Академик Абдылдажан Акматалиев: “Айтматов жөнүндө роман жазылышы керек..?”

– Абдылдажан агай, Айтматов тууралуу көп жазылса да, дагы эле Сизге  кайрылууга туура келет. Жазуучунун кандай ойлору бар эле, кандай чыгарма жазайын деген планы бар эле, билчү белеңиз?
– “Тоолор кулаганда” романынан кийин чыгармачылыктан бир аз эле эс алган окшоду. Роман жазуучунун чыгармачылыгындагы жыйынтыктуу этабы катары байкалды. Чыңгыз агай бул романга өзүнүн бүткүл чыгармачылык потенциалын жумшагандай болду. Менин пикиримде жана байкашымча, романдан кийин өтө канааттануу сезими менен жүрдү. Сөз боло калса эле тоолор, барстар жана рыноктук заманга барып такалчу. Ооба, тоолор анын руханий дүйнөсүндөгү бир символика болчу.

Жаратылыш катары бир караса, суктанса, экинчиден, чыгармачылык бийиктик катары көрчү. Бекеринен Түгөлбай Сыдыкбековго арнап, “Тоо бөксөрбөйт” деген макала жазган эмес. Жаш кезинен Таластын тоолоруна ынак болгон. Ала-Тоону, Тянь-Шанды карап, чыгармаларында акырындап сүрөттөп отуруп, алар менен каармандарынын жан дүйнөсүн ачып отуруп,  “Тоолор кулаганда” романына мыйзам ченемдүү келген.

Эсимде, 80-жылдары академик Аман Мамытов мени чакырып алып: “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан, публицистикаларынан тоо, жер, суу жөнүндө жазгандарын чогултуп жыйнап бер,” — деген эле. Ал топурак илими боюнча чоң адам болчу. А. Мамытовго өтө көп материалдар жыйнап бергем. Ошондо жазуучунун жаратылышка болгон чын ыкластык мамилесин, аны сактоо, коргоо боюнча ой-пикирлери менен таанышып, Чыңгыз агайдын жан дүйнөсүндө океандай көлкүп жаткан кенендик, айкөлдүк, кыргыз тоолорундай бийиктик жатканын сезген элем. Көрсө, жан дүйнөсү аска тоолордой бийик экен. “Тоолор кулаганда” романында жазуучу адамзатка керектүү көп нерселерди айтты, биз эми аны түшүнүшүбүз керек.

Мага айтканы боюнча, согуш мезгилинен кийин, тагыраак айтканда 50-жылдардын орто чениндеги кыргыз айылы тууралуу повесть жазайын деген ою бар болчу. Бүтүрдүбү, бүтүрбөдүбү, билбей калдым.

– Тагдыр демекчи, тагдыр Сиздерди табыштырды. Сиз, албетте, бактылуу болдуңуз. Дүйнөлүк атагы бар жазуучу менен пикирлеш, сырдаш, ага-ини болуу бакыт эмей эмне?!. Сиз бакыттын кучагында жүрдүңүз, бакыттан пайдаланып калдыңызбы?!
– Ооба, мен чексиз бактылуумун. Кудайга ыраазымын. Тагдырыман мамилелеш болууга Улуу адамыбыз Чыңгыз агайды буйруп койгонуна. Мен таанышкан мезгил 80-жылдардын башы эле. Оо, анда Айтматовду көрүүнүн өзү чоң маселе, көбүнчө, республиканын сыртында жүрчү, ар кандай чогулуштардан бошочу эмес, ал гана эмес Жазуучулар союзуна кез-кез эле келчү. Партиянын, комсомолдун съезддери өткөндө телевизордон көрүп калышчу. 85-жылдан кийин өтө тыгыз байланышта болдук, үй-бүлөлүк карым-катыш да түзүлдү. Кээде Чыңгыз агайды күнүнө үч-төрт жолу көрчүмүн. Башында бирге отуруп чай ичкенден сүрдөп, тартынып, уялып, ыңгайсызданып жүрдүм. Бара-бара көнүп кеттим, Чыңгыз ага өзү шарт түзүп, өзүн өтө карапайым кармап, сүйлөп отурчу. Ал гана эмес тамак ичип жатканыбызда өзүнүн тарелкасынан эт болобу, балык болобу, дарбыз, коон, алма болобу чекесинен кесип менин тарелкама салып койчу. “Агай, менде турбайбы”, – десем: “Мен түгөтө албайм,” – дечү. “А мен деле түгөтө албайм,” – деп тердеп, бирок өзүмдүкүн четке коюп, агайдын бергенин ырымдап жечүмүн. Шире куюп берсе иччүмүн.

Ошентип, ар кандай сүйлөшүүдөн жан дүйнөм бакытка толуп, мен руханий бакытка балкып жүрчүмүн. Бирок, азыр ойлосом, ошондой шарт болсо да бир топ кемчиликтерди кетирген окшойм деп өкүнүп калам. Мисалы, менде, биринчиден, Чыңгыз агайдан дайыма маек алып турууга убакыт да, шарт да бар экен. Диктофонду коюп койсом болмок. Бирок аны журналисттер алсын деп, басма сөздөргө атайын айтып уюштурчумун. Болгону эки маекти чет элдик окумуштуулар менен бирге алыптырмын, индиялык аспирант Насыр Шакил жана япондук окумуштуу Тецео Матацуки менен. Аларды Чыңгыз агайга ээрчитип барып, суроолорду чогуу түзүп, сүйлөшкөнбүз. Экинчиден, фотоаппаратты деле жакшы өздөштүргөм, шакылдатып эле өздүк архивге ар кандай кырдаалда тарта берсем болмок, бирок анте албадым.

Академияда, институтта Чыңгыз агай менен ондогон жолугушууларды өткөрдүк. Үч-төрт саат суроолорго жооп берип турду. Үйгө деле келчү. Жада калса кездешүүлөрдү, үйгө келгенде видеого жаздырып, сүрөттөргө тарттырып албаптырбыз. Дегеле Айтматовдон пайдалануу жөнүндө ой таптакыр болгон эмес. Чыңгыз агай менен кездешкен, телефондон сүйлөшкөн, чогуу жүргөн күндөр өмүрүмдүн жаркын барактары, тарыхы. Ал бакыт экинчи эч бир кайталанбайт, бирок өмүр бою жүрөгүмдө соолбойт, бөксөрбөйт, кемибейт, жоголбойт.

– Жок дегенде сүрөттөргө тартып койсоңуз болмок экен. Айтматовдун ар бир кыймылы тарых да. Анын үстүнө Сиздин тартканыңыз расмий эмес, жашоо турмушуна байланыштуу болуп, көп кызыгууну жаратмак
– Эми “өткөн ишке өкүнбө” деген кеп бар эмеспи! Бакыт жөнүндө сөз кылып жатпайбызбы. Айтматовдун чыгармаларынан беш жана сегиз томдук чыгармалар жыйнагынын, ошондой эле өзүнчө чыккан эки-үч жыйнагынын баш, соңку сөздөрүн жазып калуу чыгармачылыкка бактым да туш келип жатпайбы! Жакында “Бийиктик” басмасынан биринчи жолу орус тилинде чыгармалар жыйнагынын сегиз томдугу чыгат. Анын баш сөзү да менин макалам менен башталып жатат. “Манас” менен Айтматовду жазып, чыгарып, жайылтып келем. Мындан ашык илимий, чыгармачылык бактыны элестете албайм.

– Уулуңузга Эльтуран деп ат койду. Буга да сыймыктанса болот.
– Ооба, Чыңгыз ага бир топ пикирлештеринин уул-кыздарына ысым коюп, батасын берген. Мисалы, көп жыл машинесин айдаган айдоочусу Ормон байкенин баласына Ноён деп койгон. “Ноён” генерал дегенди билдирет. Ага карабай кичине кездеринде агайдын балдары Ширин менен Эльдар “Ноён-Коён” деп тамашалашканда, агай бул деген генерал бала деп койчу. Эльтуран да, Ноён да чоңойгондо агайдын кызматына жарап жүрүштү. Чыңгыз агай дачасынан шаарга түшөөрдө Эльтуранды мен аркылуу чакырып алчу. Кийин өзү эле сабагынан чакырып алып жүрдү, аны угуп мен сүйүнүп калчумун. Мага болсо агай ыраазы боло: “Ишке жарап калыптыр,” – деп койчу. Бир жылы Эльтуран агай менен бир ай бирге болуп жүрдү. Ал деле айтып калат: “Чыңгыз ата менен болгону бир сүрөтүм бар”, – деп.

– Сиз Айтматов менен акыркы жолу жолукканыңызда эмне жөнүндө сүйлөштүңүздөр эле?
– Аны эстөө мен үчүн өтө кыйын. 2008-жылы май айынын он бири. Көкүрөгүмдө “агайды жоготобузбу” деген жаман ой кайдан- жайдан пайда боло калган. Мен селт эте түшкөм, агайды карап көңүлүм ордуна келген. Ал киши да сездиби, сезбедиби билбейм, орус сынчысы Гачевдин дүйнөдөн кайтканын билдирген. Мен агайды ойлоп отурсам, агай досу, замандашы Георгий Дмитриевич Гачевди ойлоп отуруптур. Агайдын кабарынан менин да көңүлүм муздай түшкөн. Себеби Гачев менин докторлук диссертациям­дын илимий кеңешчиси болгон. Агай менен менин оюм жоготуу тууралуу бир жерден чыгып калганына ошондо да, азыр да таң калам. Ал күндү эскербей эле коёлучу.

– Сиз жазган, башкалар жазган макалалардан, берки маектерден тарыхый фактыларды ылгап, тактап, иреттеп Чыңгыз Айтматов жөнүндө эң сонун роман жазса болчудай. Балким, бул Сиздин колуңуздан келээр?
– Жок, келбейт. Бул качуу эмес, жооптуулук. Айтматовдун көркөм образын түзүү оңой эмес. Дүйнөлүк окурмандар окуй тургандай масштабдуулук, тереңдик, кенендик керек. Мен болсо Айтматовдун портретин этюд, эскиз катары эмгектеримде, ырларымда берип келем. Менин оюмча, айтылган идея жакшы, ал эми аны бир аткарса Ашым Жакыпбековдун, Аман Токтогуловдун колдорунан сонун келмек. Ушул идеяны мен да бир-эки жыл мурда замандашым Самсак Станалиевге айтып көрдүм. Самсактын колунан келет. Себеби Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу эң сонун романдарды жазбадыбы! Тажрыйбаны жакшы эле топтоду, тарых менен көркөм сүрөттөөнү айкалыштыра алат. Эгерде Самсак Станалиев Чыңгыз Айтматов жөнүндө көркөм, калыс жазса чет тилдерге бат эле таанылып кетет эле. Балким, Казат Акматовго да айтып көрсө болот. Ал киши Айтматовду жакындан билет. Чынында Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү роман жанрындагы көркөм чыгарманы замандаштары жазышы керек, окурмандар күтүп жатышат. Роман бир эле жолу жаралышы мүмкүн. Ал эми ырлар, поэмалар жарала бермек.

Маектешкен  Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 22.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий