Поэзияга келаткан жолдо

…Бир күнү Топурак-Белге Алтымышбаев келип калды… Көрсө ал кишини Бөлөкбай абам конокко чакырып, сөзмөр киши экен, аңгемелерин угайын дептир.

Эт бышып, аны туурап жеп бүткөндөн кийин да жылдыз тараганга чейин «Карынбай бай» деген жомокту айтып берди. Кызыктуу болгондуктан биз эч кимибиз кирпик какпай отуруп уктук. Кийин билсем Аалы Токомбаевдин бир китебинде «Карынбай» жүрсө болобу. Кийин-кийин Алтымышбаев аксакал менен жолукканда «Карынбайды» кайдан билесиз деп сурабай калганыма абдан өкүнөм. Алтымышбаевдин аты кийин Горький атындагы мектепке коюлду. Ал киши өтө сөз багып сүйлөгөн киши эле. А кишиден көп жолу кызыктуу уламыштарды уктум. Жазып калбаганыма көп өкүнүчтөмүн.

1947-жылы Топурак-Белде Бөлөкбай абамдын эки боз үйүнөн бөлөк эч кимдин үйү жок болчу. Жазга жуук Жунушбай деген киши аз өйдөрөөк Орток деген кара тоонун этегине көчүп келди. Жунушбай ак муруттуу, көгүш кырма сакалы бар, орто бой, мээримдүү киши экен. Анын мал-жанына каралашкан Ормуш деген инилеринен болот экен, мен сабактан келгенден кийин койду бирге жайып, жалгыз сырабай оңуп калдым. Ортоктун этегинде кекиликтер эң эле көп. Тим эле чегирткелердей жайнайт. Бир этектен жумурткаларын таап алып, Ормуш экөөбүз бышырып жейбиз. Мен он бирдемин, Ормуш кудай билет, 15-16да болуш керек. Бир күнү:

– Үйүргө кирдиң беле? – деп сурап калды.

Түшүнбөй туруп эле:

– Жок, – дедим.

– А, сен бала турбайсыңбы, – деди.

Мен сурадым:

– Жунушбай атаңбы?

– Жок, туугандар.

Анан ал: «Жунушбай деген Жоомарт Бөкөнбаев деген акындын кайын атасы. Мобу койлорду ошо Жоомарт сатып берген» — деди.

Жунушбайдын койлору 200дөй болчу. Биздики 80.

– Жоомарт ушу Топурак-Белге бир ботинкасын таштап кетиптир. Бирөөсүн жогору жактан түшүрүп салып. Бирөө таап алса кийсин деген да, — деди.

Жоомарт жакшы киши экен го деп оюмда калды.

– Ал келеби силерге? – десем.

– Авариядан өлүп калбадыбы, — деди.

Кийин Жоомарт жөнүндө сөз болгондо Топурак-Бел көзүмө элестеп турчу эле: Ботинкеси…

Бөлөкбай абам Кажы-Сайдагы 8-комбинат ачылганда эле эт даярдоочу (заготовитель) болуп ишке орношуп, элден мал сатып алып, 8-комбинатты эт менен камсыздап турчу. Акчаны кендир мүшөккө толтуруп салып, атына бөктөрүнүп жүрүп элден мал алчу. Ошентип иштеп жүрүп, тигилер этти эт комбинатынан ала баштаганда «Силерге жылкы керек, кымыз ичкиле» деп, 8-комбинаттын чоңдорун көндүрүп жыйырма-отуздай бээ саттырып алып жайлоого чыгып кетти. А киши өзү ар кандай иштин көзүн билген, иштерман, соодагер чалыш болчу.

Ошентип тоого, Карала-Арча деген жерге май айында, жаздын толуп турган кезинде Топурак-Белден көчүп бардык. Топурак-Бел деген күбүрөк менен шыбактан башка көгөргөн чөп чыкпаган, боз адырдан абасы аңкыган көк майсан жайлоого келгенде башка бир дүйнөгө келгендей болот экен киши.

Таптаза суу шаркырап агып турат. Уларлар аркы кырдан бу кырга шыңгыр кагып учуп-конуп турса жомоктогудай эле көрүнүш болду мага. Тастар-Атанын бооруна өйдөлөп чыгып барып көзүмөн жаш агызып ыйлап турган кездерим көп болду. Түнүчүндөчү… Маңдайда «Жаман карагай» деген карагайлуу бет турат. Өзүнчө эле сырдуу кара шаар. Көз байлангандан баштап «бау-бау» деп карагай кийиктер түн ортосуна дейре үн салат. Үкүлөрдүн үнү өзүнчө бир керемет. Алар түнүндө гана үн салат. Артыкча арчанын түнкү жыты каңылжарды өрдөп келгенде, өзүңчө эле дүнүйөгө ыраазы болуп, башыңан өткөн кыйын турмуш, жетимчилик, корчулук сыяктуу нерселер бир көргөн сасык түштөй да из калтырбай көңүлүң көкөлөп бир келгенде бүткөн боюм дүркүрөп кубанып, ыйлап жиберчүмүн эмнегедир.

Жердин кооздугу, тоолордун бийиктиги, карагай чер, тоо ылдый куюлуп келип токтоп калган төө коргулдар, бетти бербей жайылып өскөн жапжашыл арчалар, сайда шылдырап аккан булактын үнү – койчу, деги күн-түн дебей сулуулук менен сырга толгон айлана мени башка бир табышмактуу дүйнөгө алып келгенин сезсем керек, буулуга берчүмүн.

«Карала Арча» деген ырды жазганымда ошондогу чукуранып ойгонгон назик бир сезимдин алгачкы кайрыктарынан болсо керек деп жазганып, ойлойм азыр да.

КАРАЛА АРЧА

Карала Арча – калган жаштык, балалык
Кайтчудаймын барсам баарын таап алып.
Мен бармынбы, сен барсыңбы андагы
Кээде олтуруп мезгилди ойлойм таң калып

Жаз аяктап, жашыл шире май бүтүп
Жайлоо дегдеп мал аягын түрүлтүп.
Көчүп барып этегиңе кончу элек
Көк жашаңга көзүбүздү сүйүнтүп.

Эртең менен күн шашкелеп турганда
Көз тойчу эле бир көк жашыл жыргалга.
Андай көрктү мүмкүн эмес айтууга
Ашкан укмуш сүрөт, же бир ырларда.

Кандай эле каз таңдайлуу кумайлар?!
Улар таштан үндөчү эле уларлар.
Келишчү эле оюн салып куюлуп
Узун кырда жаткан семиз субайлар.

Бээлер жуушап… бейпил оттоп айрымдар
Окуранып тынчтык бузуп айгырлар.
Амалы жок аралыктан көз таштап
Бир-бирине арзуусу бар сай-кырлар.

Аска башын Айга сунуп жиберип.
Тастар-Ата асман-көккө тирелип…
Жатаар эле көлөкөгө капталып
Кичүү тоолор улуу тоодон ийменип.

Канча болду андан берки мезгилге
Кой кайтарып жүрүп эрте бешимде, –
Көздөн учуп Көлдүн көпкөк элеси
Мен жакага качкан күнүм эсимде…

Ошондон соң бир-эки жай каттабай
Чоло тийбей, жолум түшпөй, кайрылбай.
Кетип калдым окууга өтүп шаарга
Сени эскерип бир барууга жарабай.
Азыр болсо көрбөгөнүм калбаган
Санаа санап, ой ойлонуп сандаган.
Ар жыл сайын эмненидир жоготуп
Кайра ордуна эмненидир таап алам.

Жоготконум табылгандан кымбаттай
Баскан жолум баса электен ыраактай, –
Бараткансыйм ушундай бир учурга
Катуу күйүп кароолонгон чырактай.

Мурун, кийин угуп, же бир көрбөгөн
Ылдыйы жок, жалаң кыя өр менен, –
Илкип-салкып улам жүгүм оорлоп
Мен бир жакка бара жаткан өңдөнөм.

Карала Арча калган жаштык, балалык
Кайтчудаймын барсам баарын таап алып.
Мен бармынбы, сен барсыңбы андагы?!
Мезгилди ойлойм кээде олтуруп таң калып.

«Карала Арчага» биз барып конгондон кийин бат эле Абдылда деген абышка кемпири менен боз үйүн тигип кошуна болуп калды. Аны Бөлөкбай абам жылкычынын жардамчысы кылып кызматка алыптыр. Алар келгенден кийин жалгыз үй болбой калдык. Абдылда аксакал көп сүйлөбөгөн, атка тың, мал-жандуу киши эле.

Ошол жашылданган жай айынын бир күнү Абдылданын Маркү деген кызы келип калды. «Таш-Дөбөдө» бирге окуп калганбыз 5-класста. 6-классты Кажы-Сайдан орус мектептен окумакпыз. Анткени, кыргыз мектеп жок болчу. Өзү эле жайылып жүргөн «Карала Арчада» бир айча бирге болуп, койлорубузду кечинде экөөбүз барып айдап келип жүрдүк. Анан бир күнү эле атасы менен жакадагы, Кажы-Сайга агасыныкына кетип калды. Ал кеткенден кийин эмнегедир аны сагына баштадым. Жалгыздап барып энесинен:

(Уландысы бар)

Омор СУЛТАНОВ, “Эрикн-Тоо”,  24.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий