Айтматов кичи мекенине айкел түрүндө кайтып келет

Жакында Талас облусунун Кара-Буура районуна улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бийиктиги 3,5 метрлик айкели орнотулат. Жазуучунун эстелигин кичи мекенине орнотууну жергиликтүү эл көтөрүп чыккан. Бирок бул ишти баштан аяк уюштуруп, өзүнүн жеке каражатын кошуп, чоң милдетти мойнуна алган Таластын дагы бир тургуну, жеке ишкер Сыргак АСАНБЕКОВдун да эмгеги чоң. Ар бир иштин артында чоң түйшүк бар эмеспи. Улуу жазуучунун айкелин даярдоодо артта калган кыйынчылыктар тууралуу Сыргак мырза төмөнкүлөрдү айтты.

— 2010-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун эли Чыңгыз Айтматовдун айкелин орнотуу үчүн марафон өткөрүшкөн. Марафондон 300-400 миң сом каражат түшкөн, бирок бул жетпейт эле. Айтматовго татыктуу, сапаттуу айкел орнотолу, жетпеген каражатты өзүм кошом деп сөз бергем. Андан кийин скульпторлордун сынагын жарыялап, 2011-жылы май айында 18-20 эмгектин арасынан Азамат Абдрахмановдун колунан жаралган эскизди тандап алдык. Ошондон бери тынымсыз иштеп, буюрса айкел даяр болду.

— Айкел кайсы жерге коюлат?
— Райондук акимияттын алдына коебуз дешкенинен ага каршы болуп, эл көбүрөөк келген «Семетей» кинотеатрынын алдына коелу деп чечкенбиз. Учурда Кара-Буурадагы «Семетей» кинотеатрынын алдына айкелди орнотууга даярдык көрүлүп, райондун акими Анарбек Осмоналиевдин демилгеси менен топурак төгүлүп, тегерегин гүлдөтүп, четине арчалар отургузулуп, жерине брусчаткалар төшөлүп даяр болуп калды. Эми ачылыш аземин кудай буюрса, 24-августка пландаштырып атабыз.

— Эстеликтин өзүнө канча каражат жумшалды?
— Эстеликтин өзүнө 1 млн.400 миң сом кетти. Ал эми Кара-Буура районуна коюлчу жерди тегиздеп, даярдаганга үч миллион сомдой жумшалды. Жеке өзүмдөн 600-700 миңдей каражат жумшалды. Эстеликти таза колодон куябыз деп металлдын кымбаттыгына карабай сапаттуулугуна басым жасадык.

— Ар бир иштин артында чоң түйшүк бар, айкелди жасоодо кандай кыйынчылыктар болду?
— Техникалык жагынан кичине кыйынчылыктар болду окшойт. Себеби, жалгыз эле ысытуучу меш бар экен, ага кезекке тургандар көп. Башкалар менен алмак-салмак кезектешип куюп аттык. Башка өлкөлөрдө эстеликти бир эле куюп коюшат экен, а бизде улам бир бөлүгүн куюп, анан аны чогултуп атышты.

— Жазуучунун борбордук аянтта турган айкели менен силердикинин кандай айырмачылыгы бар?
— Эстеликтердин айырмачылыгына баа бергендей мен эксперт эмесмин. Бирок айырмачылыгына басым жасай турган болсок, сынак жарыялап тандаганда эле Сүйүнбай Эралиев аксакалыбыз жазуучунун 50 жашындагы курагы деп ушул үлгүсүн жактырган. Чындыгында Ч.Айтматовдун элүү менен алтымыштын ортосундагы жаш курагы чыгармачылыгындагы толуп турган мезгили экен. Ошол кезде «Жамиля», «Биринчи мугалим» сыяктуу залкар чыгармаларын жазган убагы тура.

— Силердин иш жазуучунун туугандарынын сынынан да өттүбү?
— Роза Айтматова эже менен Ильгиз байке көрүп жактырганын айтып, мыкты баа беришти. Ильгиз байке да эстеликке 20 миң сом кошуп кеткен.

— Бул иш-чаранын ачылыш аземи кандай өтөт?
— Мен биякта өзүм алган милдетимди аткарып, татыктуу эстелик турса экен деген максат менен башынан аягына чейин скульпторлор менен чогуу иштеп жүрдүм. Ал эми Таластагы ачылыш аземи жергиликтүү жетекчилердин мойнунда. Чындыгында мамлекеттен бир тыйын албай, айкелге жардам берген ар бир инсандын каражатынан тургузулду. Кудай буюрса бул эстелик кылымдан кылымга кала турган сапаттуу эстелик болот деп ойлойм.

— Эгер жашыруун болбосо скульпторго канча каражат төлөп бердиңер?
— Башка өнүккөн өлкөлөрдө таза колодон куюлган 3,5 метрлик эстеликтерди жасоо үчүн скульпторго 5-10 млн.сом төлөнөт экен. Ал эми биздин скульпторлор аз эле акча алып, патриоттук дух менен биздин чыгаан жазуучунун образын жасап беришти. Кудай буюрса бул айкелди орнотуп мойнубуздагы жоопкерчиликтүү милдетти аткарсак, элибизге дагы да болсо кызмат кылууга даярбыз.

Азамат АБДРАХМАНОВ, скульптор:
— Буга чейин Чолпон-Ата шаарынын Рух ордосундагы Айтматовдун, Ататүрк, Исакеев, Раззаков сыяктуу үлкөн инсандардын айкелин жасаганга катышкам. Бул ишти баштаганда өнөктөшүм Жолдош Бусурманкулов бар болчу, ал ден соолугуна байланыштуу аягына чыга алган жок. Жазуучунун образын жаратууда анын жаш курагы, ар кандай көрүнүштө турган сүрөттөрүн тандадык. Албетте чыгармачыл инсан болгондуктан кыялданып, ой-жүгүртүп, ааламды терең карап турган образын кармаш керек болчу. Анткени бул улуу инсандын образын берүү абдан маанилүү.

Р. S. Жазуучунун кичи мекенине жердештери колдон келген каражатка айкелин орноткону чоң иш. Бирок Ч.Айтматовдун көз жумганына төрт жылдан ашуун убакыт өтсө да анын Ата-Бейиттеги мүрзөсүнө эстелик тургузула электиги өкүнүчтүү.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий