Байыркыга бөлөнгөн үч күн

«Айылдын байыркы адамдары башкача эле, жүздөрүндө азыркыдай алкынуу, көздөрүндө жуткунуу жок эле…» деп далай укканым бар. Чын эле, тээ байыркы, илгеркини эмес эле 1930-40-жылдардагы эле сүрөттөрдү алып карап көргүлөчү, андагы ата-энелерибиздин, чоң ата, чоң энелерибиздин сүрөттөрдөгү отурушунан, жүздөрүнөн эле токтоолугун, эмгекчилдигин, нарктуулугун, адептүүлүгүн, мээримин көрө алабыз. Муну эстегенимдин себеби, Тоң районунун Кызыл-Туу айылындагы фестивалга барып түшкөндө эле ушул көрүнүш бет маңдайыбызга тартылып, илгерки заманга кайтып келгендей болуп меймандардын да жүздөрү өзгөрүп, байыркы кыргызга тиешелүү ар бир буюм-тайымдар, туш кийиз-шырдактар, секелек кыздардын өрүм чачтары, апалардын, келиндердин, кыздардын кийингендери биздин көзүбүздү суктантып, жүрөгүбүздү кубантып турду. Тилекке каршы, мындай ажайып дүйнө үч күнгө гана уланып, кайрадан Бишкектеги оргуштаган, оңго-солго шаштырган, кыйма-чийме жүгүрткөн жашоого алып келип таштады.

…Ары калчаган, бери калчаган мезгил бүктөмдөрүндө кыргыз көп нерсесинен кемиди, өксүдү, бирок, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, кыргыз кыргыз катары кайрадан жаралып, ойгонуп, бабалардын басыгына түшүп келатат. Ортодогу улуу муундун аң-сезими жете бербеген байыркы баалуулуктарды эгемендик жылдарында төрөлгөн, ошол мезгилде чоңоюп-өскөн жаштар көкүрөктөрүнө багып, өздөрүнүн мекенчил жүрөктөрү менен жакынкы жылдарда эр намысын колго алышаары көп нерсени үмүттөндүрүп турат. Керемет фестивалда ар тараптуу жакшы көрүнүштөр менен бирге наркты түшүнгөн жаштардан мына ушул нерсе да даана байкалды. Ага чейин элдин элдүүлүгүн түшүнгөн, сөзү жана эмгеги менен каада-салтты улап келаткан инсандарыбыз ушундай иш-чаралардын учун улап турсун.

Жумагазы САДЫР уулу, «Ашар» козголушунун төрагасы:
«Оор замандарда да элдик өнөр калган эмес»
— Биздин айылыбызда, көкүрөгүбүздө дайыма багып жүргөн ойлорубуздун ишке ашышы болуп жатат. Ата-бабабыздан келе жаткан салтыбыз, дүйнөтаанымыбыз, кыялдарыбыз азыр жашап аткан адамдардын алып жүрүүсүнөн көрүнөт. Айдайдын бул фестивалды уюштуруп, айыл элинин колдоп берип жатышы өзгөчө иш. Мындай демилгелерди улантып, күндөлүк турмушта ишке айландырып туруш керек. Элибизде «Уктум унуттум, көрдүм эстедим, жасадым түшүндүм» деп айтылгандай, китепке, тарыхка канчалык кооздоп жазсак да, жандуу иш жасабасак ал ошол китептеги бойдон кала берет.

Ушул фестивалда эки күндөн бери катышып жүрүп, бир гана биздин Кызыл-Туу айылынын же дубандын гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын бардык бурчунан келип уюштурулган жарманке болуп калса деп кыялдандым. Эң оор замандарда дагы элдик өнөр калган эмес. Мисалы, Үркүндүн учурунда деле кол өнөрчүлүктү таштабастан, бир-экиден адам болсо дагы жасап, улантып келишкен. Бүгүнкүдөй жандуу иш-чаралар өтө берсе, билинип-билинбестен кийинки муундарга бериле берет. Айта кетейин дегеним, боз үйдү сатык үчүн эле эптеп эле жылтыратып жасап койгондо дагы бөксөрүп калабыз. Өз жардам топтору түзүлүп, жергиликтүү жыйын түзүп, ошол жерден ушундай маселелерди чечсе деген сунуш киргизип жатам.

Бурмакан Ысмайылова, айыл тургуну:
«Урпактар уучубузду узартсын»
— Мен ушул айылда туулуп-өсүп, өзүмдүн айылыма эле турмушка чыккам. Жашым жетимиш төрткө келип калды. Кол өнөрчүлүктүн сырларын апам менен кошо жасашып жүрүп өздөштүрүп алгам. Улуудан кичүүгө, урпактан урпакка уланып келаткан кол өнөрчүлүктү айыл эли колдоп, ал эми Айдайдын уюштурушу — элдин нукуралыгын улантуу. Айылдын зоболосун Айдай көтөрсө, Айдайдын зоболосун айыл көтөрүп жатат.

Биздин айыл боз үйдүн чордону экенин көрүп олтурасыңар. Боз үй мыкты болуш үчүн эң алгач жыгачтары: кереге, уук, түндүк жакшы жасалыш керек. Көркөм шөкөттөлгөн жабуулары боз үйдү көркүнө чыгарат. Биздин айылда тигирик соккондору бар, боо соккондор бар, жабык баш кармагандар бар, баарыбыз тең кол өнөрчүлүк менен иштейбиз. Неберелерим боз үйдүн жыгачын жасашат. Жыгачтын талдарын эрте жазда же күз менен кыштын ортосундагы мезгилде гана кыйып алышат, ошондо абдан бекем болот. Айрыкча жапан тал деген болот, андан жасалган боз үйдүн сөөгү өмүр бою сынын жоготпойт. Кээ бир талдар үч-төрт жылдан кийин түзөлүп кетет. Ал эми түндүк аябай кымбатчылык менен жасалат. Эркектерибиз боз үйдүн сөөктөрүн бүткөндөн кийин колумдагы келиним экөөбүз жабууларын жасап, ичин кооздоп, кунуна кун кошобуз. Эми мындан кийинки урпактар ушундай нерселерди ылайым эле улантып, жайылтып, тереңдете беришсин, уучубузду узартсын.

Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссер:
«Улуттук ар-намыс ойгонуп жатат»
— «Кийиз дүйнөсү» фестивалынын мааниси аябай чоң дегендик аздык кылат. Мунун өзгөчөлүгү — элдин ичинде көрөңгө болуп сакталып турган укмуштуудай керемет дүйнөнү тышка сууруп чыгып жаткандыгы. Көрөңгөлөр ар бир айылда сакталып калган, ал эми Айдай киндик каны тамган жерден ошол көрөңгөнү заманбап деңгээлде алып чыгышы аркылуу ар бир кыргыз ойгонуп, түпкүлүгүнө үңүлүп, «Мен кыргызмын!» деген дараметтин, улуттук ар-намыстын ойгонуп жатканынан белги берип жатат. Фестивалдагы көрүнүштөр — кыргыздын касиеттери, кол өнөрчүлүгү, ырым-жырым жөрөлгөлөрү дүйнөлүк деңгээлде өтө бийик середе турарын дагы бир жолу айгинелеп турат. Учурда дүйнө жүзүндө табигый баалуулуктун баасы артып турганда, анын баары бизде бар экенин билдирүүдө. Бул аркылуу биздин элибиздин түпкүлүгү калптан арылган, аруу эл экенинин билсе болот. Кыргыз эли дүйнөгө үлгү экенин Айдай дагы бир жолу далилдеп, дагы бир жолу тактап, өзүбүздү дагы бир жолу ардантып турган учуру.

Жумагүл САРИЕВА, «Уз» студиясынын жетекчиси:
«Фестивалды көрүп, он жылга жашаргандай болдум»
— Чынында бул фестиваль Кыргызстандын деңгээлинде өтчү иш, Айдайдын бир айылдын ичинде болсо дагы уюштуруп жатышы жакшы көрүнүш. Анын кол өнөрчүлүк өнөрүн, изденгенин, мекен үчүн жанын бергенге да даяр сапаттарын аябай сыйлайм, мындай сапат анда-санда гана кишилерде болот. Мынчалык иш — чараны уюштуруу, ар бир келген адамдын көңүлүнүн ачкычын табуу кандай түйшүк.

Улуттук буюмдарыбыздын кереметтүүсүн, нукуралуулугун карагылачы, «завод-фабрикаларыбыз болсо, чет өлкөдөгүдөй жашоодо жашасак» деген адамдарга мындай фестивалдар биздин жашообуз ушул экенин түшүндүргөн данек боло алат. Кыргыздарда бала төрөлгөндөн баштап кийиз менен болгон, каза болуп кайтканда да кийиз менен узаган. Кийизден жасалган улуттук кийимдерибизди жөн гана сүрөткө түшүп коюш үчүн эмес, алардын табигый духун сезип, күнүмдүк жашообузда кийишибиз зарыл. Мындай фестивалдар айылдан айылга же облустан облуска эстафета катары өткөрүлүп, «Ыр кесе» сыяктуу улантылып турса абдан жакшы болмок. А бүгүнкү иш, тунук булактын көзүн ачкан менен барабар деп эсептесек болот. Биздин келечегибиз алтында эмес, материалдык гана байлыкта эмес, эл катары, кыргыз катары изденүүбүздө. Бул жерде мейман катары жүрүп он жылга жашаргандай болдум, муну кылайын, тигини жасайын деген тунук ойлор сезимимди улам кытыгылап, бир топ энергетика алдым. Биз кыргызга тиешелүү ушундай жолубуз менен кете берсек, башка улуттун жаш муун өкүлдөрү кыргыздардын бул жетишкендиктерин көргөндө ата-энелериндей болуп өйдөсүнүп эмес, улуттук жетишкендиктерди тереңинен таанып, урматтоо көз карашы калыптана баштайт. Мына мен Бишкектен кызым менен кошо анын орус курбусун кошо ээрчитип келдим. Ал кыз кызым аркылуу буга чейин эле Кыргызстандын, кыргыздын баалуулуктарын угуп, таанышып келген. Эми бул жерден андан да терең таанышып жатат. Мындай иш-чаралар аркылуу кыргыз элинин ички дүйнөсүнүн байлыгын да калыптандырып, жаңылай алабыз.

Кубат ОСМОНОВ, фотожурналист, «Кырк чоро» бирикмесинин мүчөсү:
«Айыл эли өзүнүн салттуулугун көргөздү»
— Биздин улуттук каада-салт, нарк баарынан кымбат. Кыргыз чоросу катары ушул өтүп жаткан иш-чарага абдан кубанып турам. Бүгүнкү күндө, жыйырма жыл бою адам баласынын аң-сезимине бүлүк салган, Батыштан келген ар кандай мыйзамдар элге, айрыкча жаш муундарга таңууланып, каада-салтыбызга, адептик жүрүм-турумга туура келбеген көрүнүштөрдүн уламдан улам сиңип бара жатышына бөгөт коюшубуз керек. Бөгөт коюунун бирден бир жолу — улуттук салт-санааны ордуна коюп, өркүндөтүү.
Жаш кезимде бул айылда болгом, ал убакта согуштун ардагери Жусупов Кемел ата деген жашачу, беш кабыргасы жок болгонуна карабай боз үй жасап жүргөнүн көргөм. Бул айылдын өзгөчөлүгү — боз үй жасоо династиялык жол менен атадан балага өтүп жүргөнү. Боз үй жасоодон тышкары, узчулук, устачылык жана башка өнөрлөр да айылдын өзгөчө экенин билдирет. Мына ушундай өнөрлөрдүн баары кыргызды сактап келген. «Кан бийлигинен нарк күчтүү» дегендей, каада-салттын, улуттук нарктын алдында президенттин да кылган ишинин ыргагы арзыбай кала турган нерсе. Айдай Асангулова абдан чыгармачыл, салтты билген, салттуу чөйрөдө калыптанган келечектүү кыз. Жергиликтүү эл анын демилгесин эсептешпестен, соодалашпастан колдоп жатышы — салттуулуктун белгиси. Айыл эли өзүнүн салттуулугун Кыргызстанга көрсөтө алды. Кыргыздын салтында эл үчүн, жер үчүн жасаган ишин эсептешкен эмес, кайра милдетим деп, жарык дүйнөдөгү ыйык вазыйпам деп кабыл алган. Бул жерге боз үйүн тигип, кол өнөрчүлүгүн тартуулагандар, элди орду менен тейлеп, устакандарды ирети менен бөлүштүрүп жаткандар, меймандарды кичи пейилдик менен тосуп-узатып, самоор кайнатып, от жагып отургандарды улуу адамдар деш керек. Керек болсо, колго суу куюп элден бата алган кетирекей балага отуз депутат тең келбейт деп айта алам. Анткени бул балдар, кыргыз наркын улантуучулар.

Кымбат ЖОЛДОШЕВА, “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий