Казакстан эл артисти Асанали АШИМОВ: “Өкмөттүн берген темирлеринен көрө, көрүүчүлөрдүн кол чабуусу жогору…”

Өткөн жумада Казакстандын Кыргызстандагы маданият жумалыгы башталып, ага казакстандык кинорежиссерлордун «Менин балалыгымдын асманы», «Жаужурек мын бала», «Кош бол, Гүлсары», «Сиз кимсиз, мырза Ка?», «Ишенимсиз Махабат», «А.га кайтып келүү», «Мустафа Шокай» тасмалары көрсөтүлө баштады. Аталган көркөм тасмалар менен бирге, алардын авторлору, режиссерлор, композиторлор, сценаристтер да кошо келишкен. Алардын арасында Казак эл артисти, СССРдин эл артисти Асанали Ашимов дагы бар. Күйөрмандарынын эсине сала кетсек, биз бала кезде Бекежан катары (”Кыз-Жибек” кинотасмасында) СССР көрүүчүлөрүнө таанылган  актер Асанали Ашимов 1937-жылы 8-майда Жамбулдун Байкадам айылында жарык дүйнөгө келген.

1961-жылы Алма-Атадан Курмангазы атындагы казак мамлекеттик консерваториясына караштуу театралдык-көркөм искусство институтун бүтүргөн. 1963-жылы Казак мамлекеттик академиялык драма театрынын артист-режиссеру болуп эмгек жолун баштап, эң алгачкы көркөм тасмага 1966-жылы тартылган, бардыгы болуп 23 көркөм тасмага түшкөн. Биринчи жубайы Майра менен эки уулу Саги, Мади кырсыкка учурап, кайтыш болушкан. Кийинки жубайы Багдаттан төрт жарым жашар уулу бар. А.Ашимовдун сценарийинин негизинде Россия-Казакстан биргелешип тарткан “Сиз кимсиз, мырза Ка?” көркөм тасмасы мындан эки жыл мурун тартылган жана ар кандай татаал трюктар, психологиялык чыңалуу менен көрөрманды ээрчитип жүрүп отурган мырза Канын ролун (башкы ролду) Асанали Ашимов өзү  ойногон.

– Асанали ага, сиз өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
– Ананчы! Мен өтө бактылуу адаммын. Айрыкча, ар бир жолу өзүң жараткан образың көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алар сага ыраазы болуп, сени сүйүп, кубанып кайтып жатканын көргөн сайын, ого бетер бактылуусуң… Мен чын эле өтө бактылуумун. Ушунча жашка келдик. Өмүрдү жакшы сүрдүк. Жаш кезден тарта, мына ушул кезге чейин эл аралап жүрөбүз. Улам кийинки муундар менен карым-катышыбыз үзүлбөй, уланууда.

Деги эле актёрдун бактысы деген эмне? Анын ар бир иши көрүүчү үчүн жасалат.  Ал ар бир жолу элге мамлекеттик сынак тапшырат, бүгүнкүдөй… Ошондо көрүүчүнүн сынынан өткөн сын, көрүүчүнүн баасынан өткөн баа болбойт. Элиң  кубанып, жакшы баа берип турса, мына бакыттын туу чокусу ошол болуп саналат. Өкмөттүн берген темирлеринен көрө, көрүүчүлөрдүн кол чабуусу алда канча жогору турат.

– Ооба, Сиз көп убакта: “Мен калк артистимин, демек, ар дайым калк менен биргемин” деп айтасыз, ушундан улам айта кетким келет, сиз казактын эле эмес, кыргыздын да эл артистисиз. Анткени биз сизди тээ чыгармачылыкка адеп аралаша баштаган кезиңизден, мисалы, “Кыз-Жибектен” тарта билебиз.
– Рахмат.

– Анда бүгүнкү кыргызстандык көрүүчүлөрдүн сынынан – “экзаменден” кандай өттүм деп ойлойсуз?
– (Күлүп. Тегеректеп турган көрүүчүлөргө карай) Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, калк жакшы кабылдап, жакшы сөздөрү, алкыштарын айтып жатышат, демек, жакшы өттүм деп ойлойм. Кай жерде болбосун чыгармага эл түшүнүп, таасирленип калса, анда акыбетиңдин акталганы деп билүү керек.

– Буга чейин да сценарист,  режиссер катары «Козу Көрпөш жана Баян сулуу», «Туздуу көлдөгү үй» сыяктуу ж.б. бир канча кинотасмаларды жараткансыз, ал эми  “Сиз кимсиз, мырза Ка?” чыгармаңызды бардык чыгармаларыңыздын дөө-шаасы деп түшүнүүгө болобу?
– Мен үчүн ар биринин өз орду бар. Бирок, бул тээ 70-жылдардан бери мени менен жашап келе жаткан, мындан ары да жашай берчү тема.

– Демек, дагы уланышы мүмкүн экен да?
– Мүмкүн.

– Кинодо сиз кудум жаш жигиттердей, каскадерлордой ойногон эпизоддор бар экен, ошонун баарын өзүңүз аткардыңыз-бы же дублерлор да болдубу?
– Айрым трюктарын өзүм жасадым, айрымдарын дублерлор жасады.

– Cиз менен образ жаратууда режиссерго жеңил болсо керек, көп учурда анын багытына баш ийбей, өзүңүз каалагандай, эркин ойногон деп интернетке жазышты эле?
– Эми… болушу мүмкүн.

– 1968-жылы “Караш-Караш” кыргыз көркөм фильми аркылуу, кыргыз киносу менен алакалашып калганыңызды билебиз. Андан кийинки байланышыңыз кандай болду жана кыргыз киносуна азыркы көз карашыңыз кандай?
– Мен бул жумалыктын ачылышында дагы айттым, бир кезде Кыргызстанда менин эң жакын адамдарым, досторум бар эле. Ар жолу келген сайын кучакташып жүз көрүшөр элек. Сөзүбүз түгөнбөй, бажакташып сырдашып, бир кумардан канып, жыргап кетер элем. Чынымды айтсам, эми бул жакка келе жатып:”Эми мени ким тосот? Эми баягыдай күн кайда?” – деп зээним кейип келдим. Албетте, жаштар жакшы кабыл алышып, жакшы сый көрсөтүп жатышат дечи, бирок,  кайран Болоттун (Бейшеналиев – авт.), Төлөмүштүн, Сүймөнкулдун орду бош… (мууну бошоп, үнү каргылдана түштү) Алар эми табылбайт…

– Кино жанрын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу үчүн эмне керек жана чыгармачыл жаштардын иштеп жаткан иштери тууралуу кандай ойдосуз?
– Албетте, саналуу жаштар чыгып келатат. Бирок, мен Голливуддун кинолорун же дагы башкаларды туурап, “көчүрүп” тарткан кинолорду жактырбайм. Ар бир кино – өз улутунун жүзүн, салт-санаасын көрсөтүп турганда гана аны өз максатына жетти деп эсептешке болот.

– Ооба, өзүңүз да  “Сиз кимсиз, мырза Када” наркотрафика маселелери менен бирге эле, казак кызынын сүйүүгө туруктуулугун, казактын боз үйүн, даркан талааларын, айранын, казак уулунун мекенчилдигин чагылдырган экенсиз. Бул тасманын жаралганына эки жыл болуптур, андан бери  дагы эмне менен алектенип жатасыз?
– Андан бери тогуз томдук китеп жазып бүттүм.

– Эмне жөнүндө?
– Өзүмдүн бүкүлү өмүрүм жана досторум жөнүндө. Андан сырткары, академияда актерлук курста сабак берем, театрда спектаклдерде ойноймун…

– Дагы?
– (Күлүп) Бир эле адамга жетет го дейм ушунун баары?

– Албетте, агай. Тогуз томдугуңуз жарыкка чыктыбы?
– Чыкты, чыкты…

– Агай, бир жаныңызга мынчалык түйшүгүңүз көп экен, мунун баарына кантип жетишесиз?  Казакстандын кайсы бир түз көрсөтүүсүндө сиз күйөрмандарыңыздын: “Күч-кубатты кайдан табасыз? Эмнеге таасирленесиз?” – деген суроосуна: “Жакшы адамдардан, айрыкча сулуу аялзатынан таасир алам. Анткени, алардагы керемет ар бир эле адамга стимул берип турат. Ошондуктан сулуу кыз-келиндер – элдин баалуулугу катары саналат”, – дегениңиз бар?
– Ооба, ооба. Ырасында эле ошондой эмеспи.

– Анан да гимнастика жасайм дегениңиз бар?
– Ооба, жеңеңер менен бирге күнүгө көнүгүүлөрдү жасайбыз.

– Дагы бир суроо, кичинекей уулуңузга Асанали деп өзүңүздүн ысымыңызды берген экенсиз. Себебин болжолдоп билүүгө болот го, бирок, өзүңүздөн уккубуз келип жатат? Эмне үчүн балаңызга өзңүздүн атыңызды коюп койдуңуз?
– А… ооба, балам азыр төрт жарым жашта. Ысымы – Асанали уулу Асанали. Антип койгон себебим, менин өмүрүмдү, жолумду уласын, жок эле дегенде менин өзүмдү тарткан уул болсун дегемин…

– Багдат жеңенин кесиби ким?
– Жеңеңердин кесиби – дарыгер.

– Убактыңыз өтө тар экенине карабай, биздин окурмандар үчүн маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуз, агай. Сиз – кыргыздын дагы сүймөнчүк актёрусуз.
– Рахмат…

Жыпар ИСАБАЕВА,“Кыргыз Туусу”, 22.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий