Кымыз идиштерин ийге келтирген Кайырбек ага

Бөкөнбаев айылынын тургуну Токтосунов Кайырбек кымыз идиштерди жасагандан тышкары, жыгачтан эмне жасалса, баарын жасайт. Ага бул өнөр тукумунан берилген. Тагыраак айтканда, чоң атасы Токтосун чоң уста болуп, баласына үйрөткөн. А баласы Асаналы өзүнүн баласы Кайырбекке… Азыр болсо Кайырбек ага балдарына үйрөтүп бүтүп, небере-чөбөрөлөрүнө өткөн. Өзүнүн 6 баласы бар. Үч кыз, үч эркек. Үч уулуна эмне кылышты энчилеп берип койгон. Бир уулу кымыз челектерди жасап алек болсо, бир уулу жыгач уста, бирөөсү темир уста.

Акыркы убакта кыргыздар колдонбой калган нукура кымыздын идиштери көнөчөк, көөкөр, көңгөл, чанач, кесени жасоо күздө башталып, жазда бүтөт экен. «Бир комплекти бүтүргүчө маңдайдан тер бир топ эле куюлат. Идиштер уйдун терисинен жасалат. Алгач бычып, кургатып, тигебиз. Негизи ички бетин ичеги менен бастырыш керек. Бирок бизде андай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, жибек жип менен бастырабыз. Жогоруда айтылгандар даяр болгон соң, жазда бир ай күнү-түнү дебей, ышка коюлат. Ар бир жерде ар кандай ыштайт. Мисалы, Нарында тобурчакка ышташат. Биз болсо чийге ыштайбыз. Бирок, азыркы учурда бул оокатты жасаган, колдонгон кишилер аз. Ошентсе да Тоң району ата-бабалардан калган бул аздек буюмду унутпай, сактап, жасап, колдонуп келет. Бизде жайлоого чыккандар жалаң ушундай идиштерди колдонушат. Башка жактагылар болсо, бизден келип сатып алып, эми-эми колдонгонго өтүштү. Алар деле мунун пайдалуу экенин билип атышат да. Челек, чакалар демди ичине жакшы тарта албайт. А бул идиштер демди кымызга да берет. Кымыздын дарылык касиетин бузбай, сактаганга жөндөмдүү. Ошон үчүн ата-бабаларыбыз ушуну ойлоп тапса керек. Болбосо чака-челекти илгери эле ойлоп табышпайт беле» дейт Кайырбек ага. Жасаган оокаттарын буга чейин акчалай баага сата электигин да айтат. Илгеркиче мал менен гана эсептешет экен. «1,5 жаштагы тай торпок же желедеги тай» деп.

Ошентип, муундан-муунга өтүп келаткан бул өнөр кыргыз барда, кымыз барда эч качан унутулбаарына ишендик.

Эльмира Мадиева, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий