Мамат Сабыров. “Айганыш”

(аңгеме)

Митал окуган мектептин балдары бир башкача сүйүшчү. Бул жеке Митал окуган мектепке же ал жашаган айылга эмес, жалпы чөлкөмгө таандык өзгөчөлүк болсо керек. Сегизинчи же онунчу класста окуган уландын кайсыл бир кызга көңүлү түшүп калса, бирөөнү ортого салып, «айттырат». Бул жаңылык ошол замат мектепке, анан бүт айылга «дүң» эте түшөт. «Паланча түкүнчөгө айттырыптыр» дейт балдардын бири. «Кимден айттырыптыр?» деп тактап сурайт экинчиси. Себеби, кыздын жообу көп жагынан бала ким аркылуу айттырганына да байланыштуу болот.

Кыз макул болсо көп өтпөй аларды клубга кино келген күндөрү, майрамдарда чогуу шынаарлашып жүрүшкөндөрүн көрүп калышат. Ар кайсыл дарбазаларда, тамдардын боорлорунда «Жакып+Жамийла=сүйүү» деген сыяктуу жазуулар пайда болот.

Кээ бир чечкиндүү, өрт балдар эч кимди ортого салбай эле кат же открытка жазып, кыз отурган партанын астына катып коюшат. Албетте, кыздын да көңүлү болсо, же кат жазган жигитти урмат-сыйга татыктуу деп эсептесе, жылуу-жумшак жооп жазат. Эч болбоду дегенде билмексен болуп, катын жоопсуз калтырып коёт. Айылда мындай маанилүү милдетти аткарганга ар кайсыл китептерден ашыглык ырларын көчүрүп жазууга адистешкен, оозуна кат тиштеген ак кептердин сүрөтүн тартууга жөндөмдүү балдар болот. Эң кызыгы, кыздын жооптору да көбүнесе бир адам тарабынан, сочинениени, диктантты катасы жок жазган, колу сулуу активист кыздын өнөрканасында даярдалчу.

Бирок сүйүүгө жарчы каттардын, открыткалардын тагдыры көбүнесе кейиштүү бүтчү. Кыз жакын курбуларын ээрчитип алып, танапис учурунда тиги баланы атайы издеп келет да, бүт классташтарынын көзүнчө открыткасын майда-майда кылып бырчалап, үстүнө балчайта түкүрүп, аны менен эле тим болбостон бетине бир чачат. Айрым кыздар таасир күчтүүрөөк болсун үчүн отура калып, көз жашын төгүп да ийет. Бул аракети менен ал бүт коомчулуктун алдында өзүн реабилитация кылганы. Менде эч күнөө жок, мынабу ары жок өзү эле тийишип атат дегени. Эгер антпесе ошол замат балдардын арасын ушак сөз аралап, ал мектептин мугалимдерине, атүгүл ата-энесине чейин жетет.

Митал сүйүү өңдөнгөн калаты сезимге экинчи класста окуп атканда кабылды. 2-«Б» класста Айганыш аттуу кыз бар эле. Ал кыз сабакка кирип баратканда да, танаписте сыртта ойноп атканда да Митал көзүн албай, көпкө тигилип карап калат. Бир жолу Айганыш Назми аттуу курбусу экөө Миталдын эки классташы менен эки-экиден болуп кар урушмай ойноп атышкандарын көзү чалды. Анда Митал буга анча маани берип, элес алган эмес. Бирок мындай көрүнүштү күн сайын, ар бир танапис сайын көрө баштаган соң, алардын ортосунда бир нерсе бар экенин жүрөгү туйду. Кызганыч сезими жалбырттап, ичин ит тырмачу болду. Эч нерсе билмексен болуп Ажыбектин танабын тартып көрдү эле, ал да «Б» класстагы эки кыз менен достошуп атышкандарын жашырган жок. «Чачы кыркылганы меники, берки, жашыл пальто кийгени Жумаштыкы» деди Ажыбек оозу жалжайып.

Миталдын Рустам деген досу бар. Мектепте да, сабактан кийин да дайыма чогуу жүрүшөт. Кээ бир күндөрү атасынан суранып Миталды үйүнө да ээрчитип кетет. Кышында үйдүн эки гана бөлмөсү жылытылгандыктан, атасы менен апасы кире бериштеги бөлмөгө, ал эми Рустам менен эжелери болсо төркү чоң залда жатышчу. Бир курдай Митал барганда экөөнө адаттагыдай эле бир бурчка чогуу төшөк салып беришти. Телевизордон хоккей көргөн соң, экөө түн бир оокумга чейин шыбыр-шыбыр этип, кыздар жөнүндө кеп кылышты.

— Мен Айганышты жакшы көрөм да, — деди Митал. — Ажыбек «ал меники» дегенде жүрөгүм тыз этип кетти…

Ушул учурда төр жакта жаткан Рустамдын эжелери «пык-пык» этип күлүп калышты. Көрсө, жанатан бери экөөнүн сөздөрүн угуп, бешиктен бели чыкпай жатып ышкы отуна кабылган «ашык гарыптын» жоругуна боорлору эзилип жаткан тура.

Арадан көп жыл өткөндөн кийин Митал Айганыш жөнүндө эстегенде, бетине сепкил баскан ушул балык ооз кыздын эмнесин жактырдым экен деп таң кала берчү. Айыл боюнча Айганыш гана чачын кыска кылып жүрчү. Атасы чоң кызматтарда иштеп, көп жыл райборбордо жашап келишкендиктен кылыктанып, орусча сүйлөчү. Ким билет, айылдык балага балким ошонусу кызык сезилгендир…

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.08.2012-ж.

mamatМ.Сабыровдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий