Улан Карыпбаев: «Биздин ителги, бүркүттөр чарчаганга чейин тебе беришет»

Тоң районунун Төрткүл айылынын 34 жаштагы тургуну Улан Карыпбаев ата жолун улап, мүнүшкөрлүк менен алектенет. Ителги менен бүркүттүн тилин билген Улан мырза өз өнөрүнүн сыры менен бөлүштү.

-Улан мырза, бүркүт менен ителги таптоонун айырмасы кандай?
-Экөөнүкү эки башка болот. Кыргыздар «бүркүттүкү он тап, ителгиники бир тап» деп коет. Ителгини бир таптасаң жоргодой эле. Ала берет. Бирок, аларды да өз убактысы менен салыш керек. Аң уулоого күзүндө чыккан жакшы. Жазында чыкканга болбойт. Ал эми жайында «түлүк» деп коет, канаттуу куштардын түлөй турган учуру. Ал маалда алар канаттарын таштап салышкандыктан, агытып ийиш керек. Кайра кармап салганга да болбойт. Күзүндө башка кармайбыз. Кыскасын айтканда, ителгини 10-15 күндө таптап, көндүрөсүң. Ал эми бүркүт менен кушту дайыма үйдө кармайсың.

-Кантип азыктандырасыңар?
-Көбүнчө чийки эт менен азыктанышат. Бүркүт бир тамактанган боюнча үч күн тамак жебей жүрө берет. А ителгиге болсо, күндө азык берип турушуң керек. Кээде эт берсем, кээде көгүчкөн атып келип берем.

-Буларга өзүңөр тор жайып аласыңарбы?
-Саяпкер деп атты таптаган кишини, чабандес деп чапкан кишини айткан сыяктуу эле, мүнүшкөр деп салган кишини, саяпчы деп кармаган кишини айтат. Саяпчы боз үйдөй кылып тор жайып, ортосуна көгүчкөн коюп, аны жегенге келгенде, торду тартып алып, кушту колго түшүрүп, мүнүшкөргө келип тартуу кылат. А мүнүшкөр саяпчыны ыраазы кылып, өзүнүн жүрөгүнөн чыкканын (бир кой же козу дегендей) берет. Анан аны таптап, тайгандарга салат. Бирок, өлтүртпөйт. Бул болгону биздин илгерки ата-бабаларыбыздын турмушун чагылдыруу болуп саналат. Азыр бул өнөрдү жаштар өздөштүрүп алса, жаман адаттан алыс болуп, алаксышат эле деп ойлойм.

-Бүркүт, ителгинин аталыштары кандай?
-Менин азыр колумдагы бүркүт. 4 жашта. Буларды уядан жаңы алганда «ак күп» деп аталат, аты айтып тургандай жүнү аппапак болот. Андан кийин «балапан» дейт. Андан соң «буудун, кумтүлөк, таштүлөк, музтүлөк» дейт. Анан «бир барчын, эки барчын, үч барчын» деп аталып кете берет. Ителгиники деле ушундай. Болгону «шумкар» деген аталышы да бар анын. А шумкарлар да ичинен бешке бөлүнүп кетет.

-Биздин ителгилерге арабдар абдан кызыгышып, тапталгандарын сатып алып кетишкени чынбы?..
-Жеке мен аларды сатканга каршымын. Биз өзүбүздүн кыргыздын каада-салтын «көтөрөлү, көрсөтөлү» деп атып, анан кайра аларга сатканыбыз туура эмес. А эгер чет-элдиктер «ушуну көрсөтүп бергиле?» деп чакырып турса, анда кеп башка. Кээде ошондой чакырууларды алабыз. Мисалы, 2009-жылы Англияда өткөн дүйнөлүк  фестивалга барып, «Царское охота» деп, өнөрүбүздү тартуулап келдик. Төрт кыргызстандык барганбыз. Чынында Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстандын ителги, бүркүттөрүнө кызыккандар көп. «Чарчагыча тебе берет» дешип. А башкалардыкы куш сыяктуу эле болот экен да, бир тээп алса алат, албаса жок.

Эльмира Мадиева, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий