Түркологиядагы жаңы табылга

Байыркы кыргыз тарыхынын, маданияты менен саясатынын бир даары коомчулук үчүн али табышмак бойдон калууда. Ал тууралуу таш бетинде калган рун жазуулары же эстеликтер улуттук окумуштуулардын не бир изилдөөлөрүн, системалуу эмгектерди жана корутундуларды талап кылат. Окурмандарга сунушталып жаткан тарыхый табылга тууралуу материал да бир катар өңүттө көпчүлүктү кайдигер калтырбайт деген ишенимдебиз.

Хакасиядагы Ак-Йүс дарыясынын жээгинде Тогыз-Ас деген үңкүр бар. Абакандык спелеологдордун сайтындагы маалыматтарга караганда, үңкүр бир топ чоң: оозунун бийиктиги 12 метрдей, туурасы 15 метрдей келип, узундугу 60 метрге чейин жетет.

Красноярск  шаарынан келген изилдөөчү С.Б.Проскуряков 1885-жылы ушул үңкүрдүн боорунан кара (башка бир маалыматтар боюнча, кара жана кызыл) боёк менен жазылган рун жазуусун тапкан. Енисей жазма эстеликтеринин каталогуна Е-38 деген ат менен киргизилген бул жазма эстелик кийин В.В.Радлов, Х.Н.Орхун, С.Е.Малов, И.А.Батманов, Д.Васильев сыяктуу түркологдор тарабынан жарыяланып чечмеленген. Тилекке каршы, үңкүрдөгү жазуунун өзү кийинчерээк жок болуп кеткен.

Атактуу түрколог В.В.Радлов текстти окуп чечмелеген жана ал С.Е.Маловдун «Енисейская письменность тюрков» аттуу эмгегинде да бар:

Транскрипциясы:

(1) Алту-шанта келип,

(2) Алим каным терс буту (н) (?)

(3) Бу улуг эр атым Өг(дем) ын алп (или Ынал п)

(4) багым келип эсен энип (инип) аңланып…

Котормосу:

(1) Придя из (или в) Алту-шан

(2) Мое государство, мой хан…

(3) Это великое и геройское имя мое: герой Огдэм Ынал…

(4) Мой род пришел, благополучно спус­тившись (с гор) и узнав…

Экинчи саптагы «терс» деген сөздү В.В.Радлов этноним катары караган. Бирок түрк тилдеринде ушуга окшош «терсе» же «тарса» деген сөз бар жана ал «христианин» деген маанини билдирет. К.К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» бул сөздүн иран тилдеринен киргендиги белгиленип, эки мааниси бар экендиги көрсөтүлгөн: 1. (у старых книжников) христианин; 2. (в эпосе) название народа. Ушул эле жерде келтирилген мисал да бар: кыргыз, тарса – кыйла эл, кызыл кан агып болду сел (708-бет). Ушуга таянуу менен айрым окумуштуулар жогорудагы текстти христиан-несториандар жазган болушу мүмкүн жана биринчи эки сап «Придя из Алту-шан, мой правящий род и мой хан (представляют) христианский народ» деген маанини билдириши ыктымал деген ойду айтышат.

Мындан тышкары ошол Тогыз-Ас үңкүрүнө жакын жерде Тарча-хыс (христиан кыз) деген өзөн бар жана ал тарыхый фольклордун маалыматтарына караганда, элди монгол аскерлерине каршы баштап чыккан христиан кыздын урматына ушундайча аталып калган. Ошондой эле Ак-Йүс дарыясынын жээгиндеги Хызыл хас тоосунда «Тарча хыс авеез» – несториан кыздын чеби деп аталган эстелик да  бар.

Эми окуянын кызык жерине келели. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы тарых кафедрасынын окутуучусу Акыл Исмаев ушул жылдын апрель айында Каракол капчыгайынын этек жагынан рун жазуусу чегилген таш таап алып, Каракол шаарынын музейине өткөрүп берген. Музей кызматкерлери тарабынан тазаланган бул ташты кылдат иликтеп чыккандан кийин чегилген тамгаларда көп кылымдарда барып пайда боло турган туздун бар экени, демек, жазуунун байыркы замандарда жазылгандыгы аныкталды. Баарынан кызыгы, текстти окуй келгенде, ал айрым айырмачылыктарын эске албаганда, жогорудагы Тогыз-Ас үңкүрүндөгү жазуу менен бирдей болуп чыкты. Тексттин алгачкы окулушу төмөнкүдөй:

Транскрипциясы:

1) Алтушанта келип

2) Элим теним каршы бутн

3) Бу улуг эр атым Өгдемыналп

4) Багым келип шанланып опланып

Котормосу:

1) Алту-Шандан келип

2) Элим да, теним (өзүм) да каршы бүтүн

3) Бу(л) улуг эр атым Өгдемыналп

4) Уруум келип шаттанып оптонуп

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, тамгалар ташка даана чегилген жана жакшы сакталган. Ал турсун, саптар сызыктар менен бөлүнүп, сөздөр менен сөз айкаштары атайын  белги   (кош чекит)  менен бөлүнгөн. Мындай өзгөчөлүктөр рун жазма эстеликтеринин  баарына эле мүнөздүү эместигин, алардын эң атактууларында гана бар экенин адистер жакшы билишет. Ушундан улам текст мыкты адис тарабынан жазылган деп болжолдоого болот.

Тогыз-Ас үңкүрүндөгү жазууну изилдеген айрым окумуштуулар бул текстти Жети-Суу тараптан келген несториандар жазышса керек деп болжолдошот. Анткени тарыхтан белгилүү болгондой, карлук ханынын колдоосуна ээ болгон несториандардын таасири бул аймакта чоң болгон. Белгилүү түрколог С.Г.Кляшторныйдын пикири боюнча, манихей динин тутунган уйгурларга каршы күрөшкөн кыргыз аристократиясы карлуктар менен союздаш болгондуктан, несториан кечилдерди жакшы кабыл алышкан жана алар кандайдыр бир деңгээлде диний насаатчылардын ролун аткарышкан.

Жыйынтыктап айтканда, таш­ка чегилген бул жазма эстелик абдан маанилүү табылга экендиги жана ар тараптан кылдат иликтөөнү талап кыла тургандыгы шексиз.

Кубат Табалдиев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессор,
Таалайбек Абдиев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти,
“Кыргыз туусу”,
17.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий