Кийиз дүйнө

Ак калпакчан ат минген,
Кыргызымды сагындым.
Ай тийсе тоодо жашынган,
Жылдызымды сагындым.
Ар дайым менден кат күткөн,
Бир кызымды сагындым…

Сагыныптырбыз. Будуң- чаң түшкөн күлала турмуштун агымында азып, тозуп, ала салып бараткан улуу кичүүнүн Улуу кусасы ушул жолу даана байкалды. «Боз үйдүн тою» Тоңдун Кызыл-Туусунда болот экен» дегенде айыл эмес, аймак бүт көтөрүлдү. Көчмөндухтун касиети, күчтүү көрөңгөсү бешиктеги баладан бекчеңдеген кемпирге чейин дүрбөтүп, кан дүргүттү. Эчактан сандыктын түбүндө жаткан чолпу, шуру, шакектер шарактап, кештелүү калпак келберсип, кош этектер булактады. Көргөндүн көзүн талдырган нечен укмуш шырдактар, ала кийиз, саймалар көрүнөө жерге илинди. Жайлоодон кому менен төө, жабдуусу менен ат түштү. Жаш балдар эдиреңдеп эшек арабасын жасалгалап, тайгандар тапталып, секелек кыздардын чачтары бешкөкүл болуп өрүлдү. Ээн жаткан жашыл төргө айыл конуп, алты бакан, селкинчек көңүлдү көккө серпилтип, комуз таңшыды. Алыбетүү жигиттер ат ойнотуп, куш салып, кары-жашты өрөпкүтүп, бир-бирине укмуштай шайкеш келген табийгый Бүтүндүк, ажайып сулуулук бизден жашынган Дүйнөнүн кереметинин бир четин кыңай ачып койгонсуду.

****
Ак өргөөлүү айылга алыстан келген меймандарды адегенде эшек арабачан жаш балдар тосуп алышты. Бул ой адегенде кимдин башына келгенин ким билсин, айтор чөп менен көң ташыгандан башканы билбеген эшектердин баркы бул жолу көтөрүлүп, какшыган каамыттын ордуна шырылган кооз моюнчаларды илишип, койкоктой басып конокторду көчөмө-көчө кыдыртып, улам бир уздун өнөрүн көрсөтүп жүрүштү. Арабакеч балдар жолду ката кимдин боз үйү канча баш экенин, боз үйдүн кантип жасалаарын, кимдикинде бал челек, кимдикинде мыкты ат бар экенин айтып, айыл туурасындагы баянды алдыга жайып коюшту.

***
Өңгөсү өңгө, асты кыргыз тойду кыйын берет го, ошентсе да бул жолкусу эки кылым кыйырын, байыркынын баалуулугу менен азыркы ажайып сулуулукту таң калаарлыктай гармониялуу айкалыштыргандыгы менен айрымаланып турду. Кадимки талдын бутагынан жасалган алкактарга салынган фотосүрөттөрдүн көргөзмөсүн жандай көч өтүп, өткөн кылымдын башынан бери таберик болуп сакталып келаткан боз үйлөрдүн катарында көз жоосун алган ак өргөөлөр жанашып, Батыш менен Чыгыштан келген түркүн тилдүү меймандардын оозун ачырган кыргыздын керемет Дүйнөсү жайнап турду. Кемегеде от ойноп, алтыбакан асмандап, бир жагында симфониялык оркестр ойноп жатса, боз үйдө айылдык артисттер обон созду. Тырсыйган майке, томурайган шорталар кыргызча тигилген кынама көйнөктөрдүн жанында куник болуп көрүндү.

***
Тоңдун Кызыл-Туусу — боз үйлүү айыл. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ар бир экинчи үйдө боз үй бар имиш. Үйдүн көркү анын жасалгасында. Демек айылда кийизди мыкты жасаган, шырдагы көздү талдырган уздар да көп. Ошентсе да… жайылып турган шырдактын четинен кармасам кийизи бошоңдой көрүндү.

«Жүн мурдагыдай болбой калды, — деди өспүрүм бала кадыресе чоң кишидей,- канчалык уюткан менен баары бир бош болуп жатат, койго берилген дарылар таасир этип жатат окшойт, малдын деле өзгөрүп жатканын баары эле айтып жатышат…»

***
Жүн бошоңдогонун ким билсин, бирок кийиздин бетиндеги өнөрдүн азыркы түрпөтүн көргөн чет өлкөлүктөрдүн керегеге жайылган ар бир иштин алдында нес болуп туруп калып жатышканын байкадым. Кийизде керемет жараткан Сатарова Гулмиранын, Алмазова Айзаданын, Мендибай кызы Мээримдин, Акунова Сейдананын кыял чабыттары кыргыз кыйырынан эчак чыгып, ааламдык масштабдагы маселелерди укмуштай чебердик менен тердиктей кийизге батырганы, биздин улуттук көрөңгөбүздүн кандай күчтүү, канчалык түптүү экенинен кабар берип тургансыды.

***
Ысык-Көлдүн тескейинде жайгашкан Кызыл-Туу айылы кыргыздын башка айылдары сыяктуу эле жетпеген турмуштун зардабын тартып жаткан айыл. 1500 адам жашаган айылда чечилбеген көйгөй толтура. Боз үй менен узангандар, кийиз жасагандар канчалык аракеттенген күндө да маркетингдин начардыгынан боз үйдүн сатылышы сейрек. Демек үй-бүлөнү багалбаган бул өнөр бара-бара колдон чыгып кетиши ыктымал.
Анткен менен… Бизди шотландия­лык Пол Милард аттуу мейман таң калтырды. Кызыл-Тууга 6 жыл мурда мейманчылап келген Пол кыргыз боз үйүнүн түзүлүшүн алып кетип, өздөрүндө жасап жаткан экен. Жылына беш-алты боз үй жасаган Пол ар бирин 15 миң доллардан сатаарын айтты.

***
Идеалдуу олимпиада болбойт дешет, «Миң кыял» коомдук уюмунун демилгеси боюнча Кристенсен фонду тарабынан уюштурулган «Кийиз дүйнө» фестивалын деле идеалдуу дегенге болбойт, көркөмдүк ой чабыты мыкты болгону менен уюштуруу жагынан көп эле кемчиликтер кетти. Айыл саздуу жерге конуп, меймандар журтка жетиш үчүн саздын суусун кечишке туура келгени, уюштуруучулар тарабынан иш-чаралар создуктурулуп, меймандар үчүн майда-барат ыңгайсыздыктар болгону чын, бирок анын баарын улуттук ажайып Өнөрдүн касиети жууп-чайып турду.

“Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий