Кыргызстандын 2012-жылкы ордо чемпионаты өттү

Сүрөт http://www.knews.kg сайтынан алынды

Илгертеден келаткан ордо кыймылдуу оюну геометрия, черчение, математика, тарых сыяктуу илимдерди ичине камтып, аскерге даярдануу ыкмаларын үйрөтөт эмеспи. Жаштарды эрктүүлүккө, биримдүүлүккө, ошондой эле ар бир кыймыл жасаарда акыл калчап алысты көрө билүүгө тарбиялаган ордо оюну күндөн-күнгө күч алып, өнүгүп келатат. Кечээ жакында, Бишкек шаарында 2-августтан 5-августка чейин ордо боюнча КРнын чемпионаты болуп өттү. Кыйкырык-сүрөөн менен коштолгон бул оюнга баштан-аяк күбө болдук. Турнирдин жүрүшү боюнча уюштуруу тобунун башында жүргөн, КРнын спорттук улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боборунун ага методисти, КРнын «Ордо оюну» федерациясынын вице-президенти Искендер КОЖОКЕЕВГЕ суроо узаттык.

— Искендер мырза, турнирдин жүрүшү боюнча кеп салсаңыз?
— Быйыл 2012-жылдын мартынан баштап, КРнын спорттук улуттук түрлөрүн өнүктүрүү бобору ачылгандан бери ар бир облуста бирден методист, экиден тренер, борбордук аппаратта онго жакын киши, баардыгы болуп 44 адам эмгектенип жатабыз. Өзүңүздөр күбө болгондой, ишибиздин акыбети кайтып, минтип чемпионаттар өтүлүп жатат. Жалал-Абад, Ош облустарынан келген командалар жакшы даярдыгы жок келгенби, айтор, алгачкы күндөрү эле катар-катар утулушуп, оюндан чыгышты. Мындан соң калган беш команда эң негизги байгеге ат салышышты.

Мурда деле ордо оюну өнүгүп келген, эми дагы өнүгө бермекчи. 2005-жылдан бери кандайдыр бир ыкмаларды колдонуп, формаларды оңдоо жагы жакшыртылып, жылыштар болуп атат. Биздин борбордун максаты бир эле ордону эмес, улуттук оюндарды өнүктүрүп, Азияга, Эл аралык оюндарга чыгарсак деген ниеттебиз.

— Каржылоо маселеси кандай болуп атат?
— Мурдагыдай улуттук агенттиктен каржыланбай, өзүбүздүн бухгалтериябыз, кассабыз болуп, ушундай оюндарды өткөрүүгө жакшы шарт түзүлүп берилди. Эгер ушундай түзүлүп берилген шартта иштебесек, анда бизди тарых да кечирбейт болуш керек.

— Чет жактагы кыргыздарга да улуттук оюндарды жайылтып жатасыздарбы?
— Жакында эле Кытай эл республикасынын Кызыл-Суу автоном облусунун губернатору Фархат Турду келген экен. Ага кат жолдодук. Эгерде карым-катнаш болсун деп алар да жакшы жагына чечип берсе, көк бөрү, тогуз коргоол, ат оюндары, ордо, дагы кыргыздын улуттук оюндарынан кирген 15 түрүнүн кайсы түрүнөн катыштырабыз дешсе, кыргыз оюндарынын жаңы оңдолгон эрежелерин алып барып, бир эле эрежеге токтолсок дейбиз. Же аларды чакырып келип, стажировкадан өткөрүп үйрөтсөк деп далалаттанып атабыз. Тажикстандык кыргыздар менен сүйлөшүүлөр жүрүп аткан, кырдаалга жараша убактылуу токтоп турат. Өзбекстан, Казакстан, Түркиядагы кыргыздар менен сүйлөшүп, өнүктүрсөк деген тилектер бар. Кудай буйруса, бюджет жакшы чечилип берсе, эмки жылкы планга кирип турат.

Ал эми Американын Калифорниядагы 3-4 штатына кыргыздар көп барып эмгектенишет экен, быйылкы жылы Америкада жүргөн кыргыздар арасында футбол боюнча мини чемпионат өттү. Ордону ошол жактан баштасак, кыргыздын жигиттери ошол мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, анан ошол мамлекеттин атынан келсе, биздин ордо өнүккөн болот эле. Ошентип акырын-акырын өнүктүрө берсек, кызыгуу туулуп, Америкадабы, Европадабы, ордо жанданып кетет эле.

— Кытайга барып бир эрежеге токтолсок деп жатпайсызбы. Алардыкы биздикинен бир топ өзгөчөлөнөт бекен?
— Ооба, алар көбүнчө томпой менен эмес, абалак менен ойношот экен. 1995-жылы абалак эрежеден алынып салынган. Анткени кыргыз эч качан абалак менен ойногон эмес, томпой менен, чүкө менен ойнолгон оюнду биздин бузганга акыбыз жок. Абалак деген мүйүздөн жасалган, же кандайдыр бир нерседен колго жасалаган жасалма нерсе. А биз ата-бабадан келаткан эрежени бузгубуз келбейт.

— Бул мелдеште Талас облусу менен Бишкек шаары өздөрүнүн мыкты оюнчу экенин көргөзө алышты. Дагы баса белгилеп айтчу командалар барбы?
— Ош шаарынын командасы да мыкты. Ошондой эле Ысык-Көлдүн жаш балдары кичинесинен баштап ойношот, 10 жылда өсүп-өнүгүп, Талас, Бишкек командаларынын деңгээлине жете алышты. Ысык-Көл облусунун Талды-Суу айылында ордонун өнүгүүсү өзгөчө деп белгилеп кетсек болот.

Мына ушундай улуттук оюндарыбыздын өнүгүшүнө бар аракетибизди жумшап атабыз. Борборубуздун деректири Касенов Алмаз Апышевич да баардык жакта иштеп келген, жөнөкөй спортсменден баштап мамлекеттик агентствонун деректирлигине чейин жеткен өтө тажрыйбалуу, улут үчүн күйгөн киши. Кудай кааласа, келечекте улуттук оюндарыбыздын чоң жолго түшүшүнө үмүтүбүз зор.

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА, “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий