Айнура Канжаева: «Артисттердин баары мени «Мыскалдын кызы» деп эркелетишчү»

Мыскал Өмүрканова

Сүрөт http://www.azattyk.org сайтынан алынды

Кыргыздын кайталангыс булбул үндүү ырчысы, 40-60-жылдардын көркү болгон Мыскал Өмүрканова апабыздын көзү өтүп кеткенден бери кырк жылга жакын убакыт артта калса да, биздин жүрөгүбүздө тирүү бойдон. Улуу ырчынын жалгыз кызы, баскан-турганы, келбети, жадагалса ырдаганы да Мыскал апага окшош Айнура Канжаева эже менен маектешип, апасы тууралуу эскере олтурдук.

— Айнура эже, апаңыз менен чогуу өткөргөн кандай бактылуу күндөр жүрөгүңүздө калды?
— Апам белгилүү, таланттуу ырчы болгондуктан, өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгү чет өлкөлөргө жана өзүбүздүн жайлоо-кыштоо, жайыттарга, колхоз-совхоздорго гастролдоп жүрүп өттү. Ошол гастролдордон улам мен төрөлгөндөн кийин сегиз айдан кийин эле чоң апама калтырып кеткен. Ошентип балалыгым айылда өттү. Апамдын айрыкча айылга келип концерт бергени эсимде калыптыр. Апам менен чогуу келген артисттердин баары мени «Мыкемдин кызы» деп эркелетишип, айрыкча Экия Муканбетов көтөрүп алып эркелетчү. Эс тарткандан кийин шаарга келип катташып калдым. Мен шаарга келгенде апам ушунчалык кубанып, берерге ашын таппай, айылда эч ким кийбеген акыркы модадагы кийимдерди кийгизип жөнөтөөр эле.

— Сиздин дагы Мыскал апанын жолун жолдоп, ырдагыңыз келчү беле?
— Бала кезимден мен дагы ар кандай кароо-сынактарга катышып, чыгармачылыкка кызыкчумун. Үнүм бийик эле, ырдап, райондук кароолордон жеңип, республикалык кароого чакырылганымда туугандарыбыз: «Өзүң кыз бала болсоң, талаалап артист болбой эле койчу»,- деп жибербей коюшту. Турмушка чыккандан кийин деле апам аткарып жүргөн «Кызыл гүлдү» ырдап чыгып жүрдүм. Бирок үй-бүлө, кайната, кайнене, бала-чака, көртирилик деп жүрүп көп ырдабай калдым. Чындыгында апамдын жолун улантып, эл алдында ырдабай калганыма арман кылам. Апамдын жолун жолдобой калсам да, он беш жылдан бери маданият тармагында, Сокулук районунун Асылбаш айыл өкмөтүндөгү китепканада иштеп жүргөнүмө ыраазымын.

— Мыскал эже кимдер менен сыр бөлүшкөн жакшы курбу-курдаштардан эле?
— Бурулча Какишова экөө аябай жакшы курдаштардан эле. Анан Сүйдүм Төлөкова, Даркүл Күйүкова менен жакшы болчу. Шаарга бир келгенимде Даркүл эженин үйүнө ээрчитип барып, экөө каткырып күлүп, сыр бөлүшкөндөрү эсимде.

— Мыскал эже канча жашында арабыздан кетти. Сиз кайсыл куракта элеңиз?
— Апам алтымыш жашында арабыздан кетти. Анын чыгармачылыгына бут тосуулардын, көралбастыктын айынан элүү жашында пенсияга чыгарып коюшту. Көрсө ошол учурда апамдын болуп-толуп, ырдай турган күлгүн жаш курагы экен. Буга бир чөксө, бир жагынан турмуштан, татаал тагдырынан кыйналуулар себеп болдубу деген ойлорго келем.

— Эне-кыз катары сыр бөлүшчү белеңиздер? Кандай армандары бар эле?
— Мен шаарга келгенде апам ушунчалык кубанып, жүрөгүндөгү болгон кайгы-капасын, кубанычын мени менен бөлүшчү. «Менин бир арманым, сени тайкелериң менен тааныштыра албадым»,- деп айтып калчу. «Эл деп, элдин кызы болуп жүрүп үй-бүлөмө, сага убактымды көп бөлө албай калдым. Балким сенден чоң ырчы чыкмак»,- деп өкүнөр эле.

— Канча бир туугансыздар?
— Апамдын Сагынаалы деген аскерге кетип каза тапкан биринчи күйөөсүнөн Бектурсун деген уулу бар болчу. Ал көп жылдар мурун эле кайтыш болуп кеткен. Биз эки эркек, бир кызбыз. Агамдын төрт жыл мурун көзү өтүп кетти. Иним болсо он төрт жашында эле токко урунуп каза болуп калган. Апамдын тагдырындагы ушундай ажыроолор, айрылуулар да мүңкүрөтүп, эрте картайттыбы деген ойго келем.

— Сизди өз колу менен турмушка узаттыбы?
— Ооба. Мен турмушка чыгып, эки балалуу болгондон кийин каза болду. Биздин үйгө көп келер эле. Келгенде кайната, кайненемди сыйлап, тамашалап каткырып, неберелеримди эркелетип кетчү. Кийин ойлосом, менин маанайымды көтөрүп кеткенге аракеттенчү тура. Элде жок телевизорду, күйөө баласына радиоприемникти көтөрүп келди. Бизди маданияттан артта калбай, жаңылыктарды, ырларды угушсун деген далалаты тура.

— Сиздин кандай арманыңыз бар?
— Замирбек Үсөнбаевге окшоп атасынын жолун уланткандар бар. Апасынын жолун уланткандар бар. Ушундай чет элдиктердин оозун ачырып ырдаган Мыскал Өмүрканованын үй-бүлөсү белгисиз бойдон калганына өкүнөм. Кээде маданият тармагында эмгектенип, дипломдорго ээ болгонума шүгүрчүлүк кылам.

— Мыскал апанын канча небереси бар? Балким алардын ичинен Мыскал апанын жолун жолдогондор чыгып калаар?
— Он небере, он төрт чөбөрөсү бар. Менин кызым Нуржамал кичинекейинен ырдап, учурда Искусство институтун бүтүп, магистратуранын акыркы курсунда. Таенесинин өмүр жолун иликтеп, Жумгалга барып жашаган туугандарына чейин иликтеп келди. Ушул кызымдан үмүтүм чоң.

Жамиля Таштанбекова, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий