Касымбек ВУРАЛ ШАКИР уулу: «Күрддөр менен түрктөрдүн ортосунда жашаган кооптуу»

Түркиядагы Ван шаары салтты катуу кармаган аймак экенин кино аркылуу жакшы билебиз. Учурда бул шаарда үч миңге жакын мекендештерибиз жашап келет. Ал жактын шарты адам чыдагыс болбосо да жашоо үчүн кыйын эле. Вандагы кыргыздардын турмушун Түркиядагы «Памир» коомдук фондунун жетекчиси Касымбек Вурал Шакир уулу айтып берди.

— 3000 кыргыз Ванга кантип барып калган?
— 1916-жылы Ош, Өзгөн айылынан чыккан кыргыздар Улуу Памирге качып барышкан экен. Андан жылып отуруп Пакистанга төрт жыл баш калкалаганбыз. Мен Памирде төрөлүп, Пакистанга жылган кезде жети жашта болчумун. Ошол кезде кыргыздарга баш болуп келген Рахманкул хан Америка менен Түркиянын бийлигине бизге баш калкалаганга жай бергиле деп кат жолдоптур. Экөөнөн тең оң жооп алган соң аксакалдарды чогултуп кайсы өлкөгө баралы деп кеңешет. Аксакалдар бийликти толугу менен Рахманкул ханга өткөрүп бергендиктен өзү чечип Кыргызстанга жакыныраак, тилибиз окшош деп Түркиянын Ван шаарына келген экен. Эгер хан болбогондо кыргыздар Памирдин суугунан Пакистандын мээ кайнаткан ысыгына көчүп келгенде эле кырылып жок болмокпуз. Ансыз деле төрт жылдын ичинде көптөгөн кары-картаң, жаш балдар дүйнөдөн өтүп кетти.

— Азыр ал жакта жашаган кыргыздардын жашоо-шарты кандай?
— Түркия мамлекети үстүндө өздөрү жашашсын, астына мал короо кылышсын деп эки кабатуу 300 үй салып беришкен. Азыр элдин да, малдын да саны көбөйүп, айылга батпай баратышат. Эки кабат үйдө элдер өздөрү жашап, малдарын сырттагы короого кармай башташты. Ван шаарынын Памир айылында талаа иштетип жан баккан адам жок. Илгерки кыргыздардай жалаң мал менен жан багабыз. Ошого жараша жайыт жерлер да азайып баратат. Шаардын айланасы дөңдөр менен курчалган өрөөндөр. Бул шаарда түрктөр менен күрддөрдүн илгерки таарынычы бар. «Эки дөө кармашса ортосунда кара чымын кырылат» болуп, 2006-жылы эки улуттун ортосунда жаңжал чыгып кетип ортодо биздин эки бала каза болду. Күрддөр түрк тилдүү эл деп кыргыздарды кошо жаман көрөт. Учурда 800 бала армияда кызмат кылып айылдын элин коргошот. Ошого жараша аларга акча төлөнүп берилет.

— Вандагы кыргыздар көбүнчө кайсы тилде сүйлөшөт?
— Улуу муундагылардын тили кыргызча. Бирок кийинки муун түрк тилине басым жасап баратат. Башында барганда жаңы отурукташып, өздөрүнүн алапайын таппай жатып балдарга билим берүүнү деле унутушкан. Учурда миңден ашуун бала мектепте билим алышат.

— Кыргыздын улан-кыздары түрктөр менен баш кошкон учур арбын болсо керек?
— Жок, тескерисинче андай учур саналуу. Биз кыргыз менен кыргыздын баш кошуусуна кызыкдарбыз. Жок болуп кетүүдөн коркобуз. Түрктөр менен кыргыздын жылдызы келишип калса алар деле үйлөнө берет. Бирок жеке менин оюмда, кыргыздын жигити кыргыз кыздын колун кармап тукум улаган оң го. Мисалы, менин эки кыз, эки уулум бар. Азыр алардын жашы кичирээк. Кийин кандай болуп кетет билбейм, бирок мен кызымдын түрк жигитине тийишине каршымын. Кантсе да кыргыздын жыты, каны бир да. Азыр Памир айылында жашаган кайсы кыргыз болбосун үйүнө кирип ээн-эркин отура аласың. Түрктөрдө болсо андай эмес.

Бизде турмуш жакшы, бирок баары бир мекениңе жетпейт да. Колдон келсе Кыргызстанга келип жашагыбыз келет, айла жок. Мекендештерибиз барып калса көргөндө көзүбүздөн жаш айланып тосуп алабыз.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий