Кыз-жигитке жарашкан кийимдер, кереметтүү оюулар

Жакында борбордо улуттук баалуулуктарга, кийимдерге кызыккандар үчүн улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү. Улуттук кийимдерди бир нече жылдан бери изилдеп, элдин табитине ылайыкташтырып ар бир жарандын чөнтөгүнө ченеп эмгектенген Динара ИБРАИМОВАны кепке тарттык.

— Кичинемде кийиз жасап, шырдак шырып, жүн тытып, сайма сайып апама жардам берип чоңойдум. Мектепти аяктагандан кийин экономисттин окуусун бүтүргөм. Ошол кезде мамлекет чачыранды абалга туштугуп, эл көр оокаттын айынан туш келди жумуштарда иштей баштады. Мен да колумдан келген ишти жасоого өтүп, адегенде аялдардын ар кандай кийимдерин тигүүнү колго алдым. Убагында кыйналган учурлар болду. Тынымсыз аракетибиз менен ошол кыйынчылыктарды да жеңдик.

Акыркы кезде эл саймалуу кийимдерди көбүрөөк кийип модага айлана баштаганда мен дагы сатып алып кийүүгө кызыктым. Колумда тигүүчү цех болгондуктан эмне үчүн биз да тигүүгө болбосун деп кызыга баштадым. Улуттук кийимдерди артисттер сахнага ырдап чыкканда же мода үчүн эле эмес, күнүмдүк жашоодо, той-ашка, көчөгө, жумушка кийе тургандай ыкмада чыгарууну пландадык. Кыргыздын ар бир оюуларында терең сыр, философия бар. Кийимдин бычылып тигилиштери денеге ыңгайлуу, ден соолукка пайдалуу болуп, улутубуздун кийимдери башкаларды суктандырыш керек экендигин түшүндүм. Бул идея жаралгандан кийин үч жыл ойлонуп, иштин көптүгүнөн ишке ашыралбай жүрдүк.

Кыш мезгилинде биздин жумуш азайып калат. Ошондо улуттук кийимдерди жаратууга кириштик. Баарыбыз отуруп кеңешип, саймасы кандай болорун, кездеменин сапатын, өңүн, фасонун иштеп чыктык. Саймалардын үстүнөн да биртоп убакыт изилдеп иштедик. Алгачкы эмгегибизди тааныштарга, жоро-жолдошторго, туугандарга сунуштасак бардыгы жактырып сатып ала башташты. Анан аз-аздан базарга коюп көрдүк. Базарга чыккандан кийин кийимдерибизге болгон талап өзүнөн-өзү күчөдү. Биздин кийимдерди бир аздан коюп саткандардын айрымдары кийин толугу менен улуттук кийим сатууга өтүп кетишти. Эл өзүбүз цехке барып заказ берели деп дарегибизди алып, телефон чалгандар да болушту, атүгүл бири-биринен угуп келгендер да көбөйдү. Көрсө, эл деле ар кандай фасондогу, ар кандай өңдөгү баасы кымбат эмес улуттук кийимдерге суусап турган экен. Алар заказ бергендер саймасын, кездемесинин өңдөрүн тандашып каалагандай тиктирип кетишет. Кудайга шүгүр, кийимдер көрктүү, ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди жумшап атабыз. Көйнөктөр улуттук колоритте тигилген. Өтө делбиребейт, төшү ачык же өтө кыска эмес, жеңи узун, кыз-келиндерге ыңгайлуу.

— Саймаларды кантип тандайсыңар?
— Кыргыздын саймаларынын, оюуларынын маанисин түшүнбөй мамиле кылууга болбойт. Ар бир оюунун тилеги, сыр каткан мааниси, бир нерсени туюнтуп турган өзгөчөлүктөрү бар. Сайма адамдын жашына, аял-эркегине, улуу-кичүүсүнө да ылайыкталып салынат. Ал эми сайманын жиптерин кездеменин өңүнө карата туура тандоо да өзүнчө чоң иш. Бул тууралуу атайын адистер менен кеңешип, изденип, оюуларды да тереңден түшүнүп, алардын баарын орду менен колдонууга аракеттендик. Жакындан бери белгилүү оймочу Канат Жапаров менен иштеше баштадык. Анын керемет оюулары азыр көп жерде колдонулуп жүрөт. Канаттын өзгөчө касиети — ар бир адамдын өзүнө гана тийиштүү оюусун түшүрө алат. Ал оюуну тумар катары кийимдерине сайдырып алышса коргоп жүрүүчү таасири болот экен. Учурда чийдирип алган оймолорун эркектер кийимдеринен тышкары курларына салдырышса, айымдар билерик, сөйкө-шакекке түшүрүүдө.

— Негизи эркектердин улуттук кийимдери бизде жокко эсе. Болсо да артисттер эле сахнага кийишет. А силерде күнүмдүк жашоого кийе тургандай формада тигилгендер да бар экен.
— Айымдарды кийинте баштаганда эле мырзаларга да улуттук кийимдерди тигишибиз керек деген идеяны колго алдык. Анүстүнө кыргыздын мырзалары айымдарга караганда абдан мекенчил келишет эмеспи. Алардын кийимге талаптары бар, бирок сатыкта улуттук кийимдер жок болгондугу үчүн гана кийе албай жүрүшөт. Апаларын же келинчектерин ээрчитип келген эркектер заказ кылып атканда эмне үчүн бизге да тикпейсиңер деп сурашчу. Силерге да тигебиз деп убада берип жүрүп, акыры ошол убадабызды аткардык.

— Улуттук колоритке ылайыкташтырылган мектеп формасын чыгаруу боюнча оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз?
— Акыркы 15-20 жылдын ичинде бирдиктүү мектеп формасынын жоктугуна байланыштуу өтө чоң көйгөйлөр жаралып, окуучулардын психологиясы бузулуп, жандүйнөсү жабыркап келди. Эгер биз мектеп кийимдерин тигип, аларга илимдин, билимдин, адептүүлүктүн оюуларын салып берсек анын таасири жакшы жагынан окуучуларга тиеринен күмөн санабайм. Керек болсо бир мектепти эксперимент кылып көрсөк да болот. Формасынын бир четинде кыргыз оюусу, башында кыргыз калпагы бар балдарда сөзсүз түрдө өзгөрүү болот. Ошон үчүн учурда окуу формасынын үлгүсүн элдин, Билим берүү министрлигинин, өкмөттүн сынына коюп, кийим баасын кымбат кылбай, кездемесин жакшы тандап, майрамдык жана күнүмдүк кийилүүчү кылып тиксекпи деген оюбузду ишке ашырууга дилгирбиз. Мектеп формасы 1-4-класстарга өзүнчө үлгүдө, 5-7-класстарга башкача үлгүдө жана 7-11-класстарга өзүнчө үлгүдө тигилиши керек. Жаш курактарына жараша бир гана жерине белги катары өзүнчө сайма салынат.

Акыркы кезде үйлөнүү үлпөтүнө ылайыктуу кыз узатуу көйнөгүн сурагандар көп. Андан тышкары, бизде кыздын сеп бурчу болот. Анда ала кийиз, курак жер төшөгү, саймаланган жер төшөк, дасторкон, көшөгө, жаздыкча, оюулар түшүрүлгөн аппак дасторкон да бар. Мындан тышкары, кийинчерээк кийиз, күмүш, булгаары менен иштегендерди кызматташууга чакырып, каалоочулар ушул жерден кийимине жараша сөйкө-шакек, билерик, кур же башка буюмдарды таба алуусуна шарт түзөбүз.

Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий