Маселенин моралдык жагы бар

Тил боюнча адис эмесмин, бирок кыргыз жазуусу менен такай иштеп келем. Төмөнкүдөй бир маселени байкадым. Кыргыз жазуусу кирилицага өткөндөн баштап, орус тилинен келген төрт е, ё, ю, я тамгалары колдонулуп келет.

Аларды биздин тилде йэ, йо, йу, йа түрүндө берсек да болот. Демек, й тамгасын ага удаа келген үндүү тамгалар менен бириктирип, өзгөчө тамга менен белгилөө эрежеси кабыл алынган. Ошол эле учурда, ал эреже бирдей болгон бардык учурга таркабай, арабөк болуп калыптыр. Кыргыз жазуусунда йи, йы, йө, йү кошулмалар да тигилер сыяктуу эле абалда, алар менен бирдей «укуктуу», аталган эрежеге баш ийиши абзел.

Орус тилинде йи, йы кошулмалары кездеше турган сөздөр учурабайт экен, ошондуктан аларды ал тилде колдонуунун кажети жок. Кыргыз тилинде болсо, андай сөздөр кеңири таралган, маселен, кийик, бийик, ийик, чийин ж.б.; ыйык, кыйык, тыйын, сыйын ж.б. Ал эми калган эки ө, ү тамгалары нукура кыргыз тилине гана таандык. Булар й тамгасына улай колдонулган сөздөр да бизде көп кездешет: күйөө, сүйөт, күйөт, үйөт ж.б.; түйүн, күйүк, үйү, үйүр ж.б. Жогорку эреже же бардык учурга улантылышы зарыл, же жокко чыгарылганы оң.

Албетте, эч нерсени өзгөртпөй, ойлонбой койсок деле болот. Көнүп калдык. Буга чейин жашап келгенбиз, дагы эле уланта берсек бир нерсебиз кемип калбайт. Бул ой бүгүнкү күндө үстөмдүк кылат. Бирок, маселенин моралдык жагы бар. Биз баягы эле көзкарандылык психологиядан арылалбай келебиз (е, ё, ю, я тамгаларын кабыл алып жаткан учурда орус окумуштууларынын таасири болгон деген маалыматты эшиткен элем). Эркиндигибизди сезип, эч жакка кылчактабай, өз маселелерибизди өз алдыбызча чечип алганыбыз оң деп ойлойм. Андай болсо маселени чечүүнүн эки жолу бар.

Биринчи жол. Алфавитибизге йи, йы, йө, йү кошулмаларын белгилей турган дагы төрт тамга ойлоп табышыбыз керек. Кыргыз алфавити төрт тамгага көбөйөт, бирок биз кабыл алынган эрежени бузбайбыз, бирдей болгон бардык шартка аны тараткан болобуз.

Экинчи жол. Кыргыз алфавитиндеги тамгалардын санын ыгы жок эле көбөйтө бербей е, ё, ю, я тамгалардан баш тартып, аларды йэ, йо, йу, йа түрүндө бергенге өтүш керек. Биздин жазууда баш-аягына чейин бир принцип сакталат. Менимче, ушундай жол туура болор эле.

Тил боюнча адистердин жана коомчулуктун ою кандай болор экен?

Апас БАКИРОВ, академик, “Кыргыз Туусу”, 28.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий