Чыгаан драматург, чыныгы Адам

Ар бир адамда жаратылыш берген касиет: ар кыл өнөр, ар түрдүү жөндөмдүүлүк болот. Токтоболот Абдумомуновдун эмгектик ишмердиги – Антон Павлович Чехов сыяктуу алгач өз кесиби боюнча фельдшерликтен башталган. Мына ушул кесиптеги гумандуулукту бийик даражада сактоо принциптери – чыгармачылык турмушунда да маанилүү фактор болуп, керектүү жерлерде сузуп алып турган башат болгон. Көрүнүктүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун кыргыз элинин маданиятында ээлеген орду  чоң. Кыргыз улуттук драма театрын  бекеринен анын ысмы берилбеген. Токтоболот Абдумомунов атындагы мамлекеттик  сыйлык да татыктуу өнөр адамдарына берилип келет.

Токтоболот Абдумомуновдун бизге калтырган сабактары өтө көп. Аны биз искусствонун сабактары деп билебиз. Анын чыгармалары көрөрмандарды жана окурмандарды турмушту түшүнүүгө, талдай билүүгө үйрөтөт. Токтоболот Абдумомунов согуштан кийинки өлкөбүздү калыбына келтирүү мезгилинде активдүү чыгарма жаратып, чыгармаларындагы образдар аркылуу кайрымдуулукка, бири-бирине күйүмдүүлүккө үндөп, окурманды таасирлентип, сезимин козгоп, кан-жанына сиңирте алган. Анын алгачкы адабий чыгармачылык тушоосу 1940-жылдары кесилип, “Кумдуу чап”, “Замандаштар”, “Курман”, “Тар капчыгай” деген драмалары театрга коюла баштайт.

Аны алгачкы көргөнүм эсиме келет. 1955-жыл. Куду бүгүнкүдөй жадырап жаз чыккан. Бир күнү эки-үч “чымындуу” студент балдар болуп, жазуучулар союзуна келип калдык. Жүрөктө чексиз толкундоо. Ананчы! Аалыкемди, Түкемди, Касыкемди, Темикемди сыртынан көргөнүбүздө эле катуу кубанып калаар элек. Чарчы бойлуу бир тармал чач агай тышка шашылыш түрдө чыкты да: “Келгиде, молдокелер. Оң жамбашыңар менен жаткансыңарбы, убагында келгениңер ырас болбодубу. Азыр талкуу башталат”, – деди. Көрсө, ал жаштар секциясынын башчысы экен. Талкуу жүрүп жатты. Ийгилик менен кемчилигин ишенимдүү көрсөтүп жатышты.

Драматург Т.Абдумомунов болсо, жаштардын пьесалары тууралуу сүйлөдү. Алардын арасында менин да чакан эки пьесам бар эле. Бирөөнүн сапатына жараша “көңүлдө” калтырып, экинчисин мактады. Эмнегедир ал кишинин жанына баруудан тартындым. Тереңинде жактырбай коёбу деген ойдо да болдум. Жок, ал негедир өзү менин жаныма келип, буга чейин деле жазуучу аттуудан укпаган жылуу, мээримдүү сөздөрдү бакылдап айтып жатты.

– О, тартынба. Антпей көп келип, жаз­ганыңды окутуп тур. Кеңеш беребиз. Биз деле алгачкы  пьесаларыбызды Касыкем менен  Ракеме К.Жантөшев менен Р.Шүкүр-беков артынан калбай, базарга да кошо ээрчип барып жүрүп окутуп, пикир укчубуз. Сен уялбай келип тур, – деди. Анан үйүнүн дарегин берди да сөзүн  улап:

– Чайды кызыл кайнатып, маңдайыбызга коюп олтуруп сүйлөшөбүз, – деп бакылдады.

Агай менен далай жолугушууларым болду. Ал чыгармачылык жардамын көрсөтүп, кээде редакциялап да койчу. Бүткөн пьесаларым жер-жерлерге коюла баштады. Ал мени эми чоң пьеса жазгының, ал сенин колуңан келет деп шыктандырды. Мен демденип, бирге окуган калемдеш досторум сыяктуу эле катуу толкундана баштадым. Бүткөн пьесамды бир күнү ага бердим. Баягыдай жадырап-жайнап, ал-абалды сурап учурашуу менен колуна алды да: “Бир жумадан кийин кел. Ага чейин мен окуп коём, кенен-чонон олтуруп кызыл чайды жеңеңе баягыдай кайнаттырып коюп, шашпай сүйлөшөбүз”, – деди шакылдап. Мен макул деп, ичимден дагы ыраазычылык менен кайттым.

Жазуучулар союзунун короосунан университеттин жатаканасын көздөй баягы “чымындуулар” шалпаңдап келе жаттык. Сөз жазуучулардын жаштарга болгон мамилеси жөнүндө жүрдү. Алар (чоң жазуучулар) конторунан биздин жазган анча-мынча чыгармаларыбызга жакшы пикир айтып сындаса, биз алардын өздөрүн “сынга” ала баштачу болдук.

Каникул бүтүп, кеч күз болуп калган. Мен дагы жөнөдүм агайдын үйүн көздөй. Бул сапар пьеса жөнүндө баса пикирин айтты. Калыс, жакшы талдоосуна ыраазы болдум. Билбегенимди айтканда көзүм ачыла түшкөнсүп жатты.

Кетүүгө тышка чыктым. Кеч кирип, күн шатырап катуу жаап турган экен. Менин артымдан узатып чыккан Токуш агай: “Мен азыр”, — деп үйүнө жүгүрүп кирип, кайра ошол замат келип: “Мына бул плащты кийип ал, суу болосуң!” – деп үстүмө жапты. Чынын айтсам буга чейин мындай плащты кие элек мен шатыраган жаанды тоотпой жатаканамды көздөй  бактылуу кетип бара жаттым…

Андан бери көп жылдар өтсө да күнү бүгүнкүдөй көз алдыга келет. Мына азыр залкар жазуучубуз Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин” дегениндей, Т.Абдумомуновдун 90 жылдык мааракеси өткөрүлүп жаткан учуру. Токтоболот Абдумомунов,  жогоруда анча-мынча гана көз менен көргөндөрдү “сүрөттөп” айтылгандай, адамгерчилиги бийик инсан болгон. Мына ушундай сапаттары менен, ички жан дүйнөсү социалисттик гуманизмге жык толгон терең жана басмырт, ачык-шайдоот жана боорукер, жаңы доордун жаңы адамдарынын толук кандуу образдарын ошо себептен түзө алды.

Драматургдун өзүндөй кең пейил, улуу-кичүүгө бирдей адамгерчиликтүү каармандар анын пьесаларынан орун алган. Ооба, ошондой каармандарды көргөндө мен анын өзүнө салыштырам… Муну биз көп эле белгилүү адамдардын пикирлеринен угабыз. “Абийир кечирбейт”,  “Кремль театрынын сахнасында” деген макаласында көрүнүктүү театр таануучу, “Театр” журналынын башкы редактору Ю.Рыбаков мындай деп жазган: “Түрмөдөн кайтып келген Нурдин өч алуу жолуна түшпөстөн, чындыкты бардыгынан кымбат баалаган адам катарында иш жүргүзөт. Чындыкты  баарынан жогору баалап, аны табууга күчүн аябайт, “Абийир кечирбейт” спектакли менен кыргыз театры өзүнүн өнүгүшүндө туура жолдо тургандыгын, Т.Абдумомуновдун болсо театрдын алдында жаңы көркөмдүк милдеттерди койгон драматург экендигин көрсөттү”. (“Советтик Кыргызстан”, 16-март, 1965-жыл).

Ушул эле пьесадагы Нурдин, Масадык эки достун бир топ перипетиялардан соң жолугушуу сценасын келтирип, советтик белгилүү адабиятчы И.Вишневская: “…Бул сцена мейли күтүлбөгөн жерден, мейли таң калаарлык, мейли күлкү келтирээрлик болсо да мында адамдардын жаңыча жорук-жосундары, жаңы мамилелердин өсүшү бар”, – деп жазат (“Театр”, №12, 1963-жыл, 24-бет).

Совет Өкмөтү жаңы курулган кезде анын эл аралык принцибин белгилеп келип, В.И.Ленин мындай деген экен: “Биз эч нерсеге жана эч кимге чыккынчылык кылганыбыз жок, бир дагы калп айтканыбыз жана жаап-жашырганыбыз жок. Кырсыкка учураган дос­тун жана жолдоштун бирине да колдон келген жардам көрсөтүүдөн баш тартканыбыз жок…” (В.И.Ленин, 36-том, 80-бет). Лениндин бул осуятынан эмне деген кең пейилдүүлүктүн, жолдоштук камкордуктун, кыскасы, адамга тийиштүү бардык жакшы сапаттардын үлгүсүн көрүүгө болот. Ашырбай эле айтканда, Т.Абдумомуновдун ошол өз мезгилинде түзгөн бардык драмалык чыгармаларындагы Рыскулбек (“Кумдуу чап”), Чоду (“Борбаш”), Мухтар (“Тар капчыгай”), Нурдин, Масадык, Шайыргүл, Омор (“Абийир кечирбейт”), Жыпаргүл (“Атабектин кызы”), Айдар (“Ыйык таштар”) жана башка өңдүү оң каармандарына ушул сөз сөзсүз таандык. Улуу адамдардын мындай асыл идеясы драматургдун чыгармаларынын рационалдык негизин түзүү менен, советтик гуманизм идеяларынын иш жүзүнө ашып жаткан күбөсү катары жаңырат.

Ооба, көрүүчү катары биздин көңүлгө айрыкча Жыпаргүл менен Омордун жүрүм-туруму өтө жагымдуу. “Мен турмушта кокус ошолордун акыбалына түшүп калсам сөзсүз ошолордой иштээр элем” деген пикирди ошол өз учурунда көп эле угуп жүргөнбүз. Ошол Омор, Нурдин, Масадык жана Жыпаргүлдүн образдарын кантип түзгөндүгү туурасында: “Мен ошолордой жакшы адамдарды турмуштан көп көрөм. Татаал психологиясын, дүйнөдөгү эң таза, эң жакшы ой-санаасын ошолордун жалпыланган мү­нөздөрү аркылуу элге жеткирүү, көрүүчүлөрдү да ошондой болууга чакыруу менин милдетим деп эсептейм” – деп көзү тирүү кезинде бир жолу айтканы эсимде.

Мына ошону айтып, Токуш агай негедир адатынча  жаркылдап күлгөн эле. “Бардык эле адам эмес, күчтүүлөр гана чындап күлө алат”, – деп жарым кылымга жакын мурдараак Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамын алганда советтик көрүнүктүү драматург А.Е.Корнейчуктун айтканы эсиме түшөт. (“Правда”, 26-февраль, 1967-жыл).

Көрүнүктүү драматург көрүү­чүлөрүнө адамгерчиликтүү адамдардын образын тартуулап, көп сандаган пьесаларды жазган. Алар социологиялык-психологиялык: “Абийир кечирбейт”, “Каркыралар кайтканда”, сатиралык: “Тар капчыгай”, “Эч кимге айтпа”, “Жыгылган оогонго күлөт”, лирикалык комедиялары: “Борбаш”, “Алдар көсө”, “Жарыктык карыларым”, тарыхый драмалары: “Ашырбай”, “Оптимисттик трагедия”, “Сүйүү жана үмүт”, балдар үчүн: “Карагул ботом” драмалары ушул кезге чейин театр сахнасынан түшпөй коюлуп келүүдө. Т.Абдумомунов Октябрдын 40 жылдыгына карата “Алыскы тоолордо” кинофильминин сценарийин жазган кыргыздын тунгуч кинодраматургу катары да белгилүү.

Т.Абдумомунов коомдук иштердин да активдүү катышуучуларынан болгон. Ал СССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин жетинчи, сегизинчи чакырылыштарынын депутаты болгон. 1959-жылы жана 1966-жылдары Кыргызстандын чет өлкөлөр менен маданий достук байланыштар коомунун башкармасынын мүчөсү, Кыргыз театрлар коомунун президиумунун төрагасы, Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин коллегия мүчөсү, Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин мүчөсү жана республиканын Ленин комсомолу сыйлыгы боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. Шум ажал аны 67 жаш курагында биздин арабыздан  алып кетти. Ал эми анын өлбөс-өчпөс  чыгармалары  биздин  арабызда муундан-муунга өтүп, кылымдап жашай бермекчи.

Мырзабек ТОЙБАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин  кандидаты,
КРнын маданият ишмерлерассамблеясынын коомдук бирикмесинин президенти,
«Кыргыз Туусу», 15.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий