Айбек САРЫГУЛОВ, Түркиядан келген ишкер: «Түркияга «Кыргыз айылын» ачалы деп жатабыз…»

Айбек Сарыгулов Түркияда түзүлгөн «Кыргызстан: достук жана маданият» коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы. Үй-бүлөсү менен 20 жылдан бери Түркияда жашайт.

— Айбек, Түркияга качан жана кандай максатта кеттиңиз эле?
— 1992-жылы мамлекеттик программа менен Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы окууга жөнөтүлгөнбүз. Инженер-механик факультетинде 3-курста окуп жатканда үйлөнүп, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окууну таштап, иштеп кеттим. Алгач туризм фирмасында котормочу болуп жүрдүм. Азыр көп иште иштейм. Түркияда, Казакстанда, Өзбекстанда фирмаларым бар. 2009-жылы түзүлгөн «Кыргызстан: достук жана маданият» коомунун башкаруу кеңешинин төрагасымын. Коомдун башкы максатына токтолсом, кыргыз-түрк элинин биримдигин жана достугун чыңдоо. Коомубуз түзүлгөндөн баштап Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономика, илим-билим, маданият жана достук мамилелерин чыңдоо багытында көптөгөн иш-аракеттерди жүргүзүп келатат жана жүргүзө бермекчи.

Түркиядагы кыргыздар бир чоң үй-бүлө болуп калдык. Өлкөбүздөн боз үй, жаргылчак, сокбилек, соку, чоң казан алып кеткенбиз. Учурда 9 боз үйүбүз бар. Алгачкылардан болуп боз үйдү биз тиктик. Бизден кийин казактар тикти. Боз үй эки жолу: Эгемендүүлүк күнү, Ноорузда тигилет. Ноорузда сүмөлөк, жарма бышырабыз. Боз үйүбүздү жаздан күзгө чейин тигип, кыргыз тамактарын кеңейтүү максатта долбоор жаздык. Стамбулдун акимчилигинен токой тилкесин сурап жатабыз. Токой берилип калса, «Кыргыз айылын» ачабыз.

— Түркияда канча кыргыз бар?
— Түркияда былтыркы жылдын эсеби боюнча расмий түрдө жети жарым миң кыргыз бар деп айтылып жүрөт. Ал эми биздин эсеп менен он эки миң мекендешибиз болушу мүмкүн, студенттерди кошкондо. Студенттер Кыргызстанга барганда жакшы жумуш таба албагандыктан — Америка, Кытай, Япония, Германия жана башка өлкөлөргө иштеп кетип жатышат. Өзүбүздүн өлкөгө кызмат өтөп, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө салым кошсо деген ойдо алар менен көбүрөөк иштешип жатабыз.

— Өзүңүз Кыргызстанга качан кайтайын деген оюңуз бар?
— Биздин коомдо 20 жылдан ашуун жашап калган мекендештер бар. Көпчүлүгү жакшы жерлерде, ири ишканаларда мүдүр болуп иштешет. Айрымдарынын жеке ишканалары бар. Түркияда кыргыздардын кадыр-баркы жогору. Мага да 20 жыл болду. Биз деле кетебиз деп жүргөнбүз, бирок диаспора катары калыптанып калдык. Эми буюрган күнү барып калаарбыз.

— Коомго кимдер демөөрчүлүк кылат?
— Коомдогу ишкерлер. Бизге мүчө болгондордүн төлөө акысы — 12 доллар. Башында аябай эле аз болчубуз, азыр ар кайсы шаарга офис ачканга аракет кылып жатабыз. Анкарага, Стамбулга ачтык. Стамбулда — 280, Анкарада — 230 мүчөбүз бар. Анталияга, Измирге өкүлчүлүк ачалы деп аракеттенип жатабыз. Кыскасы, Түркияга жана башка дагы мамлекеттерге биздин маданият, үрп-адат, каада-салтты таанытуу максатында иштеп жатабыз.

— Бөтөн жерге келгенде ошол жердин тилин сүйлөп алмай адатыбыз бар. Сурайын дегеним, өз тилибизди өгөйлөгөн жоксуңарбы?
— Башкасын билбейм, бизде андай адат жок. Эне тилибизди чет жерге өнүктүрүү боюнча долбоор жазып жатабыз. Себеби «котормочумун» дегендер көбөйүп, ар кайсы тилден кыргызчага бир эле сөздү төрт, беш мааниде которуп жатышат. «Кыргыз эл жомокторун» эле алайынчы. Анын ичинде биздин убактагы жөнөкөй, жатык тил менен жазылган жомоктор жок. Татаалдаштырылып жазылган. Аны окуганда тил сынат. Аны бала эмес, мен түшүнбөйм. Мисалы, «үналгы», «сыналгы» деген сөздөр кыргызга таандык эмес. Ал кытайдан келген сөз. Бул сөздөр башка маанини да түшүндүрөт. Эгер биз Түркиядан китеп чыгара турган болсок, түрк тилиндеги сөздөрдүн көбүн кошуп коюшубуз мүмкүн. Ошентип отуруп кыргыздын тили жок болуп кетиши ыктымал. Ошондуктан бизге тезинен орфография эрежелерин так билген окумуштуулар керек. Андан тышкары, айтылуу акын, жазуучуларыбызды Түркиядагы жаштарга таанытуу максатта китепкана ачканы жатабыз. Кыргызстандан «Раритеттен» китеп алып келдик. Бирок кыргыз тилинде китептер аябай эле аз экен. Ушул маселелерди Роза Отунбаева уюштурган форумда да айттым.

— «Мекендештер» форумунун артыкчылыгы, кемчилиги…
— Артыкчылыгы — мамлекеттик деңгээлде уюштурулганы. Биздин үндүн угулганы болду. Мисалы, мен Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге кош жарандуулукту алуу жана чет өлкөдөн каза болуп калган жарандын сөөгүн алып келүү канчалык көйгөй жаратып жатканын айтсам, Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовго жаш пианист Азамат Сыдыков маданияттын кайсы жагынан аксап жатканын, Кыргызстанга чоң концерт койгусу келээрин айтты. Ушундай маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген Роза Отунбаевага ырахмат. Кемчиликтер бар эми… Эң башкысы чогулдук, жакшы долбоорлорду сунуштадык. Ошолор ишке ашсын деген гана тилекти тилейли, жамандык издебей…

Маектешкен Назира СААЛИЕВА
P.S. Келерки саныбыздан Германиядагы хирург Бакыт Көбөгөновдун маегин окуй аласыздар.

“Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий