды, өздөрү кандай күнгө туш келет, ал жөнүндө кенедей да ойлоп койбой, утурумдук ийгилик үчүн кубанычтары коюндарына батпай эрдемсишип, өмүр бою ушинтип жыргап, куунап, бул дүйнөдөн өтпөс, өлбөс болуп жаралышкансып, өзгөчө дуулдап жатышты. Адамгерчилиги жок, таш боор, канкор адамдардын колуна кокустан бийлик, мансап тийип калса, кылаары ушул экен да!..

Жүзү курусун!..

Адамзат баласы жаралганы  ушундайлардын кесепетинен нечен кан күйгөн согушту, кан төгүлгөн кызыл кыргынды баштарынан өткөрүшүп, сан жеткис бейкүнөө адамдар кырылып, эне сүтү оозунан кете элек  наристелер жетим, солкулдаган жаш келиндер кара кийип, кан жутуп, жесир калып, нечендеген көз жоосун алган кооз шаарлар жер менен жексен болуп, ый, муң, кайгы, оору, дарт, ачкачылык, кыргын жер үстүндө жашаган көптөгөн калктар менен элдин башынан өтпөдүбү!..

1916-жылдын 24-сентябрында Жети-Суу облусунун аскер губернатору М.А. Фольбаум жазалоочу отряддын начальниги Слинкого мындай деген телеграмма жиберген:

“Передаю мою телеграмму на имя полковника Слинко от 24- сентября номером 2156, копию этой телеграммы сообщите полковнику Иванову и подполковнику Гейциг, прошу их сущность будушего устройства мятежников разъяснить всем подчиненным.

Руководящие данные таковы:

Первое, на северный склон Александровского хребта, кроме 450 кибиток Тынаевской волости, никто из киргизов никогда пропушен не будет. Эта часть Чуйской долины от Дмитриевки до Джыль-Арыка и вся долина Кемин, равно как все северное и южное побережье Иссык-Куля и долина Текес отныне будут чисто русскими районами.

Второе, кроме волости Тынаевской и Карабулакской, все волости Токмакского участка, загорные волости, также волости берегов Иссык-Куля, долины Текес-все до единой будут смешены навсегда в районы Джумгала, Сон-Куль, в Атбашинский участок и в южные пржевальские сырты.

Третье, долина Кочкорки, где было Столыпино, долина Алабаш также будут запретными для киргизов.

Четвертое, на указанных для смещения киргизов  районах будут постепенно устраиваться только волости, изъявляющие безусловную покорности колеблящиеся, непокорные волости подлежат дальнейшему немедленному разгрому.

Пятое, наиболее виновные во­лости – Сарыбагишевская и Атекинская-будут устроены совсем особо в другом уезде.  Фольбаум» (Опубл.в сб.”Восстание 1916 года в Казакстане. Документы и материалы. Алма-Ата, 1947, док. № 139, стр.132-133.)

«Жети-Суу облусунун согуш губернатору Фольбаумга генерал Куропаткиндин жиберген телеграммасынан көтөрүлгөн массага каршы бир гана Жети-Сууда орус казактарынын эки полку, бир атчандар батареясы, 35 рота, 24 жүздүк, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек, 17 пулемёт каршы аракеттенгени көрүнүп турат».  (Ж.Абдракмановдун китебинен).

Согуш өнөрүнө такшалган, кан төккөн чоң салгылашууларды баштарынан өткөргөн нечендеген солдаты, адамдын үрөйүн учурган курал-жарактары бар ырайымсыз баскынчыларга каршы теңдешсиз кармашта найза, кылыч, чокмор менен куралданган карапайым калк кантип туруштук берет эле?!.

Бактыбек МАКСҮТОВ, “Кыргыз туусу”, 03.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий