Кыргыздын алгачкы генералы 110 жашта

Тарых барактарында  аты түбөлүк калган кыргыздан чыккан биринчи генерал Ысакбек Монуев тууралуу коомчулук жарым кылым убакыт так маалымат билбей келген. Кыргызстандыктардын арасында ушул күнгө чейин бул ысымды  укпагандары  бар десек жаңылышпайбыз. Кыргыз тарыхында алгачкы генерал атанган Ысакбектин атын минтип кыргыз өзү жакшы билбей калгандыгынын себеби, анын тарыхый инсан  катары кадыр-баркынын  төмөн болгондугунда эмес, болгону улуу держава делген СССР жана Кытайдын  генералдын  биографиясын жарым кылым жаап-жашырып келгендигинде. 

Уникалдуу инсан, генерал Ысакбек Монуев өткөн XX кылымдын I жарымында кыргыздын намысын коргоп, эл аралык масштабда аскердик иш жүргүзүп, өзгөчө зоболо күткөн коомдук жана мамлекеттик ишмер болгон. Анын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылаардан мурун  өмүр таржымалына көз чаптырып өткөнүбүз туура болчудай. Анткени, генералдын аскерий ишмердүүлүгү жеке кыргыздар эмес, 1940-жылдары өмүр сүргөн Чыгыш Түркстан Республикасы менен байланышкан.

БАЛА ЫСАК 
Расмий маалыматтар боюнча Ысакбек (азан чакырылып коюлган аты Ысакмат) 31-августта Алайдын Нура айылында жарык дүйнөгө келген. Ысактын ата-теги бардар, билги адамдар болгон делет. Атасы Мону соода иштери менен алектенген, араб тамгасын тааныган билимдүү ажы атанган. Ошондуктан, ал уулу Ысакбекти да жаштайынан молдочулукка окутуп, кат сабатын жойгон. Өспүрүм кезинде “молдо Ысак” атанган болочок генералдын  тагдырынын тайгүлүк ташы мына ушул жерден тоголонгондой. Ысак кат сабаты жоюлгандыктан атасы менен биргеликте Алайдан алысыраак чыгып, соода иштери менен жер кыдырчу дешет. Ошол кездерде анын дүйнө таанымы башка кыргыз жаштарыныкынан айырмаланып, бир аз алга озуп кеткен тура. Кийин атасы, урук туугандары менен кыргыз жеринен Кытайдын Шиңжаңына көчүп кетүүгө аргасыз болуп, болочок генералдын өспүрүм курагы тарыхый мекенден алыс жакта өтөт.

БАСКАН ЖОЛ
Ысак генералдын жаш чагы өткөн аймак  куралдуу конфликттердин очогу болгон. 1928-жылы  Шиңжаңда  Гоминьдан өкмөтү  тарабынан адилетсиз саясат жүрүп, шиңжаңдагы этникалык кыргыздар менен катар уйгурлар, казактар, дунган, моңголдор үчүн салыктардын түрү көбөйтүлүп, мукуратуу, коркутуп-үркүтүү, баш көтөргөндөрүн басуу, маңкуртташтуруу саясаты башталган. Анда бир ууч кыргыз  гоминьдандык бийликтин кысымына эле кабылбастан,  экинчи жагынан,  СССРден качып өткөн басмачы топтордун талап-тоноолоруна да тушугушкан. Бул кысымдар кыргыздарды алдан тайдырып, алсыраткан. Айрыкча, гоминьдандык бийлик кыргыз жигиттерин аскерлерге алып кетип, бирок, эл астында эч кандай жоопкерчилик тарткан эмес экен. Ошол мезгилде шиңжаңдык кыргыздар турган аймакта туруктуу өкмөт, саясий бийлик дагы болгон эмес. Андыктан, басмачылар жойлогон  Кашкар аймагында  СССРге каршы чабуул уюштуруучу плацдармага айлантуу болжолдонгон.  Бул жагдайды ичтен көрүп турган Ысакбек анда 25 жашта болгон. Намысына келген жигит Шабдандык өкмөттүк отрядды таштап, өзүнчө басмачыларга каршы аскер кураганга бел байлайт. Алгач ал аскерди  бир айылдын жигиттеринен кураган. Тарых булактарында Ысактын аскерлерине  совет бийлиги курал- жарак жөнөтүп, жардамдашып турган деген маалыматтар бар. Ысакбек өзүнчө аскер кураганга чейин эле советтик чекисттер менен байланыш түзүп, кызматташууга жетишкендиги  маалым. Анткени, ошол кезде Кытайда чет өлкөлөрдүн таасири күчөп, Кытай мамлекети Англия, АКШ, Япония сыяктуу өлкөлөр менен Советтер Союзунун өз ара тирешүү майданына айланган эле. Ал эми совет бийлиги үчүн ал аймактан басмачылык саясатка каршы чыккан Ысакбектей жигиттердин бар экени чоң ийгилик болгон.

Ошентип, Ысакбек Монуев 1934-жылы Түштүк Шиңжаңды  басмачылардан биротоло тазалап бүтөт. Бирок,  Ысакбек бул тирешүүлөрдө бир туугандары Кадырбердини, иниси Шаакматты жоготот.

АРАКЕТТИН АКЫБЕТИ КАЙТЫП…
Ушул эле жылдары Кашкарда Сабитдамылла Абдулбакиев түзгөн англиялык багыттагы Чыгыш Түркстан өкмөтү да Ысакбектин күчү менен жоюлган. Мына ушундай жагдайлардан, жеңиштерден кийин гана Үрүмчүдөгү жаңы Үрүмчү өкмөтү  Монуевге кол созуп, мамиле түзүүгө аргасыз болот.  Анда Монуев 1934-жылы 35-кыргыз атчандар полкун түзүп, аскер бөлүгү катары Кашкар шаарына жайгашат. Бул кезде полктун курамындагы аскерлердин саны 2500гө чукулдап барган. Жергиликтүү бийликке расмий аралашпаганы менен Ысакбек ошондон тартып, Түштүк Шиңжаңдагы эң таасирдүү адамдардын катарына туруп, бийликке ээ боло баштаган.

 Абалынан пайдаланган Ысакбек жергиликтүү бийликке тили өтө баштагандан тарта, аскердик ишмердүүлүгүнөн сырткары, Өкмөттүн көңүлүн Кызыл-Суудагы кыргыздардын социалдык акыбалына бурууга жетишип, элдин ал-акыбалын оңдоого да салымын кошот. Ал кезде Монуевдин демилгеси менен идиректүү балдар Советтер Союзуна окууга да жөнөтүлө баштаган. Этникалык кыргыздар үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк болгон,- дешет ал күндөрдүн күбөлөрү. Шиңжандын өзүндө да мектептер ачылып, маданий агартуу мекемелери курула баштаган. Дегенибиз Кытайда биринчи жолу комуз ийрими уюштурулуп, улуттук аспаптын үнү жаңыра баштайт.

ГЕНЕРАЛДЫК ЧИНДИН БЕРИЛИШИ
Монуевдин чөлкөмдө пайда болгон кадыр-баркы жергиликтүү бийликти кооптондуруп, ойлондура баштаганбы айтор, 1935-жылы Үрүмчүдөгү өкмөт анын атчандар полкун таратып, Улуучат ооданына аким кылып шайлашат. Ал аким болуп турган чакта, Кашкардан Эркечтамга каттай турган  265 км узундуктагы таш жол салдыргандыгын замандаштары эскеришет.

Бирок эки жыл өтүп, 1937-жылы жергиликтүү бийликке баш ийүүдөн баш тарткан уйгур дивизиясынын эки башчысы көтөрүлүш жасайт. Ошондо  расмий Үрүмчү Кашкардагы жарандык согушту токтотууну аргасыз  Ысакбекке тапшырып, Совет өкмөтү кайрадан полкту куралдандырып, абал жөнгө салынат. Мына ошол окуядан кийин гана Өкмөт Ысакбек Монуевдин эмгегин баалап, кытайча  “люйжан” аталып, “бригада генералын” туюндурган  аскер чинин ыйгарат. Ошентип, Ысакбек Монуев 35 жаш курагында кыргыздан чыккан биринчи генерал атанып чыгат.

МЕКЕНГЕ КАЙТУУ
 Андан кийин Ысакбек Кашкар шаарына жайгашып, 3 полкту курамына алган бригадага башчылык кылып, бүтүн Кашкар-Хотен аймагын аскерий көзөмөлдөөнү колго алат. Бирок, Ысакбектин иштери мындан ары ийгилик менен коштолуп олтурбайт. 1938-жылы бригада ичинде кутум уюштурулуп, 35-атчан полкунун 23 офицери кыргынга учурайт.  Бул окуядан кийин 1940-жылдын башында атчандар полку бүтүндөй таратылат. Ысакбек командирликтен алынып, маданият тармагы боюнча  иш жүргүзгөн уюмга мекеме башчысы болуп дайындалат.

Агартуу тармагында да өз ишин алып кете алган Ысакбекке мындан кийин  көзүн тазалоо сыяктуу ага каршы иштер жүргүзүлө баштаган. Ошентип, 1943-жылы Ысакбек Советтер Союзуна качып өткөнгө аргасыз болуп,  Алматыга келет.

Советтер Союзунда жүргөн кезинде генералга гоминьдандык бийликти кулатууга жардам бер,- деген сунаштар көп эле түшкөн. Анткени, ал Чыгыш Түркстан чөлкөмүн жакшы билген адам катары эсептелген. Бирок, Монуев андан баш тартат.  Бул аралыкта Ысакбек Кытайдан туугандарын көчүрүп келүүгө да үлгүрөт. Алар тарыхый мекенинде жылуу кабыл алынып, мамлекеттин каржылоосунда жашап калышат.

Монуев  Кыргызстанга келгенден кийин кол куушуруп отурбай,  “Буйгу”, “Баатыр” деген аскер бөлүктөрүн түзгөнгө жетишет. Бул аскерий топтор кийинчерээк Кытайга өтүп, 2,5 миң аскерден турган гоминьдандык дивизиянын кулашына жардам берет. Бул каршылашуу бир айга созулган делет тарых барактарында.

1945-жылы партизандык биригүүлөрдүн натыйжасында Чыгыш Түркстандын улуттук армиясы да түзүлөт. Мында да Ысакбектин түз катыштыгы менен иш бүтөт. Андан кийин генералдын кадыры дагы өсүп, Чыгыш Түркстандын коргоо министри болуп бекитилет.

 1949-жылы гоминьдандык режим кулаган соң, Сталиндик бийлик Мао Цзедун менен пикирлеш боло калат. Ушул биригүүнүн максаты Чыгыш Түркстанды Кытайдын  курамына киргизүү эле. Так ушул маселени чечүү үчүн Кытай тарап Пекинге ЧТРнын жетекчилигин сүйлөшүүгө чакырат. Республиканын коргоо министри катары Ысакбек Монуев жетекчилиги менен бирге  жыйынга аттанат. Бирок, алар Пекинге жетпей учак авариясында каза табат. Азыр тарыхчылар бул атайын уюштурулган өлүм жазасы болушу мүмкүндүгүн айтып жүрүшөт. Кээ бир маалыматтар боюнча, учактагыларды Лубянкага алып барып атып салышкан дешсе, кээ бирлер Читада, Улан-Удэде жарылып каза табышкан деп жүрүшөт. Айтор, генералдын сөөгү Кыргызстанга алынып келингенде аны Ысакбектин жубайы да тааный албай койгон экен. Тарыхый мекенге алынып келинген сөөк генералдыкыбы же башканыкыбы азырынча  бизге караңгы. Мүмкүн убакыт өтүп, тарыхчылар бул окуянын ачыгын айтып чыгышаар.

 Бул жылы Кыргыз Өкмөтү жана Жогорку Кеңеш  Ысакбек Монуевдин 110 жылдыгын өткөрүү идеясын көтөрүп чыгып, атайын токтом кабыл алган. Мүмкүн ушул салтанат кыргыз генералынын бейнесине тийиштүү көңүл бурууга түрткү берээр.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, “Эркин-Тоо”, 03.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Кыргыздын алгачкы генералы 110 жашта: 2 комментария

  • 23.08.2012 в 01:15
    Permalink

    жылында ката кеткен,суроттогу жылды карап койгула

    Ответ
    • 23.08.2012 в 09:20
      Permalink

      Рахмат. Туура байкагансыз. Бирок бул сүрөттү жасагандардын катасы. Мен тек гана аны көчүрүп коюп койгом. Оңдоп көрөйүн.

      Ответ

Добавить комментарий